Вы находитесь на странице: 1из 130

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ


ТАРЫХ ЖАНА СОЦИАЛДЫК-УКУКТУК БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУ
ЖАЛПЫ ТАРЫХ КАФЕДРАСЫ

Н.А.АРИСТОВДУН КЫРГЫЗДАРДЫН ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН


ТАРЫХЫН ИЗИЛДӨӨДӨГҮ АЛГАН ОРДУ

Бишкек – 2016
2

УДК
ББК
З

И.Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде басууга


берилди.

Жооптуу редактору: тарых илимдеринин доктору, профессор Маанаев Э.Ж.


Сын пикир ээлери: тарых илимдеринин доктору, профессор Кучуков М.М.
тарых илимдеринин кандидаты, доцент Бедельбаев А.Б.

Зайниев Р.А.
К 20 Н.А.Аристовдун кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхын изилдөөдөгү алган
орду. – Б., 2016. – б.

Бул монографияда белгилүү чыгыш таануучу, тарыхчы-этнограф жана


падышачылык мамлекеттик кызматкери Н.А.Аристовдун Кыргызстандын жана кыргыз
элинин тарыхы боюнча жазылган эмгектери, ага жүргүзүлгөн илимий талдоолор берилди.
Монография кыргыз тарыхына, чыгыш, маданият таануучуларына жана окурмандардын
калың катмарына сунушталат.
3
МАЗМУНУ

КИРИШҮҮ ...........................................................................................................

I БАП. Н.А.АРИСТОВДУН ЭМГЕКТЕРИНДЕ КЫРГЫЗДАРДЫН ЖАНА


КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАРЫХЫ БОЮНЧА АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕРДИН КАРАЛЫШЫ
.................................................................................................
§ 1.1. Н.А.Аристовдун административдик-илимий ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары...
§ 1.2. Н.А.Аристовдун эмгектеринде революцияга чейинки кыргыздардын жана
Кыргызстандын тарыхын мезгилдештирүү.….......................................................
§ 1.3. Кыргыздардын Россиянын курамына кошулуусу жана алардын социалдык-
экономикалык абалы жөнүндөгү маселелер Н.А.Аристовдун эмгектеринде ...................…

II БАП. КЫРГЫЗДАРДЫН ЭТНИКАЛЫК ТАРЫХЫНЫН - Н.АРИСТОВДУН


ЭМГЕКТЕРИНДЕ ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ …...................................................................
§ 1.1. Н.А.Аристовдун эмгектеринде кыргыздардын этногенези жөнүндөгү маселелердин
изилдениши. Усундар………………………................................................................................
§ 1.2. Н.А.Аристов Енисейлик жана Тянь-Шандык кыргыздардын өз ара мамилелери
жөнүндө .........................................................................................................................
§1.3. Кыргыздардын уруулук бөлүнүүлөрүнүн Н.А.Аристовдун эмгектеринде
чагылдырылышы…………………………………………..........................................
КОРУТУНДУ …………………………………………………………….................
КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР.....................................................................
КЫСКАРТЫЛГАН СӨЗДӨР ............................................................................
ТИРКЕМЕЛЕР ......................................................................................................
4
КИРИШҮҮ

XX кылымдын 80-жылдарынын экинчи жарымынан баштап КМШ мамлекеттеринде, анын


ичинде Кыргызстанда коомдогу демократиянын өнүгүүсү, ага ылайык көз карандысыздыкка
жетишүү жана коммунисттик идеалогиянын чектөөлөрүнүн жоюлушу тарых илиминдеги
көптөгөн маселелерди кайрадан карап чыгууга шарт түздү. Ушуга байланыштуу тарыхтын
айрым маселелерине арналган республикалык жана эл аралык деңгээлдеги илимий
конференциялар өткөрүлө баштады. Коомчулуктун демилгеси менен кыргыз элинин
тарыхында өзгөчө орун ээлеген тарыхый окуяларга байланыштуу маарекелер өткөрүлүп,
тарыхтын ак барактары толукталууда.
Коом таанучулук илиминде айрыкча ар кайсыл тарыхый доорлордо жашаган, белгилүү
инсандардын кыргыз элинин турмушунда ээлеген орду тууралуу маселе жаңыча көз карашта
изилдене баштаган.
Ушул багытта революцияга чейинки жана совет доорунун алгачкы мезгилиндеги орус
илимпоздорунун эмгектерин кайрадан жарыкка чыгаруу аркылуу кыргыз элинин тарыхый,
илимий жана маданий мурасына болгон кызыгууну жогорулатты. Тактап айтканда,
революцияга чейинки Кыргызстандын аймагында жашаган кыргыздардын жана башка
элдердин тарыхы, этнографиясы боюнча кээ бир белгилүү эмгектер жарыкка чыга баштады.
Алардын катарына көрүнүктүү илимпоздор В.В.Бартольдду, И.Я.Бичуринди (Иакинф),
С.М.Абрамзонду, А.Н.Бернштамды, Н.А.Аристовду жана башкаларды киргизүүгө болот.
Советтик доорго чейин кыргыз эли өзүнүн тарыхын системалуу жазуу мүмкүнчүлүгүнүн
чектелүүлүгүнө жана көчмөн турмушка байланыштуу толук жазып калтырган эмес.
Кыргызстан Россия империясынын курамына кошулганга чейин кыргыз элинин тарыхын
изилдөө, маалыматтарды чогултуу, бир жактуу үстүртөдөн кароо менен чектелген.
Ошондуктан мындай эмгекти алар үчүн орус илимпоздорунун алдыңкы өкүлдөрү жасашкан.
Падышалык Россиянын илимий чөйрөсү мурдатан эле экономикалык жана саясий
мамилелер түзүлгөн Орто Азияга жана анын ичинде Кыргызстанга көңүлдөрүн бурушуп,
аймакты ар тараптуу изилдей башташкан.
Падышачылык Россия аймакты колонизациялоого гана кызыкпастан, Орто Азияда орус
илимпоздору жүргүзүп жатышкан географиялык жана табият таануучулук изилдөөлөрдү
каржылай баштаган. Бул жөнүндө өз кезегинде В.В.Бартольд төмөндөгүдөй маалыматтарды
билдирген: «Туркестан генерал-губернаторлугунун түзүлүшү, ага байланыштуу Кауфмандын
ишмердүүлүгү бир топ мезгилге чейинки аймакта илим изилдөөчүлүк иштеринин
жанданышына алып келген. Бул иш чаранын негизги максаты аймакты географиялык жана
5
табият таануучулук жактан изилдөө менен бирге, жергиликтүү элдин жашоо-турмушун жана
анын өткөндөгүсүн изилдөөгө да шарт түзүп берүү эсептелинген»1.
Тилекке каршы, кээ бир административдик илимпоздор Кыргызстанды колониалдык
саясаттын кызыкчылыгынын негизинде да изилдешкен. Мисалы: падышалык
администрациянын чиновниги Ситняковский Н.Ф. эч уялбастан эле өзүнүн төмөндөгүдөй
пикирин билдирген: «Жергиликтүү элдердин урууларга бөлүнүүсү биз үчүн кээ бир
учурларда өтө пайдалуу, анткени алар көпчүлүк учурда ич ара дайыма бири-бири менен
кастык мамиледе болушат… Ич ара күрөш мурда Кокон хандыгына, эми Кыргызстанда
колониалдык саясатты жүргүзүүдө бизге да жардам берет»2.
Бирок, аймакты орус элинин алдыңкы илимпоздорунун изилдөөсүнүн башка себептери да
болгон. Алар изилдөө иштеринде мааалымат чогултушкан, талдоо жүргүзүшкөн жана
жыйынтыгында тарых илимин байытуу үчүн көптөгөн баалуу маалыматтарды калтырышкан.
Өздөрү жүргүзгөн илимий ишмердүүлүктөрүндө алар падышалык өкмөттүн колонизатордук
максаттарынан өтө алыс болушкан. Өзүнүн изилдөөлөрүндө белгилүү кыргыз тарыхчысы
Б.Д.Джамгерчинов жогорудагыдай илимпоздор жөнүндө аларды урматтоо менен
ыраазычылыгын билдирип: «Орустун белгилүү илипоздору В.В.Бартольд, Н.А.Аристов,
В.В.Радлов жана башка окумуштуулар кыргыздардан Россияга теңдеш элди көрүшүп,
алардан тарыхый процесстерди активдүү түзүүчүлөрдү көрүү менен бирге, кыргыз элинин
тарыхына, тилине жана оозеки элдик чыгармачылыгына сый менен мамиле жасашкан. Орус
интеллигенциясынын алдыңкы өкүлдөрүнүн ушундай ишмердүүлүгү орус жана кыргыз
элдерин бири-бирине жакындатты»1 – деп белгилеген.
Тарых илимин изилдөөдө жогорудагы илимпоздордун ичинен Николай Александрович
Аристовду өзгөчө белгилеп кетүүгө болот. Ал алгачкылардан болуп байыркы доордон
баштап XIX кылымдын экинчи жарымына чейинки мезгилди камтыган кыргыз элинин эки
миң жылдык тарыхын изилдеген. Ал кыргыз элинин этногенези боюнча азыркы мезгилде да
окумуштуулар арасында талаш-тартыштарды туудурган, ошол эле мезгилде көңүл бурууга
арзыган өзүнүн пикирин айткан. Автор көптөгөн тарыхый жана этнографиялык фактыларга
өзүнүн пикирин билдирүү менен, илимге жаңы тарыхый маалыматтарды киргизген.
Ошондой эле азыркы мезгилде кыргыз тарыхнаамеси кабыл алган кыргыз тарыхынын
мезгилдештирүүсүн алгачкылардан болуп киргизген. Н.Аристовдун эмгектери азыркы
мезгилдеги Кыргызстандын тарыхы жана кыргыз элинин этногенезине байланышкан кээ бир
орчундуу маселелерди кайрадан карап чыгуу милдетин алдыбызга койот.

1
В.В.Бартольд. История изучения Востока в Европе и России. – СПб. 1911. – 228 б.
2
Н.Ф. Ситняковский. Перечисление некоторых родов киргиз, обитающих в восточной части Ферганской
области. – Известие Туркестана. Отд. РГО II. Изд. 1900. - 93 б.
1
Джамгерчинов Б.Д. Присоединение Киргизии к России. – М.: 1959. – 379.б.
6
Н.А.Аристовдун эмгектери бир жагынан алып караганда, кыргыз элинин байыркы
мезгилден тартып, XIX кылымдын экинчи жарымына чейинки мезгилди камтыган тарыхы,
этнографиясы жана маданияты боюнча алмаштыргыс илимий эмгек болуп эсептелинет.
Экинчи жагынан алып караганда, анын эмгектерине кылдаттык менен талдоо жүргүзүп,
илимпоздун эмгектериндеги маалыматтарды салыштыруу аркылуу, азыркы мезгилде да
тарыхый жана этнографиялык адабияттарда али изилденбеген фактыларды жана
көрүнүштөрдү ачууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
Жыйынтыктап айтканда Н.Аристовдун эмгектери толугу менен изилденбегендигин, алар
кыргыз тарыхнаамесинде өз баасына ээ болбогондугун белгилеп кеткибиз келет. Бул жагдай
өз кезегинде изилдөөнүн актуалдуулугун дагы бир жолу далилдей тургандыгын белгилеп
кетүү абзел.
Н.А.Аристовдун өмүрү жана илимий ишмердүүлүгү боюнча жарык көргөн илимий
эмгектерин хронологиялык жактан шарттуу түрдө үч топко бөлүп кароого болот. Биринчи
топто Совет дооруна чейинки кээ бир окумуштуулар өздөрүнүн эмгектеринде
Н.А.Аристовдун илимий ишмердүүлүгүнө белгилүү деңгээлде туура эмес баа беришкен.
Учурунда Николай Александрович Аристов өзүнүн «Батыш Тянь-Шань. Усундар жана
кыргыздар же кара кыргыздар» - деп аталган эмгегинин эки томдук кол жазмасын даярдаган.
Бирок, бул эмгек басмага берилген эмес. Анткени, бул эмгекти Орус географиялык коому
археология боюнча белгилүү профессору Н.И.Веселовскийге сын-пикир берүү үчүн
жиберилген. Бирок, ал Н.Аристовду өзүн илимпоз катары эсептебей, административдик
кызматкер катары карагандыктан анын эмгегине көңүл бурбастан, эмгектин кээ бир
учурларын өзгөчө археологиялык маалыматтарын туура эмес экендигин белгилеген.
Профессор Н.И.Веселовский белгилүү деңгээлде В.В.Бартольддун бул маселедеги ой-
пикирин эске алып, Н.А.Аристовдун эмгегинде: «чачырандуулук басымдуу кылып, кээ бир
учурларда жалпы көз карашка карама-каршы келет» - деген өзүнүн пикирин айткан.
Н.И.Веселовскийдин билдирүүсүнө караганда, кол жазмада кыргыздар жөнүндө
маалыматтар ашыкча басымдуулук кылбастан, монголдордун чабуулу, орустардын Кокон
хандыгын каратуусу жана башка бир беткей маалыматтар киргизилген. Демек,
Н.И.Веселовскийдин берген карама-каршы пикири аталган кол жазманын архивде сакталып
калышына жана анын өз кезегинде жарыяланышына кандайдыр бир деңгээлде болсо да
тоскоолдук кылган.
Бирок, айрым окумуштуулар Н.Аристовдун эмгектери өзгөчө көңүл буруулуга тийиш деп
билдиришкен. Алсак, А.Н.Харузин Н.А.Аристовдун «Кыргыз-казактардын чоң ордосунун
жана кара кыргыздардын этникалык курамын изилдөө тажрыйбасы…» деп аталган
7
макаласын өтө жогору баалап, «Кыргыз элинин келип чыгуу маселесине карата»1 - деген
макаласында Н.А.Аристовдун усундар кыргыздардын ата-теги, Ысык-көлдүн жээгиндеги
Чигу шаары жана башка изилдөөлөрүнүн илимий деңгээли жогору экендигин белгилеген.
Экинчи топко совет доорундагы окумуштуулардын эмгектерин киргизүүгө болот.
Белгилүү чыгыш таануучу В.В.Бартольд өзүнүн көз карашында Н.А.Аристовдун «Түрк
элдеринин этникалык курамы жөнүндө …» - деген эмгегин жогору баалап: «Бул эмгек
биздин адабиятыбыздагы «чыгыш таануу» боюнча өтө маанилүү изилдөөлөрдүн бири болуп
эсептелинет. Чын дили менен эмгектенген илимпоздун (окумуштуу же илим өкүлү болбосо
да) бул тармакты белгилүү деңгээлде изилдегени мактоого татыктуу»2 - деп өзүнүн пикирин
билдирген. Анын бул пикирине толугу менен ынанууга болот.
Бирок, совет доорундагы илимпоздор Н.А.Аристовун эмгектерине бир жактуу мамиле
жасашкан.
Белгилүү советтик чыгыш таануучу Б.В.Лунин Н.А.Аристовго негизинен антрополог
деген гана мүнөздөмө берген. Анын билдирүүсүнө караганда: «Н.А.Аристовдун XIX
кылымдын экинчи жарымындагы кыргыз жана казактардын үстүнөн жүргүзгөн изилдөөлөрү
тууралуу белгилүү билдирүүлөрү, ошол мезгилдеги антропологиялык изилдөөлөрдүн
жыйынтыктоолору антропологиялык багыт катары эсептелинген. Жүргүзгөн
изилдөөлөрүндө Н.Аристов (өзү белгилеп кеткендей) антропологиялык изилдөөлөрдүн
негизинде кыргыздар («кара-кыргыздар») менен казактардын («кыргыз казактардын»)
ортосундагы айырмачылыктарды аныктоого аракет жасаган»3 – деп билдирген Б.В.Лунин.
Б.В.Лунин тарабынан эскертилген экинчи эмгек болуп, Н.Аристовдун «Түрк урууларынын
жана элдеринин этникалык курамы жана алардын саны жөнүндө» деп аталат. Б.В.Лунин бул
илимпоз тууралуу башка эч кандай маалыматтарды берген эмес, анын эмгектеринде
Н.А.Аристов жөнүндө библиографиялык маалыматтар дээрлик жок.
Н.Аристовду В.Я.Галицкий этнограф катары мүнөздөө менен төмөндөгүлөрдү белгилеген:
«Н.А.Аристов кыргыз элинин жана башка түрк элдеринин уруулук бөлүнүүсүн илимий
жактан изилдеп, ал изилдөөлөрдөн алардын келип чыгуусунун ачкычын көрүүгө
аракеттенген этнографиялык эмгектери үчүн көп сандаган ар түрдүү булактарды
комплекстүү тандап алуу мүнөздүү. Автор тарабынан чогултулган тарыхый-этнографиялык
маалыматтар, элдик генеалогиялык санжыралар, кыргыздардын уруулук бөлүнүүсү жана
алардын саны тууралуу маалыматтар жана башкалар азыркы күндө да тарых илиминдеги
булактаануу жаатында олуттуу эмгек болуп эсептелинет. Н.Аристов кыргыздардын
1
Этнографическое обозрение. – 1895. №3. – 49-83 б.
2
Бартольд В.В. Соч., Т.V. – М. 1968. - 266 б.
3
Лунин Б.В. имеет в виду работу Н.Аристова «Опыт выяснения этнического состава киргиз-казахов Большой
орды и кара-киргизов на основании родословных сказаний и сведений о существующих родовых делениях и
родовых тамгах, а также исторических данных и начинающихся антропологических исследований».
8
этникалык курамын бөлүп алуунун негизинде алардын түрк чөйрөсүндөгү ээлеген ордун
аныктоо аракетин туура жасаган. Жогоруда айтылган ой-пикирлер Н.Аристовдун кыргыз
элинин этникалык тарыхын изилдөөдөгү кошкон салымы болуп эсептелинет. Албетте,
илимпоз тарабынан көтөрүлгөн маселелер ошол мезгилдеги тарых илиминин деңгээлине
байланыштуу аягына чыккан эмес»1.
«Кыргыз элинин этногенези тууралуу маселени изилдөөдө Н.Аристовдун эмгектери
азыркы күндө да белгилүү деңгээлде баалуу»2 – деп Б.Д.Джамгерчинов өзүнүн оюн
билдирген. Бирок, Б.Д.Джамгерчинов Н.А.Аристовдун бардык кол жазмаларын эмес, анын
Илимдер Академиясынын кол жазмалар фондундагы кээ бир гана копиялык документтерин
пайдаланган. Б.Д.Джамгерчинов изилдөө жүргүзгөн мезгилде Н.А.Аристовдун тарыхый
эмгектери жарыяланбай, Ленинград шаарынын архивдеринде сакталып турган. Ошондуктан,
ал өз кезегинде Б.Д.Джамгерчинов да С.М.Абрамзон, А.Х.Хасанов, К.У.Усенбаев,
К.И.Петров жана башка окумуштуулар сыяктуу эле Н.А.Аристовду этнограф катары
мүнөздөгөн. Бирок, ошого карабастан алардын дээрлик басымдуу бөлүгү Н.А.Аристовдун
эмгектерин өтө жогору баалашкан. XX кылымдын ортосунан баштап, Кыргызстандын
белгилүү илимпоздору Н.А.Аристовдун эмгектерине кайрыла башташкан. Алсак, белгилүү
окумуштуу Б.Д.Джамгерчинов, анын «кыргыз элинин уруулук курамы жана этникалык
тарыхы боюнча билдирүүлөрүн өз изилдөөлөрүндө кеңири пайдалануу менен өзүнүн
төмөндөгүдөй пикирин билдирген: - «түркологдордун ичинен Н.Аристов гана кыргыздардын
уруулук курамын толук изилдеген»3.
Н.А.Аристовдун ишмердүүлүгүнө арналган эмгектердин үчүнчү тобуна көз
карандысыздык мезгилдеги жарыяланган эмгектерди киргизүүгө болот. Алардын ичинен
басымдуу бөлүгү Н.А.Аристовдун ар тараптуу илимий ишмердүүлүгүн талдоого
аракеттенишкен.
Биринчиден, мурда жарыкка чыкпаган Н.А.Аристовдун илимий мурастары жарыялана
баштаган. Мисалы, Н.А.Аристовдун «Батыш Тянь-Шань. Усундар, кыргыздар же кара-
кыргыздар…» фундаменталдуу эмгеги академик В.М.Плоских тарабынан Н.А.Аристовдун
автордук кол жазмасынан алынган фотокопиянын негизинде 2001-жылы Бишкек шаарында
басмага даярдалып чыгарылган. Анын натыйжасында Н.А.Аристовдун эмгектерине мурда
этнограф катарында көңүл бурулса, андан кийин тарыхчы катары да кызыгуу күч алды.
Бирок, ошондой болсо дагы азыркы мезгилге чейин Н.А.Аристовдун кээ бир эмгектери
илимпоздор тарабынан талдоого алына элек. Мисалы, Н.А.Аристовдун илимий-практикалык
маанидеги алгачкы көлөмдүү эмгеги «Жети-Суу областында жерге отурукташтыруу боюнча

1
Русские исследователи и путешественники о киргизах. – Фрунзе: Илим. 1973. – 69 б.
2
Джамгерчинов Б.Д. О прогрессивном значении вхождения Киргизии в состав России. – Фрунзе. 1963. – 68 б.
3
Джамгерчинов Б.Д. Присоединение Киргизии к России. – Фрунзе. 1959. – 13 б.
9
кыскача маалымат» - деп аталган. Аталган эмгек Академик В.М.Плоскихтин билдирүүсүнө
караганда, Өзбек Республикасынын борбордук мамлекеттик архивинин Туркестан генерал-
губернаторлугунун фондусунда сакталуу менен азыркы мезгилге чейин жарыка чыга элек.
Аталган эмгек Орто Азиянын, жалпы эле Кыргызстандын тарыхы боюнча бир дагы
библиографиялык көрсөткүчтөрдө (басылып чыккан китептердеги обзор кылып туруучу
бөлүгүндө) кездешпейт.
Ошону менен катар, Н.А.Аристовдун кээ бир эмгектери революцияга чейинки
басылмаларда басылган. Анын эмгектери азыркы күндө да өзүнүн илимий маанисин жогото
элек жана анын анык тарыхчы-илимпоз экендигин мүнөздөйт.
Экинчиден, Н.А.Аристовдун илимий эмгектеринин жарыялана башташынын
натыйжасында анын жеке өзүнө болгон кызыгууну да жогорулатты. Бул багытта
В.В.Воропаеванын 2005-жылы жарыка чыккан эмгегин белилеп кетүүгө болот1.
Н.Аристовдун илимий ишмердүүлүгүн окумуштуу В.А.Воропаева да өтө жогору баалоо
менен, Н.А.Аристовдун аты «В.В.Бартольд, А.Н.Бернштам, С.М.Абрамзон жана башка
көрүнүктүү окумуштуулардын арасында алдыңкы катарда турууга тийиш»2 – деп белгилейт.
Үчүнчүдөн, акыркы мезгилдердеги жаңы илимий жана методологиялык көз караштын
негизинде кыргыз тарыхынын орчундуу маселелерин чагылдырган эмгектердин дээрлик
көпчүлүктөрүндө илимпоздор Н.А.Аристовдун пикирине таянган учурлар көп кездеше
баштады.
Алардын ичинен Э.Ж.Маанаевдин3, О.К.Каратаевдин4, В.М.Плоскихтин5,
А.А.Акаевдин6 жана башка илимпоздордун эмгектерин белгилеп кетүүгө болот.
Бирок Н.А.Аристовдун эмгектери түрдүү доордогу тарыхчы изилдөөчүлөрдүн илимий
изилдөө объектилерине айланып көптөгөн эмгектер жаралганы менен бүгүнкү күн дагы да
болсо ар тараптуу изилдөөлөрдү талап кылат.

1
Воропаева В.А. Российские подвижники в истории культуры Кыргызстана. – Б. 2005. – 40 б.
2
Воропаева В.А. Российские подвижники в истории культуры Кыргызстана (под. ред. Академика НАН КР
Какеева А.Ч.). – Б., изд-во КРСУ. 2005. – 41 б.
3
Маанаев Э.Ж. Каратаев О.К. Кыргыз элинин этникалык өнүгүүсү. – Б. 2003; – 268 б.
4
Каратаев О.К. Кыргыздардын этномаданий байланыштары (эн тамгалар, этнонимдер, жер-суу аталыштары
этнографиялык маалыматтардын негизинде) // Тарых илим. докт. окум. дараж. талапкер диссер.
авторрефераты – Бишкек, 2004; – 50 б.
5
Плоских В.М. Н.А. Аристов и его фундаментальный труд по истории кыргызов и Кыргызстана // Н.А.Аристов.
Усуни и кыргызы или кара-кыргызы: очерки истории и быта населения Западного Тянь-Шаня и исследования
по его исторической географии. – Б.: 2001. – 577 б.
6
А.А.Акаев Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана «Манас» элдик эпосу. – Б. 2002. – 597 б.
10
I БАП. Н.А.АРИСТОВДУН ЭМГЕКТЕРИНДЕ КЫРГЫЗДАРДЫН ЖАНА
КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАРЫХЫ БОЮНЧА АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕРДИН КАРАЛЫШЫ
§ 1.1. Н.А.Аристовдун административдик - илимий ишмердүүлүгүнүн негизги
багыттары
Азыркы мезгилде басма адабияттарда, илимий изилдөөлөрдө Н.А.Аристовдун жарыкка
чыккан «Усундар, кыргыздар жана кара-кыргыздар: батыш Тянь-Шандын тарыхы жана
калкынын жашоо шарты боюнча очерктер, ошондой эле анын тарыхый географиясы боюнча
изилдөөлөр»1 - деп аталган эмгегин эсепке албаганда, XIX кылымдын аягындагы
кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы боюнча эң фундаменталдуу изилдөө жүргүзгөн
мамлекеттик чиновник жана изилдөөчү Н.А.Аристовдун турмушу жана ишмердүүлүгү
боюнча башка маалыматтар өтө сейрек кездешет.
Алсак, «Чоң советтик энциклопедияда»: Н.А.Аристов - орус тарыхчы-чыгыш таануучусу
жана этнографы, ал эми анын эмгектери негизинен XIX кылымдын аягындагы англис-афган
мамилелерин ошондой эле Орто Азиянын жана Афганистандын кээ бир элдеринин
этнографиясына арналган деген кыскача маалымат берилген2.
Ушул сыяктуу эле кыскача маалыматтар Советтик тарыхый энциклопедияда да берилип:
«Н.Аристовдун илимий эмгектери XIX кылымдын аягындагы англо-афган мамилелерин,
Индия менен чектеш афгандардын саясий абалын, ошондой эле афган элинин британь
колонизаторлоруна каршы күрөшүн чагылдырат»3 – деп белгиленген.
В.А.Воропаеванын «Кыргызстандын маданиятынын тарыхындагы Россиялык
мыкчыгерлер» аттуу 2005-жылы жарыяланган эмгегинде Николай Александрович
Аристовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө маалыматтар берилип, анын орус
империясынын мамлекетик кызматтарында иштөөсү кийинки илимий ишмердүүлүк менен
алектенүүсүнө түрткү берген. Н.Аристов кызмат өтөө мезгилинде өзүнүн жүргүзгөн
байкоолорун, топтогон маалыматтарын жыйынтыктоо жана толуктоо менен Орто Азия жана
Казакстан элдеринин этникалык тарыхы боюнча фундаменталдуу эмгектерди жаратуу үчүн
1882-жылы кызматынан кетүүгө мажбур болгон - деп белгиленген4.
Ошондуктан, илимпоздун өмүр баяны жана турмуш жолу тууралуу негизги
маалыматтарды билүү менен анын илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыттарынын мүнөзүн
аныктоо өтө маанилүү маселе экени бүгүнкү күндүн күн тартибине коюлду.

1
Плоских В.М. Предисловие к изданию Н.А.Аристова «Усуни и кыргызы или кара-кыргызы…». – Б.: Илим,
2001. – III б..
2
БСЭ. Т.1. М: Изд-во «Советская энциклопедия». М.:1970. – 194 б.
3
Советская историческая энциклопедия. Т.1. – М.: изд-во «Советская энциклопедия». 1961. – 730 б.
4
Воропаева В.А. Первый исследователь древнейшей цивилизации Кыргызстана. – Б.; 2005. – 38 б.
11
Автор тарабынан жарыяланган эмгектерде да илимпоздун чыгармачылык жолу тууралуу
маалыматтар дээрлик жокко эсе. 1989-жылы жарык көргөн «Кыргызстандын
түркологдорунун библиографиялык сөздүгүндө» анын турмуш жолуна байланыштуу
кыскача гана төмөндөгүдөй маалыматтар берилет: «Аристов Николай Александрович (1847 –
каза болгон жылы белгисиз). 1868-1881- жж. Жети-Суу областынын башкармалыгында
(Верный ш. 1921-жылдан кийин Алма-Ата ш.) ар кандай административдик кызматтарды
ээлеген. 1881-1889-жылдары Жети-Суу областынын аскердик губернаторунун жардамчысы.
1893-жылдан Россиянын географиялык коомунун, Орто Азиялык илимпоздор коомунун
мүчөсү. «Живая старина» журналы менен иштиктүү кызматташкан. Түркологиянын
тарыхына азыркы күндө да илимде таасирин жогото элек түрк уруулары тууралуу эмгеги
менен кирген»1 - деген кыскача маалыматтар берилген.
Албетте, жогоруда белгиленген сөздүктө берилген кыскача маалыматтар Николай
Александровичтин өмүрүнүн урунтуу учурларын гана белгилеген болбосо, андан аркы
ишмердүүлүгүнүн негизги мезгилдери тууралуу так жана толук маалыматтарды бере албайт.
Анын «азыркы күндө да маанисин жоготпогон» кайсы эмгеги жөнүндө сөз болуп
жаткандыгы да белгисиз. Демек, ушундай белгилүү эмгектерди жаратуу үчүн ал
окумуштуунун илимий изилдөө иштер менен алектенүүсүнө эмне түрткү болгондугу да
белгисиз.
Кийинчерээк белгилүү окумуштуу В.М.Плоских 2001-жылдары Н.А.Аристовдун
«Усундар жана кыргыздар же кара-кыргыздар: батыш Тянь-Шандын калкынын жана жашоо
турмушунун тарыхы боюнча очерктер, ошондой эле анын тарыхый географиясы боюнча
изилдөөлөр» деген аталыш менен эмгегин кайра иштеп чыгып, жарыкка чыгарган. Аталган
эмгектин кириш сөзүнө Николай Александровичтин өмүр жолу жана чыгармачылык
ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды киргизген. Ал боюнча XIX кылымдын аягындагы
орус улутунун илимий изилдөө багытындагы көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болгон деп
жогору баа берилген. Н.А.Аристовго замандаш айрым окумуштуулар «Чыгыш жана
Борбордук Тянь-Шань жөнүндө»» жазылган анын эмгектерин баалоодо Н.А.Аристовду
чыгыш тилдерин билбейт, ошондой эле чыгыш булактарын – араб, перс, кытай тилиндеги
маалыматтарды пайдаланган эмес деген негизсиз күнөөлөрдү коюшкан. Ошого карабастан,
ал түрк тилин жакшы өздөштүрүү менен батыш европалык адабияттарды кеңири колдонгон.
Чыгыш тилиндеги адабияттарды ал өзүнүн эмгектерин жазууда пайдалана алган. Ошондой
эле анча көлөмдүү эмес газеталардагы билдирүүлөрдү да өзүнүн изилдөөлөрүндө кеңири

1
Библиографический словарь отечественных тюркологов. Дооктябрьский период. – 2-е издание,
переработанное . – М.: Наука, 1989. –24-25 б.
12
колдонгон. Ошондуктан, Н.Аристовдун эмгектери азыркы мезгилде да тарыхый булак
катары өзүнүн таасирдүүлүгүн жоготкон эмес»1 - деген өзүнүн пикирин айткан.
Николай Александрович Аристовдун өмүр жолу тууралуу так маалыматтар бүгүнкү күндө
Казак Республикасынын Борбордук Мамлекеттик архивинин фондуларында сакталууда. Ал
маалыматтарга таянсак, ал 1847-жылы офицердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн (анын төрөлгөн
жери жана бала чагы жөнүндөгү маалыматтар дээрлик сакталган эмес). Казань
университетин аяктаган соң, 1864-жылы ал Тобольск губерниялык башкармалыгына кызмат
өтөөгө жиберилген. Ал жерде Н.Аристов бир нече кызматтарда эмгектенген: «1864-жылы 26-
октябрда губерния башкармалыгынын чечими менен ал кичинекей мекемеде бөлүм башчысы
кызматын өтөөгө дайындалган. Башкаруучулук Сенаттын 1865-жылынын 22-сентябрындагы
№812 токтому менен губерниялык секретардын кызматына дайындалган….. 2 Андан кийин
ушул эле жылы губерниянын начальнигинин чечими менен Тарск округунун аймактык
соттук иштерди чечүүдө убактылуу өкүлү болуп дайындалган, кийинчерээк губерниялык
секретарь, мамлекеттик акча каражаттарын тескөөчү палатада ревизиондук бөлүмдүн
эсепчиси болуп иштеген. Анын аракетчилдиги жана кызматтагы жетишкендиктери эске
алынып, Тобольск губерниясынын начальнигинин 1868-жылдын 7-июндагы №3001
көрсөтмөсүнө ылайык ал «Ыйык Станислав орденинин 3-баскычы менен сыйланган»3.
1869-жылдын 30-апрелиндеги №35 буйругуна ылайык коомдук түрмөлөрдүн үстүнөн
көзөмөл жүргүзүүчү комитеттин директорлугунун кызматын аткарууга дайындалган. 1869-
жылы 24-ноябрда Падышалык атайын чечимдин негизинде өзүнүн Жети-Суу областык
башкармалыгындагы бөлүм башчылык кызматын 1870-жылдын 5-сентябрынан 20-
сентябрына чейин, ошондой эле ошол эле жылдын 23-сентябрынан 5-октябрына чейин
убактылуу сактоо менен Жети-Суу областтык түрмөлөр комитетинин директорлук наамын
алуу менен Жети-Суу областык башкармалыгынын төрагалыгына дайындалган»4.
В.Воропаеванын билдирүүсүнө караганда: «Н.Аристов юрист катары Жети-Суу
областында империялык мыйзамдуулукту жана талаш маселелерди чечүүгө да активдүү
катышкан»5.
1871–жылы Туркестан генерал-губернаторлугу уйгур мамлекетинин башкаруучусу
Йетишар Якуб-бек басып алган Кулжа хандыгына каршы аскердик жүрүш баштап, ал
жүрүшкө Н.Аристов да катышкан. Бул жүрүштө ал аскердик командир Г.А.Колпаковскийдин

1
Аристов Н.А. Усуни, кыргызы или кара-кыргызы: очерки истории и быта населения западного Тянь-Шаня и
исследование по его исторической географии. – Б.: Илим, 2001 г. Предисловие. – III б.
2
ЦГА Казахской Республики. Фонд. И – 44. оп. 1,. д.№388, 36 б.
3
Ошол эле жерде
4
ЦГА Казахской Республики. Фонд. И – 44. оп. 1,. д.№388, 36 б.
5
Воропаева В.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 37 б.
13
алдындагы аскердик канцелярияны башкарган1. Н.Аристов Кулжаны алуудагы аскердик
аракеттерге өзү катышкан.
Андан кийин 1871-жылдын 1-сентябрынан 1872-жылдын 22-февралына чейин Кулжа
иштери боюнча канцелярияны жетектеген. Бул канцелиярия архивдик документтерде
белгиленгендей «Жаңыдан кошулган Или аймагын жана Кулжа райондорун башкаруу,
ошондой эле Россия менен Кытайдын ортосунда соода мамилелерин жөнгө салуу үчүн
негизделген…»2.
Н.Аристовдун кызмат өтөө баракчасында төмөндөгүдөй маалыматтар берилген: «1871-
жылы Кулжа экспедициясында эрдик жана каармандык көрсөткөндүгү үчүн 1872-жылы 23-
августта императордун көрсөтмөсү менен 2 - баскычтагы Ыйык Станислав ордени жана
кылыч менен сыйланган»3.
1871-жылы 5-декабрда граждандык чиндер боюнча Аскердик ведомствонун жогорку
буйругуна ылайык Титулярдык кеңешчи (рангдар табели боюнча аскердик кызмат) деген
чинге татыктуу болгон.
1872-жылы июнда «жергиликтүү абалды жөнгө салуу» ошондой эле Туркестан генерал-
губернаторлогунда башкаруу иштерин жүргүзүү боюнча абалдын долбоорун иштеп чыгуу
үчүн атайын комиссиянын курамында Ташкентке жиберилген.
1873-1874-жылдары Николай Александрович Аристов Жети-Суу областынын ар кайсыл
уездеринде жер маселелерин жөнгө салуу үчүн өткөрүлгөн бийлердин курултайына
жетекчилик кылган.
Николай Александрович Аристовдун ийгиликтүү ишмердүүлүгү дагы бир жолу
белгиленип, ал Императордун көрсөтмөсү менен 1873-жылы 23-октябрда талыкпаган жана
аракетчил кызматы үчүн 4-чү баскычтагы Ыйык Владимир ордени менен сыйланган.
Граждандык чиндер боюнча Аскердик ведомствонун жогорку буйругу менен 1874-жылы 24-
мартта Узакка созулган көп жылдык эмгеги үчүн «коллеждик ассесор» чинине татыктуу
болгон4.
1874-жылы Н.Аристов Верный уездинин судьялыгына шайланган, андан кийин
жергиликтүү элдин чыр-чатактарын чечүү үчүн комиссиянын курамында Ташкентке
убактылуу жиберилген. 1877-жылы «эң мыкты, чымырканган жана көп кырдуу кызматы
үчүн» ал кайрадан 2-даражадагы Ыйык Анна ордени менен сыйланган.
Н.Аристовдун ишмердүүлүгү чындыгында көп кырдуу болуп эсептелинет. Тактап
айтканда, 1878-жылы июлда ал Верный шаарынын суу менен камсыз кылуу комитетинин
1
Аристов Н.А. Усуни, кыргызы или кара-кыргызы: очерки истории и быта населения западного Тянь-Шаня и
исследование по его исторической географии. – Б.: Илим. 2001 г. Предисловие. – IV б.
2
ЦГА Казахской Республики. Фонд. И – 44. оп. 1,. д.№388, л. 36., оп. 1. д. 21. .1 б.
3
ЦГА Казахской Республики. Фонд. И – 44. оп. 1,. д.№388, 38 б.
4
ЦГА Казахской Республики. Фонд. И – 44. оп. 1,. д.№388, 38 б. об.
14
төрагалыгына шайланган. Ошол эле жылы августа Жети-Суу областынын Аскердик
губернаторунун буйругуна ылайык Сыр-Дарыя областынын башкармалыгын текшерүүгө
жиберилген өзгөчө соттук комисссиянын курамында иш кагаздарын жүргүзүүчү кызматты
аткаруу үчүн атайын жиберилген1.
1878-жылы июнда аскер ведомствосунун граждандык чиндер боюнча орус бийлиги
тарабынан атайын буйругунун негизинде Падышачылык сарай алдындагы советниктин
наамын алган.
Ушул эле жылдын октябрь айында ал Сыр-Дарыя областына кайра келген2.
1878-жылы 26-октябрда Туркестан генерал-губернатору тарабынан алгач ал Жети-Суу
областынын статистикалык комитетинин милдеттүү мүчөлүгүнө, андан кийин анын
төрагасынын жардамчысы болуп дайындалган.
1881-жылы Н.Аристов Туркестан генерал-губернаторлогунун аскердик-элдик
башкармалыгынын буйругу менен генерал-губернатор К.П.фон Кауфмандын канцеляриясы
бекиткен Туркестан генерал-губернаторлогун башкаруу үчүн жаңы Жобону иштеп чыгуучу
редакциянын мүчөсү болуп дайындалып, анын ишине активдүү катышкан.
Ошол эле жылы Николай Александрович Жети-Суу областынын башкармалыгынын
аскердик губернаторунун жардамчысынын кызматын аткарууга, Жети-Суу областынын
башкармалыгынын төрагалыгына дайындалган. Андан кийин ал областын аскердик
губернаторунун милдетин аткара баштаган.
Н.А.Аристовдун аткарган кызматы бул жолу да бааланып: ал «1884-жылы 3-июлдан
Аткаруучу Сенаттын чечими менен кызматтагы жетишкендиктери үчүн граждандык
чиндердин жогоркуларынын бири болгон Статс Советниктин кызматын өтөө мүмкүнчүлүгүн
алып, 1884-жылдын 3-июлунан баштап кызматына ылайык старшиналык милдетти аткара
баштаган. 1887-жылы 1-январда императордук буйруктун атайын көрсөтмөсүнө ылайык
аткарган кызматындагы жетишкендиктери үчүн Статс Советниктин чинин алууга татыктуу
болгон. Кийинчерээк Н.А.Аристовдун кызматтагы жетишкендиктери эске алынып 1888-
жылы 1-январда ал 3-даражадагы Ыйык Владимир ордени менен сыйланган»3.
1888-жылы 13-сентябрда ал Жети-Суу областынын Аскердик губернаторунун милдетин
аткарууга дайындалган.
Ден-соолугуна байланыштуу 1889-жылы 27-апрелде ал кызматтан өз каалосу менен
кеткен. Талаачылык (степной) генерал-губернатору Т.А.Колпаковскийдин буйругунда
көрсөтүлгөндөй Н.Аристов аскердик кызматта 24 жыл 1 ай 6 күн кызмат өтөгөн. Россия
империясынын рангдар жөнүндөгү табелинде ал жөнөкөй коллеждик секретардан Статс

1
ЦГА Казахской Республики. Фонд. И – 44. оп. 1,. д.№181, 6 б.
2
Ошол эле жерде. 9 б.
3
ЦГА Казахской Республики. Фонд. И – 44. оп. 1. д.388. – 39 б.
15
Советниктин чинине чейин көтөрүлгөн1. Анын кызмат баракчасында белгиленгендей ал
«жазага тартылып же айыпталган эмес»2.
Жалпысынан жогоруда белгиленгендей, ал Ыйык Владимир орденин 3, 4 даражадагы,
Ыйык Анна орденин 2, 3 даражадагы, Ыйык Станислав орденин кылычы менен чогуу 2
даражадагы ошондой эле 3 даражадагы ордендеринин кавалери болгон3.
Николай Александровичтин жеке үй-бүлөлүк турмушуна көңүл бурсак: ал дин
кызматкеринин кызы Белоярская Ольга Павловнага үйлөнгөн. Анын кызы 1876-жылы 17-
июнда, ал эми уулу Павел 1877-жылы 14-декабрда төрөлгөн4.
Архивдик маалыматтарга караганда, ал өзүнүн кызмат өтөө мезгилинде мал-мүлк же
байлык топтой алган эмес. Архивдик маалыматтарда: «Анын өзүнүн атасынан мураска
калган же сатып алган жеке ээликтеги үйү болгон эмес. Верный шаарынын жанындагы
кичинекей кыштактагы анча чоң эмес үй аялына тиешелүү болгон»5.
Ошого карабастан, Н.Аристов бизге калтырган илимий мурасы кыргыз тарыхы жана
илими үчүн баа жеткис байлык.
Николай Александровичтин активдүү илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгү ал эс алууга
чыккандан кийин башталган. Бирок, ал кызмат өтөп жаткан мезгилде эле анын кээ бир
макалалары Туркестан жана борбордук маалымат каражаттарында жарыкка чыга баштаган.
Тактап айтканда, 1868-жылдан тартып ал Жети-Суу областынын аскердик губернаторунун
алдында кагаз иштерин аткаруучу ошондой эле өзгөчө тапшырмаларды аткаруучу чиновник
кызматында иштеп жаткан мезгилинде ал кыргыз жана казак элдеринин ортосундагы
административдик жайгаштыруу жана жер маселелерин чечүү боюнча иш алып барган.
Н.Аристов ушул маселеге байланыштуу 1871-жылы - «Жети-Суу областында жерге
жайгаштыруу боюнча кыскача маалымат» - деп аталган өзүнүн алгачкы илимий-усулдук
мүнөздөгү эмгегин жарыялаган6. Аталган эмгек Туркестан генерал-губернаторлугунун
архивинде сакталып калган.
Н.Аристовдун алгачкы чыгармалары 1873-жылы Туркестан крайынын статистикалык
материалдарды жарыялоочу жылдык жыйнагында жарыялана баштаган. Бул макалалардын
курамына төмөндөгүлөрдү киргизүүгө болот: «Кокон хандыгынын Наманган округу»,
«Биздин дунгандар, Кашгар жана Кулжа менен мамилелерибиз», «Кулжа тууралуу» ж.б.
3

1
Аристов Н.А. Усуни, кыргызы или кара-кыргызы: очерки истории и быта населения западного Тянь-Шаня и
исследование по его исторической географии. – Б.: Илим. 2001 г. Предисловие, – VII б.
2
ЦГА Казахской Республики. Фонд. И – 44. оп. 1. д.388. – 40 б.
3
Ошол эле жерде, 36 б.
4
Ошол эле жерде. 40 б.
5
Ошол эле жерде. 36 б.
6
Аристов Н.А. Усуни, кыргызы или кара-кыргызы: очерки истории и быта населения западного Тянь-Шаня и
исследование по его исторической географии. – Б.: Илим, 2001 г. Предисловие. –VII б.
16
Аталган макалаларда кыргыздардагы жер иштетүүчүлүк жана мал чарбачылык жөнүндөгү,
уйгурлардын Кытайга каршы көтөрүлүшүнө, Чыгыш Туркестандын иштерине кыргыздардын
катышуусу тууралуу маселелер каралган.
Табылган материалдарды талдоодо Н.Аристовдун кыргыз тарыхына болгон кызыгуусу
жандана баштаган. Ал К.Риттердин, П.П.Семенов-Тянь-Шанскийдин, В.В.Григорьевдин
эмгектерин изилдеп, усундардын, кыргыздардын жана Тянь-Шандын тарыхы боюнча
маалыматтарды чогулта баштаган. 1885-жылы Н.Аристовдун билдирүүсүнө караганда
сарыбагыш уруусунун манабы, аскердик старшина Шабдан Жантай уулунун өзүнүн
суранычы боюнча анын өмүр жолу боюнча маалыматтар чогулта баштагандыгын эскерткен.
1889-жылы Ысык-Көл жана Иле өрөөнүндөгү жер титирөө боюнча «1889-жылы 30-июндагы
Жети-Суу областындагы жер титирөө» аттуу, Сюань-Цзандын Батыш Туркестанга саякаты
тууралуу «Батыш Туркестан VII кылымда кытай саякатчысынын баяндоолорунда» - деген
макалаларын чыгарган.
1893-жылга карата Николай Александрович Аристов К.Риттердин «Жер таануучулук» деп
аталган эмгегине толуктоо иретинде кыргыздардын жана усундардын тарыхы боюнча өзүнүн
эки томдук кол жазмасын даярдаган. Жогоруда белгилегендей, бул эмгек басмага берилген
эмес. Анткени, мурда Орто Азиянын байыркы шаарларын казууга активдүү катышкан
археология боюнча профессор Н.И.Веселовский Н.Аристовдун бул аймактагы
археологиялык казууларга катышпагандыгын эске алуу менен, анын кол жазмасына белгилүү
деңгээлде көңүл бурбай койгон. Профессор Н.И.Веселовский Николай Александровичтин
эмгегинде: «чачырандылык басымдуулук кылып, кээ бир учурларда жалпы көз карашка
карама-каршы келет»1 деген сын пикирин айткан.
Н.И.Веселовскийдин билдирүүсүнө караганда, кол жазмада кыргыздар жөнүндө гана
ашыкча маалыматтар басымдуулук кылбастан, монголдор, Кокон хандыгы жана башка
керексиз маалыматтар киргизилген. Ошентип, Н.И.Веселовскийдин берген карама-каршы
пикири аталган кол жазманын өз кезегинде жарыяланышына тоскоолдук кылган. Бул эмгек
2001-жылы Бишкек шаарында академик В.М.Плоских тарабынан Н.А.Аристовдун автордук
кол жазмасынан алынган фотокопиянын негизинде жарыкка чыккан.
Ошого карабастан, Н.Аристов өзүнүн илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүн андан-ары
уланткан. Ал тарабынан 1884-1889-жылдары Россиянын «Живая старина» журналында
түрктөрдүн этникалык тарыхы боюнча: «Кыргыз-казактардын чоң ордосу менен кара-
кыргыздардын санжыра-уламыштарынын негизинде алардын уруулук байланыштары, эн
тамгалары, ошондой эле тарыхый билдирүүлөрдүн жана баштапкы антропологиялык

1
Аристов Н.А. Усуни, кыргызы или кара-кыргызы… Предисловие. – IV б.
17
изилдөөлөрдүн негизинде алардын этникалык курамын изилдөөнүн тажрыйбасы» ошондой
эле «Түрк урууларынын жана элдеринин этникалык курамы жана алардын саны жөнүндө»
деген орчундуу эки эмгегин жарыялаган.
1898-1900-жылдары Н.Аристов чек арадагы афган уруулары, алардын Британь
колонизаторлоруна каршы күрөшү тууралуу эмгектерин жарыялаган: алар «Афганистан
жана анын калкы» ошондой эле «Англо-индиялык «Кавказ». Англиянын чек арадагы афган
уруулары менен кагылышуусу» - деп аталат.
1903-жылы Н.Аристовдун «Байыркы, негизинен кытай тарыхый маалыматтары боюнча
Памир жана ага чектеш аймактардагы этникалык мамилелер. Птоломейдин комеддер жана
сактар алардын мамлекеттери, ошондой эле алар аркылуу сераларга өтүүчү жолдор» - деген
макаласын жарыялаган.
Н.И.Веселовский тарабынан жогоруда белгиленген кол жазмага берилген карама-каршы
сын-пикир Н.А.Аристовдун илимий-ишмердүүлүгүндөгү жападан жалгыз тескери сын-пикир
болуусу толук ыктымал. Башка илимпоздор Николай Александрович Аристовдун эмгектерин
жактыруу менен баалашкан. Тактап айтканда, Н.А.Аристовдун «Түрк урууларынын жана
элдеринин этникалык курамы жана алардын саны жөнүндө» - дап аталган эмгегине
биринчилерден болуп чыгыш таануучу В.В.Бартольд алгылыктуу баа берүү менен, бул эмгек
«чыгыш таануу боюнча биздин адабиятыбыздагы өтө маанилүү көрүнүштөрдүн бири болуп
эсептелинет. Чын дили менен эмгектенген илимпоздун (илимдин аалымы же илим өкүлү
болбосо да) бул тармакты белгилүү деңгээлде билүү менен бир канча мезгил ичинде
чымырканган аракеттин натыйжасында даярдалган эмгеги мактоого ылайыктуу»1 - деп
өзүнүн пикирин билдирген.
Николай Александрович Аристовдун ишмердүүлүгүн жогору баалоо менен В.М.Плоских
өзүнүн төмөндөгүдөй: «Н.А.Аристовдун илимий эмгектери азыркы күндөгү окурман үчүн,
ал профессионал тарыхчы же жөн эле жогорку окуу жайдын окутуучусу болбосун, илимдин
башка тармактарынын өкүлдөрү же студент болбосун биринчи кезекте кыргыздардын жана
алардын ата-бабаларынын саясий тарыхы, жашоо турмушу ошондой эле маданияты боюнча
башка жалпыланган жыйнактарда издеп табууга мүмкүн болбогон кызыктуу, конкретүү
тарыхый-этнографиялык жана башка материалдардын өтө көп кездешүүсү менен баалуу»2 –
деген пикирин билдирген.
Жалпысынан Н.А.Аристовдун 12 макаласы жана эмгектери белгилүү.

1
Бартольд В.В. Соч., Т.V. – М. 1968. – 266 б.
2
Аристов Н.А. Усуни, кыргызы или кара-кыргызы… – 52 б.
18
Илимпоздун илимий ишмердүүлүгү Санкт-Петербургдун илимий чөйрөсүнө кеңири
белгилүү болгон. Ал өз кезегинде 1895-жылы Орус Географиялык коомунун мүчөсү болуп
шайланып, этнографиялык изилдөөлөрү үчүн Кичи Алтын медалга татыктуу болгон.

§ 1.2. Н.А.Аристовдун эмгектеринде революцияга чейинки кыргыздардын жана


Кыргызстандын тарыхын мезгилдештирүү

Кайсыл мамлекет болбосун анда жашаган элдин же улуттун тарыхый өнүгүүсүндөгү


процессти мезгилдерге бөлүштүрүү тарых илиминдеги эң маанилүү маселелердин бири
болуп эсептелинет. Албетте тарыхты – алгачкы-коом, байыркы дүйнө, орто кылым, жаңы
жана соңку жаңы тарых деп этаптарга бөлүү дүйнөлүк тарых илиминде дээрлик таанылган
жана кабыл алынган көрүнүш. Бирок, бул бөлүштүрүү толук такталган эмес, ал конкретүү
бир элдин өнүгүүсү, анын башка этностор менен өз ара байланыштарын даана көрсөтө албай
тургандыгын белгилеп кетүү абзел.
Мүмкүн бир элдин тарыхын изилдеген окумуштуу эртеби же кечпи өзүнүн
изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын чыгаруу үчүн, изилдөө алкагын системага келтирүү
максатында ар кайсы доордо анын өнүгүүсүндөгү орчундуу жана бурулуш учурларын
чагылдыруу үчүн каралып жаткан элдин өнүгүүсүндөгү урунттуу учурларын этаптарга
бөлүүгө аракет жасамак. Ошондуктан, Н.Аристов да кыргыздардын тарыхын изилдөө менен
анын өнүгүү этаптарын аныктоого аракет жасаган.
Академик В.Плоскихтин билдирүүсүнө караганда Н.А.Аристовдун илим-изилдөө
ишмердүүлүгүндөгү эң жогорку жетишкендиктеринин бири болуп ал алгачкылардан болуп
Теңиртоонун эки миң жылдык тарыхын изилдөө менен, ушуга байланыштуу кийинчерээк
кыргыз тарыхнаамеси тарабынан кабыл алынган тарыхты мезгилдештирүүнү сунуштаган.
Бул маселе боюнча ал өзүнүн пикирин «Усундар жана кыргыздар же кара кыргыздар…»
деген эмгегинде кеңири баяндаган.
Окумуштуу өзүнүн эмгегинин сөз башында кандай жол менен Кыргызстандын тарыхын
мезгилдерге бөлгөндүгү жөнүндө жазып кеткен: «Мен өзүмдүн эмгегимди жазууда Батыш
Тянь-Шандын жана анын калкынын Европалык илимий адабиятта ошондой эле чыгыш
тарыхчыларынын европалык тилдерге которулган маалыматтарын жана билдирүүлөрүн
чогултууну өзүмдүн алдыма максат кылып койдум. Албетте, кээ бир нерселер мага белгисиз
болуп кирбей калуусу мүмкүн. Бирок, негизги маалыматтарды киргизүүгө аракеттендим. Бул
билдирүүлөрдү иликтөөнүн натыйжасында Батыш Тянь-Шандын жана анын калкынын б.з.ч.
II кылымдан баштап бири-бирин хронологиялык жактан толуктоочу эки бөлүктөн турган
Батыш Тянь-Шандын тарыхы жана географиясы боюнча илимий чыгарма жаралды. Анын
19
биринчи бөлүгүндө бул мамлекеттин аймагынын байыркы жашоочулары усундар жөнүндө
тарыхый маалыматтар берилди. Алар тууралуу кеңири маалыматтар сакталып калгандыгын
айта кетүү абзел. Ал эми экинчи бөлүгүндө Батыш Тянь-Шандын жана анын калкынын VI
кылымдан баштап биздин мезгилге чейинки тарыхынын очерктери жана тарыхый
географиясы киргизилген»1.
Ушуга байланыштуу кара-кыргыздардын тарыхынын бардык мезгилдери боюнча
маалыматтар өтө аз санда кездеше тургандыгын Н.А.Аристов билдирип кеткен. Ошондуктан,
алар жашаган бардык мезгилдердеги коомдук турмушундагы негизги окуяларды кеңири
чагылдырып берүү үчүн Тянь-Шанга чектеш аймактардагы коңшу жашап жана үстөмдүк
кылган элдер жана мамлекеттер жөнүндө да баяндадым деп билдирген. Өз максатына жетүү
үчүн Н.Аристов байыркы араб географтарынын саякат маршруттарын, Темирландын
Моголистанга жасаган жортуулдарын, Тянь-Шань элдеринин тарыхын изилдеген
окумуштуулар тууралуу билдирүүлөрдү иликтеген. Андан сырткары илимпоз өзү изилдөө
жүргүзгөн аймактагы байыркы эстеликтер тууралуу баяндамаларга, ошондой эле
археологиялык табылгаларга талдоо жүргүзгөн.
Н.А.Аристов өзүнүн кеңири изилдөө жүргүсүүнүн натыйжасында кыргыз тарыхынын
байыркы мезгилден баштап XIX кылымдын аягына чейинки мезгилди камтыган
төмөндөгүдөй мезгилдерге бөлүштүрүүсүн сунуш кылган.
Ал кыргыз тарыхынын биринчи доорун биздин заманга чейинки II кылымдан баштайт,
башкача айтканда, кытай тарыхый булактарында кытай саякатчысы Чжан Цсяндын
билдирүүсүнө таянып, Усун ээлиги жөнүндө маалымат берилген мезгилден баштаган.
Н.Аристов усундарды Тянь-Шандын байыркы жашоочулары деп эсептейт. Эмне үчүн
окумуштуу кыргыздардын тарыхын усундардан баштайт деген суроо туулушу мүмкүн? Бул
Н.Аристовдун төмөнкү божомолдоосу менен байланыштуу: «Көптөгөн маалыматтарга
караганда Батыш Тянь-Шанды мекендеген 300 миңге жакын аял-эркектен турган кыргыздар
же кара-кыргыздар усундардын урпактары болуп эсептелинет, алар Енисейде жашаган
аталышы өздөрүнүкүнө окшош эл менен тектеш»2.
Ошондуктан, Аристовдун кыргыздардын тарыхын усундардан баштоосу кокустук эмес.
Илимпоздун жогорудагы божомолдоосу, ошондой эле бул пикирге башка окумуштуулардын
берген баасы, изилдөөнүн кийинки бөлүгүндө каралат, ошондуктан изилдөөнүн бул
бөлүмүндө кеңири токтолгон жокпуз.
Кыргыз тарыхынын негизги мезгилдерин изилдөө менен Н.Аристов кытайлыктардын
Батыш Тянь-Шанды ачууга болгон аракеттерин, кытай менен усундардын ортосундагы

1
Аристов Н.А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы…, – 6 б.
2
Ошол эле жерде. 6 б.
20
байланыштардын түзүлүшү, V кылымга чейинки мезгилдеги усундардын тарыхынын
негизги окуяларына кеңири токтолгон. Андан сырткары усундардын жашоо-турмушу
жөнүндөгү маселелер кеңири чагылдырылган.
Н.Аристов кыргыз тарыхынын экинчи мезгилине Енисейде жашаган кыргыздар
тууралуу маалыматтарды киргизет. Илимпоз алардын Енисейде отурукташып калуусу
тууралуу өзүнүн пикирин изилдөө менен кыргыздар жөнүндөгү тарыхый булактардагы
алгачкы эскерүүлөргө талдоо жүргүзө баштаган.
Бул маселени изилдөөдө, биз кыргыз тарыхын мезгилдерге бөлүштүрүүдөн четтеп
кетүүгө мажбур болдук. Анткени, кыргыздар тууралуу алгачкы билдирүүлөрдүн өтө
маанилүү экендиги жалпыбызга белгилүү. Ал эми азыркы кыргыз тарыхында, окуу
адабияттарында бул маселе боюнча кээ бир мүчүлүштүктөр бар экендигин эскерте кетүүбүз
абзел.
Николай Александрович кыргыздар тууралуу алгачкы маалыматтар б.з.ч. 209-201-
жылдарга таандык деп эсептейт, анткени Гунндардын шаньюйу Моде түндүктөгү ээликтерди
басып алганда, алардын ичинде Динлиндер менен бирдикте Гэгуньдарды да караткандыгы
айтылган1. Бул маалыматтарды билдирүүдө XIX кылымда орус окумуштуусу Н.Аристов
Н.Я.Бичуриндин орус тилинде жарыялаган кытай тарыхый булактарына таянган. Бул өтө
маанилүү окуяны белгилөө менен академик В.М.Плоских төмөндөгүдөй пикирин айткан:
«Н.А.Аристов биз дайыма далил катары алып жүргөн академик В.В.Бартольдго караганда 34
жыл мурда кытай тарыхый булактарына таянып кыргыз мамлекети жана этноними б.з.ч. 209-
201-жылдарда эскерилгендигин билдирген»2.
Кийинчерээк, Н.А.Аристовдон кийин В.Бартольд билдирүү жасаган: ал боюнча – «Сыма
Цяньдын сөздөрүнө ылайык, гунндар түндүктө…Гэгунь падышачылыгын каратышкан…
б.з.ч. 201-жылдагы окуялар мезгили боюнча кыргыздар жөнүндөгү эң алгачкы билдирүү
болуусу мүмкүн»3.
Кийинки мезгилдеги илимий изилдөөлөрдө, окуу куралдарында кыргыздар жөнүндөгү
алгачкы билдирүү б.з.ч. 201-жыл деп баса белгиленүүдө4.
Ушуга байланыштуу төмөндөгү фактыга көңүл буруу зарыл: Н.Аристов кыргыз этноними
жөнүндөгү алгачкы эскерүү б.з.ч. 201 жыл эмес б.з.ч. 209-201-жылдар деп баса белгилейт.
Бул факт кыргыз тарыхы үчүн өтө манилүү. Кийинчерээк Н.Аристовдун пикирин белгилөө

1
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. 143 б.
2
Плоских В.М. Лидеры у истоков кыргызской государственности // Кыргызская государственность (Сборник
документов и материалов). – Б., 2002 ж. – 39 б.
3
Бартольд В.В. Очерки истории Семиречья.// Бартольд В.В. Избранные труды по истории кыргызов и
Кыргызстана. – Б., 1996. –.177 б.
4
Асанканов А.А. , Осмонов О.Ж. История Кыргызстана (с древнейших времен до наших дней). – Б., 2002. – 68
б.; У истоков кыргызской национальной государственности. – Б., 1996. –.4 б. др.
21
менен А.Н.Бернштам бул маселе боюнча өзүнүн пикирин билдирген: «Кыргыз этноними
жөнүндөгү алгачкы билдирүүлөр биз жогоруда белгилеп кеткендей кытайлыктардын Шицзы
текстинде гунн шаньюу Мао-Тундун жортуулдары жөнүндөгү баяндама берилген бөлүгүндө
эскерилген. Ал тексте мындай билдирүү жасалган: «…андан кийин алар (гунндар) түндүктө
Хуньюй, Цзюйше, Динлин, Гэгунь, жана Цайли ээликтерин каратышты. Мао-Тунь
шаньюйдун ийгиликтерин эске алуу менен гунндардын аксакалдары (дачень) жана
ардактуулары (Гуй жень) аны акылман деп жарыялашып, ага шаньюй титулун ыйгарышты,
андан кийин төмөндөгү билдирүү жасалат: «ушул мезгилде (б.з.ч. 201 жыл белгиленген)»,
андан кийин биз изилдеп жаткан маселеге тишелүү эмес башка окуялар жөнүндө
билдирүүлөр берилет. Ши-Цзы текстинде белгиленген үзүндүгө караганда, бул окуя б.з.ч.
201-жылга туура келет.
Бул маалымат тарых илиминде кабыл алынгандыктан «гэгунь» формасында айтылып
калган «кыргыз» термининин алгачкы эскерилүүсү б.з.ч. 201-жыл деп эсептөө кеңири
таралган. Бирок, бул маалымат анчалык деле так эмес. Ал гана эмес тексте берилген мезгил
Түндүк Кытайдын аймагындагы гунндардын аракеттери жөнүндө берилген баяндамадан
кийинки баракта берилген дата менен байланыштуу болуусу толук ыктымал.
Эгерде мындай боло турган болсо, бул окуялар б.з.ч. 201-жылга байланыштуу экендиги
күмөндүү болуп эсептелинет. Анткени б.з.ч. 209-жылдан кийин биз жогоруда сөз кылып
жаткан окуялар болуп өткөн. Ошондуктан биз сөз кылып жаткан кыргыздар жөнүндөгү
алгачкы эскерүү б.з.ч. 209-жылга таандык экендигин кооптонуу менен болсо да белгилеп
кеткибиз келет1.
Ушул эле пикирди «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый этаптары» - деп аталган
эмгектин авторлору В.М.Плоских, Д.Джунушалиев, А.Какеевдер да колдошот. Алардын
божомолдоолору боюнча гунндардын Гэгунь ээлигин каратуу мезгили б.з.ч. 201-жылга дал
келет, эгерде биз кытай тарыхый хроникаларын орус жана европалык окумуштуулары
тарабынан изилденүүсүнүн жогорку деңгээлде экендигин эске ала турган болсок, Гэгунь
ээликтиги жөнүндө башка маалыматтар дээрлик жокко эсе. Ошону менен бирге эле аталган
эмгектин авторлору кыргыз этнониминин алгачкы эскерилүүсүн А.Бернштам сыяктуу эле
б.з.ч. 201-жыл менен чектөөнүн зарылчылыгы жок экендигин белгилешкен. Ошондой эле
бул эскерүүнүн өтө маанилүүлүгүн алар белгилеп кетишкен. Алардын пикири боюнча:
«Кытай жылнаамасында көрсөтүлгөн кыскача билдирүү кыргыз тарых илимине кирген биз
үчүн жетишээрлик маалымат болуп эсептелинет. Биринчиден: илимпоздор тарабынан
«Гэгунь» («Гяньгунь» деген варианты да кездешет) деп окулган кытай иероглифи «кыргыз»

1
Бернштам А.Н. История кыргызов и Кыргызстана с древнейших времен до монгольского завоевания). //
Бернштам П.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Т.2. – Б., 1998. – 171 б.
22
деген түшүнүктү берет. Ушуга байланыштуу В.В.Бартольд кыргыздарды Орто Азиянын эң
байыркы калкы1 - деп атаган. Экинчиден: «Ши-цзидеги» кыскача берилген билдирүүгө
караганда гунндар державасы б.з.ч. 209-жылдары түзүлгөндүгүн эске алуу менен биз
«Кыргыз ээлиги» да болжолдуу ушул мезгилде, мүмкүн андан эртерээк же кечирээк түзүлгөн
деп жыйынтык чыгара алабыз»2.
Ошентип, жогоруда белгиленген акыркы пикирлерди, так эле Н.Аристовдун пикири
сыяктуу эле биз туура деп баалайбыз. Бирок, кыргыздар жөнүндөгү алгачкы эскерүүнү б.з.ч.
201-жыл менен чектөөнүн зарылчылыгы жок. Ошондуктан кененирээк мезгилдик чектерди
б.з.ч. 209-201-жылдарды көрсөтүү зарыл экендигин белгилеп кетмекчибиз. Ошого
карабастан, өз кезегинде Н.Аристов тарабынан талданган бул тарыхый фактынын өтө
маанилүү экендиги жалпы кыргыз эли үчүн маалым. Жогоруда белгиленген «Кыргыз
мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый этаптары» эмгегинин авторлорунун билдирүүсүнө караганда:
«… көптөгөн окумуштуулар арасында бул кыргыздардын алгачкы мамлекеттик түзүлүшүнүн
жайгашкан аймагы тууралуу талаш-тартыштар азыркыга чейин уланууда, алардын кээ
бирлери аталган мамлекеттүүлүк Кыргыз-нур көлүнүн (Батыш Монголияда) жанында
жайгашкан дешсе, кээ бирлери Боро-Хоро кыркасынын (Чыгыш Туркестанда) жанында орун
алган деген пикирлерди айтышат. Бирок, негизи белгилей кетүүчү нерсе байыркы кыргыздар
өздөрүнүн мамлекетин түрк тилинде сүйлөгөн гунндардын империясы менен бир мезгилде
түзүшкөн.
Ошондуктан, жалпы түрк мамлекеттүүлүгүнүн башатында кыргыздар тургандыгын
баса белгилеп кетишибиз керек. Бул кыргыз элинин тарыхындагы маанилүү факт – азыркы
мезгилде түрк элдеринин курамында жашаган элдердин ичинен кыргыз эли
мамлекеттүүлүктү байыркы мезгилден бери сактап келе жаткан кыргыз журтунун чексиз
жетишкендиги3.
Н.Аристов тарабынан иштелип чыккан тарыхый доорлорго бөлүштүрүүдөгү экинчи
этабын түрктөрдүн үстөмдүк кылуу мезгилин ичине камтыйт. Бул маселе боюнча да
Н.Аристов биздин оюубузча башка эмгектерде дээрлик чагылдырылбаган кыргыз
тарыхынын жогоруда белгиленген мезгили боюнча төмөндөгү маалыматтарды берет:
«Тарыхый эстеликтердеги теңиртоолук кыргыздар жөнүндөгү алгачкы эскерүү менин
пикирим боюнча 568-жылга тиешелүү», Византиялык Менандр Земархтын элчилиги
тууралуу берген маалыматында Земархка түрк каганы Дизавул тарабынан белекке берилген
туткун аял, «Херхис» деп аталган элден экендиги маалымдалган. Византиялык тарыхчы
1
Бартольд В.В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. – Б., 1996. –176 б.
2
Джунушалиев Д., Плоских В., Какеев А. Исторические этапы кырыгзской государственности. – Б., 2003. – 28
б.
3
У истоков кыргызской националной государственности. – ред: Т.К.Койчуев, В.М.Плоских, Т.У.Усубалиев. –
Б., 1996. – 4 б.
23
Дексиандын билдирүүлөрүнө жана башка үзүндүлөргө таянуу менен Н.Аристов аталган
херхистер – бул кыргыздар деп белгилейт да, бирок, сөз енисей кыргыздарыбы же
теңиртоолук кыргыздар жөнүндө болуп жатабы деп өзүнө суроо койгон?
Ал өзүнүн кийинки изилдөөлөрүндө жогорудагы маалыматтарга кеңири талдоо жүргүзөт.
Дегин жана Клапроттун билдирүүлөрүнөн мисал келтирип, аларды Н.Я.Бичуриндин
маалыматтары менен салыштыруу аркылуу Дизавул батыш тукиецтердин же түрктөрүнүн
ханы болуусу керек деген жыйынтык чыгарат.
Жогорудагы билдирүүлөрдөн Земарх 568-жылы Дизавул менен «Эктаг» же «Ак-таг»
балким «Ала-таг» тоосунун этегинде жолуккан. Аталган түшүнүктөр «Ак-тоо» дегенди
түшүндүрөт, бул тоо батыш түрктөрүнүн ээликтеринде жайгашкан. Анын божомолдоосу
боюнча Эктаг Или жана Чу дарыяларынын жогорку агымында Таластан чыгышыраакта
жайгашуусу мүмкүн. «Бул аталыштын Алтай менен эч кандай байланышы жок, анткени
Шидаяньми тармагынын ээликтери түндүктө «кум деңизи» менен башкача айтканда Гоби
чөлүнүн Алтай менен Тянь-Шандын ортосундагы жунгар айрыгы менен чектешет. Ушул
маалыматтарга таянуу менен Н.Аристов «Батыш тукиецтердин жол башчысы Дизавул
Земархка белекке берген туткун аял батыш Теңиртоону мындан мурдараак багындырган,
Теңиртоону жердеген кыргыздардан болуусу мүмкүн» - деп чечим чыгарган. Ал туткун
аялдын Енисей кыргыздарына таандык экендиги чындыкка жакын эмес. Анткени, аларды
багындыруу 568-жылдан бир топ мурун, 556-жылдарга туура келет, ал мезгилде Кигинь
түндүктө Цигуну багындырган»1 - деп жыйынтыктайт Н.Аристов.
Өзүнүн божомолдоолорун далилдөө үчүн ал Тянь-Шанда ошол мезгилде жашаган
уруулардын жана уруктардын аталыштарын атайт. Алардын арасында нушиби уруулары да
кездешет. Н.Аристов нушиби жердеген беш аймакты атоо менен төмөндөгүдөй билдирүү
жасаган: «Аталган аймактардын биринчисинде жана төртүнчүсүндө кыргыз урууларынын,
тактап айтканда, ассык уруктарын жолуктурууга болот…, аларды азыркы мезгилде
сарыбагыш жана солто урууларынын арасынан кезиктирүүгө болот, ал эми экинчи жана
бешинчи аймактарда кыргыздардын күчүк (башкача аталыштарда кучу, коши), үчүнчү
аймакта болсо азыркы дулаттардын сейкым уруктарынын өкүлдөрү болуусу толук
ыктымал».
Нушиби урууларын азыркы мезгилдеги кыргыз урууларына жана уруктарына
окшоштуруу аркылуу батыш түрктөрүнүн мамлекетинин батыш аймактары кыргыздардан
турган деген божомолдоого негиз берет… Нушибилердин аймактарынын аталышы
кыргыздардын аталыштарына окшош болгондугуна байланыштуу, кыргыздардын
түрктөрдүн доорунда Или дарыясынан түштүккө жана батышка карай Тянь-Шандагы

1
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. 214 б.
24
аймактарды гана эмес, азыркы мезгилде Чоң ордонун өкүлдөрү ээлеген Тянь-Шандан
батышка карай өрөөндөрдү жана талааларды ээлеген1 деп айтууга негиз бар.
Батыш Тянь-Шанда VI-VII кылымдарда Талас жана Или дарыяларынын аралыгындагы
талааларда нушибилердин беш аймагында кыргыздар кандай болуп пайда болуп калышты? -
деп Н.Аристов өзүнө суроо берет. Алар эч жактан келишкен жок. Алар бул жерде «усун»
деген аталыш менен байыркы мезгилден бери эле жашашкан. Ал эми «усун» деген аталыш
бул саясий термин. Алар жашаган аймактын же мүмкүн б.з.ч. III кылымда Енисейде калган
кыргыздардан бөлүнүп, Танну тоо кыркасынан түштүккө карай көчүп, аталган тоо кыркасы
менен Теңиртоонун ортосундагы аймакты ээлеп, кийинчерээк, б.з.ч. II кылымда батыш
Теңиртоого жер которушкан кыргыз уруулары жашаган аймактын же болбосо алардын
уруулук союзун аталышы болуусу ыктымал - деп өзүнүн суроосуна жооп берет.
Жогоруда белгиленгендей Н.Аристовдун бул маселе боюнча талдоосу изилдөөнүн башка
бөлүгүндө каралган. Ошондуктан, биз бул маселеге кайрадан токтолбой, кыргыз тарыхынын
доорлорго бөлүштүрүүнү андан ары улантабыз.
Негизинен араб географтарынын билдирүүлөрүнө таянуу менен Карлуктардын үстөмдүк
кылган мезгилин Н.Аристов өзүнчө этап катарында карайт. Каралып жаткан мезгилде, IX
кылымдарда Тянь-Шанда отурукташкан кыштактар пайда болгон. Араб географтарынын
билдирүүлөрүнө караганда Тянь-Шандын түндүк этеги Шаштан (Ташкент облусу) Или
дарыясына чейин Сюань-Цзяндын мезгилиндегидей эле анча чоң эмес бири-бирин улантып
кеткен жер иштетүүчүлүк менен алектенген калктардын кыштактары менен байланышып
турган. Аларда Азиянын батышы менен чыгышын байланыштырып турган соода кербендери
токтоп, убактылуу эс алышкан. Карлук хандарынын үстөмдүгүнүн бекемделүүсү менен,
өзгөчө алардын ислам динин кабыл алынуусунан кийин, Сырдарыя, Амударыя, Фергана,
Мавереннахрдагы бирдиктүү динди кармаган мамлекеттер менен иштиктүү байланыштар
түзүлүп, соода жолдорунун активдешүүсүнө байланыштуу отурукташкан конуштар ички
Тянь-Шанда да пайда боло баштаган… Ибн-Хордадбек жана Кодаминин билдирүүлөрүндө
ички Тянь-Шандагы отурукташкан конуштар жөнүндө маалыматтар кездешпейт.
Ошондуктан ички Тянь-Шанда, Нарын аймагында жана Ысык-Көлдө убактылуу конуштар
ошондой эле соода байланыштары IX-X кылымдарда, андан кеч эмес пайда болгон жана
өнүккөн деп айтууга негиз бар. Анткени, Идрисинин алар жөнүндө билдирүүлөрү ушул
каралып жаткан мезгилге туура келет. Бирок ал карлук хандарынын XI кылымда
Мавереннахрды караткандыгы жөнүндө дээрлик эч кандай маалымат берген эмес2.

1
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. 219 б.
2
Рукописный фонд НАН КР. Инв. 1686. – 50-51 б.
25
Ушул эле жерде Н.Аристов XII кылымда кидандар тарабынан каратылган караханиддер
жөнүндө да маалымат берет.
Ошондуктан, кыргыз тарыхынын жана батыш Тянь-Шандын тарыхынын кийинки доору –
кара кидандар мезгили ошондой эле Чыңгызхандын (XII-XIII кылымдар) басып кирүүсү
менен байланыштуу. Окумуштуу ушул мезгилдеги батыш Тянь-Шандын калкына толук
мүнөздөмө берүү менен, ошол мезгилге тиешелүү Чүй өрөөнүндөгү жана Ысык-Көлдөгү
археологиялык табылгаларга, ошондой эле кичинекей шаарларга баяндама берет. Кара-
кытайлардын мамлекети талкалангандан кийин, «кара-кидандардын бир бөлүгү, өздөрүнүн
мамлекети талкаланган соң, же андан кийинчерээк XIV кылымдарда отурукташкан элдер да
кыйратылгандан кийин кыргыздарга биригүү менен алардын арасында азыркы күнгө чейин
китай, ктай жана кара кытай деген аталыш менен оң канаттын ичиндеги сарыбагыш жана
солто урууларынын арасында майда уруктук бирдик катарында сакталып калышкан»1 - деп
эсептейт Н.Аристов.
Кыргыз тарыхынын кийинки доору Жагатайлардын (XIII-XIV кылымдар) үстөмдүгү
менен байланыштуу. Окумуштуу Тимурдун басып алуучулук согуштары, Моголистан
мамлекети ошондой эле каралып жаткан мезгилдеги кыргыздардын абалы жөнүндө кеңири
маалыматтарды берет.
XVI кылымдын жарымынан – XVIII кылымдын жарымына чейин батыш Тянь-Шанда
калмактардын үстөмдүк кылган мезгилин Н.Аристов өзүнчө доорго бөлөт. Азыркы мезгилде
бул элдин келип чыгуусу боюнча көптөгөн божомолдоолор бар. Ал бул маселе боюнча
өзүнүн божомолдоосун билдирген: «Калмактар, вала же олоттор XIII-XIV кылымдарда
«токой тилкесиндеги элдерден» башкача айтканда, түрктөшкөн жана монголдошкон түрк
элдеринин (кирей, найман ж.б.) аралашуусунан келип чыкса керек. Алардын башында
Чыңгызхан мезгилиндеги ойроттор турушкан. Алар кийинчерээк Батыш Монголиянын
калкынын жана аскерлеринин негизги өзөгүн түзүшкөн (ал мезгилде бул эки түшүнүк бир
эле түшүнүктү билдирген). Дурбен ойрат же төрт ойрот деген аталыш менин түшүнүгүмдө
Чыңгызхан мезгилиндеги ойроттор оң канаттагы 38 миң жоокердин төрт миңин берүүгө
тийиштүү болгондугунун натыйжасында келип чыкса керек»2 – деп билдирген Н.Аристов.
Н.Аристовдун пикири боюнча ойрат аталышы ойарат – башкача айтканда «токой
тилкесиндеги эл» дегенден келип чыкса керек. Тарыхый булактарды талдоо менен ал батыш
монголдору же калмактар XIII-XIV кылымдарда «токой тилкесиндеги элдердин» монгол
жана монголдошкон түрк урууларынын аралашуусунан түзүлгөн деген чечим чыгарган3.

1
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. 313 б.
2
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. 313 б.
3
Ошол эле жерде.
26
XVIII кылымдын экинчи жарымынан XIX кылымдын ортосуна чейинки мезгилди
Н.Аристов Кыргызстандын тарыхынын өзүнчө дооруна Батыш Тянь-Шанда
кытайлыктардын жана кокондуктардын үстөмдүк кылган мезгили катары киргизген1.
Ал кытайлыктардын казактарга жана кыргыздарга карата саясатын баяндоо менен
төмөнкү нерселерди белгилеген: «жунгарларды каратуу менен Кытайдын манжур
императорлору бардык монголдорду өздөрүнүн бийлигинин астына бириктиришкенден
кийин, алар андан ары батышка карай өздөрүнүн ээликтерин кеңейтүүгө аракет жасашкан
эмес. Анткени, аларга казактар жана кыргыздар коркунучсуз болгон. Ошондой эле ыңгайлуу
коңшу деп эсептешишкен. Кытайлыктар өздөрүнүн жаңыдан кошулган батыш чектерин
коопсуздандырууга аракет жасашкан. Ансыз деле кыргыз жана казак уруулары кандайдыр
бир деңгээлде кытайдын бийлигин таанышып, анын таасирине дипломатиялык жолдор
менен кирип калышкан»2.
Кыргыз-казак мамилелери, ошондой эле казак уруу башчыларынын кыргыз жерлерине
жортуулдары ушул доорго киргизилген.
Кыргызстандын революцияга чейинки тарыхынын акыркы дооруна Н.Аристов
Кыргызстандын Оруссиянын курамына каратуу маселесин киргизген. Ал Кыргызстандын
Оруссия тарабынан каратылышынын шарттарына, ошондой эле кырдаалына кеңири
мүнөздөмө берген. Бул маселеге изилдөөнүн өзүнчө бөлүгү арналган, ошондуктан бул
маселеге токтолуунун дээрлик кажети жок.
Жыйынтыктап айтканда, Н.Аристовдун жогоруда сөз кылынган эмгегинин он эки
главасы кыргыздардын жана Кыргызстандын революцияга чейинки тарыхынын негизги
доорлорун түзөт. Изилдөөнүн башында сөз кылынгандай Кыргызстандын тарыхын
доорлорго бөлүштүрүү окумуштуу В.В.Бартольд тарабынан, ошондой эле кийинчерээк
Кыргызстандын тарыхчылары тарабынан жактырылган жана кабыл алынган.
Белгилей кетүүчү нерсе В. Бартольд өзүнүн XVI кылым менен чектелген «Жети-Суунун
тарыхынын очерктери» - деген эмгегин Н.Аристов тарабынан аныкталган доорлорго
бөлүштүрүүнүн негизинде баптарга бөлүштүргөн. Анын эмгегинин баптары төмөндөгүдөй:
1. Усундар;
2. Түрктөр;
3. Карлуктар;
4. Кара-кытайлар;
5. Монголдор жана Чагатай улусунун бөлүнүүсү;

1
Рукописный фонд НАН КР. Инв. 1819.
2
Аристов Н.А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы.., – 43 б.
27
6. Моголистан1.
Эки илимпоздун доорлорго бөлүштүрүүсүндө олуттуу айырмачылыктар жок. Тактап
айтсак, В.Бартольд Енисейлик кыргыздар Жети-Сууда жашабагандыктан алардын тарыхын
өзүнүн жогоруда белгиленген эмгегине киргизген эмес. Ал эми Караханиддердин тарыхын
болсо өз алдынча доорго киргизген.
В.Бартольддун «Кыргыздар» деп аталган эмгегиндеги Кыргыз тарыхынын доорлорго
бөлүштүрүүсү менен Н.Аристовдун бөлүштүрүүсүндө бир топ жакындыктар кездешет.
Кыргыз тарыхынын алгачкы мезгилин «Байыркы маалымдамалар» деп аталган бабын
мүнөздөөдө В.Бартольд Н.Аристов сыяктуу эле б.з.ч. III кылым менен баштайт. Андан кийин
VI-IX кылымдар, аны В.Бартольд тарабынан «Улуу кыргыз дөөлөтү» деп аталган X –XI
кылымдар улайт. Анан X кылымдан баштап XVI кылымдарга чейинки мезгил - Енисей
кыргыздарынын тарыхы. Кийинки бөлүктөр XVI-XVII кылымдарды камтыйт. Бул доордо
В.Бартольд Енисей жана Теңиртоо кыргыздарынын тарыхын өз алдынча бөлүп карайт.
Акыркы доорго теңиртоо кыргыздарынын XVIII-XIX кылымдагы тарыхы киргизилген.
Совет мезгилинде жарыкка чыккан илимий эмгектерде кыргыздардын жана
Кыргызстандын тарыхы белгилүү деңгээлде такталып, андан кийин доорлорго бөлүнгөн.
Тактап айтканда 1955-жылы окумуштуу А.К.Кибиров ошол мезгилдеги советтик
идеологиянын саясатына ылайык Кыргызстандын совет дооруна чейинки тарыхын
формациялык метод менен түзгөн. Бул анын Кыргызстандын тарыхын доорлорго
бөлүштүрүүдөгү өзгөчөлүгү болуп эсептелинет.
Биринчи мезгил – алгачкы-коомдук түзүлүш: «… Орто Азия цивилизациянын байыркы
очокторунун бири болгондуктан анын аймагын жердеген калктардын бул мезгилди басып
өткөндүгү жөнүндө эч кандай шек жок».
Экинчи мезгил – Кыргызстан тарыхынын бул мезгили Орто Азияда кул ээлөөчүлүк
түзүлүштүн түзүлүүсү менен байланыштуу. Бул мезгил өзүнүн ичине биздин заманга
чейинки III кылымдан баштап, биздин замандын V-VI кылымдарын камтыйт. Каралып
жаткан мезгилде Фергана өрөөнүндө Давань мамлекети, ал эми Кыргызстандын түндүгүндө
усун уруулук союзу негизделген.
Үчүнчү мезгил – феодалдык түзүлүштүн пайда болуу мезгили. Бул мезгил өзүнүн ичине
VI кылымдан XX кылымга чейинки мезгилди камтыйт:
а) эртефеодалдык (феодалдык мамилелердин пайда болуу
мезгили) мезгил (VI-X кылымдар);
б) феодалдык мамилелердин калыптануу мезгили (X-XIII
кылымдар);

1
Бартольд В.В. Очерки истории Семиречья…, – Фрунзе, 1943. – 91-172 б.
28
в) патриархалдык-феодалдык мамилелердин үстөмдүк кылган
мезгили;
г) патриархалдык-феодалдык мамилелердин бузула баштаган
мезгили. (Бул мезгилде Кыргызстан Россияга кошулуп,
капиталисттик мамилелер пайда боло баштаган (XIX к. экинчи
жарымы XX к. башы)1.
Ал эми 1956-жылы жарык көргөн «Кыргызстандын тарыхы» академиялык басылмасында
төмөндөгүдөй доорлорго бөлүнгөн:
1. Кыргызстандын аймагы жана ага чектеш аймактардагы алгачкы-коомдук
түзүлүш доору;
2. Тянь-Шандагы жана Енисейдеги уруулук союздар;
3. Кыргызстан Орто Азиядагы эрте феодалдык мамилелердин калыптануу
мезгилинде;
4. Кыргыздар жана Кыргызстан монгол, жунгар жана кокон баскынчыларынын
эзүүсү астында;
5. Кыргызстандын Россияга кошулуусу2.
Жалпылап айтканда, бул доорлорго бөлүштүрүүнү Н.Аристовдуку менен салыштырганда
биринчи этаптан башкасы (эгерде Н.Аристовдукунда анын чагылдырбагандыгын эске
алганда) дээрлик окшош деп жыйынтыктоого болот.
Кыргызстандын тарыхынын 1963-жылы жарык көргөн «Кыргыстандын тарыхы»
академиялык басылмасында чагылдырылган доорлорго бөлүүдө бир топ толуктоолор
киргизилген. Ал боюнча Кыргызстандын революцияга чейинки тарыхы төмөндөгү
мезгилдерге бөлүнгөн:
1. Алгачкы коомдук түзүлүш жана таптык коомдун түзүлүшү;
2. VI-XII кылымдарда феодалдык мамилелердин пайда болушу жана
өнүгүүсү;
3. Кыргызстан XIII кылымда XIV кылымдын биринчи чейрегинде
Монголдордун үстөмдүк кылуу мезгилинде;
4. Тянь-Шандагы XIV кылымдын экинчи чейрегиндеги XVI кылымдардагы
феодалдык бытырандылык;
5. Кыргыз элинин түзүлүшү;
6. Кыргыздардын XVI – XVIII кылымдардагы коңшу элдер менен болгон
мамилелери;

1
Материалы научной сессии, посвященной истории Средней Азии и Казахстана в дооктябрьский период. –
Ташкент, 1955. – 451-456 б.
2
История Киргизии. Т.1. – Фрунзе, 1956. – 425-426 б.
29
7. Кыргыздар Кокон хандарынын бийлиги астында;
8. Кыргызстандын Россиянын курамына өз каалоосу менен кошулуусу1.
Кыргызстан тарыхынын бул доорлорго бөлүштүрүүсү Н.Аристовдукунан айырмаланып
каралып жаткан учурда Кыргызстандын аймагында кайсы уруулар жана элдер жашагандыгы
жөнүндө маалымат берилген эмес. Бирок, хронологиягык чектери жана негизги окуялардын
жүрүшү бул доорлорго бөлүштүрүүдө бири-бирине туура келет.
Окумуштуулар Д.С.Бактыгулов жана Ж.К.Момбекова жогорку окуу жайларынын
студенттери үчүн чыгарышкан Кыргызстандын тарыхы боюнча өздөрүнүн басылмасында
болжолдуу ушундай эле мезгилдерге бөлүшкөн. Алардын Кыргызстандын революцияга
чейинки тарыхын мезгилдерге бөлүүсү төмөндөгүдөй:
1. Алгачкы коомдук түзүлүш жана таптык коомдун түзүлүшү;
2. Кыргызстан түрк каганаттарынын курамында (VI-XII кк.);
3. Енисей кыргыздарынын мамлекети;
4. XIII-XIV кылымдарда Монгол тилдүү элдердин басып кирүүсү, ошондой
эле Кыргызстандын өнүгүүсү;
5. Кыргыз элинин негизделүүсү жана анын чет жердик баскынчыларга каршы
күрөшү;
6. Кыргызстан Россиянын курамында2.
Окумуштуулар А.А.Асанканов жана О.Дж.Осмоновдор тарабынан иштелип чыккан
тарыхты мезгилдештирүүдө Кыргызстандын байыркы мезгилдеги тарыхына көбүрөөк
көңүл бурулган:
1. Кыргызстандагы таш жана коло доорлору;
2. Уруулар союзу. Давань мамлекети;
3. Байыркы хунну империясы;
4. Байыркы кыргыздар. Түрк каганттары;
5. Борбордук Азиядагы үстөмдүк үчүн күрөш. Кыргыз Улуу дөөлөтү;
6. Кыргызстан мамлекеттүүлүк жолунда;
7. Кыргыз элинин түзүлүүсү жана анын чектеш элдер менен өз ара
мамилелери;
8. Кыргызстан кокон хандыгынын үстөмдүк кылуу мезгилинде;
9. Кыргызстандын Россияга кошулуусу3.

1
История Киргизии. Т.1. – Фрунзе. 1963. – 588-590 б.
2
Бактыгулов Дж.С., Момбекова Ж.К. История Кыргызов и Кыргызстана с древнейших времен до наших дней: –
Б. 2001. – 343 б.
3
Асанканов А.А., Осмонов О.Ж. История Кыргызстана (с древнейших времен до наших дней). Учебник для
ВУЗов. – Б. 2002. – 573-574 б.
30
«Кыргызстан мамлекеттүүлүк жолунда» деп башталган мезгил өзүнүн ичине
караханиддер жана кара-кытайлар мамлекеттеринин тарыхын камтыйт. Ошондуктан, анын
мазмуну жогоруда көрсөтүлгөн типтүү мезгилдештирүүлөрдө көрсөтүлгөн Кыргызстан
тарыхынын мезгилине туура келет.
Азыркы мезгилде Кыргызстандын тарыхын мезгилдештирүүдө анын аймагындагы ар
кандай типтеги мамлекеттүүлүктөрдүн түзүлүүсү жана өнүгүүсүнө ылайык түзүү актуалдуу
боло баштады.
Академик В.М.Плоских мамлекеттүүлүктүн формасын талдоо менен кыргыз тарыхынын
революцияга чейинки өнүгүү этаптарын төмөнкү мезгилдерге бөлүүнү сунуштайт:
1. Биздин доорго чейинки байыркы кыргыз мамлекеттүүлүгү;
2. Түрк доору – Енисей кыргыздарынын мамлекеттүүлүгү, Барс-бектин
мамлекети, караханиддер мамлекети, XIV-XX кылымдардагы
мамлекеттүүлүктөр мезгили;
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүү тарыхын «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый
мезгилдери» эмгегинин авторлору да ушул нукта карашат:
Биринчи мезгил – жогорулоо фазасы. Бул мезгилде б.з.ч. III-кылымдын аягынан баштап
б.з.ч. I кылымдагы байыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өкүм сүргөн мезгили. Андан
кийин кыргыз тарыхында төмөндөө жүрсө керек. Анткени, мамлекет жана эл жөнүндө
жүйөлүү билдирүүлөр жок.
Экинчи мезгил – негизинен Орхон-Енисей жазууларында кеңири чагылдырылган
жогорулоо же түрк мезгили. Өз кезегинде түрк доору бир нече этаптарга бөлүнөт:
1. VI-VII кылымдар - Енисей кыргыздарында мамлекеттүүлүк өкүм сүргөн
мезгил;
2. VII кылымда экинчи түрк каганатынын мезгилинде саясий аренага Барс-бек
башында турган кыргыз мамлекети чыга баштаган;
3. IX-X-кылымдарда кыргыздардын мамлекетинин түзүлүшү татаалдана
баштаган. Бул мезгилде академик В.Бартольд тарабынан «Улуу кыргыз дөөлөтү» - деп
аталган мезгил түзүлгөн. Ю.С.Худяков белгилеп кеткендей, «Бул кыргыз тарыхынын
эң жылдыздуу мезгили, уйгурлар менен узакка созулган согушта кыргыз курал-
жарагынын таң калаарлык жетишкендиги, орто кылымдагы ар кайсыл элдердин
арасында кыргыздар өздөрү жөнүндө замандаштарына эсте каларлык баяндама
калтырган мезгил. Алардын басып өткөн жолу кийинки тарыхчылардын да азыркы
күнгө чейин көңүлүн бурат»1;

1
Джунушалиев Д., Какеев А., Плоских В. Исторические этапы кыргызской государтсвенности. – Б., 2003. – 8б.
31
Жыйынтыктап айтканда, кыргыз тарыхынын бул мезгили алардын биригүү
процессиндеги өтө маанилүү доор болуп эсептелинген.
Үчүнчү мезгил, академик В.Плоских тарабынан мамлекеттүүлүктүн өкүм сүрүүсү
жоготулган мезгил – деп аталган. Бул мезгил өзүнүн ичине XIV-XX кылымдарды өзүнүн
ичине камтыйт. Каралып жаткан мезгилде кыргыздар Ала-Тоону мекендешип толугу менен
байыркы түрктөрдүн аскердик-административдик структурасын калыбына келтиришкен:
кыргыздар бул учурда оң жана сол канаттарга, ошондой эле өзүнчө ичкилик тобуна
бөлүнүшкөн. Аларда урук жана уруулук бирикмелер өз алдынча так бөлүнгөн. Бирок,
кыргыздар байыркы түрк мамлекетиндегидей жогорку кагандын бийлигин негиздей
алышкан эмес. Ушуга байланыштуу алар өздөрүнүн мамлекеттүүлүк түзүлүшүн да
негиздөөгө жетише алышкан эмес.
Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстандын революцияга чейинки тарыхынын мезгилдерин
кийинчерээк мезгилде түзүлгөн ушул сыяктуу мезгилдештирүүлөр, салыштыруу менен
төмөндөгүдөй тыянак чыгарылды:
1.Н.Аристовдун мезгилдештирүүсүндө Кыргызстандын тарыхынын эң алгачкы мезгили –
алгачкы-общиналык коом чагылдырылган эмес. Бирок, мындай шартка окумуштуу күнөөлүү
эмес. Анткени, Аристовдун мезгилиндеги бардык эле элдердин тарыхындагы башкалардан
түп-тамырынан бери айырмалаган бул мезгил боюнча так маалыматтардын жоктугуна
байланыштуу болуу керек. Баарыбызга маалым болгондой адамзаттын өнүгүүсүнүн каралып
жаткан мезгили боюнча жазуу булактары жок, ошондой эле болуусу да мүмкүн эмес.
А.Н.Бернштамдын билдирүүсүнө караганда, Октябрь революциясына чейин Орто Азияны
археологиялык изилдөөнүн хронологиялык чектери негизинен IX-XIV кылымдарды, кээде
биздин доордун чектерин, өзгөчөлөнгөн учурларда гана неолит жана коло доорун (кээде
андай экенин түшүнбөй туруп эле) өзүнүн ичине камтыган…1.
Жалпысынан айтканда, алгачкы-коомдук түзүлүштүн эстеликтерин изилдөө Улуу октябрь
революциясынан кийин жүргүзүлө баштаган. «Кеч неолитке тиешелүү эстеликтер
жайгашкан жерлерди ачуу көбөйгөн, алгачкы жолу палеолитке (ортоңку палеолитке)
тиешелүү табылгалар ачылган. Ошондуктан, Орто Азиянын археологдоруна сегиз жүз
жылдык маданияттын тарыхынын ордуна эми элүү миь жылдыктын маалыматтары белгилүү
болуп калды. Ушуга байланыштуу Орто Азиянын археологдору капитализмге чейинки
бардык коомдук формациялардын – алгачкы-коомдук түзүлүштөн баштап чагылдыруу
милдети түзүлдү»2 - деп жазган А.Бернштам.

1
Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории Кыргызстана. Т.2. – Б. 1998. – 27 б.
2
Ошол эле жерде.
32
Албетте, Н.Аристов обьективдүү себептерге байланыштуу материалдын дээрлик
жоктугуна ылайык, өз эмгектеринде ошондой эле Кыргызстандын тарыхын мезгилдерге
бөлүүдө алгачкы-коомдук түзүлүш доорун киргизген эмес.
2. Кыргызстандын тарыхынын өзгөчө дооруна Н.Аристов усундардын тарыхын
киргизет. Бул окумуштуунун усундарды кыргыз деп эсептеген өзгөчө илимий божомолдоосу
менен байланыштуу. Ошондуктан, Н.Аристов өзүнүн жогоруда аталган эмгегинде бул элдин
тарыхына өзгөчө көңүл бурган. Кийинки мезгилдеги окумуштуулардын эмгектеринде
усундардын тарыхы байыркы мезгилдеги башка уруулук союздардын, мамлекеттердин
тарыхы менен бир тарыхый доордо каралган.
3. Негизинен араб географтарынын билдирүүлөрүнө таянуу менен Карлуктардын
үстөмдүк кылган мезгилин Н.Аристов өзгөчө доор катары кароо менен бул мезгилге
караханиддердин тарыхын да киргизген. В.Бартольд болсо караханиддердин тарыхын
өзүнчө, ал эми карлуктардын үстөмдүк кылуу мезгилин өзүнчө бөлүп караган.
Совет тарыхчыларынын мезгилдештирүүлөрүндө түрктөрдүн үстөмдүк кылуу мезгили,
Енисей кыргыздарынын тарыхы жана феодалдык мамилелердин калыптануу учуру менен
бирдикте бир мезгилге киргизилген. Ал эми Кыргызстандын көз карандысыздыка ээ
болгондон кийинки мезгилде жарыкка чыккан эмгектерде түрк каганаттарынын тарыхы
өзүнчө доор катарында каралат. Бирок, Енисей кыргыздарынын тарыхына өзгөчө көңүл
бурулган. Эгерде бул жагдайда алып карасак, Н.Аристовдун мезгилдештирүүсү азыркы
мезгилдеги окумуштуулардын Кыргызстандын тарыхын мезгилдерге бөлүштүрүүсү менен
дээрлик окшош. Башкача айтканда, бири-биринен айырмаланбайт. Бирок, бул мезгилдерди
чагылдырууда ушул уруулардын мамлекеттүүлүгүнө өзгөчө басым жасалган. Кандайдыр бир
деңгээлде бул совет мезгилиндеги изилдөөлөрдө тарых илиминде революцияга чейин
кыргыздарда өздөрүнүн улуттук мамлекеттүүлүгү болгон эмес деген тезис менен кандайдыр
бир деңгээлде байланыштуу болуу керек. Бул маселе боюнча академик В.Плоских:
«…Енисейде улуу кыргыз мамлекетинин (өз мезгилинде) бар экендиги фактысы менен
көгөрүп макул болбой коюу же ал жөнүндө айтпай келүү же анын азыркы кыргыз элине эч
кандай тиешесиз экендигин тануу»1- туура эмес деп өз пикирин билдирген.
Н.Аристов түзгөн Кыргызстандын революцияга чейинки доорлорго бөлүштүрүүсүнүн
калган мезгилдери башка илимпоздордуку менен негизинен төп келет. Азыркы кээ бир
окумуштуулардын учурда түзгөн мезгилдештирүүлөрүндө кыргыз элинин түзүлүү процесси
өзүнчө этап катарында каралат. Бирок, баарыбызга белгилүү болгондой, бул маселени
Н.Аристов өзүнүн эмгектеринде кеңири көңүл буруу менен изилдеген.

1
Плоских В.М. Лидеры у истоков Кыргызской государственности // Кыргызская государственность (Сборник
документов и материалов). – Б., 2002. – 36 б.
33
Жыйынтыктап айтканда, ушул маселени изилдөөдө Н.Аристов тарабынын түзүлгөн
кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхын мезгилдештирүүсү жалпы жонунан совет
учурундагы окумуштуулардыкына караганда азыркы мезгилдеги окумуштуулардын түзгөн
мезгилдештирүүлөрү менен дээрлик дал келе тургандыгын белгилеп кетүү абзел.

§ 1.3. Кыргыздардын Россиянын курамына кошулуусу жана анын социалдык-


экономикалык натыйжалары жөнүндө Н.А.Аристовдун көз караштары
XIX кылымдагы кыргыз элинин Россиянын курамына кошулуусу Кыргызстандын
тарыхында бүгүнкү күндө дагы актуалдуу маселелердин бири болуу менен аны баалоодо
бирдей эмес көз караштарды жаратып келет. Коомдук өнүгүүнүн этаптарына жараша
идеологиялык көрсөтмөлөргө ылайык болуп жаткан окуялардын жүрүшүнө жана алардын
жыйынтыктарына окумуштуулар ар кандай мүнөздөмөлөрдү беришкен.
Кыргыз элинин Россиянын курамына кошулуу маселесин андагы социалдык-
экономикалык жана саясий багыттарды орус элинин кээ бир окумуштуулары, мамлекеттик
ишмерлери, саякатчылары жана алардын ичинде Н.Аристов да өздөрүнүн эмгектеринде
чагылдырууга аракет жасашкан. Бирок, бул маселени кеңири жана терең изилдөө, бул
аймакта совет бийлиги орнотулгандан кийин гана башталган.
Тактап айтканда, 1917-1940-жылдардагы тарых илиминде жогоруда белгиленген
процесстер Оруссия падышачылыгынын Орто Азияны басып алуусу катарында
1
мүнөздөлгөн .
Ага ылайык кыргыз элинин Россия империясынын букаралыгына кирүүсү, анын
курамына кирген башка элдер сыяктуу эле, кандайдыр бир деңгээлде «басып алуучулук»
катары кабыл алынган.
Бирок, болжолу менен ХХ кылымдын 40-жылдардын аягында 50-жылдардын башында
бир катар советтик окумуштуулар, алардын ичинде кыргыз илимпоздору бул процесстердин
мүнөзүн прогрессивдүү багытта карай башташкан2. Аталган эмгектердин өзгөчөлөнгөн
айырмачылыгы болуп негизинен падышачылыктын улуттук чет жакалардагы басып
алуучулук жана колониалдык кызыкчылыктарын гана карабастан тарыхчылар өнүгүүдө
артта калган элдердин Россиянын курамына кирүүсүнүн прогрессивдүү жактарын гана
көрсөтө башташкан.
Ал эми 60-жылдардын башында ошол учурдагы идеологиялык көрсөтмөлөрдүн негизинде
бул маселе боюнча жаңы түшүндүрмө киргизилген. Ал боюнча «Россиянын курамына айрым
1
Хасанов А.Х. Завоевание Киргизии русским царизмом. – Советская Киргизия. 1940. 11 апр.; Бактыгулов Дж.С.
Историография дореволюционного Киргизстана. – Фрунзе, 1988. – 88-89 б. и др.
2
Джамгерчинов Б.Д. Присоединение Кыргызстана к России. – М., 1959. – 436 б.; Присоединение Киргизии к
России. – М., 1962. – 12 б., Халфин Н.А. Присоединение Средней Азии к России (60-90 гг. XIX в.). – М.1965. –
468 б., и др.
34
калктар өз ыктыяры менен кирген» деген термин кеңири колдонула баштаган. Албетте,
мындай саясаттын ишке ашырылуусуна партиялык көрсөтмөлөр, Кыргызстан Коммунисттик
партиясынын Борбордук комитетинин «Кыргыздардын Россиянын курамына өз ыктыяры
менен кошулуусунун 100 жылдыгына (1963-ж. январь)» карата токтомунда, өткөрүлүүчү
маарекеге байланыштуу СССРдин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин
жана СССР Жогорку Советинин Президимунун каттары 1, ошондой эле мааракеге карата
жарыяланган маалыматтар2 белгилүү деңгээлде чоң роль ойногон.
Ушул көрсөтмөлөрдүн ишке ашырылышы, тактап айтканда, 1988-жылы Кыргыздар
Россиянын курамына кошулуусунун 125 жылдык мааракесине карата илимий конференция
өткөрүлүп, андагы талкууланган материалдар идеологиялык багытка ылайык басылып
чыгарылган.
Кыргыз илимпоздорунун ичинен «Кыргызстан өз ыктыяры менен Россиянын курамына
кошулган» деген түшүнүктү илимий колдонууга алгачкылардан болуп академик
Б.Дж.Джамгерчинов киргизген. Ушуга байланыштуу ал Кыргызстан Россиянын курамына өз
ыктыяры менен 1850-1860-жылдары кошулган деген жыйынтык чыгарган. Бул жерден баса
белгилеп кетүүчү нерсе, ал учур коммунисттик партиянын идеологиясынын курчуп турган
мезгилине туура келет жана азыркы окумуштуулар анын берген тарыхый көз караштарына
сын көз менен карашса дагы, Б.Дж.Джамгерчинов бул доорду изилдеген кыргыз
илимпоздорунун эь алгачкысы жана эң алдыңкысы болуп кала берет. Академиктин төмөндө
текстин этегине жазылган эмгектеринин тизмесине көз жүгүртүү менен эле анын
эмгектеринде эволюциялык өсүү илимпоздун көз караштарынын өзгөргөндүгүн аныктайт.
Анын изилдөөлөрүнүн негизинде XIX кылымдын 50-60-жылдарында Түндүк
Кыргызстандагы калктардын орус бийлигине кошулуусу шарттуу белгиленген. Ал эми
Түштүк Кыргызстандагы саясий окуялар алардын орус бийлигине кошулуусун автор өзүнүн
алдына изилдөөнүн максаты катарында койгон эмес3.
Совет коомунун кийинки мезгилдерине чейин бул көз караштар өзгөрүүсүз жана
бирдиктүү чындык катары кала берген. Белгилүү илимпоз С.Т.Табышалиев Кыргызстандын
Россиянын курамына кошулуусунун негизги этаптарын толдоодо мындай деп баса

1
Бактыгулов Дж.С. , Момбекова Ж.К. История кыргызов и Кыргызстана с древнейших времен до наших дней.
Бишкек. Мектеп. 2001. – С. 169.
2
Джамгерчинов Б.Дж. К вопросу о присоединении Киргизии к России. Изв. Кир. ФАН СССР. – вып. 7. 1947 ж. ;
Ошол эле автордун. Из истории присоединения Северной Киргизии к России. – Труды инс. истории АН Кирг
ССР. – 1 чыг. – Фрунзе. 1958. он же; Добровольное вхождение Северной Киргизии к России. – Фрунзе. 1963.
Ошол эле автордун. Очерки политической истории Киргизии XIX в. – Фрунзе., 1966. и др
3
Навеки вместе с русским народом! Сборник материалов празднования столетии добровольного вхождения
Киргизии в состав России. – Фрунзе, 1964.
35
белигилеген: «Бул тарыхый акт эл тарабынан салтанаттуу жана өз эрки менен кабыл
алынган. Анын натыйжасында кыргыз элинин Россияга кошулуусу аяктаган»1.
Жогорудагыдай жыйынтыктар менен 1963-жылдан баштап 80-жылдарга чейин кыргыз
элинде Кыргызстан Россиянын курамына өз ыктыяры менен кошулган деген көз караш
бекем түптөлгөн. Жада калса Б.Дж.Джамгерчинов, К.У.Усенбаев, В.Я.Галицкийдин
коллективдүү авторлугунун астында 1986-жылы жарыкка чыккан «Кыргыз ССРинин
тарыхынын» экинчи томунда да төмөндөгү мазмундагы сөздөрдөн турган кириш сөз
жазылган: «Кыргызстандын Россиянын курамына өз ыктыяры менен кошулуусу жана анын
прогрессивдүү жактары (патриархалдык-феодалдык мамилелердин бузулушу жана
капиталисттик мамилелердин өнүгүүсү)»2.
Кыргызстандын түштүгүнүн Россияга кошулуусунун тарыхы негизинен К.У.Усенбаевдин
эмгектеринде чагылдырылган3.
Кыргызстандын өз ыктыяры менен Россияга кошулгандыгы тууралуу пикирди
биринчилерден болуп 90-жылдардын башында тарыхчы А.А.Арзыматов четке каккан. Ал
бул маселе боюнча: «Орус букаралагын кабыл алуу фактысынын прогрессивдүү жактарына
шек келтирбөө менен бирге биз орус букаралыгына өтүү авторлор жазгандай болгон
эместигин белгилеп кетишибиз керек… Жогоруда берилип жаткан «Кыргызстандын
Россиянын курамына өз ыктыяры менен кошулушу» терминин пайдалануунун ордуна
«Кыргызстан колониалдык доордо» деген түшүнүктү айтуу жана пайдалануу чындыкка
жакын болот» - деп өзүнүн пикирин билдирген4.
«Кыргызстандын Россиянын курамына өз ыктыяры менен кошулушу» термини жана
1863-жыл жана ал мезгилде болгон окуяларды аныктоо маселесинде Н.А.Аристовдун
пикирине жакын багытта изилдөө менен Т.Кененсариев өзүнүн эмгегинде мындай деп
белгилеген: «1863-жыл Түндүк кыргыздарынын орусия империясынын курамына өтүшүнүн
орчундуу мезгили болуп эсептелсе да, 60-80-жылдардагы Кыргыз тарыхнаамасында
үстөмдүк кылып келген «1863- жыл - кыргыз элинин Орусияга ыктыярдуу киришинин жылы
болгон деген жыйынтык тарыхый фактылар менен дал келе бербешин белгилемекчибиз»,
«Ыктыярдуулук» маселеси 90-жылдардын башында эле бир топ тарыхчылар тарабынан
четке кагылгандыгы маалым. Ал эми, 1863-жылдын тарыхый

1
Табышалиев С.Т. Важные века в истории Киргизского народа. К 125-летию вхождения в состав России //
Советская Киргизия. – 1988. 13-октябрь.
2
История Киргизской ССР. 4-изд. Фрунзе. 1986. –. 87 б.
3
Усенбаев К.У. К вопросу о присоединения Южной Киргизии к России. – Труды инс-та истории АН Кирг. ССР.
– Вып. 1. Фрунзе1955. – С. 39-63. Ошол эле автордун. Присоединения Южной Киргизии к России. – Фрунзе,
1960. – 190 б.
4
Бактыгулов Дж.С. , Момбекова Ж.К. История кыргызов и Кыргызстана с древнейших времен до наших дней.
Б.: Мектеп, 2001. –. 170-171 б.
36
маанисине токтолсок, бул мезгил орчундуу саясий окуялардын жылы болгону менен бүткүл
кыргыз элинин орус колониализминин каратылыш жылы боло албайт.
Биринчиден, Орусиянын кыргыз элин басып алуусу кеминде 20 жылга созулган узак
жараян.
Экинчиден, орус букаралыгына өтүү иши юридикалык (де-юре) таризде 1855-жылы
башталып, анын толук ишке ашышы (де-факто) 1863-жыл болгон эмес. Жогоруда 1863-
жылга чейин Орусия букаралыгын тааныган жерлерде деле али реалдуу колониялык
системанын орнотула электигин белгилеп өттүк.
Үчүнчүдөн, 1863-жылга чейин кыргыздардын көпчүлүк бөлүгү Орусияга каратыла элек
болчу. Нарын, Талас, Кетмен-Төбө, Чаткал өрөөндөрүндөгү бир катар кыргыздар, Фергана
өрөөнүндөгү, Каратегин, Мургаб чөлкөмдөрүндөгү кыргыздар орус бийлигин дээрлик
тааный элек эле1.
Кыргызстандын Орусиянын курамына өз ыктыяры менен кирүү маселесине
Т.Кененсариев төмөндөгүдөй жыйынтык берет: «Айрым кыргыз бийлеринин, манаптарынын
оруска жүз буруу саясатына байланышкан кай бир фактылардын негизинде Кыргызстандын
түндүк чөлкөмдөрүнүн Орусияга каратууну «ыктыярдуу биригүү» («добровольное
вхождение») ал түгүл, «тынчтык жол менен кошулуу» (мирное присоединение) деп саноо
тарых логикасына туура келбейт… Түндүк кыргыздары негизинен Орусия тарабынан
келишим, бүтүм, жана куралдуу басып алуу аркылуу каратылып алынган…».
… «Түштүк кыргыздарын каратуу жараянын тикеден-тик басып алуу деп атоо тарыхтын
логикасына туура келет»2.
Мына ушундай көз караштар 2001-жылы чыккан Дж.С.Бактыгулов жана
Ж.К.Момбекованын эмгегинде чагылдырылган. Ал жерде дагы 1863-жылы «Кыргызстандын
Россиянын курамына өз ыктыяры менен биригүүсү» аныктамасына күмөн саноо белгиленип,
Кыргызстандын Россиянын курамына кошулуусу 1855-жылы 17-январда биринчи жолу
кыргыз элинин тарыхында Ысык-Көл кыргыздарынын орус букаралыгын кабыл алышынан
кийин башталган. Бул процесс Кыргызстан падышалык Россиянын курамына толугу менен
карагандан кийин 1876-жылы февраль айында аяктаган. Ошондуктан, 1863-жылды
Кыргызстандын Россиянын кошулушун мамлекеттик акт катары кароо туура эмес3.
Негизинен Дж.С.Бактыгулов жана Ж.К.Момбекова жогорку маселелердин тегерегинде
совет мезгилиндеги окумуштуулардын көз караштары боюнча төмөндөгүдөй жыйынтык
чыгарышкан: «Эч бир эл башка бир мамлекетке эзилүү үчүн өз ыктыяры менен кошулбайт.

1
Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы. – Б.: «Кыргызстан», 1997. –.122 б.
2
Кененсариев Т. Көрсөтүлгөн эмгек. – 308.б.
3
Бактыгулов Дж.С. , Момбекова Ж.К. Көрсөтүлгөн эмгек. – 171 б.
37
Эгерде, кыргыз уруулары ар кандай мезгилде Россиянын букаралыгын кабыл алышса, буга
алардын обьективдүү жана субьективдүү мүнөздөгү маанилүү негизги себептери болгон»2.
Изилдөөнүн негизинде Кыргызстандын Россияга кошулуу маселесинин тарыхнаамесине
кеңири токтолуубуздун негизги максаты Н.Аристовдун изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын
жогорудагы көз караштарга салыштыруу менен, мүмкүн болушунча так жана даана
көрсөтүү. Себеби, анын көз карашы совет коомундагы тарыхчылардын пикирлерине туура
келбейт. Ошондой болсо дагы бүгүнкү күндө Кыргызстандагы соңку изилдөөлөрдө жана
алар боюнча корутундулар Н.Аристовдун көз карашына толугу менен туура келет.
Н.Аристов бул маселени биринчилерден болуп өзүнүн «Усундар жана кыргыздар же кара-
кыргыздар: батыш Тянь-Шандын калкынын тарыхы жана жашоо турмушунун тарыхы
боюнча очерктер, ошондой эле анын тарыхый географиясы боюнча изилдөөлөр» деген
эмгегинде изилдеген. Анын маалыматтары өз кезегинде Б.Д.Джамгерчинов, А.Х.Хасанов
тарабынан изилденип, академиялык басылмаларда, совет мезгилинде жарык көргөн
«Кыргызстандын тарыхында» жана башка илимий жыйнактарда чагылдырылган
маалыматтарга карама-каршы келет. Жогоруда айтылган дал келбөөчүлүктөргө токтоло
кетели.
Н.А.Аристов өз эмгектеринде: XIX кылымдын биринчи жарымында кыргыздардын
коомдук саясий турмушундагы эң негизги окуяларына кыргыздардын орус бийлиги менен
Россияга кошулууга аракет жасаган сүйлөшүүлөрүнө бугу жана сарыбагыш урууларынын
ортосундагы жайыт талашууларынан улам келип чыккандыгы көрүнүп турат. Кокондуктарга
жана кытайлыктарга канча жолу жардам сурап кайрылбасын, алардан эч кандай жардам
келбегенден кийин, Боромбай манап 1843-жылы Кызыл-Уңкүрдө чеп курдурган. Ал эми
1844-жылы уруулар ортосундагы ич ара күрөшкө кийлигишүүдөн баш тартышкан.
Кытайлыктарга жана кокондуктарга бир нече жолу кайрылуудан эч кандай натыйжа
чыкпаган соң ал куралдуу коргонууга ээ болуу үчүн орус букаралыгын алуу туралуу чечим
чыгарууга мажбур болгон. Мүмкүн, ал бул чечимди кабыл алууну мурда эле чечкендир.
Анткени, уруулар ортосундагы ич ара күрөштөн сырткары эле Ыссык-көл өрөөнүн жердеген
сарыбагыш урууларынын малга жарактуу жайыттары басып алуу иш аракетине себеп
болгон.…
Чындыгында, бугу уруулары ошол мезгилде жогорку Текесте, Каркырада, Кегенде, кээ
бир учурларда Нарындын сыртындагы жайыттардан, ошондой эле Ысыккөлдүн жээгиндеги
кеңири жана ыңгайлуу кыштоолордон, өрөөндөрдөгү эң түшүмдүү эгин талааларынан

2
Ошол эле жерде.
38
пайдаланышкан. Ал эми Ормон манап башында турган сарбагыштар көлдүн батыш
бөлүгүндөгү аймактарда кысылып жашоого мажбур болушкан1…
Н.Аристов эки уруунун ортосундагы ич ара күрөштүн кантип чыккандыгына кеңири
токтолгон. Кагылыш башталган мезгилде сарыбагыш уруусун дайыма ийгилик коштоп
турган. Ийгиликке маашырканган Ормон (Урман) бул кагылышууну жыйынтыктоо
максатында Боромбай манаптын үй-бүлөсүн жана алар жашаган айылды басып алуу чечимин
чыгарат. Бирок, Ормон капысынан бугулардын курчоосунда калып, алгач катуу жарадар
болуп, андан кийин курман болот. Ормондун улуу баласы Үмөтаалы бугу уруусунун
көптөгөн үйүр-үйүр жылкыларын, Боромбайдын үй-бүлө мүчөлөрүн жана аялдарын колго
түшүрүп атасынын кегин алган. Ысык-Көлдүн түндүк-чыгыш бөлүгүндө сарыбагыш жана
бугу урууларынын ортосундагы айыгышкан кан төгүүдө бугулар жеьилүүгө дуушар
болушат. Н.Аристов бул учурду төмөндөгүдөй белгилейт: «Кытай бийлиги тартуулаган
жогорку титулду түшүндүргөн кызыл бөрктүү, эч нерсеге жараксыз баш кийимди кийип
алган карыган Боромбай, кытайлыктардан аны коргоп калууга жардам сураган. Бирок, Ысык-
Көл аймагы менен бир нече жылдан бери өзүнүн карым-катнашын үзгөн кытайлыктар
аларды коргомок тургай, ал жөнүндө ойлонуп да коюшкан эмес. Абалдын мындай оорлошуп
кетүүсү Боромбайды орус бийлигин таанып жана анын орус букаралыгына өтүүсүнө түрткү
болгон. Ошондуктан, ал мындай оюн орус бийлигине билдирген»2.
Белгилүү болгондой эле, 1855-жылы бугу уруусу орус бийлигинин букаралыгын
тааныган. Ал эми 1856-жылы алардын бир нече жолу сураныч, кайрылууларынан кийин
полковник Хаментовский башында турган казак-орустар отряды Ысык-Көлгө кыргыздар
менен таанышуу максатында жөнөтүлгөн. Ошондой болсо дагы 1857-жылы жазында бугу
уруусу сарыбагыш уруусунан кайрадан жеьилүүгө дуушар болуп, анын натыйжасында кытай
чек арасына чейин сүрүлгөн. 1857-жылы жайында П.П.Семеновдун Теьиртоого жасаган
саякатын коштоп жүргөн куралдуу орус отрядынын келе жаткандыгынан кабардар болгон
сарыбагыштар Нарын тарапка жер которуп кетүүсү менен, бугулардын өздөрү мекендеген
жерлерине кайрадан келүүсүнө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.
1857-жылы июнь айында П.П.Семеновдун ортомчулугу астында тынчтык келишими
түзүлгөн. Бирок, мындай кийин деле уруулар ортосундагы кагылышуулар токтолгон эмес.
1859-жылы бугу жергесине келген капитан Голубев - «биз көлдөн узап кеткенден кийин бугу
уруусу сарыбагыштарга кол салып, элди кырып анын ичинде бир манапты дагы өлтүрүп
коюшкан»3 - деп белгилейт. А.Аристов бугу уруусунун кайсыл мезгилден баштап толук

1
Аристов Н.А. Усуни, кыргызы или кара-кыргызы…– 489 б.
2
Ошол эле жерде. – 450 б.
3
Аристов Н.А. Усуни, кыргызы или кара-кыргызы… – 496 б.
39
бойдон орус букаралыгына өткөндүгүн аныктоого аракет жасайт. Себеби, бул маселе боюнча
кээ бир окумуштуулар арасында ар кандай пикирлер кездешет. Б.Д.Джамгерчиновдун
билдирүүсүнө караганда: «1856-жыл менен 1864-жылдардын аралыгында мезгил бул –
жалпы эле Түндүк Кыргызстан аймагынын толугу менен кошулган мезгили»1. Ал эми сөз
бугу уруусу жөнүндө боло турган болсо, анда жогоруда көрсөтүлгөн жылдар төмөндөгү
көрсөтүлгөн мезгилге дал келбейт. Тактап айтканда, 1855-1857-жылдары факт жүзүндө бугу
уруусунун абалы аныкталбаган бойдон кала берген. 1857-жылдан кийин гана алар орус
мамлекетинин букарасы болуп эсептелине башташкан.
Н.Аристов бугу уруусунун кошулуу процессин ачып берүү менен бирге бугу уруусунун
аныкталбаган абалын кеңири көрсөтүп берүүгө аракеттенген: «1856-жылдан 1864-жылга
чейинки мезгилде бугу уруусунун букаралагынын абалы аныкталбаган же номиналдуу
бойдон калган»2. Андан кийин бул маселеге байланыштуу Н.Аристов өзүнүн мындай оюн
билдирет: «Чындыгында, аларды сарыбагыштардан коргоо үчүн Ысык-Көлгө жай
мезгилинде атайын бөлүктөр жиберилген. Бирок, алар кийинчерээк Верный шаарына
кайрадан кетишкенден кийин, бугулар өздөрү менен өздөрү болуп калышкан. Ошондой
болсо дагы сарыбагыштарды орустардын өч алуу коркунучу токтотуп турган». Айта кетчү
нерсе, бугу уруусунун бардык мүчөлөрү өзгөчө Боромбай өлгөндөн кийин орус букаралыгын
кабыл алышкан эмес - деп белгилейт Н.Аристов.
Н.Аристовдун билдирүүсүнө караганда: «орустарды, кокондуктарды кээ бир учурларда
кытайлыктарды колдогон бири-бирине каршы топтор түзүлгөн. Мындай аракеттерден улам
1860-жылы бугу уруусунун бир бөлүгү кокондуктар тарапка өтүп кетишкен. Бирок,
кокондуктар кетишкен соң алар кытай ээликтерине көчүп кетишкен».
1862-жылы жазында кытайлык Кулжа башкармалыгы орус жана кытай ээликтеринин
ортосунда эки мамлекет тарабынан атайын дайындалган комиссарлар чек ара аныкталганга
чейин эле Ысык-Көлдү ээлеп калуу максатын ишке ашыруу үчүн 1000 кишиден турган отряд
жиберген. 200 жоокерден турган орус отрядынын келүүсү менен кытайлыктар аймактан тез
арада чыгып кетүүгө шашылышкан. Бирок, алар өздөрү менен кошо кытайлыктар тарапка
өтүшкөн бугу уруусундагы Токсобе бийдин кол астындагы арык-токум, күчүк, ондон жана
серике уруктарын алып кетишкен3.
Түндүк кыргыздарынын бардыгы эле орус бийлигин тааныбагандыгын бир нече жолу
баса белгилөө менен бирге Н.Аристов сарыбагыш манабы Үмөтаалынын каршылык көрсөтүү

1
Джамгерчинов Б.Д. Важный этап в истории киргизского народа. – Фрунзе, 1957. – 65 б.
2
Ошол эле жерде. – 58 б.
3
Аристов Н.А. Усуни, кыргызы или кара-кыргызы…– 499 б.
40
аракеттерин мисал катарында келтирет. Белгилей кетчү нерсе, анын берген билдирүүсү
кийинки кыргыз окумуштууларынын маалыматтарына жана билдирүүлөрүнө туура келбейт.
Б.Д.Джамгерчинов орус аскердик отряддарынын кокон чептери Жумгал жана Куртканы
алуу мезгилин иликтөө менен мындай деп жазат: «Аталган чептерди жеңил эле алуунун
себеби, жергиликтүү кыргыз урууларынын колдоосу менен түшүндүрүлөт. Алар
кокондуктарга жардам беришпестен, Проценконун отряды тарабында өздөрүнүн куралдуу
топтору менен чептерди курчоодо жана аларды алууда жардам беришкен. Малчылардын
кеңири топторунун пикирин жакшы билген Сарыбагыш манабы Үмөтаалы кокондуктарга
жашыруун түрдө жан тартканы менен аларга жардам берүү үчүн өз башын тобокелге салбай,
Проценкого жардам берген»1.
Ал эми Н.Аристов болсо, буга түздөн-түз карама-каршы билдирүүнү берет: «Штабс
капитан Проценконун 1863-жылы Нарынга жасаган жүрүшүнүн мезгилинде сарыбагыш
манабы Үмөтаалы өзүнүн 2-3 миң кишиден турган мыкты жигиттери менен капысынан Сөң-
Көлгө жакын жерден Проценконун отрядына бара жаткан поручик Зубарев башында турган
30-40 сандагы төмөнкү чиндеги аскерлерден турган жүктүү арабалар тобуна кол салган.
«Кокондуктар тарабында аракеттенген кара кыргыздардын» бул кол салуусу Сөң-Көл менен
Нарындын ортосунда Ичке-Чат деген жерде болуп өткөн. Зубарев бир күн бою каршылык
көрсөттү…, бактыга жараша, капитан Проценко тарабынан өз учурунда жардам жетишип
калды… Жаңы отряддын тыл тараптан капысынан келүүсү менен уруштун күч алышы кара
кыргыздарды качууга мажбур кылды…, жазалоодон корккон Үмөтаалы Ысык-Көлдөгү
кыштоосун таштап, Нарындын ары жагындагы Атбашыга жер которгон. Ал жерден
чериктерди кысып, ал эми Нарындык бугуларды өзүнө караткан»2.
Н.Аристовдун бул билдирүүлөрүндөгү фактылар Н.А.Северцовдун эмгектеринде толугу
менен ырасталган.
Н.Северцовдун берген маалыматтарына караганда, Үмөтаалы өзүнүн үй-бүлөсүн жана
журтун сактап калууга аракет жасайт. Анын качуусуна Төрөгелдиге караштуу сарыбагыш
уруусунун башчылары орус отрядын, анын конушунун батыш жагынан басып өтүп, ашуусу
катаал Жамандаванга салып, андан ары Арпа өрөөнү аркылуу Чатыркөлгө чейин алып барып
жолдон адаштырган. Башкача айтканда, алар Үмөтаалыга качып кетүүгө шарт түзүп
беришкен. Ошол эле маалыматтарга караганда, андан кийин Үмөтаалы бул окуядан кийин
Кашкар букаралыгына өтүүгө аракет жасаган. Бирок, Кашкардын башкаруучусу эгерде колго
түшүп, дарга асылууну каалабаса, тез арада анын ээликтеринен чыгып кетүүсүн буйруган...
Ушундай катаал жооптун келишинин, албетте, өзүнүн жүйөлүү себептери болгон: «Себеби

1
Джамгерчинов Б.Дж. Важный этап в истории киргизского народа. – Фрунзе. 1957. – 62 б.
2
Аристов Н.А. Усуни, кыргызы или кара-кыргызы… – 505 б.
41
кара-кыргыздарга келген кашкар кербендери жибек жана чапандарды малга айырбашташып
кетишчү. Бул байлыктарга көз арткан Үмөтаалы өзүнүн айылына келген тааныш
кербендерди гана салыксыз өткөрүп, ал эми башка жакка өтүүчү кербендерди (сарыбагыш
уруусунан башка) жолдон атайын тосуп, айосуз тоноп турган…
Жалпылап айтканда, Северцов Үмөтаалынын жүргүзгөн саясатын белгилеп, өтө
кызыктуу жыйынтык чыгарат: «Эгерде Үмөтаалынын башка кыргыз урууларына жасаган
мамилесин карай турган болсок, ал бардыгы менен орус букарасы эсептелинген бугулар,
кашкардык чериктер, ошондой эле кокондук саяктар менен жоолашып турган».
Үмөтаалынын саясий багыты боюнча А.Хасанов өзүнүн макаласында биздин көз
карашыбызда бул маселеге бир жактуу кайрылат. Анын пикири боюнча «Үмөтаалыны Кокон
бийлигин колдогон. Ошондой эле Россиянын букаралыгына өтүүгө каршы күрөшкөн. Керек
болсо орус аскерлери кокондуктардын Куртка чебин алгандан кийин деле Үмөтаалы
Россияга каршы күрөш жүргүзүп турган. Ал гана эмес (черик, саяк уруулары) орус
букаралыгын кабыл алгандан кийин деле Үмөтаалы Теңиртоо кыргыздарынын орус
букаралыгын кабыл алуусуна каршы күрөшүн уланта берген»1.
1956-жылы басмадан чыккан «Кыргызстан тарыхында» да ушундай ой чагылдырылган.
Ал эмгекте төмөндөгүдөй баяндама берилет: «Андан мурдараак Үмөтаалы орус бийлигин
үстүртөдөн гана тааныган болсо, эми ачык эле Кокондуктар тарапка өтүп кетти». 1863-жылы
күтүлбөгөн жерден ал Проценконун азык-түлүк коштоп бара жаткан 30-40 жоокерден турган
анча чоң эмес отрядына кол салган. Падышачылыктын отряддарынын жүрүшүн
татаалдаштыруу максатында ал Нарын дарыясындагы көпүрөнү буздурган…2.
Н.А.Аристов бул маселеде Северцовдун көз карашына кошулуу менен бирге Үмөтаалы
Оруссиянын, Кокондун ошондой эле Кашкардын да бийликтерин колдогон эмес – деп
билдирген. Анын билдирүүлөрү боюнча Үмөтаалы «Кокондуктардын андан зекет талап
кылгандыгына байланыштуу, ал алардын Курткага бара жаткан унааларын бир нече жолу
тоноп алган»3. Ошондуктан, А.Хасановдун пикирине ылайык Үмөтаалынын саясатын
кокондуктардын бийлигин колдоого багыттаган деп айтууга болбойт. Андан сырткары ал
кандайдыр бир деңгээлде өзүнүн көз карандысыздыгын сактап, Теңиртоо кыргыздарынын
үстүнөн болгон бийлигин чыңдоого аракет жасагандыгын белгилеп кетүүбүз керек.
Н.Аристовдун жогорудагыдай жыйынтыгы менен Т.Кененсариевдин монографиясындагы
келтирилген тыянактар дал келген. Ал дагы Үмөтаалынын орус же кокондуктардын
бийлигин тааныган эмес деп эсептеп, төмөндөгүдөй пикирди айткан: «Капитан Проценконун

1
Хасанов А.Х. К вопросу о характере национальных движений в Киргизии в 50-60 годах XIX в. // Ученые
записки ист. фак-та КГУ. Вып. 3. – Фрунзе, 1954. – 194 б.
2
История Киргизии. Т.1. – Фрунзе, 1956. – 194 б.
3
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 50 б.
42
1863-жылы жүрүшүнөн кийин деле Үмөтаалы сөз жүзүндө орус бийлигине ыктап калганы
менен иш жүзүндө өз алдынча бийлик ээси болууну каалап турган»1.
Үмөтаалынын андан кийинки тагдыры жөнүндө дагы карама-каршы маалыматтар
кездешет. Тактап айтканда, 1956-жылы жарыкка чыккан «Кыргызстан тарыхынын» биринчи
бөлүгүндө төмөндөгүдөй билдирүү жазылган: «Түндүк Кыргызстандын бардык уруулары
орус букаралыгын кабыл алышкандан кийин Үмөтаалы Андижанга жер которгон. Ал жактан
өзүнө баш ийген уруулары менен бирдикте 1867-жылы кайрылып келип, Пржевальск
уездине отурукташкан»2.
Бул окуялар тууралуу Н.Северцов башка маалыматтарды берет: «Үмөтаалы Каракужур
аркылуу кичи Нарынга, андан кийин чоң Нарынга өтүп, өзүнүн ата конушуна жакыныраак
жерге отурукташкан. Үмөтаалы бул жердеги черик урууларын андан ары сүрүп салган.
Атбашы өрөөнүндө жортуулдарга чыгуу үчүн Каракужурдагыдан кем эмес бекем конуш
негиздеген. Ал аймакта анын дыйканчылык үчүн иштетүү жерлери жана кыштоолору орун
алган. Жайында сыртка чыгуу менен кара-кыргыздар менен соодалашууга Кашкардан келген
соода кербендерин тоногон. Үмөтаалы бардык коңшу уруулар менен – саяктар менен да,
бугулар менен да касташып турган. Ал 1868-жылга карата өзүнүн карамагындагы 8 миңден
ашуун боз үйдөн турган журту менен Каракужур менен Нарындын чокуларынан Чатыр-Көл,
Арпага чейин, андан ары жогорку Нарын, Атбашыга чейин көчүп жүргөн»3.
Жогорудагы келтирилген маалыматтарга караганда, Северцов менен Аристовдун
билдирүүлөрү негизинен бири-бирине дал келет. Ал эми «Кыргызстандын тарыхында» бул
маалыматтар анчалык деле так чагылдырылган эмес.
Н.Аристов Үмөтаалыны атасы Ормонго салыштыруу менен мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүнө,
сырткы келбетине так сүрөттөмө берген. Н.Аристов бул боюнча төмөндөгүдөй маалымат
берген: «Үмөтаалы атасындай белгилүү баатыр болгон эмес, ал эми жортуулдарда негизинен
амалкөйлүүлүк менен жеңишке жетишкен… Бир сөз менен айтканда, Ормон орто Тянь-
Шандагы Ахилл катарында болсо, ал эми анын уулу Умбет-али амалкөй Одиссей сыяктуу
болгон. Бирок, эскерте кетчү нерсе, кыргыздын бул Одиссейинин жортуулдарын дайым
ийгилик коштогон. Ал эми аларга кол салган бугулар, саяктар жана башкалардыкы
ийгиликсиз аяктаган. Ал душманга капысынан кол салган, ал эми аны менен мындай
кокустук болгон эмес»4.

1
Кененсариев Т. Кыргызстандын орусияга каратылышы. – Б., 1997. – 143 б.
2
История Киргизии. Т.1. 1956. – 270 б.
3
Северцов Н.А. Путешествие по Туркестанскому краю. – М., 1947. – 177.
4
История Киргизии. Т.1. – 270 б.
43
Үмөтаалынын соьку тагдыры жөнүндө башка окуу китептеринде жана монографиялык
изилдөөлөрдө эскерилбейт. Ал Андижандан кайтып келгенден кийин «кыргыздардын саясий
турмушунда эч кандай таасирдүү роль ойногон эмес»1 – деп эскерилет.
Бул келтирилген маалыматтарда дагы Үмөтаалынын орус букаралыгын кабыл алган же
албагандыгы жөнүндөгү маселе ачык бойдон калат. Ал эми Н.Аристов өзүнүн
изилдөөлөрүндө бул суроого так, даана жооп берген. Ал мындай деп жазат: «Үмөтаалынын
бирден-бир гана жолу өз ыктыяры менен кайрылуу жана орустарга өтүү калган». Ушундай
шарттарда ал өзүнүн уруусун жыйынга чакырып, болуп жаткан иштерди жана учурдагы
абалды жарыялап, баш ийүү жөнүндөгү чечимин билдирип, кайрылуу жасаган… Ал өзүнүн
уулу Акташты Верныйга жөнөтөт. Ал эми Н.Северцовго болсо өзүнүн экинчи уулун
жиберет. Н.Северцовдун талабына ылайык Үмөтаалы Оттук дарыясынын боюна аны менен
жолугушууга келген2.
Ошону менен аргасыздан Үмөтаалы өзүнүн айылдарынын талкаланышын алдын ала көрө
билүү менен гана баш ийгендигин Н.Аристов бир нече жолу баса белгилеп кеткен.
Н.Аристовдун жогорудагы маалыматтары кийинчерээк Т.Кененсариевдин
изилдөөлөрүндө келтирилген фактылар толугу менен дал келет. Ошол мезгилде
Үмөтаалынын жайлоосуна жакын жерлерде Н.А.Северцов изилдөөлөрүн жүргүзгөндүгүн
билдирген. Абалдын өтө курчуп кетишинен кантип чыгуунун абалын издеген Үмөтаалы саяк
уруусунун манабы Осмонаалы Тайлак уулу менен кеьешип, орус букаралыгына өтүүнү
чечкен. «Элчиликке Үмөтаалынын уулу Чалмакташ жигити Байбогул баш болуп 4 киши
келет. Н.Северцов Үмөтаалынын өзү менен жолугушууну талап кылган. Окумуштуу менен
манаптын жолугушуусу Оттук суусунун жээгинде өттү…Үмөтаалы эми орус букаралыгына
биротоло өтүү жөнүндөгү пикирин, 1863-жылы Зубаревдин отрядына кол салганда кетирген
зыяндарын төлөп берүүгө жана мурунку жайыттарына көчүп барууга даяр экендигин
билдирди. Мындан кийин Н.Северцов Үмөтаалыга мөөр басылган ак кагаз берип (кагазга
генерал-губернатор коюучу милдеттенмелер жазылмак), Верныйдан Токмок аркылуу
Ташкентке кетип бара жаткан К.П.Кауфманга Үмөтаалыга караштуу 5 миь үйлүү
сарыбагыш, саяк, бугулардын баарын орус букаралыгына өткөндүгү жөнүндө расмий кабар
жиберди….3 Үмөтаалынын орус амирлигине экинчи жолу моюн сунушунан кийин, Тянь-
Шань чөлкөмдөрүндө орус букаралыгына ыктап кылбаган чоь уруу калбады деген
жыйынтык чыгарууга эрте эле. Орус кызыкчылыгын коргоого даяр бир да чыьдоо
болбогондуктан, тышкы коркунучтардан, мисалы, Жакыпбектин же Кокондун таасири

1
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 507 б.
2
Ошол эле жерде
3
Кенесариев Т. Көрсөтүлгөн н эмгек. – 144-145 б.
44
тяньшандыктарды керектүү учурда олку-солкулукка, ал турсун, орустарга каршы актыларга
алып барышы толук ыктымал болуучу».
Баса белгилей кетүүчү нерсе, Н.Аристов түндүк кыргыздарынын ошондой эле түштүк
кыргыздарынын Россия букаралыгына өтүү жараянын баяндоодо, окумуштуу бир нече жолу
«баш ийүү» деген терминин колдонгон. Ошону менен бирге эле айрым бир учурларда кээ
бир уруулардын орус бийлигине аларды өз курамына кошуп алуу жөнүндөгү кайрылуулары
болгон. Мисалы, бугу уруусунун өкүлдөрү өздөрү кайрылышкан. Башка айла жоктугуна
байланыштуу, элди сактап калуу үчүн гана кошуп алуу өтүнүчү менен уруу жетекчилери
кайрылууга мажбур болушкандыгын баса белгилөө менен, Н.Аристов факт жүзүндө алар
Россиянын курамына өз ыктыяры менен кошулган деген ойду эсептебей тургандыгын
билдирген.
Ал эми бул термин каралып жаткан мезгилде Түштүк Кыргызстанда болуп жаткан
окуяларга таптакыр тиешеси жок. Ушуга байланыштуу Н.Аристов мындай деп жазган:
«Ферганадагы кара-кыргыздарды орус бийлиги тарабынан каратуу бардык окуялардан кийин
жүргүзүлгөн… Кыргыздарды толугу менен баш ийдирүүнүн жыйынтыгы генерал
Скоблевдин Алайга жасаган экспедициясынан кийин аяктаган…27-июлда кээ бир уруу
жетекчилери Абдулла-бектин иниси Хасан-бек менен бирдикте баш ийип келишкен. Ал эми
29-июлда Алымкул аталык тарабынан өлүм жазасына тартылган Алымбек датканын жесири,
Абдулла-бектин энеси Курманжан датка кармалган. 31-июлда Абдулла-бектин «шайкасы»
(күрөшкөн жигиттеринин тобу) качып кетишкен, ал эми аймактагы кара-кыргыздардын
бийлери, уруу башчылары Скоблевке келишти. 1876-жылы 8-сентябрда князь Виттенштейн
Сохтун ары жагындагы Айналма тоосунда Абдулла-бектин калган жигиттерин талкалады.
Ал эми Абдулла-бек өзү болсо Кашкарды көздөй качып кутулуп кетти»1.
Жогоруда келтирилген кыскача маалыматтар далилдеп тургандай орус бийлик төбөлдөрү
иш жүзүндө түштүк кыргыздарын согуштук аракеттердин натыйжасында, мажбурлоо менен
гана баш ийдиргендиги көрүнүп турат. Жогоруда көрсөтүлгөндөй, бул жерде эч кандай
күмөн саноого шек жок. Андан кийин Аристов кыргыздардын Россия букаралыгына
өткөндөн кийинки турмушундагы өзгөрүүлөргө токтолот. Бул жерден анча маанилүү
болбогон фактыны белгилей кетүү абзел: бул маселени кароодо Н.Аристовдун мамлекеттик
кызматкер катары көз караштары даана чагылдырылган. Анын ишмердүүлүгүнүн негизги
максаты болуп Россия империясынын кызыкчылыгын коргоо эсептелинген. Мисалга ала
турган болсок, 1865-жылдагы өткөрүлгөн жергиликтүү элди башкаруу өкүлдөрүн шайлоодо
мурастык принципти киргизүү боюнча жобону талдоодо падышачылык өкмөткө

1
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 509, 511 б.
45
жергиликтүү элди башкарууда таяныч жана тирек болуучу, таасирдүү өкүлдөрдү өзүнө
тартууга аракет жасагандыгынан көрүнүп турат.
Н.Аристов Кыргызстандын аймагынын Россияга биригүүсүнөн кийинки
административдик-аймактык өзгөрүүсүн тактап айтканда, волосторго, уездерге, айылдарга
бөлүнүшү, ошондой эле волостук жана айылдык башкаруучуларды шайлоо түрүндө
өткөрүүнү башкаруунун мурдагы формасына салыштырмалуу алдыга кадам шилтөө катары
эсептеген. Ошону менен бирге эле ал шайлоодо, албетте, калктын колунда бар тар чөйрөсү
таасирдүү ролду ойногондугун белгилеп өткөн. Ушул эле учурда шайлоолордо «кара
сөөктөрдүн» (карапайым элдерден чыккан) катышпагандыгы, ошондой эле «колунда барлар
акчанын жана уруулук топтордун күчү менен бийликке келгендигин» баса көрсөткөн. Алар
бийликке келүү менен кетирген чыгымдарын кандай жол менен болсо дагы кайтарып алууну
ойлошот. Мындай кызматтын даамын татып, пайдалуу жолун таап алгандар өздөрүнүн
кызыкчылыктарына жетүү үчүн акырындык менен жаңы жолдорду издей башташат,
кичинекей чинге ээ болуу менен өз кол алдындагылардын үстүнөн чоң чыга башташты1 - деп
Н.Аристов моюнга алган.
Уруулук түзүлүштүн бузулуп, жаңы аймактык бөлүнүштүн киргизилишин Н.Аристов
төмөндөгү өзгөчөлүктөр менен актоого аракеттенген: «өз алдынча ири уруулардын өкүм
сүрүүсүнүн өзүнчө саясий себеби - тышкы душмандардан коргонуу зарылдыгы өзүнүн
маанисин жоготуп, эми Оруссиянын курамына кирүү менен саясий жактан мындай
зарылчылыктын кереги жок болуп калды. Дуулат, албдан, бугу жана башка ири урууларды
бийликти сүйгөн султан же уруу жетекчиси башкарса, өзгөчө алар чек арада жайгашкан
болсо Оруссия империясына чоң коркунучту туудураарына шек жок экендиги баарыбызга
маалым»2- деп билдирген Н.Аристов.
Жергиликтүү элдерди бекем кармап туруу, ошондой эле аларды Россияга бекем
байлоонун дагы бир негизги жолу болуп аймакта жер иштетүүчүлүк колонияларды
уюштуруу жана орус дыйкандарын чектелүү убакытка болсо дагы аскердик кызматтан жана
салыктардан бошотуу жолу менен көчүрүп келүү эсептелинген. Бирок, отурукташкан калкты
көбөйтүү жергиликтүү көчмөн элдердин кызыкчылыгына карама-каршы келет. Анткени,
аларга кеңири жайыттар керек деп эскертүү жасаган Н.Аристов. Ошону менен бирге эле ал
мындай деп баса белгилеп: «Ушундай эле абал дайыма эки уруунун ортосундагы
кагылышууларга алып келип турган, эми абалдын мындай жол менен өзгөрүүсү жаңжалдын
бир бүтүндүк болуусуна шарт түзөт. Эгерде, бул кызыкчылыктарга динге баш
ийүүчүлүктөгү ар түрдүүлүктү кошсок, алар өз динине өтө катуу берилгендигин эске алсак,

1
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 510 б.
2
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 520 б.
46
алардын ак ниеттүүлүк менен баш ийебиз дегенине карабай кыргыздардан берилгендикти
күтпөй эле коюу керек. Биз күчтүү мезгилде кыргыздар баш ийишет, бирок, биздин
таасирдүүлүк бир аз эле начарласа алар бизге каршы болуудан баш тартышпайт»1 -
Н.Аристов пикирин жыйынтыктайт.
Жогорудагы саптардагы берилген пикирлерде кыргыздардын орус бийлигин өздөрүнүн
каалоолору менен эмес кабыл алгандыгы жана аны тааныгандыгы ачык жана даана көрүнүп
турат. Мындай кадамга барууга аларды обьективдүү шарттар мажбурлаган. Бирок, эске ала
кете турган нерсе кыргыздар кубаттуу орус курал-жарагынын алдында алсыз болуп
калышкан. Россиялык бийлик бир аз бошоңдой баштаганда эле кыргыздар сөзсүз түрдө
бошонууга аракет жасай башташкан. Мына ушундай ойду кыргыздардын жашоо-турмушун,
Россияга каратылуу шарттарынын тарыхын изилдеген, алардын эркиндикти сүйгөндүгүн
баса белгилеген орус империясынын мамлекеттик кызматкери жана окумуштуусу катары
Н.Аристов эскертип кеткен.
Ошондуктан, славян улутундагы элдерди Орто Азияга, анын ичинде Кыргызстанга
көчүрүү саясатын ишке ашыруу жана аймакты падышачылык өкмөт тарабынан
колонизациялоо бул жерде Россиянын абалын бекемдөөдөгү эң маанилүү фактор болуп
калуусу мүмкүн. Бул процесс XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башындагы
Кыргызстандын тарыхындагы эң орчундуу фактор болуп эсептелинген. Бул процесстин
өзгөчөлүгүн изилдеген кээ бир окумуштуулар анын тарыхын эки мезгилге бөлүшөт. Биринчи
мезгили XX кылымдын 60-80-жылдарын өзүнүн ичине камтып орус-казактарынын
колонизациялоо мезгили катарында каралат. Экинчи мезгил XIX кылымдын аягы – XX
кылымдын башына чейинки мезгилди камтыйт. Бул мезгил негизинен дыйкандардын жер
которуп келген мезгили. «Кыргызстандын тарыхындагы»2 маалыматтарга, ошондой эле
окумуштуу К.Забировдун бул маселе боюнча макаласындагы билидирүүлөрүнө караганда3
биринчи кезекте орус-казактарынын келүүсүнүн негизги себеби орустарга жаңыдан
каратылган аймакта өзүнүн таасирин бекемдөө зарылчылыгы турган. Ошондуктан,
падышачылык өкмөт өзүнө таяныч түзүүдө алгач казак-орустук аскердик күчтөрүн көчүрүп
келген. Россияга каратылып жаткан мезгилде негизинен бул аймактарда согуштук-саясий
кызыкчылыктар гана көздөлгөн. Экинчи мезгилде гана дыйкандар көчүп келе башташкан.
Н.Аристовдун билдирүүлөрүнө караганда: Батыш Сибирдин генерал-губернатору
Дюгамель кыргыздардын үстүнөн болгон бийликти бекемдөө максатында «атайын чара
катарында орус-казактардын конуштарын негиздөөгө уруксат берүү өтүнүчү менен
кайрылган». Бирок, Дюгамелдин сунушу четке кагылган. «Себеби Ысык-Көлгө жана

1
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 524 б.
2
История Киргизии. Т.1. – 293 б.
3
Ученые записки ист. ф-та., вып. 6. Фрунзе. 1958. – 139 б.
47
Туркестан генерал-губернаторлугунун курамына кирген башка аймактарга генерал фон
Кауфмандын билдирүүсүнө караганда казак-орустарды көчүрүп келүүгө падышачылыктын
казнасынан көптөгөн чыгымдар талап кылынмак». Ошондой эле «казак-орустардын мурда
конуштарын түзүү тажрыйбасына караганда…, сибирь казактарын өрөөндү
колонизациялоодо пайдалануу ишенимсиз экендигин көрсөткөн»1.
Мына ушуга байланыштуу Туркестандын генерал-губернатору дыйкандык
колонизациялоо багытына ыктап, 1869-жылы генерал Колпаковский тарабынан сунушталган
аймакта дыйкандардын кыштактарын уюштуруу жолдомосуна уруксат берген. Н.Аристов
тарабынан бул маселе боюнча келтирилген фактылары Туркестан крайында көчүрүү
кыймылынын тарыхы жогоруда келтирилген эки мезгилден туруусу күмөн саноону
туудурат. Н.Аристовдун билдирүүсү боюнча, падышачылык Россия 60-80-жылдары казак-
орустарды көчүрүп келүү маселесине өзгөчө деле маани берген эмес. Н.Аристов андан-ары
Кыргызстандын аймагында отурукташкан кыштактардын түзүлүшү боюнча кызыктуу
маалыматтарды келтирет. Баса белгилеп айта кетүүчү нерсе, совет мезгилиндеги ошондой
эле кийинки мезгилдеги жарыкка чыккан басылмалардагы билдирүү менен анын
маалыматтарынын ортосунда бир топ айырмачылыктар кездешет.
Андан соң Н.Аристов Кыргызстандын аймагында отурукташкан кыштактардын түзүлүүсү
жөнүндө өтө кызыктуу маалыматтарды берген. Бирок, анын бул маселе боюнча
маалыматтары кийин жарык көргөн совет мезгилиндеги фактылардан түп-тамырынан бери
айырмалана тургандыгын белгилеп кетүүбүз керек.
Биринчиден, алгачкы көчүрүлүп келгендер казак-орустар эмес дыйкандар экендигин дагы
бир жолу белгилөө менен ал төмөнкү пикирди билдирет: «Кара-кыргыздардын жеринде
негизделген орустардын алгачкы конуш жайы болуп 1864-жылы Ысык-Көлдөн жыйырма
чакырым жердеги Аксуу чеби эсептелинет. Ал жерде 1868-жылы дыйкандардын 14 үй-
бүлөсү жайгаштырылган». Ал эми «Кыргызстандын тарыхында» отурукташкан кыштактар
1868-жылы негизделген деген маалыматтар берилет: Ал боюнча «1868-жылы алгачкы жер
которуучулар келишкен, ошол эле жылы жогоруда белгиленген эки уездин аймагында
Беловодск, Лебединовка жана башкалар негизделген»2 - деген маалыматтар берилет.
Ушундай эле пикир Д.С.Бактыгулов менен Ж.К.Момбекованын эмгегинде да берилген.
Алардын пикири боюнча да дыйкандардын Жети-Сууга көчүп келүүсү 1868-жылы
башталган: «1868-1873-жылдарда эки жарым миң үй-бүлөнү камтыган 36 орус-украин

1
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 524 б.
2
История Киргизии. Т.1. – 294 б.
48
кыштактары бул жерде негизделген»1. Ошентип, Аристов тарабынан берилген маалыматтар
бул маселе боюнча билдирүүлөрдү түп-тамырынан бери өзгөртөт.
Негизинен кыргыздардын каралып жаткан мезгилде кайсыл жерде жашагандыгы жана
алардын саны канча экендиги тууралуу маалыматтарды түзүүдө ар кандай булактарды
изилдеп, өзүнүн изилдөөлөрүн жүргүзүүсүн эске алуу менен, анын негизинде талдоо
жүргүзүүдө Н.Аристовдун эмгеги баа жеткис экендигин белгилеп кетүүбүз керек. Ал көп
жылдар бою чыгарылган «Жети-Суу областы боюнча атайын жыйнактарды», «Сыр-Дарыя
областынын статистикасы үчүн материалдар жыйнагын», Л.Р.Костенконун, Макшееванын,
капитан Васильев, Форсайттардын, генерал-губернатор барон Вревскийдин жана
башкалардын маалыматтарын изилдеген. Алардын маалыматтарын бири-бирине
салыштыруу менен, кыргыздардын XIX кылымдын аягындагы аймактык жайгашуусу жана
алардын саны боюнча төмөндөгүдөй тыянак чыгарган2:

№ Областардын аталышы: Боз үйлөрдүн саны: Калктын саны:


1 Жети-Суу областынын Пржевальск
40705 132218
жана Пишпек уездерих
2 Сыр-Дарыя областынын Олуя-Ата
9560 47800
уезди
3 Фергана областых 20200 110000
4 Самаркан областынын Ходжент
1874 7500
уезди
5 Бухара ээликтеринде 3000 10000
6 Кытайда 2500 10000
Жалпысынан: 75439 311551

Бирок, Н.Аристов өзүнүн берген маалыматында кыргыздардын так саны 300 миңдей
болуу керек деп божомолдойт. Анткени, жогоруда белгиленгендегидей, Фергана
областындагы кыргыздарга көчмөн өзбектердин кирип калуусуна байланыштуу алардын
саны көбүрөөк болуп калуусу мүмкүн, ал эми Жети-Суу областындагы кыргыздардын саны
белгиленгендегиден төмөн да болуп калуусу ыктымал. Ошондуктан, жогоруда
көрсөтүлгөндөгүдөй атайын белги коюлган.
Бул маселе боюнча Н.Аристов көптөгөн окумуштуулардын пикирин баяндоо менен,
алардын билдирүүлөрүн бири-бирине салыштырып, анын негизинде талдоо жүргүзгөн.

1
Бактыгулов Д.С., Момбекова Ж.К. Көрсөтүлгөн эмгек. – 193 б.
2
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 532 б.
49
Ушундай тарых илими үчүн анчалык деле маанилүү эмес маселени изилдөөдө (белгиленген
бир аймактагы жашаган калктын санын тактоо жөнүндө сөз болуп жатат) жана далилдөө
аракетинен анын ар бир маселени изилдөөгө өтө ынтызардык менен мамиле жасагандыгы
көрүнүп турат.
Кыргызстандын Россияга каратылуусунун прогрессивдүү жактары катары кыргыз
урууларынын ортосундагы ич ара күрөштүн токтотулуусу, тышкы душмандардан коргонуу
маселесинин чечилиши, уруулук-патриархалдык мамилелердин бузулуусу менен
капиталисттик мамилелердин өнүгүүсү, ага ылайык маданияттагы, саламаттыкты сактоо, эл
агартуу тармактарындагы жылыштар, отурукташтыруу маселесинин чечилиши ж.б.
белгилеп кетүүгө болот.
Н.А.Аристовдун Кыргызстанда отурукташкан калктын санын Россия империясынын
борбордук бөлүгүнөн көчүрүлүп келгендердин эсебинен көбөйтүү жергиликтүү көчмөн
элдердин кызыкчылыгына карама-каршы келет деген сунуштары анын Россиянын
мамлекеттик аппаратында кызмат өтөгөн чиновник экендигин айгинелейт. Ошондуктан,
анын дээрлик бардык тыянактары, берген сунуштары Россия империясынын
кызыкчылыктарын чагылдырган. Өзгөчө изилдөөнүн ушул бөлүгүндөгү маселени ачууда бул
даана көрүнгөн. Анткени, Кыргызстанды Россияга каратуу маселесинде Оруссия
падышачылыгынын улуттук чет жакалардагы саясатынын негизги багыттары жана
кызыкчылыктары кеңири чагылдырылган.
Жыйынтыктап айтканда, Н.Аристовдун Кыргызстандын Россияга каратылуусу жана
андан кийинки мезгилдеги аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча жогоруда
берилген илимий көз карашын талдоо менен анын жыйынтыктарын кээ бир маселелерди
толуктоодо жана каралып жаткан маселе боюнча келечекте изилдөөлөрдү жүргүзүүдө
мүмкүнчүлүк берет деп ойлойбуз.
50
II БАП. КЫРГЫЗДАРДЫН ЭТНИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ ЖОЛУ – Н.АРИСТОВДУН
ЭМГЕКТЕРИНДЕ ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ
§ 2.1. Н.А.Аристовдун эмгектеринде кыргыздардын этногенези жөнүндөгү
маселелердин изилдениши. Усундар
Кыргыздардын этногенези бүгүнкү күндөгү өтө татаал жана талаш-тартышты туудурган
маселелердин бири. Бул маселе боюнча окумуштуулар дагы эле бир тыянакка келише элек.
Аталган маселенин үстүндө революцияга чейинки, совет доорундагы жана кийинки
мезгилдеги бир топ белгилүү окумуштулар эмгектенишкен. Алардын катарына
Н.Я.Бичуринди, А.И.Левшинди, Ч.Валихановду, В.Бартольдду, А.Н.Бернштамды,
К.И.Петровду, С.М.Абрамзонду, О.К.Караев, А.Байтур, Э.Ж.Маанаев жана башка белгилүү
окумуштууларды киргизүүгө болот1.
Бирок, кыргыздардын этникалык тарыхы жана этногенези маселеси боюнча бир катар
талаш-тартыштуу ошондой эле белгилүү деңгээлде изилденбеген маселелер азыркы күнгө
чейин дагы эле өкүм сүрүп келет. Дүйнө жүзүндө бир да эл өз алдынча, башкалардан
обочолонуу менен өнүгө албайт. Ал этникалык компоненттердин үзгүлтүксүз өзгөрүү
шартында кандайдыр бир полиэтникалык чөйрөдө калыптанаары белгилүү. Белгилеп
кетүүчү маселе биз жогоруда белгиленген өтө татаал маселелерди изилдөөдө ошол
процесстин тигил же бул тарабын кандайдыр бир деңгээлде чагылдыруучу тарыхый
булактардын бар болуусу изилдөөгө өзүнүн таасирин тийгизет.
Кыргыз элинин калк катары калыптануу процесси, географиялык алкагы, анын этникалык
тарыхы байыркы жана орто кылымдарда Саян-Алтай, Чыгыш Туркестан ошондой эле
Теңиртоодогу калктардын этникалык процесстер менен үзгүлтүксүз байланышта болгон.
Ушундай эле процесстер бир эле учурда Борбордук Азиянын бир тууган түрк тилдүү

1
Бичурин Н.Я.(о. Иакинф) Описание Чжунгарии и Восточного Туркестана в древнем и нынешнем состоянии. –
Ч.1. – СПб., 1829; он же Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М. - Л.
Т.1, 1950, Т.2. 1953; Левшин А.И. Описание киргиз-казачьих, или киргиз–кайсацких орд и степей. – Ч.1. СПб.,
1832; Валиханов Ч.Ч. Собрание сочинений в 5-ти томах. - Алма-Ата, 1961-1968; 1985-1986; Бартольд В.В.
Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. В 2 кн. – Бишкек, 1998; Бернштам А.Н. Избранные
труды по истории кыргызов и Кыргызстана. кн. I-II.– Бишкек, 1997, 1998; Джамгерчинов Б.Д. Из генеалогии
кыргызов // В кн. Белек С.Е.Малову. – Фрунзе, 1946; Абрамзон С.М. Этнический состав кыргызского населения
Северной Киргизии.// Труды Кыргызской ахеолого. - этнограф. экспедиции. Т.4. –М., 1960. он же: киргизы и их
этногенетические и историко-культурные связи. - Л., 1971 (2-е изд. - Бишкек, 1990); Петров К.И. Киргизско-
кипчакские отношения (к вопросу об этногенеза и переселения киргизов) // Изв. АН Кирг. ССР. Сер. Общ.
науки. –1961.-1961.-Т. III. Вып. 2. – Фрунзе, 1961. он же: К истории движения киргизов на Тянь-Шань и их
взаимоотношения с ойротами в XIII-XV вв. - Фрунзе, 1961: он же: Очерк происхождения киргизского народа.
– Фрунзе, 1963; Караев О.К. К вопросу о продвижении кыргызов на Тянь-Шань и ассимиляция ими местных
племен XIII-XV вв.// Сов. Этнография. - 1966. №4; он же: Кыргыз элинин түзүлүшү // Кыргызы:
этногенетические и этнокультурные процессы в древности и средневековье в Центральной Азии. – Б., 1996;
Байтур А. Кыргыз тарыхынын лекциялары. – Б. 1992; Маанаев Э.Ж. Каратаев О.К. Кыргыз элинин этникалык
өнүгүүсү. – Б.: 2003.
51
элдеринде дагы жүргөн. Ал эми түрк тилинде сүйлөгөн элдердин ичинен эң эле байыркысы
катары «кыргыз» этноними эсептелинет.
Н.Аристовдун билдирүүсүнө караганда: «Кыргыздар жана алардын орун алган аймагы
жөнүндөгү байыркы эскерүүлөр б.з.ч. 209-201-жылдарга таандык. Илимпоздор Н.А.Аристов
жана А.Н.Бернштам кыргыздар жөнүндөгү алгачкы эскерүүнү көптөгөн илимий
изилдөөлөрдө белгиленгендей б.з.ч. 201-жыл менен чектебестен, б.з.ч. 209-201-жылдардын
аралыгындагы мезгилди аныктоо керек деген пикирин айтышкан. Бул маселе
диссертациянын биринчи бапындагы «Н.А.Аристовдун эмгектеринде революцияга чейинки
кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхын мезгилдештирүү» деп аталган бөлүгүндө
кеңири каралган.
Кыргыз элинин этногенези боюнча 1956-жылы болуп өткөн биргелешкен илимий
жыйында ««кыргыздар Орто Азиядагы эң байыркы эл» деген жыйынтык чыгарылган. Ал эми
алар жөнүндө жазуу булактарында кээ бир учурларда маалыматтардын берилбей калуусу
ыктымал. А.Н.Берштамдын пикиринде: бир күчтүү уруу башка уруунун үстүнөн үстөмдүк
кылып турганда тарыхта күчтүү уруу жөнүндө гана маалыматтар берилет. Ал эми көз
каранды уруулар байыркы тарыхчылардын көз жаздымында калышып, алар жөнүндө кээде
гана эскерилет»1.
Азыркы мезгилде жогоруда белгиленгендей кыргыз элинин өнүгүү этаптары жана
географиялык ээлеген орду жөнүндө кыргыз тарыхында бирдиктүү пикир жок. Азыркы
күндө бул маселе боюнча тарых илиминде 10дон ашык божомолдоолор (гипотезалар) бар,
аларды шарттуу түрдө үч негизги топко бөлүп кароого болот:
I. Биринчи топтогу изилдөөчүлөр кыргыздардын этногенезин алардын Енисейдин
жогорку агымынан (Минусин өрөөнүнөн) Теңиртоонун аймагына көчүп келүүсү менен
байланыштырышат. Изилдөөнүн мындан мурдагы бөлүктөрүндө көрсөтүлгөндөй Енисейлик
кыргыздардын миграциясы жөнүндө маселе Г.Р.Миллердин2, И.Е.Фишердин3,
И.Т.Георгинин4, божомолдоолорунда (гипотезалары) каралган. Азыркы мезгилде да мына
ушул божомолдоону колдогон жана өнүктүргөн окумуштуулар бар. Алар «кыргыз»
этноними б.з.ч. биринчи миң жылдыктын экинчи жарымында пайда болуп, X-XI
кылымдарда бүткүл Борбордук Азияга таралган. Кийинчерээк кыргыздар Тянь-Шанга жер
которушкан, ал жерде кыргыз элинин калыптануусу аяктаган деген пикирди колдошот.

1
Бернштам А.Н. Көрсөтүлгөн эмгек. – 170 б.
2
Миллер Г.Р. История Сибири. Т.1. – М.-Л. 1937. – 607 б.
3
Фишер И.Е. Сибирская история с самого открытия до завоевания сей земли российским оружием. – СПб.,
1774. – 476 б.
4
Георги И.Г. Описание обитающих в Российском государстве народов, также житейских обрядов, верований,
обыкновений, жилищ, одежд и прочих достойнопамятностей. Ч.1.- СПб.; 1795. – 76 б.; Ч.2. О народах
татарского племени. Ч.1.- СПб., 1776. – 188 б.; Самоядские, манджурские и восточные сибирские народы. Ч.3.
– СПб., 1777. – 130 б.
52
А.Н.Бернштам кыргыздар Теңиртоого бир мезгилде эмес, 1300-1400 жыл аралыгында этап
менен көчүп келишкен деген божомолдоосун билдирген. Анын пикири боюнча, кыргыз
элинин тарыхы байыркы мезгилдеги эки уруулук союз менен: б.з.ч. II жана б.з. V
кылымдарындагы гунн жана сяньби уруулары менен, ошондой эле VI-VIII кылымдардагы
түрк уруулары менен түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан, окумуштуу кыргыз элинин
этногенезинин тарыхын эки мезгилге бөлөт. Кыргыздар уруулук биримдик катары гунндар
доорунда калыптанып, гунндар, сяньбилер, ошондой эле усун жана динлиндер менен тыгыз
байланышта өнүккөн. А.Бернштамдын пикири боюнча: «түрк тилинде сүйлөгөн кыргыз
урууларынын түзүлүүсү гунндар доорунда башталып, ал эки багытта жүргөн.
Биринчиден, экономикалык жана социалдык өнүгүүдөгү биримдиктин негизинде тилдин
(«тил багытын түрктөштүрүү») автохтондуу өнүгүүсүнүн натыйжасында. Экинчиден, гунн
уруулук союзу жана сяньбилердин динлиндер («жалпы түрктөштүрүү») менен жалпы
экономикалык жана саясий байланыштардын базасындагы ошондой эле жалпы тилдик
жалпылыктын негизинде болуп өткөн. Бул процесс VI-IX кылымдарда түрк доору деп
аталган мезгилде түрк тобундагы уруулар жана түрк эли - «кыргыздар» калыптанган
мезгилде аяктаган»1.
Этнографиялык маалыматтарда кыргыздардын бир тараптан Минусин өрөөнүндөгү
экинчи тараптан Тянь-Шандагы уруулар менен байланышын көрсөтөт. Башкача айтканда,
кыргыз элинин этногенезинин түзүлүүсүнө азыркы Кыргызстандын аймагын байыркы
мезгилдерде жердеген усун, кангюй уруулары да катышышкан.
Андан ары А.Бернштам кыргыз элинин түзүлүүсүн таптык мамилелер калыптанган
учур VI-IX кылымдар менен чектөө зарыл деп эсептейт. IX кылымда кыргыздардын
социалдык түзүлүшүндө ири өзгөрүү болуп өткөн. Алардын 840-жылы уйгурлардын үстүнөн
жеңиши жана Монголияны басып алуусу далил боло алат. Анын натыйжасында кыргыздар
Монголияга жер которушкан.
Жыйынтыгында, А.Бернштам кыргыздар гунн доорунан баштап акырындык менен Тянь-
Шанга жер которушкандыгын өзүнүн изилдөөлөрүндө көрсөткөн.
II.Экинчи топтогу Ч.Ч.Валиханов, Н.Я.Бичурин, Н.А.Аристов сыяктуу окумуштуулар
«кыргыздар эч жактан көчүп келбестен, байыртадан эле Тянь-Шанды жердеген уруулардын
негизинде калыптанган» деген пикирди айтышкан. Енисей кыргыздары менен
кыргыздардын этногенезин Н.А.Аристов да өз иликтөөлөрүндө көрсөткөн. Илимий иштин
негизин түзгөндүктөн анын божомолдоосун толугу менен чагылдырабыз:
1. Кара-кыргыз эли б.з.ч. II кылымдын экинчи жарымында алгач Ортоңку
Монголияда байыр алышкан. Андан кийин Батыш Тянь-Шань жана анын түндүк

1
Бернштам П.Н. Избранные труды по археологии и истории Кыргызстана. Т.2. – Б.: «Айбек». 1998. – 197 б.
53
жагындагы талааларды жердеген, өзгөчөлөнгөн, түпкү теги кыргыз түрк уруулары
болуп эсептелинген усун уруулук союзу катары белгилүү боло баштаган Енисей
кыргыздарынын бөлүктөрүнөн түзүлгөн.
2. Чоң ордо негизинен дуулат жана канглы урууларынан түзүлгөн. Бирок, анын
курамына кара-кыргыз урууларынын ичинен өзгөчөлүктү сактап калышкан сары-
уйсун муундары да кирип калышкан.
3. Енисей кыргыздары түрк жана динлин урууларынын негизинде түзүлгөндүктөн
кара-кыргыздардын ичинде сары динлиндердин дагы уруктары аралашкан.
4. Монголияда кыргыздарга кошулган түрк урууларынын бир бөлүгү дуулаттар
менен тектеш болушкан.
5. Дуулаттар жана кангюйлөр кара-кыргыздардан айырмаланган эки өзгөчө түрк
уруулары. Бирок, дуулаттардын курамында кыргыздарга тектеш динлин
урууларынын байыркы мезгилдерден бери келе жаткан кандайдыр бир тектештик
жагы бар деп божомолдоого болот. Бул байланыш анчалык деңгээлде болгон эмес.
Анткени, дуулаттар башка түрк урууларынан көп айырмаланышкан эмес. Ал эми
кыргыздар болсо өздөрүнүн башкача ак жүздүүлүгү менен айырмаланып турушкан.
Бул айырманы өз кезегинде VII кылымдарда кытайлыктар Енисей кыргыздарынан
башкалардан айырмаланган өзгөчөлүгү катарында белгилешкен.
Н.Аристов өзүнүн «Түрк урууларынын этникалык курамы жөнүндө билдирүү…»
эмгегинде V кылымдан баштап батыш Тянь-Шань жана анын түндүк тарабындагы
талааларды нушиби деп аталган уруулардын беш аймагы ээлеген деп билдирген. Н.Аристов
V кылымдагы кытай тарыхый булактарына таянуу менен нушибилер – усундардан
болушкан. Ал эми алардын өздөрүнүн анык элдик аталышы дайыма кыргыз болгон деп
тастыктаган1.
Ушул эле маселе боюнча Ч.Валиханов кыргыз элинин этникалык эскерүүлөрүндө
алардын Тянь-Шанга Түштүк Сибирден эки жүз жыл мурун көчүп келгендигинин далили
жок экендигин белгилөө менен, кыргыздар Кыргызстандын түндүгүндөгү жана
түштүгүндөгү ошондой эле ага чектеш аймактардагы «байыркы жашоочулардан» болушкан
деген божомолдоону айткан2.
Кыргыздардын жергиликитүү (автохтондуу) калк экендигин колдоочулардын бири
Н.Я.Бичурин (Иакинф) бул меселе боюнча «булутэ» (бурут) термининин чыгыш тегин
Хотондон түштүк-батыш, Тибеттен түндүгүрөөктөгү аймактарды байырлашып, б.з. IV к.

1
Аристов Н.А. Заметки об этническом составе тюркских племен и народностей и сведения об их
численности…, – 24 б.
2
Валиханов Ч.Ч. Заметки по истории южносибирских племен. – Соч. 2. изд. – Алма-Ата: изд. АН Каз. ССР.
1985. Т.1. – 300 б.
54
Теңир-Тоого журт которгон кыргыздарга байланыштырган эң алгачкы көз карашын илим
чөйрөсүнө сунуштаган. Окумуштуу орто кылымдардагы Кытайдын Тан династиясынын жыл
баяндарында жылнаамаларында «болу», «булу» этнонимдери менен паралелль карап, тарых
илиминде «кыргыз» жана «бурут» этнонимдеринин байланышы, түпкү жалпылыгы
жөнүндөгү эң алгачкы оюн айткан1. Изилдөөчүлөр негизинен чыгыштын жазма
адабияттарына таянуу менен, Чыгыш Туркестан жана ага чектеш аймактардагы
кыргыздардын алгачкы жердеген аймактары деп эсептешкен. Алар Чыгыш Туркестанда
жашаган «булу» урууларын «буру», «бурут» деп таанышып, «бурутту» - кыргыздар деген
тыянака келишкен2.
Ушуга байланыштуу белгилей кетүүчү нерсе «бурут» этнотермининин келип чыгуусу
боюнча кыргыз тарыхнаамесинде азыркы мезгилге чейин бир тараптуу көз караш жок.
Иликтөөлөрүбүздүн негизинде «бурут» деген аталыштын келип чыгышына жана анын
маанисине дагы бир ирет кайрылып кетүүнү туура деп эсептейбиз. «Бурут» термини
(этноними) жөнүндө Н.Я.Бичурин, Р.Ф.Миллер, В.В.Радлов, А.Левшин, Г.Е.Грум-
Гржимайло, К.И.Петров, Э.Ж.Маанаев, А.Абдыкалыков, Ө.К.Караев, С.Аттокуров,
Е.Кычанов, Т.К.Бейшеналиев, В.Я.Бутанаев ж.б. окумуштуулардын эмгектеринде айрым ой-
пикирлер, терминдин чечмелениши жана анын кыргыз эли менен байланышы жөнүндө
сунуш-пикирлери айтылган. Кытай, монгол тилиндеги булактарда, ошол мезгилдеги орус
авторлорунун эмгектеринде Теңир-Тоо кыргыздары «бурут», «буруттар» деген экинчи бир
аталыш менен белгилүү болушкан3. 1856-жылы Кыргыз эли жөнүндө иликтөө жүргүзгөн
Ч.Валиханов «…кыргыздар кытайлар атагандай «бурут» деген аталышты таптакыр
билишпейт, бул сөздү алар (кыргыздар) такыр угушкан эмес; «бурут» деген уруктун
аталышын кыргыздардын ичинен кезиктире албадым» деп жазат 4. «Манас» эпосунун бардык
варианттарында калмак-кытайлар тарабындагы терс каармандар, кыргыздарды «бурут» - деп
аташкан5.
Болжолу менен биздин замандын баш чендеринде Чыгыш Туркестан жана ага чектеш
аймактарда жашаган кыргыздардын бир бөлүгү «бурут» (кыт. «булу», «булутэ») деген ат
менен белгилүү болушкан6.
Чыгыш таануучу Г.Е.Грум-Гржимайло «бурут» термининин келип чыгышын бүгүнкү
күндөгү белгилүү «бурят» этноними менен жалпы негизде карайт. Ал өз кезегинде Рашид ад-

1
Бичурин Н.Я. Собрание сведений о народах обитавщих в Средней Азии в древние времена. Т.1.- М-Л. 1950. –
.28 б.
2
Маанаев Э.Ж. Каратаев О.К. Кыргыз элинин этникалык өнүгүүсү. – Б.: 2003. – 24 б.
3
Маанаев Э.Ж. Каратаев О.К. Көрсөтүлгөн эмгек. – 25 б.
4
Валиханов Ч.В. Собр. Соч., 1958. – 324 б.
5
«Манас». Энциклопедия, Б.: Т.I. – 161 б.
6
Маанаев Э.Ж. Каратаев О.К. Көрсөтүлгөн эмгек. – 25 б.
55
Диндин «Жами ат-Таварих» эмгегиндеги эскерилген баргу-буруттар менен «бурут»
терминин тарыхый жалпылыгы бар деген пикирин колдогон1.
«Бурут» терминин (экзоэтнонимдин) келип чыгышы боюнча Н.А.Аристов алгачкылардан
болуп өзүнүн негиздүү пикирин айткан. Аристов Н.А. бул энчилүү атты «бөрү» деген сөздөн
келип чыккандыгын жазат. Буга мисал катары, кыргыздардын курамындагы адигине уруулук
тобуна кирген бөрү уруусунун энчилүү атын келтирет. Автордун пикиринде «бурут» (буру +
т) - «бөрү» этнониминин фонетикалык өзгөргөн формасы. (т - монгол тилдүү элдерде көптүк
маанини аныктаган сөз жасоочу мүчөнү туюнтат). Н.Аристовдун бул маселеге карата
айтылган көз карашында илимий негиздүү пикир жатат»2. Буга паралелль катары баргут(т),
нойгу(т), мерки(т) ж.б. келтирүүгө болот. Байыркы хуннулар, түрктөр, монголдор ж.б.
өздөрүн карышкырдан тараганбыз деген тотемистик ишенимдери тарыхый жазма
булактарда, илимий адабияттарда кенен чагылдырылган3.
Мисал келтире турган болсок: А.Х.Маргулан Н.Я.Бичуриндин пикири менен тилектеш
экендигини билдирген. Ал эми А.Абдыкалыков «бурут» терминин кыргыздарга бөтөн эл
тарабынан таңууланган лакап ат (экзоэтноним), монгол-калмак тилдеринде «дини
башкалар», «күнөөлүүлөр» дегенди аныктаарын жазат4. Изилдөөчү терминдин чечмеленүү
маселесинде К.И.Петровдун көз карашын колдойт. К.И.Петров тарыхый булактарга таянуу
менен «буруу» - «чыккынчылар», «дини бөтөндөр» дегенди туюндурарын, ал эми термин
кыргыздарга карата берилген лакап аталыш экендигине токтолгон5. Ю.А.Зуев жана
Т.Бейшеналиевдер «бурут» терминин бир аймактын географиялык аталышы болсо керек деп
эсептешкен6. Белгилүү окумуштуу В.Я.Бутанаевдин пикиринде «бурут» терминин төркүнү
монгол тилдерине таандык. Кыргыздар бул экзоэтнонимди төрт түлүк малдын сактоочусу
көк түстүү «ызыкха» (үй жаныбарларын колдоочусу) байланыштуу алышкан.
В.Я.Бутанаевдин пикиринде бул түс кыргыздардын Саян-Алтайдагы саясий үстөмдүгүн
аныктаган түшүнүк болуп эсептелинет7. Жогорудагы пикирге караганда «Бурут»
экзоэтноними Теңир-Тоодо гана эмес Саян-Алтайда да кеңири белгилүү болгон.
«Бурут» термини иликтөөчүлөрдүн пикирлеринде байыркы «полу», «булу» (Н.Я.Бичурин,
Э.Ж.Маанаев), «бурят» (Г.Е.Грум-Гржимайло) этнонимдеринен, «бөтөн жердик», «дини
башка», «каардуу-жаалдуу», «күнөөлүү», (К.И.Петров, А.Абдыкалыков), Көк Теңир түсү,

1
Грум-Гржимайло Г.Е. Западняя Монголия и Урянхайский край. Т. III. – Л.: 1926. – 537 б.
2
Маанаев Э.Ж., Каратаев О.К. Кыргыз элинин этникалык өнүгүүсү. – Б..2003. – 27 б.
3
Ошол эле жерде.
4
Абдыкалыков А.О. О термине «буруты» // СЭ. 1963,.№1. – 127 б.
5
Петров К.И. Очерк происхождения киргизского народа. – Фрунзе, 1963. – 57 б.
6
Зуев Ю.А. Киргизы-буруты // К вопросу о тотемизме и принципах этнонимообразовования // Сов. Этнография.
– 1970. - №4; Бейшеналиев Т. Киргизы (XVII-XVIII вв.) // Автореф. дисс. канд. ист. наук. – Л., 1994. – 24 б.
7
Бутанаев В.Я. Худяков Ю.С. История Енисейских киргизов. – Абакан, 2000. – 84 б.
56
жаныбарларды колдоочу» (В.Я.Бутанаев) деген сөздөрдөн келип чыккан деген пикир
айтылган.
Жогорудагы маалыматтардын жана фактылардын негизинде кыргыздардын башка
элдерде бир эле учурда «кыргыз» жана «бурут» (булу) деген аталыш менен белгилүү
болгондугун, ал эми «бурут» (булу – булу + т) «бөрү», «карышкыр» алгачкы тотемизмине
байланыштуу болуп, эки этнонимдин бир эле учурда зор аймактарда кездешиши
кыргыздардын эрте жана орто кылымдар мезгилиндериндеги миграциясынан, кошуна
жашаган элдер менен өз ара байланыштарынан кабар берет.
Ушуга байланыштуу белгилей кетүүчү нерсе «бурут» этнотермининин келип чыгуусу
боюнча кыргыз тарыхнаамесинде азыркы мезгилге чейин бир тараптуу көз караш жок.
Кыргыздардын автохтондугу жөнүндө пикирди Н.Аристов да өзүнүн изилдөөлөрүндө
тастыктоого аракеттенген. Окумуштуу өзүнүн «Кыргыз-казактардын этникалык курамын
изилдөөнүн тажрыйбасы…» деген эмгегинде, кыргыздардын Тянь-Шанда б.з.ч. II кылымда
эле жашагандыгын далилдеген. Жогоруда болсо кыргыздардын курамында усун
урууларынын бар ээкендиги тууралуу Н.Аристовдун пикири берилген. Б.з.ч. II кылымда
усундар батыш Тянь-Шанды жана анын түндүгүндөгү кыргыз талаасы деп аталган бөлүгүн,
башкача айтканда, Или, Чу ошондой эле Нарын дарыяларынын тегерегиндеги аймактарды
ээлөө менен ал аймактардан алар юэчжилер менен сейлердин калдыктарын жолуктурушкан.
Н.Аристовдун пикири боюнча сейлер кийин кыргыздардын арасына кирүү менен өзгөчө
муунду түзүшүп, саяк деп аталып калуусу мүмкүн. Андан соң Н.Аристов усундар менен
кангюйлардын ортосундагы мамилелердин мүнөзүн көрсөтөт: алардын ортосундагы
согуштардын жүргөндүгүнө карабастан усун жана кангюй урууларынын ортосунда өз ара
байланыштар жүргөн. Ал эми VI кылымдын экинчи жарымында усундарды да кангюйларды
да түрктөр каратышкан. Бул мезгилде европалык тарыхчылардын эмгектеринде кыргыздар
жөнүндө алгачкы маалыматтар бериле баштаган. Аталган билдирүү византиялык тарыхчы
Менандрга тиешелүү. Ал Земархтын элчилиги тууралуу берген маалыматында Земархка түрк
каганы Дизавул тарабынан белекке берилген туткун аял, «Херхис» - деп аталган элден
экендиги маалымдалган. Түрктөрдүн ээликтери он аймакка бөлүнгөн, алардын ичинен
бешөөнү кыргыздар жердеп турушкандыгын Н.Аристов өз изилдөөлөрүндө көрсөткөн.
Алардын ичинен сан жагынан эң эле көлөмдүүсү кара кыргыздардын ассык (кытай
маалыматтарында «асиги») уруусу эсептелинген. Ушул уруунун мүчөлөрү «нишу» (алар
кангюй уруусунан болуусу ыктымал) уруусунун бириктирилүүсү менен дагы бир аймактын –
«асиге-нишу» аймагынын негизги калкын түзүшкөн. Түрктөрдүн үчүнчү аймагын
кытайлыктар «басайган душибо», аларды Н.Аристов кыргыздардын дуулат урууларына
караштуу сейкымдар (басайгань - байсейкым) менен байланыштырат. Ал эми төртүнчү
57
аймак (сол канатка кирүүчү) кучу («гэшу») урууларынан, бешинчи аймакта болсо кара
кыргыздардын кучулар уруусу сувандар жана албандар («гэшу губань») менен бирдикте
жашашкан. Кыргыздардын аймактарынын ушундай түзүлүшүн ошондой эле усун
урууларынын бир жагынан кангюйлар менен экинчи жагынан дуулаттар менен байланышын
Н.Аристов өз изилдөөлөрүндө аныктаган.
VIII кылымда түрктөрдүн, андан соң түргөштөрдүн бийлиги кулагандан кийин кара-
кыргыздар карлуктар тарабынан каратылган. Араб географтарынын берген маалыматтарына
караганда, кыргыздар бул мезгилде өз алдынчалыкты сакташкан. Ошондуктан, XII кылымда
кидандар эч кандай күч колдонуусуз эле түндүк Тянь-Шанды басып алышканы менен
кыргыздарды каратуу үчүн атайын аскердик күчтөрдү жиберүүгө мажбур болушкан.
Андан кийин монголдор доорунда XIII-XIV кылымдарда кыргыздар жөнүндө көзгө
басарлык маалыматтар дээрлик кездешпейт. XV кылымда гана алар дуулаттар деген аталыш
менен белгилүү боло башташкан. Ал эми XVI кылымдын экинчи чейрегинде жагатайлардын
бийлигин кулатышкан. XVII кылымдын экинчи чейрегинен баштап Тянь-Шандык кыргыздар
казактар менен бирдикте калмактар каршы күрөш жүргүзүшкөн. Ошого карабастан
кыргыздардын бир бөлүгү калмактар тарабынан каратылган. Ал эми бир бөлүгү болсо
Ферганага жана Алайга жер которууга мажбур болушкан. XVIII кылымдын экинчи
чейрегинде жунгарлар кытайлыктар тарабынан кыйратылгандан кийин алар өздөрүнүн
ээлеген жерлерине кайра келишкен. XIX кылымдын экинчи жарымында Тянь-Шандык
кыргыздарды кокондуктар каратышкан, андан кийинчерээк алар Орусия империясынын
курамына киришкен.
Кыргыз элинин жогоруда берилген тарыхынан кыскача маалымат берүү менен Н.Аристов
кыргыздар автохтондуу калк деген өзүнүн теориясын далилдөөгө аракеттенген. Жогорудагы
«тарыхый билдирүүгө караганда кара кыргыздар б.з.ч. II кылымдан азыркы мезгилге чейин
Батыш Тянь-Шандын тоолуу аймактарын ээлешкен. Ал эми усундар доорунда алардын
карамагында болгон Или дарыясынын өрөөнүнөн Таласка чейинки аймактар акырындык
менен дуулаттарга жана алардын туугандарына өтө баштаган. Дуулаттар батыш Тянь-
Шандын этегинен Сыр-Дарыя жана Чирчике чейинки аймактарга жылуу менен чыгышта
жашаган кара кыргыздарды батышта канглдарды сүрө башташып, негизинен аларды
өздөрүнүн курамына кошуп ала башташкан. Ошондой эле алар жайгашкан аймактардын
ортосунда жашашкан кара-кыргыз жана канглдардын түзүлгөн аралаш урууларды да
каратышкан. Дуулат жана кыргыз урууларынан татаал уруулук жана муундук түзүлүштөрдү
негиздөө менен дуулат уруулары талаа-түздө жашаган кара кыргыздарды жана канглдарды
өздөрүнүн курамына толугу менен кошпостон… алар (дуулат уруулары жана муундары)
өздөрүнүн кызыкчылыктарын кара кыргыз жана кангюй уруулары жана союздарынын
58
кызыкчылыктарын бириктирүү үчүн аз сандагы коомдор катарында сактап калышкан.
Өзгөчө абалды сактоо менен өкүм сүрүп, дуулат урууларынын ортосунда же болбосо алар
менен коңшулаш жашаган урууларга кангюйлардын исты, ушакты, кангл, чаншаклы жана
кергелы урууларын, ошондой эле, мүмкүн кыргыздарга тиешелүү Сары уйсун урууларын да
киргизүгө болот»1.
Ошону менен бирге Н.Аристов Сары усундарды илгерки усундардын урпактары деп
алардын кыргыздардан келип чыккандыгын төмөнөдөгүдөй жол менен далилдөөгө
аракеттенген:
1. «анын (сары уйсун уругунун - авт.) муундарынын арасында дуулат жана кангл
урууларынын курамындагы кездешкен аталыштардын жок болуусу;
2. анын курамында мүмкүн кыргыз деген атылыштын өзү келип чыккан «крык»
же «кырг» деген бөлүмдөрдүн болуусу;
3. сары усундардын динлиндерден келип чыгуусун тастыктаган кирейлерде жана
остяктарда кездешүүчү төрт кырдуу типтеги тамгалардын дуулаттар менен
кангюйлардыкынан таптакыр өзгөчөлөнүп туруусу;
4. муундун өзүнүн аталышы эле алардын усундардын түздөн-түз тукумдары
экендигин дагы бир жолу айгинелейт. Анткени, алар усун деген аталышты сары
деген кошумча менен алып жүрүүсү, байыркы усундардын динлиндерден
өзгөчөлөнгөн ак жуумалдыкты мурастаган келбетинин өзгөчөлүгүн көрсөтөт;
5. өлкөнүн эң байыркы жашоочулары усундар экендигин элдик санжыралар жана
уламыштар аркылуу айгинелөө менен алардын башкаларга караганда да дагы бир
жолу байыркылардан экендигин чоң ордонун курамында аз санда болсо да сары
усундардын, уйсундардын же юйсундардын болуусу тастыктайт.
Жогоруда белгиленген шарттардын бардыгы жыйынтыгында сары уйсундардын байыркы
усундардын калдыктары деп айтууга негиз берет. Мүмкүн ушул муунга, урууга же урукка
усундардын ээлик кылуучу үй-бүлөсүнүн өкүлдөрү киргендир…»2.
Бирок, көптөгөн окумуштуулар Н.Аристовдун Тянь-Шанда усундар, андан кийин
нушибилер кыргыздардын бир бутагы катарында болгон деген божомолдоосун туура эмес
деп эсептешет. Бул маселе боюнча А.Н.Бернштам мындай деп билдирет: «усундарды
кыргыздардын бир бутагы болгон деп айта албайбыз…, анткени кыргыздардын батыш
бутагы өз алдынчалыкты сактап, усундарга каршы болгон уруулар тобу катарында өкүм
сүргөн. Н.Аристов тарабынан келтирилген жазма булактардан качандыр бир мезгилде

1
Аристов Н.А. Опыт выяснения этнического состава киргиз-казахов…, – 75-76 б.
2
Көрсөтүлгөн эмгек. – 76 б.
59
усундар абдан күчтүү уруулук союз болуп нушиби аталышын алып жүргөндүгү жөнүндөгү
фактыны көрө албайбыз»1.
Ошону менен бирге эле А.Н.Бернштам Н.А.Аристовдун нушиби союзун кыргыз
урууларынын аталышы менен байланыштырууга жасаган аракетин туура багыт деп баалайт.
Ал эми Н.Аристов болсо өзүнүн божомолдоосун нушибилердин арасында кыргыздардын
асык жана куизу урууларынын болуусу менен негиздейт. Чындыгында, кытайлардын
«Таншу» хроникалык булактарында нушибилердин 5 уруусу жөнүндө маалымат берилген.
Ошондой эле Асиге жана Гэшу (кытай транскрипциясында – ассык жана гэшу) урууларын да
белгилеп кеткен. А.Бернштам нушибилер менен кыргыздардын ортосунда этногенетикалык
байланыш болгондугун белгилөө менен, андан сырткары нушибилер кыргыздар гана эмес
усундар менен да байланышта болушкан деп эсептейт.
Бирок, А.Бернштам усундар менен кыргыздардын ортосундагы окшоштуктун бар
экендигин чечкиндүү түрдө четке кагат: «V кылымда усундар өздөрүнүн автономдуулугун
сактап, кээ бир учурларда Ферганага элчилерди жибергендигин, кытай элчилерине
котормочуларды жана жол көрсөтүүчүлөрдү бергендиги алардын уруулук түзүлүш катары
унутулбагандыгын, өзгөчө көчмөн элдерде унутулбагандыгын билдирет. Бирок усундар –
кыргыз эмес»2 - деп белгилейт А.Бернштам.
Андан кийин А.Н.Бернштам VIII – IX кылымдарда Енисейлик кыргыздар бара-бара Тянь-
Шандын калкынын бир бөлүгү болуп калгандыгын көрсөтөт. Ал өзүнүн бул пикирин
жогорку Таластан Калаур тарабынан байыркы түрк руникалык жазуу менен жазылган төрт
таш эстеликтин табылуусу менен далилдейт. Ал табылгаларга байланыштуу Бернштам
төмөндөгүдөй маалымат билдирет: «Ошол мүрзө таштарынын үстүндөгү жазуунун
палеографиясы жана эпитафиянын түзүлүшү анык кыргыздардыкы экендиги бизге Енисей
эстеликтеринен белгилүү. Ошондой эле алардын Орхон руникасынан түп-тамырынан бери
айырмалана тургандыгы да бизге белгилүү. Ушундай эле палеографиялык өзгөчөлүктөр
менен Талас өрөөнүнүн капчыгайларынын дагы бирөөсүнөн жана Кыргыз Ала-Тоосу
ашуусунан табылган жыгач тактайчасындагы жазмаларга да мүнөздүү. Андан сырткары
жогорудагыларга Бакты айылынын жанында табылган кыргыз палеографиясынын
өзгөчөлүгүн алып жүргөн кытай күзгүсүн да кошууга болот.
Бул маалыматтардын бардыгы Түндүк Тянь-Шанга кыргыз уруулары Енисейде алып
жүрүшкөн маданияттын белгилерин толугу менен алып келишкендигин айгинелейт. Андагы

1
Бернштам П.Н. Избранные труды по археологии и истории Кыргызстана. Т.2. – Б., «Айбек». 1998. – 212-213 б.
2
Бернштам А.Н. Көрсөтүлгөн эмгек. – 213 б.
60
жазмалар кыргыздардыкынан айырмаланып байыркы түрктөргө тиешелүү болгон. Бирок, ал
жазма биз белгилеп кеткендей каралып жаткан мезгилде расмий жазууларда гана
пайдаланылган.
Жогорудагы фактыларга караганда VIII-X кылымдарда кыргыздар Тянь-Шанда
салыштырмалуу түрдө сан жагынан көбөйө башташып, Енисейде, Борбордук Азияда
ошондой эле Түндүк Кыргызстанда да тарыхый өнүгүүнүн субьектисине айлана башташкан.
Тянь-Шань кыргыздары аймактагы жергиликтүү уруулардын арасына сиьип кетишип өзгөчө
саясий күчкө ээ болушкан эмес. Ошондуктан, мусулман авторлору Тянь-Шандык уруулар
жөнүндө чагылдырууну маанилүү деп эсептешкен эмес. Анткени аларга Енисейди жердеген
кыргыз уруулары тууралуу маалыматтар белгилүү болгон. Ал эми кытайлыктардын
билдирүүлөрүндө да негизинен енисейлик кыргыздар жөнүндө гана маалыматтар
чагылдырылган1.
Ушул берилген кыскача үзүндүлөрдөн А.Бернштамдын Енисей жана Тянь-Шань
кыргыздарынын тарыхы бири-бирине көз карандысыз мүнөздө деген пикирди колдогондугун
көрөбүз. Ал Н.Аристовдон кийин алардын качан экиге бөлүнгөндүгүн так аныктайт: «Биздин
доордун акыркы чектеринде бул жерде экономикага, социалдык түзүлүшкө, расалык жана
этникалык мамилелерге белгилүү деңгээлде гунндар таасир этишкен. Енисей жана Тянь-
Шань - Борбор Азия державалары үчүн эки чоң фронт катарында эсептелинген. Гунндардын
жортуулдары бир эле мезгилде тең салмакта усундарга да Енисей кыргыздарына да каршы
багытталган. Бул багытталуу негизинен Чжи-Чжи шаньюйдун ишмердүүлүгү менен өзгөчө
байланыштуу. Ушул учур менен кыргыздардын эки бутакка: тянь-шань жана енисей
бутактарына бөлүнүүсүнө да байланыштуу»2.
Кийинчерээк кыргыздардын автохтондуулугу жөнүндөгү пикирлер таанылып, 1956, 1968
жылдардагы бир нече басылыштагы «Кыргыз ССРинин тарыхында» ырааттуу берилген. Бул
маселе боюнча Н.А.Аристовдун көз карашын белгилүү окумуштуулар колдоого алышкан.
Алардын ичинен А.Хасанов өзүнүн эмгектеринде кыргыз этногенезин изилдөө
маселесиндеги фольклордук булактардын маанисин белгилөө менен, кыргыздардын
Енисейден Тянь-Шанга көчүп келүүсүн четке кагууга аракет кылган. Анын пикири боюнча
кыргыздар Тянь-Шанда байыркы мезгилден бери эле жашашкан. Ошондой эле ар кандай
уруулардын аралашуусунун натыйжасында кыргыз эли түзүлгөн 3.
Ушундай эле пикирди Л.Р.Кызласов да колдогон. Ал батыштын жана чыгыштын тарыхый
булактарын, байыркы түрк жазуусу менен жазылган Орхон эстеликтерин ошондой эле
археологиялык маалыматтарды талдоо менен окумуштуу Шотт сыяктуу эле Енисей

1
Бернштам А.Н. Көрсөтүлгөн эмгек. – 214-215 б.
2
Көрсөтүлгөн эмгек. – 312 б.
3
Труды института истории АН Кирг. ССР. – Вып. IV. – Фрунзе. 1958. – 179 б.
61
кыргыздарынын Тянь-Шанга жер которуусу жөнүндөгү концепцияны туура эмес деп тыянак
чыгарган. Ал: Енисей кыргыздары ошондой эле алардын жер которуусу жөнүндө
византиялык, араб, перс жана кытай тарыхый булактарында далил боло турган бир да
маалымат жок. Ошол эле мезгилде башка элдердин жер которуусу жөнүндө азыноолак
болсо да так маалыматтар берилген. Мисалы: Кытай булактарында Енисей кыргыздарын күч
менен Манчжурияга көчүрүү жөнүндө билдирүү берилген. Кызласовдун пикири боюнча:
белгиленген булактарда Енисей кыргыздары жөнүндө маалыматтар берилген. Бирок, аларда
Тянь-Шандык кыргыздар жөнүндө маалыматтар дээрлик жокко эсе – деп өзүнүн пикирин
билдирген.
Кыргыз элинин түзүлүү маселеси боюнча божомолдоочулардын үчүнчү тобу да бар.
Үчүнчү гипотеза 1956-жылы кыргыз элинин этногенезин изилдөөгө арналган СССРдин жана
Кыргыз ССРинин Илимдер академияларынын биргелешкен атайын илимий сессиясында
кабыл алынган. Сессиянын ишине СССР илимдер академиясынын алдыңкы окумуштуулары,
кыргыз илимпоздору, башка союздук республикалардын өкүлдөрү катышышкан. Өз ара
пикир алмашуунун негизинде төмөндөгүдөй бүтүм чыгарылган: «Кыргыз эли жана анын
маданияты… кеминде эки этникалык элементтин: Борбордук Азиялык жана жергиликтүү
Орто Азиялык элементтердин өз ара аркеттенүүсүнүн натыйжасында түзүлгөн. Кыргыз
элинин этногенезинин бизге эң жакын жана маанилүү мезгили болуп, б.з.ч. II миң
жылдыктын биринчи жарымындагы окуялар эсептелинет. Ошол доордо Кыргызстандын
аймагына чыгыштан азыркы кыргыздардын калыптанып калган кыргыз тилинде сүйлөгөн
ата-бабаларынын дээрлик басымдуу бөлүгү көчүп келишкен»1.
Ошентип, Борбордук Азиялык калктар кыргыздардын этногенезинде өзөктүү маңыз жана
негизги этникалык компонент болгондугу тууралуу бүтүмдү кабыл алуу саналат. Бул көз
караш Н.Аристовдун божомолдоосу менен көп жагынан дал келбейт. Бирок, көптөгөн
окумуштуулар кыргыздардын чыныгы мекени Енисей эмес Теңир-Тоо экендигин моюнга
алышат.
Кыргыз элинин калыптануусуна таасир этүүчү этникалык процесстердин мүнөзүн жана
багыттарын аныктоо менен С.М.Абрамзон өзүнүн «Кыргыздар жана алардын
этногенетикалык, тарыхый-маданий байланыштары» аттуу эмгегинде төмөндөгүдөй
жыйынтыка келет:
1. Кыргыз элинин курамына кирген уруулардын түзүлүү процесси
негизинен Чыгыш Теңиртоону, ошондой эле Памир-Алайды, Алтай жана ага
чектеш тоолуу аймактарды, Чыгыш Туркестанды өзүнүн ичине камтыган;

1
Труды института истории АН Кырг. ССР. – Вып. IV. – Фрунзе, 1958. – 185 б.
62
2. XIV-XVII кылымдарда кыргыз элинин калк катары түзүлүүсүнүн
негизин төмөндөгүлөр түзүшкөн:
а) Байыртадан бул аймакты жердеген жергиликтүү түрк
уруулары;
б) Борбордук Азиядан чыккан, негизинен көчүп
келишкен түрк тилдүү элдер;
в) Монгол жана казак-ногой урууларынан келип
чыккандар.
Н.Аристов сыяктуу эле көптөгөн окумуштуулар азыркы кыргыз элинин курамында
Енисейлик компоненттин бар экендигин танышпайт. Бирок, алардын кыргыз элинин
түзүлүүсүнө катышуу процессин, бул жөн эле Енисейден Теңиртоого жер которуу деп өзгөчө
чектөөгө болбойт. Бул процесс өтө көп кырдуу болуп, кээ бир окумуштуулар ойлогондой
жөнөкөй эмес. Албетте, анын кээ бир учурлары аягына чейин изилдене электигин белигилеп
кетүү туура болот.
С.М.Абрамзондун жогорудагы пикирин көптөгөн окумуштуулар - О.К.Караев,
А.М.Мокеев, К.И.Петров, Б.О.Орозбаева, Э.Р.Тенишев жана башкалар колдошкон. Бул
пикир 1984-жылы жарыкка чыккан «Кыргыз ССР тарыхынын» биринчи томунда
жарыяланган.
1994-жылы сентябрда «Кыргыздар жана байыркы, орто кылымдардагы Борбордук
Азиядагы этногенетикалык жана этномаданий процесстер» - деп аталган эл аралык
конференцияны өткөрүү Кыргыз элинин этногенезин жана этникалык тарыхын изилдөөдөгү
эң бир алгылыктуу иш болуп калды. Конференцияда жарыш сөзгө чыккандар, ошондой эле
ушул маселе боюнча жазылган илимий эмгектер кыргыз элинин этногенезинин байыркы
мезгилдеги түзүлүү этабында Борбордук Азиялык компонентинин өнүгүүсүндө негизди
ролду Теңиртоо кыргыздарынын Борбордук Азиянын, Түштүк Сибирдин түрк элдери,
ошондой эле биринчи кезекте Енисей кыргыздары менен генетикалык байланышы негизги
ролду ойногондугу белгиленген. Кийинки, орто кылым доорунда аталган компоненттин
өнүгүүсү негизинен кыргыздардын Алтай жана Борбордук Азияга отурукташуусуна
байланыштуу болуп өткөн этникалык процесстерге өзгөчө көңүл бурулган. Бирок, бүгүнкү
күнгө чейин кыргыздардын Енисейден Алтайга жана Теңиртоого көчүүсүнүн себептери жана
мезгили тууралуу талаш-тартыштар уланууда.
Белгилүү окумуштуу жана мамлекеттик ишмер А.А.Акаев тарых илиминин өкүлү болбосо
да кыргыздардын этногенези жөнүндөгү маселеге өзүнүн пикирин билдирген. Ал өзүнүн
изилдөөлөрүндө «Тянь-Шань кыргыздары» жер которуулардын беш толкунун натыйжасында
калыптанып-түзүлгөн деген пикирди айткан:
63
Енисейден келген кыргыздардын биринчи толкуну б.з.ч. I кылымда, түндүк хунндардын
Чжичжи деген башкаруучусунун жетекчилиги астында жасаган согуштук жүрүшүнүн
натыйжасында пайда болгон. Бул процесс биздин замандын I-II кылымдарында уланган.
Тянь-Шандагы жана ага чектеш аймактардагы байыркы кыргыздар жөнүндө б.з.ч. III
кылымына таандык маалымат булактары да ырастайт.
Кыргыздардын көчүп келүүсүнүн экинчи толкуну VI-VIII кылымдарга, б.а.
Кыргызстандын азыркы аймагына Түрк каганатынын аскерлери кол салган мезгилге туура
келет.
Кыргыздардын көчүүсүнүн үчүнчү толкуну IX кылымдын аягы жана X кылымдын
башындагы «улуу кыргыз кагандыгынын» доорунда болуп өткөн.
Кыргыз урууларынын жылуусунун төртүнчү толкуну Чыңгызхандын монгол
аскерлеринин батышка жасаган жортуулдарына кошул-ташыл жүргөн.
Бешинчи толкуну, сыягы, кыйла ири миграциялык толкун XVII кылымда, Россия
тарабынан башталган Түштүк Сибирди өздөштүрүүдөн кийин, Енисейдеги «Кыргыз жер
бөлүгүнүн» айланасында жүргөн күрөштүн натыйжасында пайда болгон. Тарыхый
маалыматтар «Кыргыз жер бөлүгүнүн» басып алуу Россиядан жүз жылдык күч аракетти
талап кылганын ырастайт. Ошол мезгилде Енисейде калган кыргыздардын Ала-Тоого бет
алып жөнөгөн багыты андан мурдагы муундар тарабынан эбак көнүмүш жол болуп калган
эле.
Кыргыз урууларынын экинчи-бешинчи толкундары, менин пикиримде, Тянь-Шандагы
кыргыз элдүүлүгүнүн негизги бөлүгүн түзгөн»1.
Бул маселе боюнча акыркы тыянак чыгаруу жаңы кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүүнү
талап кылынат. Ушуга байланыштуу Н.Аристов тарабынан иликтөөнүн башка бөлүгүндө
каралган Енисей кыргыздарынын көчүүсүнүн себептери, убактысы жана этаптары
жөнүндөгү маселенин өтө маанилүү экендигин белгилөө менен ага өзгөчө көңүл буруу керек
экендигин белгилеп кетебиз.
Жыйынтыктап айтканда, окумуштуулардын изилдөөлөрүндө этногенез процесси
болжолдуу түрдө 3 мезгил менен жүргөн, тактап айтканда, III–XII кылымдарда Теңиртоонун
чыгыш аймактарында жергиликтүү байыркы кыргыз элинин түзүлүү процесси жүргөн
мезгил, анын түзүлүүсүнө жергиликтүү Борбордук Азиялык уруулар, андан кийин байыркы
түрк урууларынын массалык түрдө көчүп келүүсү (анын натыйжасында түрк мамлекети
түзүлгөн) менен алар да элибиздин түзүлүүсүнө катышышкан. Караханид мамлекетинин
негизделүү мезгилинде жана ал өкүм сүргөн учурда Борбордук Азиялык уруулардын
массалык көчүп келүүсү менен бул процесс кайрадан уланып, алар да кыргыз элинин

1
А.А.Акаев. Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана «Манас» элдик эпосу. – Б.; Учкун. 2002. – 197 б.
64
түзүлүүсүнө катышуу менен өздөрүнүн салымдарын кошушкан. Болжолу менен ушул
мезгилде, конференцияда жарыяланган маалыматтарга караганда, Енисей кыргыздарынын
кээ бир топторунун жер которуусу да башталган. Бирок, этникалык процесстердин андан ары
өнүгүүсү монголдордун басып кирүүсүнө байланыштуу токтотулган.
XIII кылымдын аягы – XIV кылымдын башында этникалык процесстер кайрадан жандана
баштаган. Кээ бир окумуштуулар кыргыз этносунун өнүгүү борборун Моголистандын
түндүк бөлүгү жана Алтай менен байланыштырышат. Улуу кыргыз дөөлөтүнүн мезгилинде
эле бул аймакта этносаясий топ түзүлгөн. Анын курамына кыргыз жана кимак-кыпчак
уруулары киришкен.
Бул маселе боюнча окумуштуу К.И.Петров өзүнүн төмөндөгүдөй пикирин билдирген: -
«Монголдордун баскынчылыгынын натыйжасында жаңы аймактык-мамлекеттик чек-аранын
түзүлүшү жана алар менен чектешкен уруулар менен элдердин таасири Тянь-Шанда жашаган
калктын этникалык курамынын олуттуу өзгөрүүсүнө алып келген. Тянь-Шандагы кыргыз
элинин калыптануусунда негизги ролду ойногон Обь дарыясынын жогорку агымындагы
аймактарды жердеген кыргыз-кыпчак уруулары Чыңгыз хандын алгачкы мураскорлору
мезгилинде Иртыш дарыясынын түштүк-батышына жана андан ары да жыла башташкан.
Кыргыз-кыпчак урууларынын басымдуу бөлүгү Иртыш-Енисей дарыяларынын
ортосундагы аймак Хайду мамлекетинин курамына кирген. Жогорку хандык титул үчүн
күрөш жүргөн 30 жылдык согуш учурунда кыргыз-кыпчак урууларынын Алтайдан Тянь-
Шанга о.э. кайра көчүүлөрү, бардык эле узака созулган согуштар сыяктуу эле ийгиликке
жараша болуп турган. Енисей-Иртыш эки дарыя аралыгына басып кирген Хубилайдын
жоокерлери айрым жергиликтүү урууларды колго түшүрүп алган учурларында өздөрү менен
түндүк-батыш Монголияга ала кетишкен. Ал эми калган калктын басымдуу бөлүгү душман
басып кирген мезгилде Иртыш-Или дарыяларынын ортосундагы коопсуз аймактарга жер
которуп кетип турушкан. Качан Хайду хандын жортуулдары ийгилик алып келген мезгилде,
коркунуч жоголгондон кийин, кайра өздөрү жердеген аймактарга кайра көчүп келишкен.
Мындай абал бир нече жолу кайталанып турган1.
Ал эми XV кылымда жогоруда аталган алтайдагы кыргыз уруулары Теңиртоого көчүп
келишип, кийинчерээк алар кыргыз элинин түзүлүүсүнө катышышкан.
Айрым тарыхчылардын пикирлерине караганда кыргыздар Енисейден Теңиртоого,
Монголия жана Чыгыш Туркестан аркылуу X-XI кылымдарда келишкен. Биздин доордун
экинчи миң жылдыгынан баштап, Енисей кыргыздары менен Теңиртоо кыргыздары экиге
бөлүнө башташып өз алдынча этнос катары өкүм сүрө башташкан.

1
История Кыргызстана. – Фрунзе, 1963. – 184 б.
65
Конференциянын катышуучулары кыргыз элинин түзүлүүсүнүн акыркы мезгили XV-XVI
кылымдарда Борбордук Теңиртоодо болуп өткөндүгүн белгилешкен. Бул мезгил ичинде
анын эки – байыркы жана орто кылымдык компоненттеринин: Теңиртоонун чыгыш
аймактарындагы уруулук бирикмелер менен Түштүк Сибирден көчүп келген уруулар
ортосунда өз ара таасир этүүчүлүк, ошондой эле аракеттенүүчүлүк процесстери аяктаган.
Ушул аталган аймакта XV кылымдын аягында кыргыздардын этносаясий курамынын
даулдык системасы – «оң» жана «сол» канатка бөлүнүүсү да аяктап, анын натыйжасында
кыргыз элинин калыптануусу да аяктаган.
Б.М.Юнусуалиевдин илимий эмгектерине караганда - XI–XIV кылымдарда негизинен
кыргыз элинин тили калыптанган. Бул өз кезегинде кыргыз элинин түзүлүүсүндө өтө зарыл
керектүү факт болуп эсептелинген. Бул пикир да өз кезегинде кыргыз элинин калыптануу
мезгилине туура келет деп эсептөөгө дагы бир жолу негиз берет.
Ошого карабастан, кыргыз элинин этногенези боюнча маселеге конференцияда акыркы
тыянак чыгарылган эмес. Дагы да болсо кыргыз элинин калыптануусунда түштүк Сибирь
жана Борбордук Азиялык компоненттердин ролу, алардын көчүп келүү мезгили,
жергиликтүү, Орто Азиялык калктардын салымы жөнүндөгү көз караштарда
айырмачылыктар кездешет.
Н.А.Аристовдун кыргыз элинин этногенезин изилдөөдөгү өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп
усун маселеси эсептелинет. Азыркы мезгилде жарыка чыккан илимий эмгектерде, окуу
колдонмолорунда да усун урууларынын алгачкы мекендеген жерлери, алардын келип
чыгуусу жана башка маселелер боюнча ар кандай, кээ бир учурларда бири-бирине карама-
каршы келген маалыматтар кездешет.
Усундардын байыркы мекени жөнүндө маалыматты окумуштуулар Д.Джунушалиев,
А.Какеев, В.Плоских өздөрүнүн эмгегинде беришет: «Алгач усундар, гунндар жана
юэчжилер менен бирдикте Улуу кытай дубалынын батыш жагында көчүп жүрүшкөн1.
Ал эми Н.Аристов болсо усундардын алгачкы жайгашуусу боюнча жогоруда берилген
билдирүүлөрдөн да тагыраак маалымат берген: алар «б.з.ч. 200-жылдары юэчжилер менен
бирдикте Эцзине дарыясынын алабындагы түздүктөн түндүккө карай Батыш Монголиянын
бир бөлүгүн ээлешкен»2.
Орус окумуштуусунун билдирүүсүндө, ошол мезгилде усундар гунндардан жеңилүүгө
дуушар болушуп, «саясий жактан кыйратылуу алдында турушканда, шаньюй (Лоашань
болуусу мүмкүн) … гуньмонун усундардын үстүнөн болгон бийлигин калыбына келтирген…
батыш ээликтериндеги чек араны коргоо үчүн гуньмого аскердик башкаруучулук берилген…

1
Джунушалиев Д., Какеев А., Плоских В. Исторические этапы кыргызской государтсвенности. – Б., 2003.
– 17 б.
2
Н.А.Аристов. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. – Б., 2001. – 11 б.
66
андан сырткары усундарга чек араны коргоо тапшырылган. Арадан бир канча убакыт
өткөндөн кийин гуньмо өзүнүн элинин калдыктарын чогултуп, анын мурдагы абалын
азыноолак болсо да калыбына келтирүү менен шаньюйдун эркине ылайык анын
жоокерлеринин жардамы менен Батыш Тянь-Шанга кетишкен юэчжилердин артынан жыла
башташкан. Юэчжилерди батыш Тянь-Шандан сүрүп чыгаруу менен усундар алардын ордун
ээлеп калышкан»1.
Андан кийин Н.Аристов усун-гунн жана усун-кытай мамилелеринин тарыхы жөнүндө
ошондой эле усун мамлекетинин күч-кубатынын жылдан-жылга карай өскөндүгү жөнүндө
кеңири баяндама берген. Баарыбызга маалым болгондой б.з.ч. II кылымдын экинчи
жарымынан баштап усундар Кытай империясынын саясий умтулуусунун чөйрөсүнө
тартылган. Бул кытайдын эң күчтүү душманы - хуннуларды жоготуу жана Улуу Жибек
жолунда империянын таасирин орнотуу максатында жасалган иш чара болуп эсептелинген.
Б.з.ч. 105-жылы усундарга кытай элчиси Чжан Цсян кымбат баалуу белектери менен
хуннуларга каршы күрөшүү үчүн союз түзүү максатында келген. Кытай императору усун
мамлекетинин күч-кубатын таануу менен өзүнүн кыздарынын бирөөсүн усун мамлекетинин
башчысына берүү менен куда-сөөктүк мамилелерди түзгөн. Н.Аристов Н.Бичуриндин
билдирүүлөрүнө, кытай булактарына таянуу менен усун-кытай өз ара байланыштарынын
өнүгүү тарыхын баяндаган. Ал усундардын башкаруучулары гунндар менен да куда-сөөктүк
жана туугандык мамиледе болгондугун белигилеп кеткен. Ошондуктан, усундардын саясий
тарыхы оор жана карама-каршылыктуу болгон. Н.Аристов усундар менен гунндардын
ортосундагы согушту жана гунндарга каршы Кытай менен каолициянын түзүлүү процессин
кеңири баяндаган. А.Н.Берштамдын билдирүүлөрүндө бул окуялар усундардын социалдык
турмушунда ири өзгөрүүлөргө алып келген. «Усундар көп сандаган гунндарды туткунга
алышкан, бирок аларды өлтүрүшкөн эмес. Эгерде барымтага алынган туткундарды эске
албасак, анда, кул катары пайдалануу үчүн туткундалган кулдардын саны өтө көп санда
болгон. Андан сырткары мал-мүлккө ээ болуу усундардын экономикалык базасын чыңдап,
мал чарбачылыгын кеңейткен. Ушул шарттар усундарда мүлктүк теңсиздиктин андан ары
күч алуусуна жана кул ээлөөчүлүк мамилелердин түзүлүүсүнө өзүнүн таасирин тийгизбей
койгон эмес. Бир эле ийгиликтүү согуштан кийин 630000 кишиден же 120000 боз үйдөн
турган усун эли үчүн 60000 туткун колго түшүрүлгөн. Жөнөкөй сөз менен айтканда, ар бир
үчүнчү боз үйгө 1 туткун. Аскердик туткундарды бөлүштүрүү бирдей жүргүзүлбөгөндүгүн

1
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 11-12 б.
67
же болбосо карапайым элдерге караганда ак сөөктөр көбүрөөк алгандыгын эске ала турган
болсок, кээ бир ак сөөктөрдүн колунда ири сандагы кулдар топтолгон»1.
Усундарда кулдарды алып келүүнүн булагы жортуулдар жана согуштар мезгилинде
аскер туткундары экендигин эскертүү менен, Н.Аристов өзүнүн төмөндөгүдөй пикирин
айткан: «Туткун аял болобу, эркек болобу – алар кулга айландырылган, ошондуктан ар бири
керт башы үчүн пайда табууга аракеттенген»2.
Азыркы мезгилдеги изилдөөлөрдө усундардын дин тутуусу боюнча дээрлик билдирүүлөр
жок. Ал эми Н.Аристов болсо төмөндөгүдөй билдирет: «Уруу аксакалы Гумониге (анын уулу
Жинини өлтүргөндүгү үчүн айып катарында) берилген алтын идол Усундардагы диндик
ишенимдин болгондугун айгинелейт». Бирок, ошол мезгилде Кабулистанда жана
Тохаристанда гүлдөп өсүп-өнүккөн буддизм мүмкүн усундардын арасында да жайылтылса
керек. Ошол мезгилдерде Согдиана жана Ферганадан ирандыктар аркылуу усундарга отко
ишенүү да киргендир, бирок, усундар азыркы мезгилде да Алтайда сакталып келе жаткан
алгачкы шамандыка ишенишкен деп айтууга толук негиз бар. Анткени, усундар менен
хуннулардын үрп-адаттары бири-бирине өтө жакын болгон деген кытайлыктардын
билдирүүлөрү жогорудагы жыйынтыкты кандайдыр бир деңгээлде болсо да айгинелейт.
Азыркы мезгилдеги шамандыкты карманган элдер сыяктуу эле Хуннулар жогоруда
көрсөтүлгөндөгүдөй өз ата-бабаларынын арбагына, асманга, күнгө, жерге, шалбааларга, айга,
бак-дарактарга, отко ж.б. нерселерге сыйынышкан3.
Н.Аристовдун усундар жөнүндө берген маалыматтары кийинчерээк башка
илимпоздордун эмгектериндеги маалыматтар менен тастыкталгандыгын белгилеп кетүүбүз
керек. Мисалы, Н.Аристов кытай булактарына таянуу менен усундардын калкынын саны
тууралуу маалымат берет: «Алардын калкы 12000 боз үйдөн, 630000 кишиден, 188800
жоокерден турат»4. Усундардын калкынын саны жөнүндө ушундай эле маалыматтарды
В.Бартольд өзүнүн «Туркестан монголдордун басып кирүүсүнө чейин жана андан кийинки
мезгилде» - деген эмгегинде берген. Усун мамлекетинин борбору Чигу шаары деген
Н.Аристовдун пикири менен да ал макул болгон. Бирок, Аристовдун ал шаар Ысык-Көлдүн
түштүк тарабында азыркы Кызыл-Суу дарыясынын жээгиндеги жайгашкан5 - деп айтканын
күмөндүү деп эсептейт.
В.Бартольд кытай маалыматтарына таянуу менен төмөндөгүдөй билдирүү жасаган:
«Усундардын борбору же башкы ордосу Чигу Ысык-Көлдүн түштүк-чыгыш жээгинде
жайгашуусу мүмкүн, анткени кытайлыктар ал шаарды Аксудан түндүк-батышка карай 610
1
Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории Кыргызстана. Т.2. – Б., 1998. – 26 б.
2
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 26 б.
3
Көрсөтүлгөн эмгек. –. 28 б.
4
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 24 б.
5
Көрсөтүлгөн эмгек. – 32 б.
68
ли, Ферганадан 2000 ли, ал эми кангюй ээликтеринен 5000 ли аралыкта жайгашкан - деп
айтышкан,… Н.Аристовдун Чигу шаары Кызыл-Суунун жээгинде жайгашкан деген көз
карашы эмнеге негизделгенин биз билбейбиз» - деп баса белгилейт В.Бартольд1.
Н.Аристовдун усундарды түрктөр, алар түрк урууларынын союзун түзүшкөн2 - деп
ишенимдүү айткандарын да В.Бартольд колдобойт. Анткени, усундардын сырткы келбети
боюнча кийинчерээк VII кылымдагы кытай жазуучусу Ши-гунун бизге төмөндөгүдөй
маалыматтары белгилүү: «Усундардын келбети батыш аймактарда жашаган чет элдиктерден
айырмаланып турат. Азыркы мезгилде түрктөр көк көздүү, саргыч сакал-муруттуу, алар
маймылдардын тукумдары катары аларга окшош». «Мурдагы ориенталистер Абель-Ремез,
Клапроттор баса белгилешкендей усундар арийлерден болгонбу же В.В.Радлов ошондой эле
түрктөр жөнүндө акыркы эмгектердин автору болгон Н.Аристов белгилегендей алар түркпү.
Албетте, жогорудагы маалыматтар бул маселени чечүүдө жетишсиз»3 - деп тыянак чыгарган
В.Бартольд. Ошондуктан, бул маселе дагы эле ачык бойдон калууда. Бул маселе боюнча
А.Н.Бернштам төмөндөгүдөй: «Усундар орто бойлуу, ак жүздүү, көк көздүү жана саргыл
чачтуу болушкан» - деген пикирди билдирген. Алар антропологиялык жана расалык жактан
ошол мезгилдеги көптөгөн элдерге мүнөздүү Памир-Фергана тибине жакын болушкан. Орто
Азиянын урууларынын ортосундагы расалык жакындык, алардын кеңири таралган сак
союзуна кирген калктарга, жок эле дегенде орто азиялык урууларга тиешелүү экендигин
дагы бир жолу айгинелейт»4 - деп өзүнүн пикирин А.Бернштам жыйынтыктаган.
Бирок, А.Бернштам өзүнүн изилдөөлөрүнүн негизинде Н.Аристовдун божомолдоосун
кандайдыр бир деңгээлде негиздүү деп эсептейт. Анткени, усундар менен түрк тилдүү
элдердин ортосунда ажырагыс этногенетикалык байланыш бар: «Усундардын өздөрүнүн
келип чыгуусу боюнча белгилүү уламыштары өтө кызыктуу» – деп белгилейт А.Бернштам.
Борбордук Азиядагы, негизинен Түштүк Сибирдеги көптөгөн түрк элдеринин
уламыштарында алардын ичинен башка түрк элдери сыяктуу эле алтайдагы түрктөр
өздөрүнүн келип чыгуусун карышкыр менен байланыштыргандыгы жөнүндө кытай
маалыматтары билдирет. Усундардын пайда болуусундагы бул версия (башка түрк
элдеринин пайда болуусундагыдай эле) Түштүк Сибирь менен Борбордук Азиянын түрк
тилдүү элдери менен усундардын ортосунда этногенетикалык байланыштардын бар
экендигин дагы бир жолу айгинелейт»…5.

1
Бартольд В.В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. – Б., 1996. – 97 б.
2
Аристов Н.А. Труды по истории и этническому составу тюркских племен. – Б., 2003. – 113 б.
3
Бартольд В.В. Көрсөтүлгөн эмгек. – 97 б.
4
Бернштам А.Н. История кыргызов и Кыргызстана с древнейших времен до монгольского завоевания. – Б.,
1996. – 4 б. он же; Избранные труды по археологии и истории Кыргызстана. Т.2. – Б., 1998. – 239 б.
5
Көрсөтүлгөн эмгек. – 244 б.
69
Н.Аристов өзүнүн эмгектеринде усундарды көчмөндөр катары мүнөздөп, алар жер
иштетүүнү билишкен эмес деп билдирет. Кийинчерээк, кытай тарыхый булактарына жана
археологиялык казуулардын негизинде А.Бернштам Н.Аристовдун пикирин толугу менен
ырастаган. Ал кытай авторлорунун эмгектеринен төмөнкү маалыматтарды келтирет:
«Усундар жер иштетүүчүлүк менен да, бак өстүрүүчүлүк менен да алектенишпейт, жайытка
ошондой эле сууга карап бир жерден экинчи жерге көчүп жүрүшөт. Ал эми салт-санаасы
боюнча гунндарга окшош»1. Баарыбызга белгилүү болгондой гунндар көчмөн эл болушкан.
Н.Аристовдун жана А.Бернштамдын бул ырастоолору өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.
Анткени, кийинки мезгилдеги изилдөөлөрдө, жарыкка чыккан эмгектерде усундар жер
иштетүүнү билишкен деген пикир кеңири колдонулууда. Тактап айтканда, Д.Джунушалиев,
А.Какеев, В.Плоскихтин эмгектеринде төмөндөгүдөй маалымат берилген: «Усундар
негизинен мал чарбачылыгы менен алектенишкен, бирок, отурукташкан конуштары болуп,
аларга жер иштетүүчүлүк деле жат болгон эмес»2.
Н.Аристов болсо «усундар, чыныгы көчмөн болушкандыктан жер иштетүүчүлүк менен
алектенишкен эмес, отурукташкан конуштары да болгон эмес»3 - деп белгилейт.
Кийинчерээк А.Бернштам усундардын көчмөн турмушта жашагандыгын далилдөө үчүн
Бичуриндин эмгектеринен маалыматтарды келтирген. Ал эми Бичурин болсо усундар
жөнүндө төмөндөгүдөй маалымат билдирген: «Алардын карамагында жылкылары өтө көп,
алардын ичиндеги байлар 4000ден 5000ге чейин жылкы кармашат».
Усундардын кытайлык ханышасы өзүнүн усундардагы жашоо турмушун баяндоодо,
мындай деп жазган: «усун падышасы кийиз менен капталган тегерек алачыкта жашап, эт
менен тамактанып, сүт ичет»4.
Усундардын бир гана көчмөн жашоо турмушта жашагандыгын далилдөө үчүн
Н.Бернштам усундардын көрүстөндөрүнөн табылган материалдарды далил катарында
көрсөткөн. Алардын көрүстөндөрүнөн койдун сөөктөрүнүн калдыктары табылган, алар каза
болгон кишинин сөөгүнүн жанына малдын этин коюшкан деген маалымат берген. Табылган
идиш-аяктар көчмөндөргө тиешелүү шар формасында жасалган. Сөөктүн жанынан ошондой
эле ат жабдыктары да табылган.
А.Н.Бернштамдын билдирүүсүнө караганда, усундар көчмөн мал чарбачылыгы менен
алектенишип, жылдын мезгилине жараша жайыт алмаштырышып турушкандыгы алардын
сакталып калган эстеликтеринин жайгашуусунан көрүнүп турат. Кыштоолордогу байыркы
көрүстөндөрдүн көлөмү өтө чоң болгон. Кыштоолор негизинен шамалдардан коргонуу жана

1
Ошол эле жерде Б. 239.
2
Джунушалиев Д., Какеев А., Плоских В. Көрсөтүлгөн эмгек. – 17 б.
3
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 28 б.
4
Бернштам А.Н. Көрсөтүлгөн эмгек. – 239 б.
70
суу менен камсыз болуу үчүн тоолордун боорундагы капчыгайларга жакын жайгашкан.
Тоолордо жана узак мөөнөттүү жашоого ыңгайсыз аймактарда бирин-серин анча чоң эмес
коргондор жайгашкан. Бул жерлерде усундардын кыска мөөнөт убакытта жашагандыгы
далилсиз эле көрүнүп турат.
Жогоруда белгиленгендерди эске алуу менен А.Н.Бернштам төмөндөгүдөй тыянак
чыгарган: «Мал чарбачылыгы усундардын жашоо-турмушунун негизин түзгөн, ал эми
аларда жер иштетүүчүлүктүн болгондугу азыркы мезгилге чейин далилдене элек»1.
Усундардын көчмөн турмушта жашагандыгын В.Бартольд да белгилеп кеткен: «Усундар
көчүп жүргөн аймак негизинен Жети-Суунун түздүктүү аймактарын ээлеген. Анткени
кытайлыктар да өздөрүнүн билдирүүлөрүндө алардын жерлери түздүктүү жана шалбаалуу
(чөптүү) деп белгилешкен»2.
Жыйынтыктап айтканда, усундардын тарыхындагы бул маселе боюнча Н.Я.Бичуриндин,
В.В.Бартольддун, А.Н.Бернштамдын жана Н.А.Аристовдун пикирлери бири-бирине дээрлик
дал келишет.
Н.Аристов жогорудагы божомолдоонун туура экендигин далилдөө үчүн төмөндөгү
маалыматтарды билдирген. Усундар көчмөн турмушта жашагандыктан кээ бир
илимпоздордун Ысык-Көлдүн тегерегинде табылган конуштардын калдыктарын
усундардыкы катарында аныктаган пикирлери негизсиз жана туура эмес. Ал ушул
маалыматка байланыштуу «Россия империясынын географиялык-статистикалык сөздүгүнүн»
экинчи томунан үзүндү келтирген. Анда усундардын борбору – Чигу Ысык-Көлдүн түндүк-
чыгыш жагында жайгашкан. Ал эми көлдүн түбүндөгү табылгалар ушул шаарга тиешелүү
деп жазылган. Томск табият таануучулар коомунун эмгектеринде төмөндөгүдөй
маалыматтар берилген: «Б.з.ч. II кылымдан баштап бул жерде (Ысык-Көлдө) усундар
жайланышышкан… алар көлдүн түндүк-чыгышда Чигу шаарын негиздешкен. Бул шаар
кийинчерээк суу астында калган, азыркы мезгилге чейин усундардын үй турмушундагы
буюмдары, кыйраган шаардын урандылары көлдүн үстүнө калкып чыгат»3.
Кийинки мезгилдеги изилдөөлөрдө дагы ушул сыяктуу эле маалыматтар кездешет.
Мисалы, окумуштуулар Д.Джунушалиев, В.Плоских, А.Какеевдердин билдирүүсүндө:
«Ысык-Көлдүн жээктеринде жана түбүндө жүргүзүлгөн археологиялык казуулар Чигу шаары
Түп булуңунун түштүк тарабында жайгашкан деген божомолдолорду илимпоздорго айтууга
мүмкүндүк берген. Анын урандылары азыркы күндө да көлдүн түбүндө жатат. Көлдүн
түбүнөн коло казандардын, канжарлардын, найзанын учтарынын, буудай майдалагычтардын,
керамикалык буюмдардын, кооздуктардын табылуусу Чигу шаары сактар тарабынан

1
Бернштам А.Н. Көрсөтүлгөн эмгек. – 240 б.
2
Бартольд В.В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. – Б., 1996. – 97 б.
3
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 28 б.
71
негизделип, андан кийин гана усундардын башкаруучусунун башкы ставкасынын кызматын
аткарган»1.
Кыргызстандын аймагындагы байыркы мезгилде жашаган уруулар жөнүндө тарыхый
эмгектерде маалыматтар өтө көп кездешээри баарыбыз үчүн маалым. Эгерде ал маалыматтар
кездешсе да, алар бири - бирине карама-каршы келет. Бул кандайдыр бир деңгээлде
усундардын тарыхына да тийиштүү. Биз бул маселени капысынан эле көтөргөн жокпуз.
Анткени, Н.Аристов усундардын тарыхын баяндоо менен алардын кыргыздар менен
байланышы жөнүндө өзүнүн өтө кызыктуу божомолдоосун билдирген. Бирок, кээ бир
илимпоздор бул маселе боюнча анын пикирине сын-пикир, ишенбөөчүлүк менен мамиле
жасашкан. Ошого карабастан, анын усундар жөнүндө изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары көңүл
бурууга татыктуу, азыркы күнгө чейин анын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы илимий
жыйнактарда, окуу куралдарында жана окуу-методикалык колдонмолордо чагылдырылган
эмес. Бир жагынан алып караганда, Н.Аристов тарабынан төмөндө көрсөтүлгөн усундар
жөнүндөгү изилдөөлөр, анын жыйынтыктары азыркы мезгилдеги илимий жана окуу-
методикалык колдонмолордогу илимий изденүүлөрдүн жыйынтыктары менен көбүнесе дал
келбейт. Анын изилдөөлөрүндөгү айрым маселелер боюнча жыйынтыктарын азыркы
мезгилдеги усундар жөнүндөгү маалыматтарды тактоодо жана толуктоодо пайдаланууга
болот.
Кеңири булактаануучулук маалыматтарына таянып, аларды изилдөө менен, орус
окумуштуусу усундар жөнүндө өтө кызыктуу, кээде күтүлбөгөн тыянактарды чыгарган.
Анын илимий изилдөөлөрүнүндөгү өзүнүн көз-караштары кандайдыр бир деңгээлде
болсо да көнүл бурууга татыктуудур. Ошондуктан, анын бул маселе боюнча пикирин толугу
менен бул илилдөөнүн негизинде жарыялап, аны азыркы учурдагы божомолдоолор менен
салыштырып, жыйынтыгында, Н.Аристовдун пикирин колдогон же ага каршы болгон
өзүбүздүн тыянакка келүүнү чечтик. Н.Аристовдун пикири боюнча усундар көчмөн
турмушта жашагандыктан, алардын отурукташкан конуштарынын издерин табуу эч кандай
натыйжа алып келбейт. Анын бул пикирине окумуштуу В.Бартольд да кошулган. Анын
пикири боюнча «Ысык-Көлдүн жээгиндеги жана анын түбүндөгү сакталып калган байыркы
мезгилге тиешелүү бардык табылгаларды кээ окумуштуулар белгилегендей усундарга
тиешелүү деп айтууга эч кандай негиз жок. Бизге көрүнүп тургандай – Ысык-Көлдө шаарлар
жана чептер усун деген аталыш жоголуп кеткенден кийин пайда болгон» – деген пикирин
айткан В.Бартольд2.

1
Джунушалиев Д., Какеев А., Плоских В. Көрсөтүлгөн эмгек. – 17 б.
2
Бартольд В.В. Көрсөтүлгөн эмгек. – 97 б.
72
Н.Аристов өзүнүн иликтөөлөрүнө таянуу менен Н.Голубевдин, М.Венюковдун,
Г.Колпаковскийдин Ысык-Көлдүн түбүнөн табылган табылгаларды, курулуштардын
урандыларын усундарга тиешелүү деген билдирүүлөрүн туура эмес деп эсептейт. Анын
билдирүүсүнө караганда: «кийинчерээк көлдүн түбүнөн табылган ар кандай темир идиштер,
балык уулоочулар тарабынан суунун астындагы көрүнгөн курулуш урандылары жөнүндөгү
сөздөр, өзгөчө, 1885-жылы жана 1887-жылдардагы Пишпек, Верныйдагы жана бул
шаарларга чектеш аймактарда болуп өткөн жер титирөөнүн негизинде, мүмкүн кийинки
мезгилдеги жер астындагы күчтөрдүн негизинде да көптөгөн кыштактар суу астында
калгандыр. Бирок, ал табылгалар качандыр бир мезгилдеги Чигу шаарынын калдыгы деп
баяндалып айтыла баштаган, андан кийин бул айтылган пикирлердин негизинде Чигу шаары
чындап эле суу астында калган деген факт бекемделе баштаган... Чындыгында, …кытай
тарыхый маалыматтарына караганда б.з.ч. 107-жылдан кийин негизделген Чигу шаары,
усундардын өздөрү тарабынан б.з.ч. 44-33-жылдары кыйратылган. Чжичжи шаньюй менен
бир нече салгылашуудан кийин, ага көпкө чейин каршылык көрсөтө албастыгына көзү
жетип, усундардын мамлекет башчысы батышта 5000 ли аймактагы жерлерин бүлгүнгө
учуратып, өзүнүн эли менен чыгышка кетип калган. Ал эми Чжичжы Чигу-ченге келгенде,
түп-тамырынан бери кыйратылган шаарды жана бүлгүнгө учураган бардык мамлекеттин
аймагын көргөн».
Маалыматтарга караганда «б.з.ч. 36-жылдан кийин усунь жергесинде бир да кытай
ханышасы калган эмес. Ал эми усунь княздарынын ортосунда Кытай менен өз ара мамилелер
толугу менен мамиле үзүлгөнгө чейин ич ара күрөштөр дагы токтотулган эмес. Мындай
шарттарда толугу менен кыйратылган Чигу шаарын калыбына келтирүү мүмкүн эмес эле.
Усундар көчмөн болгондуктан, аларга шаарда жашоонун жана аларды куруунун
зарылчылыгы түзүлгөн эмес. Чигу шаары Кытайдын императорунун кызы, усунь ханышасы
тарабынан негизделген… кытайдын эң акыркы ханышасы б.з.ч. 51-жылы усунь жергесинен
Кытайга кайра кеткен. Ал эми андан 10-15-жылдан кийин, 60 жылдай убакыт ичинде өкүм
сүрүп турган Чигу шаары кыйратылган. Анчалык чоң эмес, жыгачтан курулган, анын үстүнө
кыска мөөнөт ичинде кыйратылган шаардын калдыгы эки миң жылдан кийин өзүнүн
кандайдыр бир белгилерин, табылгаларын биздин күндөргө чейин сактап калуусу чындыкка
жакындашпайт»1.
Н.Аристов табылган идиш-аяктарды, курулуштардын урандыларын өтө кылдат баяндоо
менен, төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарган: «Ысык-Көлдүн кээ бир аймактарындагы
жээктерден жана суу астынан табылган адамдын сөөктөрүнүн калдыктары, кирпичтер,
карапа идиштердин бөлүктөрү жана курулуштардын урандылары Ысык-Көл өрөөнүнүн

1
Аристов Н.А.Көрсөтүлгөн эмгек. – 32 б.
73
калкынын бир бөлүгүнүн VII-XIV кылымдарда, негизинен, XII-XIII кылымдарда, башкача
айтканда, кара-кидандар жана монголдордун үстөмдүк кылып турган мезгилинен Жагатай
улусу түзүлүп, аларда мусулманчылык жайылганга чейинки учурда буддизмди кабыл алуусу
менен байланыштуу болуусу толук ыктымал. Ысык-Көлдөгү археологиялык табылгаларда
жез идиштеринин өтө көп кездешүүсү И-зиндин берген билдүрүүсүнө караганда буддизм
динин кабыл алуу менен байланыштуу болуусу мүмкүн»1.
Н.Аристовдун изилдөөлөрүнүн негизинде: «Усундар доорунан Ысык-Көлдө жана башка
аймактарда курал-жарактардын – жез же колодон жасалган жаанын учтарынын,
кылычтардын, бычактардын табылуусун күтүүгө болот. Алардын жоокердик куралдары бир
гана темирден болбосо керек. Эгерде андай болсо алар 2000 жыл ичинде дат басып
кеткендир. Көлдүн түбүндө, анын жээктеринде белгисиз жаанын учунан жана коло бычактан
башка усундарга тиешелүү эч кандай буюм табылган жок. Ошондой эле ал табылгалар
кимдерге тиешелүү экендиги да белгисиз»2 - деген пикирге токтогон.
Н.Аристов ошондой эле усун-кытай өз ара мамилелери жөнүндө кеңири маалыматтарды
берген. Ал маалыматтарга караганда биздин доордун башында бул мамилелер өтө начарлап,
ал эми II кылымдын башында усундар Кытайдан биротоло бөлүнгөн. Кытайлыктар 436-
жылы усундарга өздөрүнүн элчилерин жиберишкен. Андан кийин усундар кытайга жылына
белек-бечкектер менен өздөрү элчилерди жиберип турушкан. Бирок, жогорудагы
окуялардан кийин тарыхта усун деген аталыштагы өз алдынча эл жөнүндө маалыматтар
дээрлик кездешпейт.
Н.Аристов жогоруда белгиленгендерге байланыштуу мыйзам ченемдүү суроо койот: 436-
жылдан кийин усундарга эмне болду? Бул суроолорго ал кыргыздардын VI кылымда
тарыхый аренага чыга башташын байланыштыруу менен ишенимдүү жооп айтат: «VI-VII
кылымдарда батыш Теңиртоодо, Талас жана Или дарыяларынын аралыгындагы өрөөндөрдө
нушибилердин беш аймагынын кыргыздары кантип пайда болуп калышты»? Ушул маселеге
байланыштуу Н.Аристов V кылымдын 436-жылдарынан кийин, кытай элчилери усун
башкаруучуларын Цунлинден жолуктургандан кийин жогоруда белгиленген аймактарды
жердеген көп сандаган усундарга эмне болду деген суроону койот? Бул суроолорго да ал
ишенимдүү жооп айтат: «Менин пикирим боюнча, ошол кыргыздар усундардан болушкан,
усундардын элдик аталышы «кыргыз» болгон. Ал эми «усун» деген аталыш бул саясий
термин гана болуп эсептелинет. Мүмкүн б.з.ч. III кылымда Енисейде калган кыргыздардан
бөлүнүп, Танну тоо кыркасынан түштүккө карай көчүп, аталган тоо кыркасы менен Тянь-
Шандын ортосундагы аймакты ээлеп, кийинчерээк, б.з.ч. II кылымда батыш Тянь-Шанга жер

1
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 47 б.
2
Көрсөтүлгөн эмгек. – 51-б.
74
которушкан кыргыз уруулары жашаган аймактын же болбосо алардын уруулук союзун
аталышы болуусу толук мүмкүн»1.
Жыйынтыгында, Н.Аристов усундар кыргыздардын түздөн-түз ата-теги, алар алгач
Енисейде жашаган кыргыз элинин бир бөлүгүн түзүшкөн - деп тыянак чыгарган.
Н.Аристов усундарды кыргыздардын ата-теги деген пикирин төмөндөгү өзүнүн
тыянактары менен далилдейт:
Биринчиден, Батыш Тянь-Шанда VI кылымдан баштап усун деген аталыш жок болуп
кетип, биздин мезгилге чейинки учурда кыргыз деген аталыштагы элдин бар болуусу;
Экинчиден, батыш түрктөрү же тукиюецтер үстөмдүк кылган аймактардагы жашаган
калктардын арасында азыркы күнгө чейин кара-кыргыздардын урук жана урууларынын
аталыштарынын сакталып калуусу;
Үчүнчүдөн, Енисейде байыркы мезгилден XVIII кылымдын аягына чейин Тянь-Шань
кыргыздарына окшош элдин, алардын тилинин, келбетинин окшоштугунун жана салт-
санааларынын жалпылыгынын сакталып калуусу качандыр бир мезгилде алардын бир элди
түзгөндүгүн далилдейт. Бирок, алар б.з.ч. III кылымда кандайдыр бир себептерге
байланыштуу экиге бөлүнүп кетишкен. Алардын бир бөлүгү XVIII кылымга чейин Енисейде
жашаган. Ал эми усундар деп кытайлыктар атаган элдин бир бөлүгү болсо Танну тоо
кыркасынан түштүккө карай азыркы учурда Цзасакту аймагын ээлешкен. Андан кийин гана
хуннулардын кысым астында батыш Тянь-Шанга жер которушкан;
Төртүнчүдөн, VI кылымда кайрадан тарыхый маалыматтарда кыргыздар жөнүндө
билдирүүлөр пайда боло баштаган. Ал эми мурдараак кытай тарыхый булактарында усундар
жөнүндөгү маалыматтардын берилбей калуусу, усундар менен кыргыздардын сырткы
келбетинин окшоштугуна байланыштуу усундардын VI кылымдан баштап кыргыз деген
аталыш менен белгилүү боло баштагандыгын айгинелейт. Бул маселе Енисейден же
Монголиядан Тянь-Шанга кыргыздардын көчүп келүүсүн тастыктаган маалыматтардын
жоктугу менен да далилденет. Ошол эле учурда батыш Тянь-Шанда 350 миңдей кара-
кыргыздардын пайда болуп калгандыгын түшүндүргөн жер которуунун болбогондугун да
эске алуу керек. Жаңы доордо көп сандаган элдин көчүүсү жөнүндө тарыхта эч кандай
маалыматтар кездешпейт. Ошондой эле көп сандаган элдин көчүүсү мүмкүн да эмес»1.
Андан кийин усундар эмне үчүн «кыргыз» деп атала баштагандыгын Н.Аристов
түшүндүрүүгө аракет жасаган: «Түрк урууларынын көпчүлүгү өз уруу аталыштарын өздөрү
мекендеген жердеги дарыянын аталышы же башка аталыштар боюнча алышкан. М:
Карлуктар Чарыш дарыясынын куймасы Карлуктан, Лебединдиктер – Лебеди дарыясынын

1
Аристов Н.А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы… – 219 б.
1
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 13 б.
75
аталышынан, тубиндер – кыргыздардын уруусу же аймактык бөлүгү – Туба дарыясынан
ж.б.у.с. Мүмкүн, усундар да түштүккө жер которуп кеткенге чейин кытайларда Июс жана
Сон аймактык аталышы менен белгилүү болушкандыр. Ошондуктан, алар өздөрү мурда
мекендеп көчүп жүрүшкөн аймактагы Июс жана Сон дарыяларынын атынан мүмкүн аталып
калышкандыр»1.
Н.Аристов усундарды кыргыз деген ырастоолорунда жалгыз эмес. Тактап айтканда,
Дж.М.Малабаевдин билдирүүлөрүнө караганда, кытай тарыхчысы Уйсон Ажи кытай, араб,
түрк жана уйгур тарыхый маалыматтарына таянуу менен усундардын жана кыргыздардын
түпкү тамыры бир деп эсептейт.
Уйсон Ажинин ырастоолоруна караганда усундар байыркы мезгилден бери эле Тянь-
Шанда Или дарыясынын жээктеринде жашашып, Чу өрөөнүндө көчүп жүрүшкөн.
Усундардын падышасынын (гуньмо) борбору Ысык-Көлдүн жээгинде Чоң Кызыл-Сууда
жайгашкан. Кытайлыктар бул мамлекетти Чигу деп аташкан. Уйсон Ажинин пикирине
караганда, бул «Кыргыздардын мамлекети» дегенди түшүндүрө2т.
Н.Аристовдун усундарды кыргыздар деген изилдөөлөрүнө таянуу менен профессор
Н.В.Кюнер да анын пикирин туура деп эсептейт3.
Академик В.Бартольд өзүнүн «Кыргыздар: тарыхый очерктер» деген эмгегинде, б.з.ч. II
кылымдын экинчи жарымындагы кытай тарыхый булактарында кыргыздар усундардын
ээликтеринде жашайт деген маалыматтар берилген - деп билдирет.
Н.Аристовдун кыргыздар б.з.ч. III кылымда Теңир-Тоодо жашап, усун деген аталыш
менен белгилүү болгон деген божомолдоосун Ю.Худяков дагы өз изилдөөлөрүндө белгилеп
кеткен.
Жалпысынан айтканда, Дж.Ж.Малабаевдин пикиринде: «кытай маалыматтарына
караганда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаты усун уруулук союзунан башталган»4.
Профессор Э.Ж.Маанаев бул маселе боюнча өзүнүн төмөндөгүдөй пикирин билдирген: -
«Н.А.Аристовдун усундарды кыргыздардын батыш бөлүгү деген пикири жүйөлүү, илимий
негиздүү тыянак дегенге толук негиз бар. Усундар азыркы мезгилде (сары усун, кара усун)
Кыргызстандын Лейлек, Баткен райондорунда, Өзбекстандын Замин, Бахмал, Пушкин
райондорунда, Тажикстандын Нау, Пролетар, райондорун мекендеп келишет»5.
Бул маселени изилдешкен окумуштуулардын дээрлик көпчүлүгү усундардын
Кыргызстандын аймагында биздин доорго чейинки III-V кылымдан биздин доордун V

1
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 219 б.
2
Малабаев Дж.М. История государственности Кыргызстана. – Б.: Илим. 1997. – 9 б.
3
Кыргыздар (санжыра, тарых, мурас, саякат). Т.2. – Б., 1993. – Б. 74-75.; Кюнер Н.В. Китайские известия о
народах южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока. – М., 1961. – 10, 99 б.
4
Малабаев Дж.М. История государственности Кыргызстана. – Б.: Илим. 1997. – 9 б.
5
Маанаев Э.Ж. Каратаев О.К. Кыргыз элинин этникалык ёнъгъъсъ. - Б.: 2003. – 61 б.
76
кылымына чейин мезгилде жашагандыгын өз изилдөөлөрүндө белгилешет. Усундар ушунча
мезгил Теңир-Тоонун аймагында жашоо менен Кыргыз элинин тарыхына жана этникалык
курамына өздөрүнүн таасирин тийгизбей кетүүсү мүмкүн эмес.
Тилекке каршы, Н.Аристовдун пикирин бардык эле окумуштуулар кабыл алышкан эмес.
А.Н.Бернштам бул маселени таптакыр башкача нукта карайт: усун уруулук союзунун пайда
болуусу бул көчмөн сак урууларынын өнүгүүсүндөгү автохтондук процесс. Бул аларда
уруулук түзүлүштүн бузулуу процессинин натыйжасында болуп өткөн. Окумуштуу өзүнүн
божомолдоосун төмөндөгүдөй түшүндүрөт: «кытайлыктар «сак» терминин билишет. Алар
түндүк Кыргызстандын калкын «сак» (сэ, сэн) термини менен атагандыгына караганда, «сак»
этноними батыштан же башка бирөөлөр тарабынан киргизилбестен көчмөндөрдүн өздөрүн
ушундай термин менен атагандыгы түшүнүктүү болот. Ал эми бул терминди перстер
киргизген деген божомол болсо жокко чыгарылат.
Бирок, биздин доордун чектерине жакындаган сайын бул термин жоголо баштап, анын
ордуна кытай транскрипциясындагы – усун деген жаңы термин тарала баштаган. Башкача
айтканда, бир коом экинчи коом менен алмашылгандай сак коому кытай маалыматтарына
караганда гунн аскер башчылары Модэ, кийинчерээк Лаошан тарабынан усундар Чыгыш
Туркестанда талкалангандан кийин Батыш Тянь-Шанга жер которуусу менен алар тарабынан
алмаштырыла баштаган. Баарынан таң калыштуусу байыркы античтик маалыматтар да,
ошондой эле археологиялык табылыгалар да бул кыргын жөнүндө эмне үчүн эч кандай
маалыматтарды беришпейт?
Птоломей жана Страбон сактарды мүнөздөөдө Чыгыш Туркестандан усундардын басып
кирүүсү тууралуу маалыматтарды беришкен эмес. Архелологиялык табылгалар болсо
көчмөндөрдүн сактардан усундарга карай өнүгүү багытын гана көрсөтөт.
Андан кийин А.Н.Бернштам өзүнүн божомолдоосун тастыктоо үчүн, алдына
төмөндөгүдөй суроону койот: «Эгерде усундар Чыгыш Туркестанды басып кирүү менен үч
жүз жыл ичинде түндүк Тянь-Шанда үстөмдүк кылышса, анда эмне үчүн алар сак
маданиятынын мүнөзүн өзгөртө алышкан жок? Биз алар таптакыр башкача мүнөздөгү
маданият таркаган аймактан келгендигин эске алууга тийишпиз. Бирок, археологиялык
табылгаларда да кандайдыр бир өзгөрүүлөрдүн жүргөндүгү байкалбайт. Мындай
өзгөрүүлөрдү биз да дээрлик байкай алган жокпуз»1 – деген божомолдоосун билдирген.
Жогорудагыларга байланыштуу окумуштуу төмөндөгүдөй тыянак чыгарган:
археологиялык материалдарда сактар менен усундардын доорлорунун ортосундагы
айырмачылыктын дээрлик жок болуусу, ал эми усундар мезгилиндеги эстеликтер сактардын

1
Бернштам А.Н. История кыргызов и Кыргызстана с древнейших времен до монгольского завоевания. Б., 1996.
– 235.
77
маданиятын логикалык жактан улантуучу катарында каралса, анда чындыгында усундар
мезгилинде ошол эле сак чөйрөсүндөгү уруулар өкүм сүргөн жана үстөмдүк кылган деп
айтууга болот. Жаңыдан түзүлгөн усун уруулук союзу – сак урууларынын бөлүктөрүнөн
түзүлгөн. Ошондуктан, бул маселе тууралуу байыркы авторлор эч кандай маалымат
калтырышкан эмес. Анткени, бул процесс сак уруусунун өзүнүн ичиндеги аралашуунун
негизинде жүргөн. Кытай маалыматтарында чагылдырылгандай бул процесс, бир уруунун
экинчи урууну кысымга алуусунун негизинде да болуп өткөн эмес. Ушул себептерге
байланыштуу археологиялык материалдарда Тянь-Шандын б.з.ч. VIII-IV кылымдардагы
ошондой эле б.з.ч. III-I кылымдардагы чарбалык өнүгүүсүндө дээрлик айырмаланган
өзгөрүүлөр байкалган эмес. Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн баарын эске алуу менен
А.Н.Бернштам сактардын тарыхын эки доорго бөлүп кароо менен, анын экинчи мезгилин –
усун доору деп атасак болот деген пикирди айтат.
Бирок, А.Бернштам усундарды сактардын бир бөлүгү деп эсептөө менен, Н.Аристовдун
кыргыздар Тянь-Шанда усундардын, кийинчерээк нушибилердин бир бутагы катарында
болгон деген пикирин туура эмес деп эсептейт Анын пикири боюнча: кыргыздардын батыш
бутагы өз алдынча уруулук бөлүк катарында болуу менен, усундарга каршы болгон уруулар
тобун түзүшкөн. Усундар бир учурда өтө күчтүү бирдик катарында болуп, нушиби деген
аталышты алып жүргөндүгү тууралуу Н.Аристов тарабынан көрсөтүлгөн бир да жазма
булакта маалымат берилбейт. А.Бернштам Н.Аристовдун нушиби союзуна кирген урууларды
кыргыз урууларынын аталыштары менен байланыштыруу аракетин көңүл бурууга татыктуу
деп билдирген. Н.А.Аристов кыргыздардын ассык жана куизу уруулары жөнүндө белгилеп,
аларды кытай жазма булактарындагы «ассиги» жана «гэшу» уруулары менен
байланыштырган.
Ал эми нушиби урууларынын кыргыздар менен гана эмес, усундар менен да
байланыштары болгон. Өзүнүн жогорудагы билдирүүсүн далилдөө үчүн, А.Бернштам
Тонукуктун жазуусунан мисал келтирет. Анда төмөндөгүдөй маалымат берилген: «Биз усун
союзунун журтуна токтодук», деп билдирет Тонукук. Түрк каганы (Ильтерес) Шандунга
чейин жетип, 33 шаарды талкалап, усун союзунун журтуна чейин жетип, ошол жерде калып
калды. Бул жортуулдар батыш түрк кагантынын аймагында нушиби уруулары үстөмдүк
кылып турган VII кылымдын аягы VIII кылымдын башына туура келет. Ушул нушиби союзу
түрк булагында усун союзунун журту деп аталган. Жогорудагыларды эске алуу менен,
А.Бернштам төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарган: «Нушиби жана усун урууларынын бири-
бири менен байланышы белгилүү деңгээлде кабыл алынган. V кылымда усундар өздөрүнүн
автономдуулугун сактагандыгы, Ферганага өздөрүнүн элчиликтерин жиберип тургандыгы,
ошондой эле кытайлыктарга котормочуларды жана жол көрсөткүчтөрдү берип туруусу,
78
алардын уруулук аталышынын унутулбагандыгын, өзгөчө, көчмөн уруулар арасында
унутулбагандыгын дагы бир жолу айгинелейт. Бирок усундар – кыргыз эмес»1.
Ошого карабастан, А.Бернштам кыргыздар менен усундар ортосунда байланыштардын
бар болгондугун моюнга алуу менен: «гунндар доорундагы уруулук түзүлүш катарында
кыргыздар биринчиден гунндар жана сянбилер, экинчиден, динлиндер, үчүнчүдөн усундар
менен тыгыз өз ара байланыштардын негизинде өнүккөн»2 - деп билдирген.
Жыйынтыгында, Н.Аристовдун усундар жөнүндөгү изилдөөсүн талдоо менен, анын
тыянактарынын өтө кызыктуу экендигин айтпай кеткенге болбойт. Албетте, жогоруда
белгиленгендей, бир топ окумуштуулар Н.Аристовдун көп кырдуу көз караштарын белгилүү
деңгээлде кабыл алышпайт. Бирок, окумуштуу тарабынан ар кандай тарыхый булактардан
чогултулган кеңири маалыматтар бизди азыркы мезгилдеги изилдөөлөрдөгү, окуу
китептериндеги усундардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн тарыхы боюнча кээ бир
маселелерди кайрадан карап чыгуу жана өзгөртүү керек деген ойго түртөт. Кыргыздардын
этникалык тарыхындагы кээ бир маселелерди аныктоодо жана конкреттештирүүдө бул
маселенин илимий мааниси өтө зор. Анткени, кыргыз элинин түзүлүүсү илимпоздор
тарабынан кеңири изилденбеген жана бүгүнкү күндө талаш маселелерден болуп эсептелинет.
Көптөгөн окумуштуулардын пикири боюнча усундар кыргыз элинин түзүлүү процессине
катышышкан.

§ 2.2. Н.А.Аристов Енисейлик жана Тянь-Шандык кыргыздардын өз ара мамилелери


жөнүндө
Енисейлик жана Тянь-Шандык кыргыздардын тарыхый-маданий, ошондой эле
этногенетикалык пландагы өз ара мамилелериндеги татаал маселелер көп мезгилден бери эле
изилдөөчү-окумуштуулардын назарын өзүнө буруп келүүдө.
Биринчилерден болуп, бул маселеге XVII кылымда эле Г.Р.Миллер, И.Е.Фишер,
И.Т.Георги кайрылышкан. Алар 1733-жылы Сибирде болушканда, архивдик материалдардын
ошондой эле жергиликтүү жашоочулардын билдирген маалыматарына таянышып, XVII
кылымдын башында Енисейлик кыргыздар калмактарга аралашып кетишкендигин, ал эми
калмактарда болсо алар «бурут» деген аталыш менен белгилүү – экендигин билдиришкен3.

1
Бернштам А.Н. Көрсөтүлгөн эмгек. – 213 б.
2
Көрсөтүлгөн эмгек. – 193 б.
3
Миллер Г.Р. История Сибири. Т.1. – М.-Л. 1937. - С. 314.
79
Ушундай эле божомолдоону И.Е.Фишер да колдоп, ал Тянь-Шань кыргыздарын «бурут
кыргыздары» деп атаган. Анын ою боюнча бардык муундагы кыргыздардын ата теги бир,
алар бир атадан таркаган1.
XVIII кылымдын башында Енисейлик кыргыздар Тянь-Шанга калмактардын таасири
астында көчүп келишкен деп жазган И.Т.Георги.
Окумуштуу Ю.М.Клапрот да: XVIII кылымды - Обь жана Енисей дарыяларынын
аралыгындагы жерлерди мекендеген кыргыздардын Чыгыш Туркестанга көчүү мезгили деп
эсептеген2.
Н.Я.Бичурин (Иакинф) Енисей кыргыздары менен Тянь-Шань кыргыздарынын
байланышына биринчилерден болуп өзүнүн каршы ой пикирин айтып чыккан. Ал «киргиз» -
бул монгол термини, кыргыздар калмактардын анча чоң эмес муундарынан болушкан деп
эсептеген. Ал эми «буруттар» түрк тилиндеги «кэргыз» - деген аталыш менен белгилүү
болушуп, мурдатан эле Хотан тоолорунун түштүгүндөгү аймактарда көчүп жүрүшкөн.
Биздин замандын IV кылымында алар Тянь-Шанга жер которушуп, азыркы жердеген
аймактарында отурукташа башташкан. Кытайдын болу, булу, болюй деген аталыштары
менен белгилүү болушкан. Аталган терминдер «бурут» терминине туура келет. Тарых
илиминде кыргыз жана бурут этнонимдеринин байланышы, түпкү жалпылыгы жөнүндө бир
деген окумуштуулар өздөрүнүн көптөгөн ой-пикирлерин айтышкан3.
Кээ бир окумуштуулар, тактап айтканда, О.Караев Н.Бичуриндин бул илимий
божомолдоосун туура эмес деп эсептейт. Н.Бичурин жогоруда белгилеп кеткен кыргыздар
Енисейлик кыргыздардын бир бөлүгү болуп эсептелинишип, алар XVIII кылымдын башында
батыш монголдору тарабынан түштүккө карай көчүрүлгөн – деп белгилейт.
Белгилүү казак окумуштуусу Ч.Валиханов Енисей жана Теңиртоо кыргыздарынын
ортосундагы байланыш тууралуу теорияга каршы өзүнүн оюн айтат. Көптөгөн тарыхый
маалыматтарды жана уламыштарды изилдөө менен кыргыздар автохтондуу калк деген
чечимге келген. Теңиртоо кыргыздары байыркы мезгилден бери эле Анжиян менен Ысык-
Көлдүн аралыгындагы аймактарды мекендеп келишкен. Кыргыздарда алардын Енисейден
Тянь-Шанга жер которуп келгендиги тууралуу бир да маалымат жок экендигин белгилеген.
Андан сырткары, Ч.Валихановдун пикири боюнча кыргыздар өздөрүн бурут деп аташкан

1
Фишер И.Е. Сибирская история с самого открытия до завоевания сей земли российским оружием. – СПб.
1774. – 58-59 б.
2
Вопросы этнической истории кыргызского народа. – Фрунзе, 1989. – 8 б.
3
Вопросы этнической истории кыргызского народа. – Фрунзе, 1989. – 9 б.
80
эмес жана алар бул термин тууралуу билишпейт1. Бирок, аталган окумуштуу өзүнүн
изилдөөлөрүндө бул маселеге байланыштуу башка көз карашын айткан: - «Байыркы
мезгилдерде Енисейлик кыргыздар Тянь-Шанга чейин жер которуп көчүп жүрүүсү мүмкүн.
Енисейлик кыргыздар менен Тянь-Шандык кыргыздардын бири-биринен бөлүнүп кетүүсү
Чынгызхандын мезгилинде же андан мурун уйгурлардын кыймылы учурунда болушу
мүмкүн. Енисей жана Тянь-Шандык кыргыздар бири-бирине байланышкан бир эле эл.
Алардын бир эл экендигин элдин аталышынын өзү эле айгинелейт. Бул жөн гана
этимологиялык аталыш же окшоштук эмес»2. Ч.Валихановдун пикири боюнча Енисей
кыргыздарынын бир бөлүгү Тянь-Шанга IX кылымда же XIII кылымдарда жер которушкан.
Кийинчерээк, XIX кылымдын аягында Енисей кыргыздарынын Тянь-Шанга көчүп
келүүсүн жактаган В.В.Радлов жана Тянь-Шань кыргыздарынын көз карандысыз өз алдынча
түзүлүүсүн далилдеген Н.А.Аристов экөөнүн ортосунда жогорудагы маселелер боюнча
кеңири талаш-тартыштар болуп өткөн.
Тактап айтканда, В.В.Радлов жеке өзү Минусин өрөөнүндө болуп, андан кийин Тянь-
Шанга да келип кеткен. Ал өзүнүн бул маселе боюнча жазылган эмгегинде кыргыздардын
бир бөлүгү кидандардын үстөмдүгүнүн натыйжасында X кылымда Минусин өрөөнүнө кайра
кайтып кетишип, Саян-Алтайдын элдери менен аралашып кетишсе, алардын кээ бир
бөлүктөрү Иртыштын жогорку агымындагы аймактарга отурукташкан. Ал эми дагы бир
бөлүгү болсо Тянь-Шанга жер которгон - деп билдирген. Кийинчерээк XIII кылымда
кыргыздардын бир бөлүгү монголдордун кысымы астында Саянга сүрүлгөн, бир бөлүгү
Абакан өрөөнүнө көчүп келишсе, «эң чоң бөлүгү монголдор тарабынан түштүк-батышка
жылдырылып, батыш Тянь-Шанга жайгаштырылган»3.
Н.Аристовдун бул маселе боюнча өзүнүн көз карашы бар. Этнографиялык материалдарга
талдоо жүргүзүү менен, байыркы кыргыздар Енисей кыргыздары менен усундардын ата-
бабаларынан болгон, - деген ой-пикирге келген. Анын пикири боюнча б.з.ч. III кылымда
усундар Енисейлик кыргыздардан бөлүнүшүп, Монголия менен Чыгыш Туркестандын
ортосундагы аймактарга отурукташышкан. II кылымдын ортосунда, усундар гунндардын
кысымынын натыйжасында Батыш Тянь-Шанга жылышкан. Бул аймакка келип
отурукташышкандан кийин алардын уруулук биримдиги урап, алгач алар түрк, карлук,
караханид каганаттарынын курамына киришкен. Кийинчерээк аларды монголдор, андан

1
Валиханов Ч.Ч. Собр. Соч. в 5-ти т. Т.2. – Алма-Ата, 1985. – 58 б.
2
Көрсөтүлгөн эмгек. Б. 63-65, Т.3. – 346 б.
3
Радлов В.В. К вопросу об уйгурах // Зап. АН. Т.72. Вып. 2. – СПб., 1893. – 18 б.
81
кийин кокондуктар каратышкан. Алардын азыркы мезгилдеги чыныгы аталышы «кыргыз» -
деп эсептейт Н.Аристов1.
В.В.Радлов белгилеген X, XII жана XIII кылымдын башындагы Енисей кыргыздарынын
жер которуп отурукташуу гипотезасын Н.Аристов далилсиз деп эсептейт.
Бул маселе боюнча окумуштуу Л.Р.Кызласов да өз пикирин айткан. Анын пикири боюнча
«Эгерде кыргыздар Енисейден Тяньшанга көчүп келген болчу болсо, анда алардын өлгөндө
сөөк коюу салты менен аныкталмак, Енисейлик кыргыздар сөөктү өрттөшкөн … ал эми
андай салт Тянь-Шанда жок»2.
Н.Аристов өзүнүн «Усундар жана кыргыздар же кара-кыргыздар…» деген эмгегинде
Енисейлик жана Теңиртоолук кыргыздардын тарыхын өз алдынча бөлүп карайт. «Тарыхый
жазма эстеликтердеги Теңиртоолук кыргыздар жөнүндөгү биринчи эскерүү, менин пикирим
боюнча, 568-жылга тиешелүү», - Византиялык Менандр Земархтын элчилиги тууралуу
берген маалыматында Земархка берилген туткун аял, «Херхис» - деп аталган элден
экендигин маалымдаган. «Византиялык тарыхчы Дексиан жана башка үзүндүлөргө таянуу
менен» Н.Аристов аталган херхистер – бул кыргыздар деп белгилейт, бирок, сөз Енисей
кыргыздары же Теңиртоолук кыргыздар жөнүндө болуп жатабы? - деп өзүнө суроо койгон.
568-жылы августта Константинополдон Дизавулга барган Земархтын басып өткөн жолун
ырааттуу изилдөө менен, Н.Аристов Дизавул өз эскерүүлөрүндө Эктаг тоосунда болгондугун
белгилеп кеткен, ал эллиндик түшүнүктө Алтынтоо, Ала-Тоо деген маанини бере
тургандыгын далилдеген. Н.Аристов аталган тоо Эктаг эмес Актаг, ал эми Актаг деген
түшүнүк алтын тоо эмес, ак тоо деп аталса керек деген бүтүм чыгарган. Византиялык
тарыхчы Дексиан жана башкалардын маалыматтарына таянуу менен, Дизавул алгач Таласта
жолугушуп, бул жерде алар персиянын элчилери менен жолуккан учур дейт. Зимарх андан
кийин Таластан Сыр-Дарыя менен Каратоо кыркаларынын ортосунда жайгашкан өлкөгө же
болбосо Каратоо менен Чу суусунун төмөнкү агымындагы Эктаг (Алатаг) тарапка жөнөйт.
Аталган аймак Таластан чыгышыраакта, тактап айтканда, Или суусунун же болбосо Чу
суусунун боюнда орун алуусу мүмкүн деген пикирди айткан. Ушул маалыматтарга таянуу
менен, Н.Аристов «Батыш тукиецтердин жол башчысы Дизавул Земархка белекке берген
туткун аял батыш Тянь-Шанды мындан мурдараак багындырган, Тянь-Шань аймагын
жердеген кыргыздардан болуусу мүмкүн» - деп чечим чыгарган. Ал туткун аялдын Енисей
кыргыздарына таандык экендиги чындыкка жакын эмес. Анткени, аларды багындыруу 568-

1
Аристов Н.А. Опыт выяснения этнического состава киргиз-казахов большой орды и кара-киргизов на
основании родословных сказаний и сведений // Живая старина. Вып. III, IV. – СПб., 1894. – 450-451, 460, 464-
465 б. Вып. III, IV. – СПб. 1896. – 298; 395-396 б.
2
Кызласов Л.Р. О связях кыргзов Енисея и Тянь-Шаня (К вопросу о происхождении киргизского народа) //
ТКАЭЭ. Т.3. Фрунзе, 1959. – 104 – 113 б.
82
жылдан бир топ мурун, 556-жылдарга туура келет…1 - деп Н.Аристов өзүнүн бул маселе
боюнча пикирин билдирет.
Жогорудагы талаш маселеге байланыштуу Н.Аристов мыйзам ченемдүү суроо койот: «VI-
VII кылымдарда батыш Тянь-Шанда, Талас жана Или дарыяларынын аралыгындагы
өрөөндөрдө кыргыздар кантип пайда болуп калышты»? Ушул маселеге байланыштуу
Н.Аристов ушул мезгилге чейин бул аймакты жердеген көп сандаган усундар кайда кетишти
деген суроону коөт? Бул суроолорго ал ишенимдүү жооп айтат: «Менин пикирим боюнча
ошол кыргыздар усундар деген аталыш менен белгилүү болушкан. Усундардын элдик
аталышы «кыргыз» болгон, ал эми «усун» деген аталыш бөлөк калктар тарабынан
пайдаланылган саясий термин гана болуп эсептелинет. Мүмкүн б.з.ч. III кылымда Енисейде
калган кыргыздардын бир бөлүгү бөлүнүп, Танну тоо кыркасынан түштүккө карай көчүп,
аталган тоо кыркасы менен Тянь-Шандын ортосундагы аймакты ээлеп, кийинчерээк, б.з.ч. II
кылымда батыш Тянь-Шанга жер которушкан кыргыз уруулары жашаган аймактын же
болбосо алардын уруулук союзунун аталышы болуусу толук мүмкүн. Түрк урууларынын
көпчүлүгү өз уруу аталыштарын өздөрү мекендеген жердеги георграфиялык аталыш,
дарыянын аталышы же башка аталыштар боюнча алышкан. М.: Карлуктар Чарыш
дарыясынын куймасы Карлуктан, Лебединдиктер – Лебеди дарыясынын аталышынан,
тубиндер – тубалардагы кыргыздардын уруусунун аймактык бөлүгү – Туба дарыясынын
атынан ж.б.у.с. Ошондуктан, усундар да түштүккө жер которуп кеткенге чейин кытайларда
Июс жана Сон дарыяларынын жээктеринде жашашкан жана кытайлыктарга Июс-Сон же
усун деген аталыш менен белгилүү болушкан. Ошондуктан алар өздөрү мурда мекендеп
көчүп жүрүшкөн аймагы Июс жана Сон дарыяларынын атынан аталып калуусу толук
ыктымал»1.
Н.Аристов «усун» этнониминин келип чыгуусу боюнча буга чейин эч ким айта элек абдан
кызыктуу көз карашты айткан. Бул көз карашка өзгөчө көңүл буруу зарыл экендиги айтпаса
да түшүнүктүү. Ушундай эле пикирлер Н.Аристовдун башка эмгектеринде да кездешет.
Тактап айтканда, Н.Аристов өзүнүн «Кыргыз-казактардын чоң ордосу менен кара-
кыргыздардын санжыра-уламыштарынын негизинде алардын уруулук байланыштары, эн
тамгалары, ошондой эле тарыхый билдирүүлөрдүн жана баштапкы антропологиялык
изилдөөлөрдүн негизинде алардын этникалык курамын изилдөөнүн тажрыйбасы» деген
эмгегинде төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарган:
1. Азыркы кара-кыргыздар б.з.ч. 150 жыл мурда Ортоңку Монголиядан Батыш
Теңиртоого көчүп келишкен усундардын урпактары;

1
Аристов Н.А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы… – 214 б.
1
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 219 б.
83
2. Усундар Енисейде калып калган байыркы кыргыз урууларынан тарыхый
шартка байланыштуу бир мезгилде бөлүнүп жер которуп келген кыргыз урууларынын
бир бөлүгү болуп эсептелинет, алар кийинчерээк кытайларга кыргыз деген аталыш
менен белгилүү болушкан. Кытай тарыхчылары өз эне тилинин өзгөчөлүгүнө жана
транскрипциялык өзгөртүүгө байланыштуу бурмалоо менен аларды ушундай
аташкан. Хань дианастиясынын учурунда кыргыз этноними - гекунь, гяньгунь; Тан
династиясынын учурунда – цзе-гу, киркут, хягяс; кийинчерээк Суй династиясынын
мезгилинде – чигу, же-гю, хы-гу, жю-ху, хыгыс, ши-гас; Ляо династиясынын
мезгилинде – шийа гас, ал эми Мин династиясынын жылнаамаларында болсо –
кыржыс формасында кездешет;
3. Ортоңку Монголияда усундар бир гана кыргыздардан турган эмес, ал
усундардын кыргыз бөлүмү башында турган түрк урууларынын союзу катарында
болгон;
4. Усундар менен Енисейлик кыргыздардын түпкү жалпылыгы (ата-бабалары)
болуп байыркы кыргыздар эсептелинет. Ал эми байыркы кыргыздар түрктөр менен
динлиндерден таркаган. Динлиндер болсо узун моюндуу жана ак түспөлдүү байыркы
түндүк азиялык уруулардан болушкан;
5. Динлиндердин калдыгы болсо VII кылымдан баштап «пегого» (түрк тилинен
которгондо «ала» дегенди түшүндүрөт) элдери деген аталыш менен белгилүү
болушкан. Орус баскынчылары Сибирди жана Енисей аймагын каратуу учурунда
аларды арин, ассан, котт деген аталыш менен кезиктиришкен.
Ошентип, Н.Аристов Енисей жана Тянь-Шань кыргыздарынын тарыхы бирдей деп өзгөчө
кароону сунуштаган. Н.А.Аристовдун пикири боюнча усундардын жана Енисей
кыргыздарынын түпкү жалпы теги – байыркы кыргыздар. Демек, Тянь-Шань жана Енисей
кыргыздарынын түпкү тамырларынын бир экендигинин натыйжасында аларды өз алдынча
бөлүп кароонун эч кандай кажети жок. Ал өзүнүн «түрк уруулары жана элдеринин
этникалык курамы жана алардын саны жөнүндө» деп аталган эмгегинде ушундай эле ой-
пикирге кеңири басым жасаган. Ал Тянь-Шандык кыргыздар жөнүндө төмөндөгүдөй
пикирди айтат: «Орустар менен күрөштө кеңири белгилүү болгон Енисей кыргыздарынын
аталышы менен теңиртоолук кыргыздардын аталышындагы окшоштукту Орто Азиянын
тарыхын белгилүү деңгээлде билбегендер батыш Тянь-Шанды кыргыздардын мекендөөсүн
XVII кылымда жунгарлардын Енисей кыргыздарын көчүрүп кетүүсү менен
байланыштырышат. Орто Азиянын тарыхы менен үстүртөдөн таанышуу эле Тянь-Шанда көп
84
сандаган кыргыздардын тээ байыркы мезгилден бери эле жашап келгендигинен шек
туудурбайт»1.
Ал өзүнүн бул илимий божомолдоосун Енисейлик кыргыздардын XVIII кылымда
Жунгарияга көчүп келүүдөгү маанилүү кырдаалга байланыштуу маалыматтар менен
негиздейт. Бул жер которуунун негизги себеби, кыргыздар менен орус бийлик төбөлдөрүнүн
ортосундагы өз ара чыр-чатактар болуусу мүмкүн деген кызыктуу пикирди айтат. 1703-
жылы күзүндө кыргыздар калмактар тарабынан Енисейден көчүрүлүп кеткенден кийин, алар
Или дарыясынын жээгинде Жунгарларды кытайлыктар талкалаганга чейинки мезгилде
көчүп жүрүшкөн. 1757-жылы гана алар Алтайга карай жыла башташкан. Бирок, алар
талкаланууга дуушар болушкан. Анын натыйжасында алардын кээ бир бөлүктөрү Россия
империясынын аймагына отурукташкан, кээ бир бөлүктөрү болсо кыргыз-казактардын,
алтайлыктардын, монголдордун арасына отурукташышкан. Алардын ичинен анча чоң эмес
бөлүгү гана Енисейге кайра келишкен.
Н.Аристов В.Радловдун тарыхый божомолдоосун төмөнкү негиздерге ылайык ишенимсиз
деп эсептейт: В.В.Радловдун X кылымда Енисейлик кыргыздардын бир бөлүгү Теңиртоого
жер которушкан деген божомолдоосунун тарыхый негиздери жок жана чындыкка
жакындашпайт – деп билдирет Н.А.Аристов. Анткени, батыш Теңиртоого өтүүчү жол
чыгыш Теңиртоону ээлеп, кыргыздарга кастык мамиледеги уйгурлар тарабынан кесилип
калган. Ошондой эле жергиликтүү элдин жайыттарын ээлеп алган келгиндерге, ошол
мезгилде батыш Теңиртоодо ээлик кылган күчтүү карлук хандары мүмкүндүк беришмек
эмес. Анын натыйжасында Енисей жана Теңиртоо кыргыздарынын ортосунда байланыштар
үзүлгөн. Ушундай эле абал кийинки мезгилде кидандардын басып кирүүсүнүн
натыйжасында сакталган.
Н.Аристов В.Радловдун дагы бир маалыматына «Чыңгызхандын учурунда батышка
жылып бараткан монголдор хакастардын байыркы падышачылыгын талкалашкан. Алардын
өздөрүн падышачылыктын түштүк бөлүгүнөн сүрүп чыгышкан. Анын натыйжасында
кыргыздардын бир бөлүгү Саян кырка тоосу аркылуу түндүк тарапка өтүп, ал аймакты
жердеген уйгур, самоед, остяк, тунгус элдери менен аралашып кетишкен. Ушундай
аралашуунун натыйжасында абакан татарларынын негизги бөлүгү, сойондор, белгилүү
негизде якуттар да эл катары түзүлгөн. Алардын бир бөлүгү Абакан өрөөнүндө кыргыздар
деген аталыш менен көчүп жүрүшкөн - деген божомолдоосуна чечкиндүү түрдө каршы

1
Аристов Н.А. Труды по истории и этническому составу тюркских племен. – Бишкек: Илим, 2003. – 213-214 б.
85
болгон. Ал эми кыргыздардын негизги бөлүгү түштүк-батышка журт которуу менен батыш
Тянь-Шандын өрөөндөрүнө отурукташышкан»1.
Н.А.Аристов кыргыздарды өз жеринен монголдор сүрүп чыгарышкан эмес деген пикирин
белгилөө менен, В.Радловдун божомолдоосун ишенимсиз деп эсептейт.
Кара-кыргыздар - Енисейлик кыргыздар эмес. Алар мурда эле б.з.ч. III кылымдарга чейин
бөлүнүп кетишкен байыркы кыргыз урууларынын бир бутагы. Ал уруулар б.з.ч. III
кылымдарда хуннулар менен чек аралаш Танну-Ола жана чыгыш Тянь-Шань аймактарынын
аралыгында көчүп жүрүшкөн. Андан кийин алар өздөрүнүн усун уруулук союзун
негиздешкен. Бул жерде алар хуннулар тарабынан багындырылгандан кийин б.з.ч. II
кылымдын экинчи жарымында Тянь-Шанга жер которушкан. Биздин замандын I
кылымдарында усун уруулук союзу жоюлуп, алар алгач түрктөр, андан кийин карлуктар,
кара кидандар, монголдор, кийинчерээк кокондуктар жана орустар тарабынан каратылган –
деп, дагы бир жолу Н.А.Аристов өзүнүн оюн бекемдеп кеткен.
Н.Аристов кыргыздар менен орус бийликтери, анын ичинде Томск шаарындагы бийлик
башкаруучуларынын ортосунда мамилелердин анча жакшы эместигин далилдүү
мисалдардын негизинде көрсөткөн. «Кыргыздардын миңдеген жылдардын ичинде
калыптанган саясий жана экономикалык негиздерин түп-тамырынан бери өзгөртүүгө алып
келүү, албетте, орустар менен жүз жылдан ашык мезгилди ичине камтыган айыгышкан
күрөштүн чыгышына алып келген. Бул мезгил ичинде кыргыздардын өздөрүнүн аскердик
күчтөрү жетишсиз болгондуктан, алар алгач Алтын хандан, андан кийин жунгарлардан
жардам суроого мажбур болушкан»2 - деп жазган Н.Аристов.
Болжолу менен ошол мезгилде Енисейлик кыргыздар Жунгарияга жер которушкан. Аны
далилдөө үчүн Н.А.Аристов И.Фишердин сөздөрүнөн үзүндү келтирет, анын маалыматы
боюнча XVII кылымда кыргыздар достук келишим боюнча калмактарга өткөн…, «ошол
мезгилде кыргыздар орустар тарабынан талаш, чек ара аймакты ээлөө менен, көбүнесе басып
киришип, элдин тынчын алышкандыгы аларды көчүрүүгө негизги себеп болгон. Кыргыздар
калмактардын ички аймактарына көчүрүлгөндөн кийин гана алардын кол салуулары
токтотулган»3. К.Риттердин берген маалыматына караганда кыргыздар өздөрүнө теги жакын
Кытай Туркестандын жана Иртыштын түштүк-чыгышындагы талааларды жердеген бурут
уруулары тарапка жер которушкан. Н.Аристов К.Риттердин сөздөрүнө ылайык: «Сибирдеги
Енисей кыргыздары (XVIII кылымдын башында) барып кошулган буруттар же таза кандуу
кара-кыргыздар менен мен, жеке өзүм, Кытай Туркестанында тааныштым» - деп
билдиргендигин айткан.

1
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 214 б.
2
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 170 б.
3
Көрсөтүлгөн эмгек. – 184 б.
86
Жунгарлардын жол башчысы Цеван-Раптан Россия менен карама-каршы мамиледе
болгусу келген эмес. Анткени, орустар кыргыздардын орус чек арасындагы душмандык
аракеттерине, кол салууларына жунгарларды жоопкерчиликтүү катары көрүшкөн.
Ошондуктан, Н.Аристовдун пикири боюнча жунгарлар кыргыздарды көчүрүп кетишкен.
Енисей кыргыздарынын орустар менен кастык жана келишпестик мамилелерине
байланыштуу аларды өздөрү мурдагы мекендеген жерлеринде калтырууга мүмкүн эмес эле.
Ошондуктан, Цеван-Раптан аларды көчүрүп кетүүгө аргасыз болгон.
Кыргыздардын Жунгарияга көчүрүлүп кеткендиги жөнүндө биринчи маалымат
Красноярскиде 1703-жылы октябрда алынган. «Кызылдык (Красноярск) татардын Жогорку
Краснояр кароолчулук бөлүмүнө 15-октябрда берген маалыматы төмөндөгүдөй: «2500
калмак кыргыз жергесине келип, аларды өз жерине көчүрүп кетти, азыр кыргыз жергесинде
эч ким жок». Ошентип, маалыматтарга караганда, кыргыздар Жунгарияга 1703-жылы
күзүндө көчүрүлгөн»1.
Жунгарияга көчүрүлүп кеткен Енисей кыргыздарынын андан аркы тарыхына талдоо
жүргүзүү менен, Н.Аристов өзүнүн пикирин дагы бир жолу далилдеген. Анын пикири
боюнча: «көчүрүлүп келинген кыргыздар жунгар хандыгынын башкы башкаруучусунун
алдында 1746-жылга чейин көчүп жүргөн…, ушул мезгилден баштап Голдан Цэрен өлгөндөн
кийин Жунгарияда бийлик үчүн ич ара күрөш башталып, хандарды тактыдан кулатуу жана
өлтүрүү күч алган. Андан кийин кытайлыктар басып кирүү менен калмактарды каратышкан.
Көтөрүлүшкө чыккан калмактардын дээрлик көпчүлүгү кыйратылган. Тарыхый шартка
байланыштуу кыска мөөнөт ичинде элүү жылда Енисейден жер которуп кетип, жунгар
хандыгы кыйратылганга чейинки убакыт ичинде ушунчалык бекем, кайраттуу эл болуп
эсептелинген Енисей кыргыздары монголдошуп кетпесе керек. Алардын жунгарлар менен
чогуу көчүп жүрүшкөн аймактары баарынан Тянь-Шань кыргыздарына жакын болгон.
Кытайлыктар калмыктарды талкалашкан соң Енисей кыргыздары Тянь-Шандык кыргыздарга
кошулуп кетүүсү ыктымал. Бирок, согуштук аракеттердин жана ич ара күрөштүн
натыйжасында кыргыздар Нарынга кетпестен, түндүккө, Иле жана Текес аймактары тарапка
сүрүлүүсү да мүмкүн. Бул маселеге Тянь-Шандык кыргыздардын санжыраларында жана
уламыштарында Енисейден жер которуп келген кыргыздар жөнүндө маалыматтардын
дээрлик кездешпегендиги далил боло алат… Ошондуктан, жунгар хандыгынын алдындагы
Енисейлик кыргыздардын тобу ич ара күрөш жана согуштун натыйжасында кыйратылган же
майда бөлүктөргө бөлүнүп, чыгыштагы кыргыз-казак талааларына жана батыш Монголияга

1
Аристов Н.А. Усуни и кыргызы или кара-киргизы… глава XII / Из архива всесоюзного географического
общества // отдел рукописей НАН КР. Инв. №1697. – 5 б.
87
тарап кетишкен. Алардын ичинен кээ бир үй-бүлөлөрү Тянь-Шандык кыргыздарга, кыргыз-
казактарга, урянхайларга, же болбосо алтайлыктарга да кошулуп кетүүсү мүмкүн»1.
Н.Аристовдун эмгегинен ушундай чоң үзүндүнү келитирүүбүздүн негизги максаты – бул
Енисей жана Тянь-Шань кыргыздарынын түпкү тамыры бир экендигин көрсөтүү. Б.з.ч.
III кылымда гунндар тарабынан каратылган байыркы кыргыздар алардын ата-бабалары.
Тянь-Шань кыргыздары Борбордук Азияга Енисейден кеткен кыргыз жана башка түрк
уруулары менен бирдикте усун союзун түзгөн уруулардан түзүлгөн.
Ушул божомолдоого жакын пикир А.Н.Бернштамда да кездешет. Анын пикири боюнча да
байыркы кыргыздар экиге бөлүнгөн, анын ичинен бир (негизги) бөлүгү Енисейде (анын
негизинде VI-X кылымдарда кыргыз мамлекети түзүлгөн), ал эми калган бөлүгү Теңиртоо
аймагына отурукташып, азыркы мезгилдеги Кыргызстандын аймагында биринчи
отурукташкан кыргыз бөлүктөрүн түзүшкөн2.
Андан кийинки изилдөөлөрүндө А.Бернштам Енисей кыргыздарынын келип чыгуусу
боюнча өзүнүн пикирин айткан: «б.з.ч. III кылымдан б.з.ч II кылымга чейинки мезгилде
гунну жана сяньби доорунда цзянь-кунь урууларынан чыккан динлиндердин түштүк бөлүгү
Борбордук Азиялык уруулар менен аралашуусунун натыйжасында алардын маданиятында,
мүмкүн тилдик өзгөчөлүгүндө ири өзгөрүүлөр болуп, жыйынтыгы катары VI кылымга карай
түрк уруулары болуп эсептелиген Енисейлик кыргыздар түзүлгөн. Анын натыйжасында
кыргыз этногенезинин биринчи мезгили да аяктаган» - деп жыйынтык чыгарган3.
Ушул сыяктуу эле пикирди Ю.Худяков да өзүнүн макаласында жарыялаган. Ал «Кыргыз
Улуу Дөөлөтүнүн» түзүлүү шарттарына байланыштуу изилдөө жүргүзгөн. Орто кылым
тарыхында биринчи жолу Борбордук Азияда Енисей кыргыздары кыргыздардын Улуу
дөөлөтү тарабынан бириктирилгендигин эске алуу менен Ю.С.Худяков өзүнүн
төмөндөгүдөй пикирин айткан: «Бул кыргыз тарыхынын эң жылдыздуу мезгили, кыргыз
курал-жарагынын таң каларлык жетишкендиги, кыргыз маданиятынын Азиянын кең
талааларына жайылтылуу мезгили. Ушул каралып жаткан мезгилде кыргыздар Байкал
көлүнүн тегерегине отурукташышкан. Алар кийин уруулук бөлүк катары Тува, Алтай, батыш
Монголияда, тувалыктардын жана якуттардын курамына киришкен. Азыркы мезгилде да
алар тувалыктардын, алтайлыктардын, монгол-захчиндердин жана баиттердин курамында
уруулук бөлүк катарында сакталып калышкан». Ошол эле мезгилде кыргыздардын дээрлик
чоң тобу Чыгыш Туркестанга, өздөрүнүн байыркы мекенине жер которушкан, тактап
айтканда, кайра келишкен.

1
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 191 б.
2
Бернштам А.Н. История Кыргыз и Кыргызстана с древнейших времен до монгольского завоевание // Изб.
Труды по археологии и истории Кыргызстана. – Т.2. Бишкек: «Айбек», 1998. – 177 б.
3
Көрсөтүлгөн эмгек. – 177 б.
88
Чыгыш Туркестанга көчүп келгенден кийин жергиликтүү калктын тийгизген таасиринин
натыйжасында кыргыздар өздөрүнүн кээ бир салттык өзгөчөлүктөрүн жоготушкан, мисалы
сөөктү өрттөөнү унутуп, алар каза болгондорду жерге коө башташкандыгын Ю.Худяков
белгилеп кеткен. Маданий тармакта чыгыш Түркестан кыргыздары Енисейлик кыргыздардан
айырмалана башташкан. XIII кылымдын 60-жылдарында аларды монголдор каратып
алышкан. Чыгыш Түркестан алгач Хайду улусунун, кийинчерээк Моголистандын курамына
кирген. XV кылымда кыргыздар мамлекеттин борбордук бөлүгү тарапка, Теңиртоого
көчүрүлгөн. XVI кылымдын башында Мухаммеддин башкаруусундагы кыргыздар өз
алдынча саясий биримдик катары жогорулай башташкан.
Теңиртоого көчүп келишкен чыгыш Түркестан кыргыздарынын тегерегинде азыркы
кыргыз эли калыптана баштаган. Кыргыз эли Теңиртоодогу жергиликтүү иран жана түрк
тилдүү калктардын, ошондой эле Моголистандын түрк жана монгол урууларынын,
ойроттордун кээ бир топторунун ассимиляциялануусунун натыйжасында түзүлгөн.
Кыргыздар Жетисууга, батыш жана чыгыш Теңиртоого, Алай жана Памирге
отурукташышкан.
Енисей кыргыздары жөнүндө Ю.Худяков төмөндөгүдөй маалымат берген: «Енисей
кыргыздары Түштүк Сибирде XVIII кылымга чейин жашашкан. Алар Алтын хандын жана
Жунгарлардын мамлекеттерине көз каранды болуп турушкан. XVIII кылымдын башында
кыргыздардын негизги бөлүгү жунгарлар тарабынан көчүрүлүп кеткен. Ал эми калган
бөлүгү жалпыга белгилүү хоорай деп аталган уруулардын курамына киришкен. Аталган
уруулардын курамы кийинчерээк хакас элинин түзүлүүсүнө катышышкан». Жунгарлар
менен кетишкен кыргыздар ойроттор менен тагдырлаш болуп калышкан. Алардын бир
бөлүгү ойроттор менен бирдикте Волга боюна жер которуп келишип, калмак, ногой,
астрахань татарларынын жана башкырлардын курамына киришкен1. Бирок, көптөгөн
окумуштуулар бул пикирди колдошпойт.
Тактап айтканда, XIX кылымда эле Ч.Валиханов өзүнүн изилдөөлөрүнүн
натыйжасында Енисей кыргыздары XVIII кылымда Теңиртоого жер которгондугу тууралуу
божомолдоо туура эмес деп өзүнүн пикирин билдирген. Ал 1860-жылы Омск областтык
башкармалыгынын архивинде 3000 түтүн Енисейлик кыргыздарын Жунгар ханынын башкы
ордосуна жакын жерге көчүрүү документтери менен далилдеген. Анын натыйжасында
«Енисейде калган кыргыздар ошол эле аймакта Түштүк Сибирде көчүп жүрүшөт. Бирок,
алар өздөрүнүн этникалык өзгөчөлүктөрүн жоготушкан» деген жыйынтык чыгарган.
Енисейде кыргыз этникалык аталышынын жок болуп кетүүсү кыргыздар бир мезгилде салык

1
Худяков Ю.С. Киргизы в Центральной Азии // Вопросы этнической истории кыргызского народа. – Фрунзе,
1989. – 28 б.
89
төлөгөн урянхайлык атактуу Алтын хандардын ээлигинин жоголуп кетүүсү сыяктуу эле
мыйзам ченемдүү нерсе. Алтын хандардын ээлиги азыр кичинекей эки волостон турат.
Аларды «эки салык төлөөчүлөр» - деп аташат. Анткени, алар орустарга жана кытайлыктарга
салык төлөшөт. Баарына белгилүү болгондой эле сибирдиктерге өзгөчөлөнгөн аталыштарды
ыйгарышат. Ошондуктан, Сибирь кыргыздарынын калдыктары мурда өздөрү мекендеген
жерде, бирок, башка аталыш менен көчүп жүрүшөт. Менин бир маалыматтардан
окугандыгыма караганда Енисей губерниясындагы татар элдеринин бири, сагайлыктар
өздөрүн кыргыздардын урпактарыбыз деп эсептешишет1 – деген маалыматты Ч.Валиханов өз
эмгектеринде калтырган.
Хакас окумуштуусу В.Я.Бутанаевдин билдирүүсүнө караганда, жунгарлар тарабынан
көчүрүлүп кеткен Енисей кыргыздарынын саны 15000 кишини түзгөн. Жунгар ханы аларды
Иртыш дарыясынын ары жагындагы Эмель өрөөнүнө отурукташтырган2.
Бирок, Ч.Валиханов кыргыздардын XVII кылымда Сибирден Теңиртоого жер которуусуна
каршы болгону менен, Теңиртоолук жана Сибирдик же Енисейлик кыргыздардын ортосунда
«кыргыз» этнониминин этимологиясындагы окшоштукка таянып байланыштардын бар
экендигин белгилеген. Енисей кыргыздарынын бир топ мезгил мурда IX-XIII кылымдарда
Теңиртоого көчүүсүнүн натыйжасында жогоруда белгиленген байланыштардын түзүлүүсү
мүмкүн деген өзүнүн божомолдоосун айткан: «Азыркы кыргыздардын өздөрүнүн Сибирдеги
бир туугандарынан бөлүнүүсү, мүмкүн Чыңгызхан доорунан да эрте Икар-Мурунга чейинки
уйгурлардын кыймылына чейин же анын мезгилинде болуусу толук ыктымал» - деп
маалымат калтырган. Жогорудагы маалыматтардын негизинде Ч.Валиханов «Биздин
пикирибизге караганда кыргыздар чыгыш Сибирден жана өздөрүнүн азыркы көчүп
жүрүшкөн жерлерине чейинки аймактарда тээ байыркы мезгилде эле кеңири тарала
башташкан. Анткени, 1253-жылы Гулагу кыргыздарды (кимаки-цзы) Теңиртоодо
жолуктурган, алар Теңиртоодон Хангайга чейинки аралыкта кийинки мезгилге чейин көчүп
жүрүшкөндүгү элдик оозеки чыгармачылыктада кенен айтылат. Бул көчүп жүрүү Алтай
менен Теңиртоонун ортосунда ойроттордун жана жунгарлардын күчтүү ээлиги түзүлгөндөн
кийин токтотулган» - деген жыйынтык чыгарган.
Монголдорго чейинки мезгилдеги Енисей кыргыздарынын Теңиртоого көчүүсү
жөнүндөгү ой-пикир А.Н.Бернштамдын эмгектеринде да кеңири аныкталуу менен берилген.

1
Валиханов Ч.Ч. Очерки Джунгарии // соч. – изд. – Алма-Ата:Изд. АН Каз.ССР, 1985. – 128-129 б.
2
Бутанаев В.Я. К вопросу о кыргызско-хакасских этнографических связях. // Кыргызы: Этногенетические и
этнокультурные прпоцессы в древности и средневековье в Центральной Азии. – Бишкек, 1996. – 113 б.
90
Ал өзүнүн эмгектеринде IX кылымдагы «Улуу кыргыз державасы» мезгилине өзгөчө көңүл
бурган1.
Бул маселени В.Бартольд башкача көз карашта караган, анын пикири боюнча
«кыргыздардын негизги бөлүгү Жетисууга бир кыйла мезгилге кеч көчүп келишкен. Эгерде,
кыргыздар Жетисууда караханиддер доорунда жашап турушса, алар IX-X кылымдарда ислам
динин кабыл алышмак. Ал эми алар XIV кылымда да бутпарас динин карманышкан2. Бул
алардын ошол мезгилде обочолонуп жашагандыгы менен түшүндүрүлөт.
С.М.Абрамзон жана К.И.Петров: «кыргыз» этнонимин Теңиртоонун аймагына Енисейлик
кыргыздар эмес, IX-X кылымдарда алар түзгөн мамлекеттин курамына кирген башка
уруулар алып келишкен деген пикирди айтышкан. С.М.Абрамзондун билдирүүсүнө
караганда «алар Чыгыш Теңиртоодо, кээ бир бөлүктөрү Иртыш дарыясынын боюнда,
Алтайды жердеген түрк тилинде сүйлөгөн элдерден болушкан. Кыргыз этногенезинин
түзүлүүсүнө катышкан уруулардын курамы «кыргыз» этноними тараган аймактан бир топ
кеңири болгон»3.
К.И.Петров бул маселени башкача көз карашта карайт. Бул процессте Енисей-Иртыш
дарыяларынын аралыгындагы аймакка көбүрөөк орун берет. Анткени, XII кылымдын аягына
чейинки мезгилде бул жерде анын пикири боюнча кыргыз, кимак жана Байкал көлүнүн
тегерегиндеги этникалык компоненттер аралашышкан. Анын натыйжасында XIII кылымда
түзүлгөн жалпылык Теңиртоого жер которгон4.
С.М.Абрамзон өзүнүн изилдөөлөрүнүн негизинде: «эгерде Енисей жана Теңиртоо
кыргыздарын окшоштуруу (бирдей деп билүү) мүмкүн эместиги белгилүү болсо, анда
алардын ортосундагы кээ бир этногенетикалык байланыштардын бар экендигин -
археологиялык материалдарды, тарыхын, тилин жана маданиятын кылдаттык менен изилдөө
аркылуу жокко чыгаруу да мүмкүн эмес» - деп белгилейт5.
Ушул эле пикирди илимпоз Д.Г.Савинов да колдойт: «аталган булактардын ичинен
баарынан дагы тарыхый-маданий жана этногенетикалык аспектидеги археологиялык
мааалыматтар өтө аз пайдаланылган. Чындыгында, Енисей жана Теңиртоо кыргыздарынын
байланышуусунун мезгилин жана өзгөчөлүктөрүн археологиялык мезгилдештирүүгө

1
Бернштам А.Н. Древнейшие тюркские элементы в этногенезе Средней Азии // Сов. Этнография. Вып. V-VII. –
М.: 1947. – 148-158 б.; он также: К вопросу о происхождении киргизского народа // Сов. Этнография. – М.:
1955. №2. – 16-26 б.; он также: Сложение тюркоязычного населения Средней Азии и происхождение
кыргызского народа // ТКАЭЭ. Т.2. – Фрунзе, 1959. –17-22 б.
2
Бартольд В.В. Очерки история Семиречья // соч. Т.2.Ч.1. – М., 1963. – 39 б.
3
Абрамзон С.М. Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи. – Л., 1971. – 22 б.
4
Петров К.И. Этногенез кыргызов и их движение на Тянь-Шань в XIII-XIV вв. // Изв. Ан. Кирг.ССР. Сер. Общ.
наук. Т.2. Вып.3. – Фрунзе, 1960. – 59-80 б; он же: Кипчакско-киргизские отношения (к вопросу об этногенезе и
переселении киргизов) // Изв. АН Кирг.ССР. Т.3. Вып.2. – Фрунзе, 1961. – 84-105 б.
5
Абрамзон С.М. Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи. – Фрунзе, 1990. – 18 б.
91
байланыштуу көптөгөн суроолорго тарыхый-маданий жана этногенетикалык аспектидеги
археологиялык мааалыматтар жооп бере алуусу мүмкүн» - деген өзүнүн пикирин айткан1.
Ал өзүнүн «Биздин доордун I миң жылдыгынын аягында II миң жылдыктын башындагы
Енисей жана Тянь-Шань кыргыздарынын байланыштары боюнча археологиялык
маалыматтар» - деген макаласында кээ бир археологиялык табылгаларды (мисалы: Ак-
Бешим шаарчасын, Или дарыясынын жээгинде жайгашкан Текели ш. көрүстөндөрдү, Кызыл-
Кайнар жана Айла-Булак эстеликтерин казууда) изилдеген. Табылган нерселерден ал
Енисей кыргыздарынын жана Теңиртоодо жашаган элдердин маданиятына тиешелүү
жалпылыктарды көрсөтүүгө аракеттенген. Бирок, Л.Р.Кызласовдун азыркы мезгилге чейин
Теңиртоодо енисейликтердикине окшош эстеликтер табылган эмес деген пикирине макул
болуп, Д.Г.Савинов өзүнүн төмөндөгүдөй пикирин билдирүү менен, өзүнүн мурдагы
божомолдоосун өзгөрткөн: «енисейликтердикине окшош археологиялык табылгалардын
жоктугу IX кылымдын ортосунда Теңиртоого кыргыздардын көп бөлүгүнүн көчкөндүгү
тууралуу божомолдоону жокко чыгарат. Бирок, буюмдарды жасоодогу кээ бир
окшоштуктар, кээ бир аралаш комплекстер ж.б.у.с. өзгөчөлүктөр Саян-Алтай жана Тянь-
Шань калктарынын ортосунда башка байланыштардын болгондугун айгинелейт 2.
Енисей кыргыздарынын жер которуусу бир мезгилде болуп өткөн эмес, алардын келүүсү
бири-бири менен убакыт менен гана эмес түзүлгөн байланыштардын өзгөчөлүгү менен да
байланыштуу 3 этаптан турат: биринчи этапта - IX кылымда Теңиртоого Енисей
кыргыздарынын аз сандагы аскердик отряддары кирген, экинчи этапта - X-XI кылымдарда
түндүк-чыгыш (негизинен Теңиртоодо) аймактарында кыргыз-кыпчак аралаш калкы
негизделе баштап, алардын чөйрөсүндө кыргыз-алтай этномаданий байланыштары
калыптана баштаган. Үчүнчү этапта XIII кылымда Енисей кыргыздарынын жер которуусу
монгол мамлекетинин түзүлүүсү жана анын басып алуучулук жортуулдары менен
байланыштуу.
Ошентип, жогоруда келтирилген материалдарды эске алуу менен, Н.Аристов Енисей жана
Теңиртоо кыргыздарынын өз ара мамилелерин изилдеген. Анын пикири боюнча
Теңиртоолук кыргыздар өздөрүнүн тарыхый өнүгүүсүндө Енисей кыргыздарынын өз
алдынча өнүгүү жолун басып өткөн деген жыйынтык чыгарууга болот. Ошол эле мезгилде
Н.Аристов: «көптөгөн маалыматтарга таянуу менен, батыш Теңиртоону мекендеген 300
миңге жакын аял-эркектен турган кыргыздар же кара-кыргыздар усундардын урпактары.

1
Вопросы этнической истории кыргызского народа. – Фрунзе, 1989. – 79 б.
2
Көрсөтүлгөн эмгек. – 80 б.
92
Алар кандай күндө болгондо дагы Енисейде жашаган, аталышы өздөрүнө окшош эл менен
бирдиктүү тектеш эл» - деп эсептейт1.

§ 2.3. Кыргыздардын уруулук бөлүнүүлөрүнүн Н.А.Аристовдун эмгектеринде


чагылдырылышы
Кыргыздардын революцияга чейинки тарыхында тийиштүү деңгээлде изилденбеген
маселелердин бири кыргыздардын уруулук бөлүнүүсү эсептелинет.
Уруу – маданий-тилдик биримдиги бар, эндогамиялуу этносоциалдык уюм типтеринин
бири болуп эсептелинет. Түрдүү тарыхый доорлордо анын формасы өзгөрүлүп турган.
Өнүгүү деңгээли төмөн турган аңчыларда жана жыйноочуларда жылдын белгилүү бир
мезгилдеринде жалпы диний ырым-жырымдарды, атайын каада-салттарды, аңчылыкты чогу
өткөрүү үчүн, өз ара маалымат алмашуу, үйлөнүү тойлорду өткөрүү ж.б. уюштуруу үчүн
чогулган общиналар тобу болгон. Уруулук коом мезгилинде уруу мүчөлөрүнүн бир
тууганчылык байланышы, алардын уруктарга жана фратияларга бөлүнүүсү менен
мүнөздөлгөн. Уруу мүчөлөрүнүн тиричилиги, чарбасы бирдей болуп, андан түшкөн
материалдык байлыкты чогуу пайдаланышкан. Уруунун мүчөлөрү бири-бирин коргошкон,
жортуулдарга чогуу чыгышкан. Уруунун ээлеген аймагы климаты жагымдуу шарттарда 200-
300 чакырым аймакты, ал эми климаты катаал шарттарда 40 чарчы км чейин чектелген.
Борборлошкон бийликтин эч кандай формасы болбогон мындай урууларда общиналардын
биримдиги общиналар аралык нике менен гана эмес, аларды коштогон социалдык жана
чарбалык кризис учурларында өз ара жардамдашуу милдети менен да кармалып турган.
Общинадагы оор абалдан чыгуу зарылчылыгы учурунда кээ бир община мүчөлөрү башка
общиналарга кетүүгө аргасыз болушкан. Обочолонуп жашоонун натыйжасында тилдик
өзгөчөлүктөр (диалект) жана урууга тиешелүү маданияттын кээ формалары калыптанган.
Аймактык жактан алып караганда олуттуу чек аралар жок болгондуктан, уруулардын
аймактык жана социалдык чектери бекем болгон эмес. Алар өз кошуналарынын тилин,
маданиятын жеңил эле кабыл алып турушкан. Ар бир общинанын мүчөсү өз тобун өзгөчө
деп эсептеген жана ага түрдүү кошуна топторду кошо беришкен. Чарбалык, социалдык,
демографиялык кыйынчылыктарга жалгыз община туруштук бере алган эмес, ошондуктан
мындай абал общиналардын ортосунда байланыштын бекемдөөсүн шарттаган. Бирок бул
механизмдер общиналар арасындагы никелешүү менен гана эмес, бутактанган социалдык
тармагы, жаш курактык өзгөчөлүгү, эркектер үйү, өнөктөштүк, лидерлер системасы бар
урукту уюмдун пайда болуусу менен аныкталат. Мунун бардыгы кечки уруктук община
мезгилинде бир кыйла так уруулук уюмдун калыптанышына алып келген. Көпчүлүк

1
Аристов Н.А. Усуни и кыргызы или кара-киргизы. – Б., 2001. – 6 б.
93
учурларда уруулардын энчилүү аталыштары болгон эмес, бирок кошуналары аларга ат
коюшкан (экзоэтноним) учурлар кездешкен. Тап пайда болоор алдындагы коомдо уруу
маанилүү социалдык-чарбалык бирикмеге айланган жана башкаруунун борборлошкон
системасы уруулук интеграциянын башкы фактору болуп калган. Уруулар таптык коомдо да
калдык катары сакталып калгандыгын белгилей кетүү абзел.
Революцияга чейинки орус окумуштууларынын изилдөөлөрүндө кыргыз элинин тарыхы
жана маданияты Орто Азиянын башка калктарынын тарыхы жана өнүгүү жолу жөнүндөгү
маселелер менен бир бүтүндүк катарында каралган. Бирок, андагы маалыматтар дээрлик
көпчүлүк учурларда бири-бирине карама-каршы келет1. Кыргыздардын уруулук курамы
жөнүндөгү маселе кээ бир гана илимий макалаларда каралган. Бул маселе жөнүндө жогорку
деңгээлде жазылган жана маанилүү эмгектер Н.Аристовго тиешелүү экендигин белгилей
кетүү керек. Бул жөнүндө өз кезегинде Б.Джамгерчинов белгилеп кеткендей:
«Кыргыздардын уруулук курамы жөнүндөгү маселени түркологдордун ичинен Н.Аристов
өзүнүн «Түрк элдеринин этникалык курамы жана алардын саны боюнча маалымат…»,
ошондой эле «Кыргыз-казактардын чоң ордосу менен кара-кыргыздардын санжыра-
уламыштарынын негизинде алардын уруулук байланыштары, эн тамгалары, ошондой эле
тарыхый билдирүүлөрдүн жана баштапкы антропологиялык изилдөөлөрдүн негизинде
алардын этникалык курамын изилдөөнүн тажрыйбасы» деп аталган эмгектеринде кеңири
чагылдырган».
Бир жагынан алып караганда, кандайдыр бир фактыларга таянып жазылган атайын
монографиялык изилдөөлөрдүн чектелүүлүгү Н.Аристовдун эмгектерин талдоодо жана
салыштырууда кыйынчылыктарды туудурат. Башка жагынан алып караганда, каралып
жаткан маселе боюнча кыскача маалыматтар, макалалар революцияга чейин негизинен адис-
илимпоздор тарабынан эмес көбүнесе саякатчылар, байкоочулар, этнографияга кызыккандар
тарабынан жазылган. Алар көпчүлүк учурларда бири-бири менен байланышпаган, кээ бир
гана учурларды мүнөздөгөн, талдоо жүргүзүлбөгөн маалыматтарды баяндап жазышкан. Бул
жагынан алып караганда, Н.Аристовдун эмгектери андагы берилген фактылардын илимий
негизде жазылгандыгы менен өтө баалуу болуп эсептелинет. Бирок, «автордун кээ бир өтө
натыйжалуу, кээ кезде өтө мыкты гипотезаларына карабастан, көпчүлүк учурларда анын кээ
бир маселелер боюнча ырастоолору, көз караштары азыркы күнгө чейин талаш маселе
катарында калууда»2 – деп билдирген В.В.Бартольд. Бул боюнча Н.Аристовду күнөөлөөгө

1
Дублицкий Н. Родословная таблица кара-киргизов, проживающих в Джетысуйской области и краткая их
история. Алма-Ата. 1923. – 34 б. Винников Я.Р. Родоплеменной состав и расселение киргизов на территории
Южной Киргизии – Труды Киргизской археолого-этнографической экспедиции. М. 1956. Т.1. – 136-181 б.
Б.Джамгерчинов. Из генеологии киргизов – «Белек С.Е.Малову». Сб. ст. – Фрунзе, 1946. и др.
2
Бартольд В.В. Рецензия на книгу Аристова Н.А. – Рукописный фонд отдела общественных наук НАН КР.,
Инв. № 1527. – 121 б.
94
болбойт. Анткени, анын эмгектериндеги кээ бир мүчүлүштүктөр ошол кездеги
маалыматтардын чектелүү жана өтө аз санда болуусу менен түшүндүрүлөт. Ал мезгилде
кыргыздардын байыркы жана орто кылымдардагы жашоосу, алар түздөн-түз катышкан
тарыхый окуялар негизинен элдин оозеки чыгармачылыгында гана чагылдырылган. Алар өз
кезегинде кыргыз уруулары жөнүндө толук маалыматтарды чагылдырып бере алган эмес.
Баарына маалым болгондой, кыргыздар XIX кылымдын ортосунда жамияттык-уруулук
түзүлүштө жашашып, бир нече урууларга бөлүнүшкөн. Негизинен, уруулар «оң» жана «сол»
канаттан ошондой эле «ичкилик» деп аталган ири топтордон турган. Кыргыздардын ушундай
уруулук топторго бөлүнүүсүнө эмне себеп болду? Бул боюнча кыргыз элинин оозеки
чыгармачылыгында ар кандай билдирүүлөр кездешет. Алардын бириндеги билдирүүгө
караганда, «оң» жана «сол» канаттарга бөлүнүү жарыктын чыгуу багыттына карата алардын
оң жана сол жактарда жайгашуусу менен байланыштуу. Башка билдирүүлөргө караганда
күч-кубаттуу Кокон хандыгынын мезгилинде хандын, оң жана сол жагында жайгашкан
кыргыздын белгилүү ак сөөктөрүнүн отургандыгы менен байланыштуу. Хандын оң жана сол
жагында отурган белгилүү ак сөөктөрдүн тукумдары жогорудагыга байланыштуу аталып
калуусу мүмкүн деп айтылат. Бирок, мындай бөлүнүү кыргыздарда Кокон хандарына чейин
бар болгондугу баарыбызга белгилүү.
Кыргыздардын элдик санжырасында кыргыз урууларында оң жана сол канаттардын келип
чыгуусу боюнча төмөндөгүдөй маалыматтар келитирилет: Тянь-Шандагы кыргыздардын
«уруу жетекчиси» Долон бийдин аялы эки уул төрөгөн – Ак уул жана Ку уул. Өлөөр алдында
Долон бий өзүнүн ээликтерин жана мал-мүлкүн экиге бөлгөн. Кыргыздардын салты боюнча
мурас баланын жашына карата берилген. Ал эми бул жерде болсо балдардын жашын
аныктоодо кыйынчылыктар түзүлгөн. Ошондо балдардын апасынын айткандары боюнча Ак
уул эненин ичинде оң жагында, ал эми Ку уул болсо сол жагында жатышкан. Ошондон
баштап уруулар «оң» жана «сол» болуп экиге бөлүнүшкөн1 – деген ойлор айтылган.
Бул маселеге карата А.Р.Голубев кыргыздардын мындай бөлүнүүсү басып алуучулук
жортуулдар менен байланыштуу болуу керек – деген түшүндүрмө берүүгө аракеттенген2.
А.Р.Голубевдин бул пикирин колдоо менен, С.М.Абрамзон кыргыздардагы эки канатка
бөлүнүүнүн пайда болуусу аларда байыркы мезгилден бери өкүм сүргөн аскердик
уюмдардагы эки канатка (флангага) бөлүнүү сыяктуу болгон деген пикирди айткан3.
1859-жылы А.Р.Голубевдин чогулткан уламыштарына караганда кыргыздар Кыргыз

1
Рукописный фонд отдела общественных наук НАН КР, Инв. № 1567.
2
Голубев А.Р. Отрывки из путешествия по Средней Азии и Заилийскому краю. Зап. Ир. Го. 1861. 3 кн. – 114-
115 б.
3
Абрамзон С.М. Очерки культуры киргизского народа. – Фрунзе, 1946. – 7-8 б.
95
хандан келип чыгышкан1. Кыргыз хандын эки уулу болуп, анын биринин аты Абл
экинчисиники Кабл болгон. Биринчисинен оң канат түзүлүп: анын курамына бугу,
сарыбагыш, султ (солто), черик, саяк, чоң багыш жана жедигер уруулары кирген. Ал эми
экинчисинен сол канат түзүлүп, анын курамына саруу, кушчу, көкчө, мундуз, кытай
уруулары киришкен.
Оң жана сол канаттар өз кезегинде урууларга бөлүнүшкөн. Тактап айтканда, сол
канатка – кушчу, саруу, мундуз, кытай, басыз, найман, кырк уул, көкчө, нойгут, дөөлөс ж.б.
уруулар киришкен. Алардын басымдуу бөлүгү түштүк Кыргызстанды жердешет2.
Н.Аристовдун бул маселе боюнча да негиздүү божомолдоосу бар: «Оң жана Сол
канатка бөлүнүүнүн башаты усун мамлекети үчкө бөлүнгөн мезгилден башталуусу толугу
менен мүмкүн. Аталган үч бөлүктүн бирин усундарды Тянь-Шанга алып келген гуньмонун
ортончу уулу Далу жетектеген, экинчисин гуньмонун небереси, тактынын мураскору болуп
жарыяланган улуу уулу Сэньцзунун баласы башкарган. Ал эми үчүнчүсүн гуньмо өзү
башкарган. Мүмкүн Далу башкарган бөлүк - оң деп аталган, оң деген түшүнүктө, кичүү
дегендей, ал эми Сэньцзунун бөлүгү – сол, башкача айтканда, сол деген түшүнүктө, улуу же
биринчи, анткени ал гуньмонун мураскору болуп эсептелинген. Далунун мураскору жана
уулу Унгуйми атасы ээлеген аймактын аталышына карата Ун же оң деген аталышты алуусу
да мүмкүн. Кийинчерээк гуньминин кадыр-баркын Далунун тукумдары
жогорулатышкандыктан, анын ээликтерине гуньминин бөлүгү кошулган. Анын
натыйжасында оң канаттын калкынын саны көбөйгөн, ал эми Сэньцзунун тукумдары
өздөрүнүн алгачкы бөлүгүндө калышкан. Алар кийинчерээк усундардын батыш
ээликтериндеги жерлерде, Таластын тегерегинде бекемделип алышкан. Оң канат алгач
усундардын ээликтеринин ортоьку жана чыгыш аймактарын жердешкен, кийинчерээк алар
түштүк-батышка, сейликтердин Хюаньду жана Хюсюн ээликтеринде, азыркы мезгилде да
адигене уруулары отурукташкан аймактарга чейин таралышкан3».
Өзүнүн эмгегинде Н.Аристов Ч.Валихановдун кыргыздардын уруулук бөлүнүүсү
боюнча кызыктуу тыянактарын келтирет. Ч.Валихановдун пикири боюнча, алардын негизин
кыргыз деп аталган уруу түзөт. Аларга кийинчерээк кыргыздарга жат, башка уруулук
бөлүктөр келип кошулушкан. Алардын бир бөлүгүн кыпчак, найман жана кытай уруулары
түзүшөт. Аталган уруулардын жалпы башкаруучусу болуп Кыргызбайдын уулдарынын бири
эсептелинет. Ошондуктан, алар кыргыз элинин курамына кирүүгө укуктуу. Экинчи,

1
Аристов Н.А. Опыт выяснения этнического состава киргиз-казахов… Аристов Н.А. Труды по истории и
этническому составу тюркских племен… – 44 б.
2
Джамгерчинов Б.Д. Присоединение Киргизии к России. – Фрунзе, 1959. – 14 -15 б.
3
Аристов Н.А. Труды по истории и этническому составу тюркских племен…. – Б. 2003. – 44 б.
96
кыргыздардагы бир жат уруу болуп ичкиликтер эсептелинет. Алардын башында да
Кыргызбайдын уулдарынын бири турган. Үчүнчү бөлүктү кыргыздардын өздөрү түзүшөт.
Алар оң жана сол канаттардан турат. Оң канатты Ч.Валиханов эки бөлүмгө бөлөт: алар тагай
жана адигене. Тагай өз ичинде жети урууга бөлүнөт. Алар – бугу, сарыбагыш, султу (солто),
саяк, черик, чоьбагыш жана басыз. Ал эми сол канат болсо үч уруудан турат – саруу, кощи
жана мундуз1.
Ч.Валиханов 1856, 1858 жана 1864-жылдары Талас өрөөнүндө жашашкан сол
канаттын 3 уруусу жөнүндө эскерип кеткен. Алар – саруу, кушчу жана мундуз. Ал эми
Костенко болсо сол канаттын 4 уруусунун - кушчу, саруу, мундуз жана кытай аталыштарын
атаган2.
Ал эми оң канат болсо эки ири бөлүмдөн турат – Адыгине жана Тагай. Ошол эле
Костенконун маалыматтарына караганда адыгине уруусу 14 уруктан турат: бөрү, баргек,
олжаек, тауке, кара варге, көкчө-уулу, илчебек, сартдар, савай, журу, ардай жана мунак3.
XIX кылымдын ортосунда түндүк Кыргызстандын аймактарында, негизинен, оң
канаттын тагай бөлүмүнүн уруулары отурукташышкан: солто, сарыбагыш, бугу, саяк, черик,
багыш, жедигер, азык ж.б.
Кыргыздардын санжырасында Тагайдын үч баласы болгон: алар – Богорстон, Койлон
жана Кылжыр. Богорстондон - солтолор, Койлондон – жедигерлер, ал эми Кылжырдан болсо
– сарыбагыш жана бугулар тараган. Ал эми саяктар болсо Тагайдын бакма баласы –
Саякенин урпактары. Тагайдын бакма баласынан азык жана черик уруулары да тараган 4.
Элдерде уруулук түзүлүштүн пайда болуусуна себеп болгон факторлор боюнча
Н.А.Аристовдун берген маалыматтары өтө кызыктуу экендиги шексиз.
В.В.Радлов 1862-жылы кара-кыргыздар жөнүндө чогултулган билдирүүлөрдүн
негизинде, кыргыздардагы төмөнкү аталыштагы кандаш уруулар жөнүндө маалымат берген:
Бугу уруусунун курамына - челек (манаптар уругу), торго, бапа, эльден, такабай, боор,
дөөлөс, кыдык, конграт, монгулдур, саяк, шикмаят, кааба, ассан тукум, арык тукум, күчүк,
серикей, ондон уруктары киришкен;
Сарыбагыш уруусуна – саруу, кааба, монгулдур, кытай, мундуз, ассык уруктары
киришкен;
Чоң багыш уруусунун курамына – аскалы, торо, мачак, уш-тамга, кандабас, кош
тамга, куан-дуан уруктары киришкен;

1
Ошол эле жерде. – 68 б.
2
Ошол эле жерде. – 15 б.
3
Военный сборник. – 1877. апрель. – 372 б.
4
Ошол эле жерде.
97
Адигине уруусунун курамына – доолос, саруу, конграт, монгулдук, мундуз, саяк,
кааба, шикманат уруктары киришкен;
Черик уруусунун курамына – ак чубак жана бай чубак уруктары киришкен;
Ал эми сол канатка – саруу, беш-берен, мундуз, тонторук, кучу, күр-күрөн, етиген
уруктары киришкен.
С.М.Абрамзон өз иликтөөлөрүндө Н.А.Аристовдун жана В.В.Радловдун «сөөк» деген
түшүнүгүнүн негизги белгисине каршы чыккан, анын пикири боюнча бул термин нике
байланыштарында гана (куда-сөөктүк) колдонулган1 деген ойду айтат. Бул маселе келечекте
изилдөөлөрдү жана тактоолорду талап кылат.
Н.А.Аристов оң канаттын төрт муунунда ошондой эле сол канатка кирген 28 кандаш
уруу жөнүндө маалымат берүү менен, алардын ичинен ону (челек, бапа, эльден, такабай,
боор, кыдык, ассан тукум, арык тукум, күчүк, ондон) бугу уруусунда гана, үчөөсү (беш
берен, тонторук, күр-күрөн) сол канатта гана, ал эми калган он алтысы эки же андан
көбүрөөк муундарда кездеше тургандыгы жөнүндө билдирген. Н.Аристовдун пикирине
караганда 16 кандаш уруунун ичинен төртөөсү – кытай, моңолдор, конграт жана саяктар
кыргыздарга тиешелүү эмес жат уруктардан, алардын ичинен саяктар байыркы уруктардан,
ал эми калган үчөөсү кыргыздардын курамына салыштырмалуу кеч киришкен уруктардан.
Калган он экиси – жеке кыргыздарга тиешелүү кандаш уруулар. Алардын курамына
сарыбагыш уруусунан – саруулар; сол канаттан – солто, адигене; бугу уруусунан – серикей;
бугу жана сарыбагыштардан - каба; сарыбагыштардан - адигене, мундуз; солто, адигене, сол,
кучу (солтолордо, ошондой эле сол канатта, ал эми бугуларда күчүк формасында),
сарыбагыш жана солто уруусунан - ассык; бугуларда болсо - ассан тукум формасында,
сарыбагыш жана солтолордон, ошондой эле сол канаттан - етиген; бугу, сарыбагыш, адигене
урууларынан – дөөлөс; шикманат – сарыбагыштардан, шикмаят – формасында бугуларда;
бугулардан – торго, ал эми торо формасында чоң багыштардан киришкен.
Андан кийин Н.Аристов кыргыздардын уруулук түзүлүшүндө негизги кандаш
уруулардын орду жөнүндөгү маселеге кеңири талдоо жүргүзгөн. Анын пикири боюнча
кеңири таралган жана негизги кандаш уруу болуп саруулар эсептелинет. Бул аталыш –
сарык, сарикей (сары аталышы – сөздүн негизин түзөт) деген формаларда да кездешет.
Енисей кыргыздарынын курамында да эки негизги кандаш уруунун аталышы ушул сөз менен
байланыштуу: жети сары жана алты сары. Н.Аристов каба кандаш уруусун Енисейде
жашашкан, енисей-остяк ошондой эле самоеддерден келип чыккан. Өз кезегинде кыргыздар
тарабынан түрктөшкөн кайбалдар менен байланыштырат. Ассан кандаш уруусун болсо

1
Абрамзон С.М. Киргизы: и их этногенетические и историко-культурные связи. – Фрунзе: Кыргызстан, 1990. –
– 42 б.
98
кийин жок болуп кеткен динлиндердеги ассан эли менен байланыштырат. Бугулардагы арык
тукум кандаш уруусун Н.Аристов ар – уңгусу менен (Енисейде жашаган динлиндердин
тукумдары ариндер менен) байланыштырат. Н.Аристовдун изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында,
кара-кыргыздардын эки негизги кандаш уруусунун келип чыгуусу енисей-кыргыз-динлиндер
менен байланыштуу болуп чыккан.
Ал эми етиген кандаш уруусунун аталышы адигене уруусунун аталышы менен
окшош. Башкача айтканда, уйгурлар байыркы мезгилде жээгинде жашашкан дарыялардын
бирөөсүнүн аталышы, кээ бир кол жазмаларда ал Етиген деп окулат. Бул аталыш динлин
уруулары тарабынан дарыянын аталышынан алынган. Кийинчерээк бул аталыш усундарга
өткөн, андан кийин гана усундардан кара-кыргыздарга өтүп, бир уруктун аталышы
катарында кабыл алынган. Н.Аристовдун пикири боюнча Ортоңку Монголиядан усундар
батыш Тянь-Шанга кеткенге чейин Дунь-Хуан менен Саяндын ортосунда көчүп жүрүшкөндө
алардын курамына төөлөс, мундуз, төрө жана кучу кандаш урууларынын кирүүсү мүмкүн.
Кара-кыргыздардын кээ бир кандаш урууларынын аталышы көпчүлүк учурларда элдердин,
уруулардын жана уруктардын аталышынан алынган. Кээ бир кандаш уруулардын өкүлдөрү
ошол элдердин, уруулардын жана уруктардын тукумдары болуп эсептелинет. Кээде уруулук
түзүлүштөр өздөрүнүн уруу башчыларынын же жол башчылырынын атынан аталган.
Мисалы, кийинки мезгилде түзүлгөн уруулардын аталыштары ушундай: Сарыбагыштарда –
эсенгул, темир, булат, надырбек, тынай ж.б., бугуларда – бирназар, шапак ж.б., солтолордо –
талкан, бөлөкбөй, канай, ж.б., саяктарда – курманкожо, кабаа; сол канатта – каратал,
тагайберди, тазанай ж.б.
Ири уруулук союздардын аталыштарынын мүнөзү башкача, тактап айтканда, бугу –
токой жаныбары, сарыбагыш – сары түстөгү бугунун бир түрү, чоң багыш – ири бугунун бир
түрү. Тянь-Шанда бугу кездешпейт. Ошондуктан, бул аталышты усундар Монголиядан же
Саян тоолору жактан алып келүүсү мүмкүн. Демек, бул өтө байыркы аталыш.
Чоң уруулардын ар бири өз кезегинде урууларга, ал эми уруулар уруктарга бөлүнгөн.
Мисалы, солтонун чоң уруусу кунтуу, чылпак, тата, болопой, талкан урууларына бөлүнгөн.
Алар өз кезегинде уруктардан турган. Мисалы: кунтуу уругу өз кезегинде жети уруктан
турган. Алар: кулболду, чоң мурун, дандыбай, кара мерген, токбай, кашкабаш, сарман.
Уруктар болсо өз кезегинде өзүнчө «чоң үй-бүлөлөрдөн» же «бир атанын балдарынан»
турган. Алар 40-50 мүчөдөн туруп 7-15 боз үйдө жашашкан. Бөлөкбай уруусу – жакып,
ботош, байсеит деген уруктардан турган. Жакып өз кезегинде – байтогол, тансык, сарман,
багыш, төлөк, тувар, жакып жана төлөгабылдан турган. Төлөгабыл өз кезегинде – жети-
кашка, чынгыс, чоткара, балтабай, жүркүмбай, аралбай, баястан, айты жана башка
бөлүктөрдөн турган.
99
Бугу чоң уруусу – төмөндөгүдөй урууларга бөлүнгөн: арык, асан, карамырза,
тынымсеит жана алсеит. Ал эми өз кезегинде арык – сабатар, сарыке, эшей, соно, эштек, отуз
уул, күчүк, ондон, кызыл сакал деген бөлүктөрдөн турган. Тынымсеит уруусу болсо –
токтогул, жаманак, бешбала; алымсеит болсо – бапа, кыдык, белек, желден-боор деген
бөлүктөрдөн турган. Н.Аристов өз кезегинде кыргыздардын уруулук түзүлүшүн кеңири
изилдеген. Ал башка илимпоздорго караганда сан жагынан көбүрөөк уруулардын
аталыштарын атоо менен, алардын бөлүктөргө бөлүнүүсү тууралуу да кеңири
маалыматтарды берген: «Азыркы учурда кара-кыргыздар батышта Санташ өтүүсү, Памир
тоосунун кээ бир аймактарын жана Тянь-Шанды ээлеп турушат. Уруулук түзүлүшүндө болсо
эки канатка бөлүнүшөт: оң жана сол канаттар. Оң канат – тагай жана адигене деп аталган эки
бөлүмдөн турат. Тагай бөлүмүнүн курамына – бугулар, 15111 боз үй, сарыбагыш 8973 боз
үй, солто 11638 боз үй, черик 4016 боз үй, багыш 3000дей боз үй, саяк 7427 боз үй (жалпы
боз үйлөрдүн саны 50164) калкы менен кирген. Адигене бөлүмүнүн курамына – адигенелер
3145 боз үй, монгуш 1225 боз үй, ичкилик 13943 боз үй (жалпы боз үйлөрдүн саны 18313)
калкы менен кирген. Сол канатка 9029 боз үй калкы менен кирген. Жалпы кара-
кыргыздардагы боз үйлөрдүн саны 77506»1.
Н.Аристов боюнча сол канат Саруу, Коше, жана Мундуз чоң урууларына бөлүнгөн.
Ар бир жогоруда аталган уруу өз кезегинде майда бөлүктөргө бөлүнгөн2.
Жогорудагы маалыматтарга таянуу менен Н.Аристов түшүнүктүү болсун үчүн
болжолдуу схеманы түзгөн:

1
Аристов Н.А. Труды по истории и этническому сотаву тюркских племен…, - Б.: Илим, 2003. – 215 б.
2
Көрсөтүлгөн эмгек. – 52-58 б.
100

Кыргызы

Он канат Сол канат

Адгене
Тагай Саруу

Бугу Адгене
Коше

Монгуш
Сарыбагыш Мундуз
Ичкилик

Султу

Черик

Багыш

Саяк

Андан кийин Н.Аристов кыргыз урууларынын жердеген аймактары тууралуу кеңири


маалымат берет: «оң канат негизинен батыш Тянь-Шандын Талас суусунан жогорку
аймактарынан (бул жерде сол канаттын өкүлдөрүнүн жашаган аймактары башталат)
башкасын ээлейт; адигинелер Алайда, Памирдин кээ бир аймактарында Алай тоо
кыркасынан Зеравшанга чейинки аймактарда көчүп жүрүшкөн. Ал эми кыштоого Фергана
101
өрөөнүнө келишкен. Кара-кыргыздардын муундарынын ичинен саяктар өз кезегинде батыш
Тянь-Шандан юэчжилерге чейинки аймакты ээлешкен. Се (кытайлардагы аталыш) же сак
(перс, индус жана гректердеги аталыш) урууларынын тукумдары сактарды кийин усундар
алмаштырышкан. Монгуш ошондой эле ичкилик (өзгөчө) уруулары кара-кыргыздарга
тиешелүү эмес кыпчак, найман жана аргын (кесектер) урууларынын өкүлдөрүнөн турат.
Андан сырткары кара-кыргыздардын курамындагы жагатай монголдорунун (монгуш чоң
уруусунун курамында) ошондой эле кара-кидандардын (сол канатта кытай уруусу ж.б.)
калдыктары бар»1.
Ушул сыяктуу эле пикирди кээ бир кара-кыргыз уруулары жөнүндө өз кезегинде
Ч.Валиханов да айтып кеткен: - «Наймандар, кыпчактар жана кытайлар кыргыздарга
кийинчерээк кошулган уруулар. Алар, Оштон Памир бөксө тоолору аркылуу Бадахшанга
чейин андан ары Каракорум тоо тизмегине чейинки аймактарда көчүп жүрүшкөн. Алар
менен бирдикте ичкиликтер ошондой эле адигинелердин кээ бир уруулары чогуу көчүп
жүрүшөт»2.
Н.Аристовдун, Ч.Валихановдун берген маалыматарына караганда кыргыз
урууларынын ичинен бир да башка урууга таандык (түпкү теги башка) өкүлдөр кирбеген
урууну табууга мүмкүн эмес. Кыргыздардын уламыштарына караганда бул элементтер
жортуулдар мезгилинде туткун болуп түшкөндөрдөн, ар кайсыл доолордо тарыхый шартка
байланыштуу башка уруктардын жана уруулардын кошулуусунан пайда болушкан. Алар
кыргыздарга кошулуу менен өздөрүнүн уруулук аталыштарын сактап калышкан. Мисалы:
солтолордун ичиндеги жети уруу кулдардын тукумдары болуп эсептелинет. Аларды
«солтонун ичиндеги жети кул» деп аташкан. Алар акбуура, жоочалыш, төлөк, көгөй,
асылбаш, бешкорук жана маке. Солто уруусунун курамында кыргыздардын башка
урууларына аздыр-көптүр болсо да тиешелүү өкүлдөр кездешет. Алар солтолордун арасында
жашоо менен өздөрүн аталган урууга тиешелүү деп эсептей башташкан. Бирок, алар
өздөрүнүн мурдагы өздөрү тиешелүү башка уруулардын курамындагы аталыштарын сактап
калышкан. Ушундай эле абал кыргыздардын башка урууларында да байкалат3.
Бул кыскача үзүндүдөн көрүнгөндөй, Н.Аристов кыргыздардын уруулук түзүлүшү
жана курамы жөнүндө өзүнүн пикирин билдирген. Ошондой эле ал уруулардын келип
чыгуусу боюнча да түшүндүрмө берүүгө аракеттенген. Мисалы, ал кыргыздардын негизги
урууларынын аталыштары башка аймактардан алынып келингендиги жөнүндө билдирген.
Саян тоолорунда жашагандыктын белгиси катары багыш, сарыбагыш урууларынын
аталыштарын атоого болот. Баарыбызга белгилүү болгондой Тянь-Шанда бугу кездешпейт.

1
Аристов Н.А. Труды по истории и этническому сотаву тюркских племен…, – Б.: Илим, 2003. – 216 б.
2
Валиханов Ч.Ч. Соч.. – СПб., 1904. – 75 б.
3
Джамгерчинов Б.Д. Көрсөтүлгөн эмгек. – 27 б.
102
Н.Аристов муундарга, урууларга, уруктарга жана бөлүктөргө бөлүнүүдөн сырткары кара-
кыргыздар өздөрүнүн байыркы мезгилдеги келип чыгуусун ири уруулук аталыштарында да
сактап калышкан. Сакталып калган кандаш уруулардын аталыштарынын он алтысы дээрлик
бардык урууларда жана муундарда кездешет. Алар кыргыздардын этникалык курамы
маселесин изилдөөдө жаңылыктарды киргизүүгө мүмкүндүк берет. Аталган он алты муундун
ичинен төртөөсү: кытай, монгулдук, конграт жана саяк чоочун кошундулардан болуп
эсептелинишет. Калган он экинин ичинен жетөөсү эки же андан көп муундарда кездешет.
Ошондуктан, алар кыргыздардын өздөрүнүн негизги (илгертеден берки) урууларынан болуп
эсептелинишет. Алардын ичинен кеңири таралган уруу болуп саруу же сары уруусу
эсептелинет. Бул уруу Енисей кыргыздарынын (жети сары, алты сары) башкы муундарынын
бири болгон.
Каба мууну Енисейдеги кайбал уруусунун аталышы менен үндөш. Алар өздөрүн
койба же кайба деп аташкан. Мундуз мууну алтайлыктарда да болгон. Ал эми бугулардагы
кючю же күчүк хуннулардагы хучжу же чучжу менен окшош. Бугулардагы ассык жана арык
токум муундары түрктөр менен динлиндердеги ассан жана арин урууларынын
аралашуусунан келип чыгуусу мүмкүн. Алардын калдыктары XVIII кылымда Енисейде
жашашкан. Етиген мууну адыгене же адигене урууларынын аталышы менен окшош. Бул
аталыш түрк-орхон эстеликетеринде эскерилген «токой каптап турган ыйык Етикен
тоосунун» же уйгурлардын уламыштарындагы Етиген өзөнүнүн аталышынан келип чыккан.
Бул аталыш ошол өзөндү ээлеген динлин уруусуна тиешелүү болсо керек. Кийинчерээк ал
аймак түрктөргө өтүү менен алар менен аралашып кетишкен. Дөөлөс мууну Алтайдагы телес
аталышы менен үндөш. Төрө мууну (багыш уруусунда) бугулардагы торго уруусунун
аталышы менен окшош, ушундай эле аталыш Алтайдагы теленгиттерде да кездешет.
Бугулардагы серикей, күчүк урууларынын аталышы саруу жана кучу аталыштары менен
окшош. Ошол эле мезгилде сарыбагыштардагы шикманат жана бугулардагы шикмаят
муундарынын келип чыгуусу белгисиз бойдон калууда. Жыйынтыктап айтканда,
Н.Аристовдун пикири боюнча кара-кыргыздарда кеңири белгилүү жети муундун ичинен
төртөөсүнүн (саруу, каба, ассык, етикен) келип чыгуусу түрк-динлиндер менен, ал эми
үчөөсүнүкү (мундуз, телес, кучу) түрк-алтай уруулары менен байланыштуу.
Андан сырткары, Н.Аристов башка уруулардын аталышынын келип чыгуусу боюнча
да өзүнүн божомолдоолорун билдирет. Тактап айтканда, Адигине уруусундагы ири
уруулардын бири – баргы уругунун келип чыгуусу Кемчик жана Джакул өзөндөрүнүн
ортосундагы аймактан агып өткөн Баргы дарыясынын аталышынан келип чыккан. Мунгуш
аталышын Н.Аристов монголдор менен байланыштырат. Аристовдун пикири боюнча
ичкилик муундары кыргыздарга тиешелүү эмес элементтерден түзүлгөн. Мисалы, анын
103
курамындагы тейит уруусунун өкүлдөрү Сары-Көлдө, Памирде, Алайда жана Ходжент
уездинде кездешет.
Жыйынтыктап айтканда, Н.Аристов өзүнүн карамагындагы маалыматтарга таянуу
менен, кыргыздардын уруулук бөлүнүүсү жөнүндө толук маалымат берүүгө аркеттенген.
Андан сырткары тигил же бул уруулардын жана уруктардын келип чыгуусу боюнча өзүнүн
пикирин билдирген. Кийинчерээк бул маселени башка окумуштуулар да изилдешип, кыргыз
элинин уруулук бөлүнүүсү боюнча Н.Аристовдукуна караганда бир аз башкачараак
көрүнүштү беришкен. Мисалы, белгилүү окумуштуу Б.Д.Джамгерчинов сол канатты 4
негизги топко бөлөт: кутчу, саруу, кытай, мундуз.
Бул маселе боюнча бир аз башкачараак көрүнүш Г.Ф.Дебедцдин изилдөөсүндө да
берилет. Анын схемасы төмөндө берилди1:

Кыргыздар

Отуз уул ИЧКИЛИК

ОН СОЛ кыпчак

тагай кытай
найман
кушчу
солто тейит
саруу
кесек
саяк
мундуз

сарыбагыш басыз

багыш

бугу

черик

монолдор
1
Токарев Е.В. Этнография народов СССР. – МГУ: Раздел Киргизия, 1958. - С. 389.
104

Я.Р.Винниковдун берген маалыматтары да Н.А.Аристовдуку менен дал келбейт.


Мисалы, ал берген маалыматтарда мунгуш уруусу Адигиненин бир бөлүмү катарында
болбостон оь канаттын өз алдынча бутагы катарында каралат1.
Андан сырткары Н.Аристовдон айырмаланып кийинки мезгилдеги дээрлик көптөгөн
окумуштуулардын басымдуу пикири боюнча «ичкиликтер» кыргыз элинин оң канатына,
ошондой эле сол канатына да кирбеген өзгөчөлөнгөн бөлүгү болуп эсептелинет. Бирок,
жогоруда кыскача үзүндүдө белгиленгендей, анын пикири боюнча ичкиликтер тобун кыргыз
элине жат уруулар түзүшөт. Н.Аристов бул маселе боюнча төмөндөгүдөй көз карашты
билдирген: «Ичкиликтер» деп аталган уруулар тобун негизинен өздөрүнүн уруулук
аталыштарын сактабай калышкан келгиндер түзүшөт... Ичкиликтердин курамында кара-
кыргыздардын белгилүү уруктарынын жана муундарынын сакталбай калуусу алардын башка
жактан келгендигин, келип чыгуусу боюнча кара-кыргыздарга тиешелүү эмес экендигин
айгинелейт»2. Н.Аристовдун бул көрсөтмөсү кыргыз элинин этногенезин изилдөөдө жана
тактоодо өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.
Н.Аристов менен башка илимпоздордун изилдөөлөрүнүн ортосунда мындан башка да
айырмачылыктар кездешет. Тактап айтканда, ал «Монгуш» тобун Адигинелердин курамына
кошуу менен, алар көчмөн турмушту бекем тутушуп, Кашгар менен Фергананын
аралыгындагы тоолуу аймакты ээлеп, жагатайлардын бийлиги кулатылгандан кийин жагатай
монголдору башында турган ар кандай калдыктардан түзүлгөн деп эсептеген3.
Я.Р.Винников Н.Аристовдун пикирин туура эмес деп эсептейт. Ал элдин оозеки
чыгармаларын, санжыраларын изилдөө жана аларга талдоо жүргүзүү менен Монгуш уруусу
«Адигиненин» курамына кирбеген оң канаттагы өз алдынча топту түзгөн деген тыянак
чыгарган4.
Адигине бөлүмүнүн уруулук курамы жөнүндө маалыматтар да бирдей эмес. Л.Костенко
адигиненин курамына бөрү, баргы, олжоке, токе, карабаргы, сарыбаргы, көкчө уул, элчибек,
сартдар, савай, жору, ардай, муунак уруулары кирген деп билдирген 5. Н.Аристов да ушул
сыяктуу эле курамды көрсөткөн6. Адигине чоң уруусунун жогоруда көрсөтүлгөн курамын
изилдөө менен, ал жөнүндө төмөндөгүдөй түшүндүрмө берет: «бөрү уруусунан Бурут
аталышынын келип чыгуусу мүмкүн. Анткени, калмактар, кийинчерээк кытайлыктар да

1
Винников Я.Р. Родоплеменной состав и расселение кыргызов на территории Южной Киргизии. – Труды Кирг.
археол.-этнограф. эксп.. Т.1. – М., 1956. – 149 б.
2
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 47-52 б.
3
Костенко Л.Военно-научная экспедиция на Алай и Памир. – Военный сборник. №4. 1887. – 372 б.
4
Винников Я.Р. Көрсөтүлгөн эмгек. – 141 б.
5
Костенко Л. Көрсөтүлгөн эмгек. – 372 б.
6
Аристов Н.А. Заметки об этническом составе… – 437 б.
105
кара-кыргыздарды ушундай аташкан». Мүмкүн бул божомолдоонун кандайдыр бир
деңгээлде негизи бардыр: калмактар бул аталышты жайылтышкандыр. Бирок, баарыбызга
белгилүү болгондой алардын негизги бөлүктөрү Фергананын түштүк-чыгышына чейин
жетишкен эмес. Ошондуктан, бул божомолдоо күмөндүү болуп эсептелинет.
Г.Е.Грумм-Гржимайло Н.Аристовдун божомолдоосун сындоо менен, каралып жаткан
маселе боюнча өзүнүн маалыматтарын билдирген: «В.Радловдун пикирине караганда деп
жазат ал: «Бурут» деген аталыш «боор» (бооур) – Бугу уруусундагы бир бөлүмдүн
аталышынан келип чыккан». Ал эми Н.Аристовдун пикири боюнча бурут аталышы «бөрү»
деген - адигинелердин бир уруусунан келип чыккан. Бирок, алардан сырткары да
божомолдоолор бар. Тактап айтканда, Радлов боюнча Потаниндин «Түндүк-батыш
Монголия очерктери» деген эмгегинде, ошондой эле Самойловичтин «Түрк эли Хотано»
деген макаласында качинск татарлары менен теленгиттерде (агайларда, урянкаларда
кыргыздардын кандаш уруусу менен бирдикте) бурют, пюрют жана бурут деген кандаш
уруулар кездешет. Словцов XIX кылымдын биринчи чейрегинде Иркутск уездинин
Макзурки деген жеринде «буруттардын кичинекей бөлүгү» жашашат деп билдирген. Бул өз
учурунда монголдордун түрктөрдөгү бул же тигил уруунун аталышын бурмалоо менен
айтылган аталыш эмес бул даана элдик аталыш экенин далилдейт.
Бурут аталышы боюнча да ар кандай божомолдоолор кездешет. Мисалы, изилдөөчү
Банзаровдун пикири боюнча, бурут – бул бурят деген аталыштын дагы бир варианты.
Ф.Карша Тянь-Шань кыргыздарын алтайлыктарга жакындатуучу бир өзгөчөлүк бар. Ал
аларды андан сырткары буряттар менен да калмактар менен да жакындатат – деп билдирет.
Баргы уруусу адигиненин курамына кирет. Бул аталыш Н.Аристовдун пикири боюнча
азыркы күндө да Саян тайпак тоосунда (Адыге), жоголуп кете элек тант кандаш уруусу
сыяктуу эле бир катарда динлиндердин тилине тиешелүү1. Ал эми Н.Аристов болсо, бурут
аталышы Бугу уруусуна кирген «баур» уругунун аталышынан келип чыккан деп
божомолдогон. Ушундай эле пикирди И.В.Радлов да колдогон.
Өз изилдөөлөрүн улантуу менен, Н.Аристов багыш уруусун чоң багыш уруусу менен
окшош экендигин далилдөөгө аракеттенген. Анын маалыматтары боюнча багыш жана чоң
багыш уруулары негизинен Ферганада, Наманган тоо кыркаларынын боорлорунда
жашашкан. Бирок, В.Бартольд Н.Аристовдун жогорудагы пикирин туура эмес деп эсептейт.
Ушуга байланыштуу ал мындай дейт: «бул туура эмес. Анткени, багыштар жердеген
аймактарда өзүн биз чоң багышпыз деген топту табууга мүмкүн эмес. Ал эми Кытайдын

1
Грум-Гржимайло Е.Е. Киргизы. - М. 1933. – 137 б.
106
Кашгарында чоь багыштар калктын көпчүлүгүн түзүшөт. Андан да чоь багыштар эч качан
өздөрүн багыштарданбыз деп аташкан эмес»1.
Н.Аристов андан сырткары кээ бир уруулардын бөлүнүүсү жөнүндө да кеьири
маалыматтарды берген. Мисалы: Бугу «кандаш уруусу төмөндөгүдөй урууларга бөлүнгөн: 1
- арык же арык тукуму – уруусу өз ичинде күчүк, ондон, серке (сарык же сарыке); 2 – бапа
уруусу өз ичинде чоң чоро жана чылпак; 3 – баур (бор, В.В.Радлов ушул аталыштан бурут
келип чыккан деп эсептейт) уруусу өз ичинде кара-бор жана сары-бор; 4 – кыдык өз ичинде
жакшылык, жаманбай, бургай, кудайбакты ж.б.; 5 – желдең өз ичинде күрүчбек, сары-катын
жана балык; 6 – алдияр; 7- токоч; 8 – токобай; 9 – толубай; 10 – токай; 11 – салмаке өз
ичинде түгөлбай жана чоку; 12 – тынымсеит өз ичинде шапак жана аян; 13 – белек өз ичинде
шапак, минмурат, тазабек, бирназар»2.
Сарыбагыш уруусу төмөндөгүдөй урууларга бөлүнгөн: жантай, тастар, эсенгул, чоң-
арык, эшим, тынай, темир, болот, абайылда, черикчи, надырбек жана башкалар3.
Кыргыздардын уламыш-санжыраларына караганда, сарыбагыштардын арасында
кулдардын тукумдары бар. Алар өзүк, чечей, абыла, чагалдак, молой жана башкалар.
Черик уруусу төмөндөгүдөй уруулардан турган: карагул, карабостон, сазан, үчтамга,
байчубак, кубе, тактан. Алардын ичинен карагул төмөндөгүдөй бөлүмдөргө бөлүнгөн:
нашай, кончой, назар; сазан өз кезегинде тагай, сарыкөбөн, үчтамга (өз кезегинде бакты,
кызыл токум, дуван жана сарыча) 4.
Андан сырткары Түндүк Кыргызстандын турмушунда анчалык деле манилүү роль
ойнобогон аз сандагы уруулар жашашкан. Алар азык, басыз, тобой, жетиген, конгурат,
монголдор, суумурун, жедигер, кытай ж.б.
Андан башка Кыргызстандын түштүгүндө кыпчактардын ири уруулук түзүлүшүнө
кирген өкүлдөр жашашат. Кыпчактар – дүйнөдөгү байыркы көчмөн уруулардын бири. Алар
XIII кылымда монголдордун басып кирүүсүнүн натыйжасында ири саясий жана этникалык
өзгөрүүлөргө дуушар болушуп, аймактын саясий турмушунда өз алдынча маанилүү роль
ойношкон эмес. Кийинчерээк Орто Азиянын калктарынын – өзбектердин, кыргыздардын,
казактардын жана башка элдердин түзүлүү мезгилинде жогоруда аталган калктар тарабынан
аралашып кетишип (ассимилацияланышып), өз алдынчалыгын жоготушкан. XIX кылымдын
ортосуна карай Кыргызстандын аймагында жашашкан кыпчактардын негизги бөлүгү
Фергана өрөөнүнө отурукташышкан. Бирок, кыргыздардын арасында кыпчактарга
тиешелүүбүз деген уруулар анчалык деле көп эмес.

1
Бартольд В.В. Туркестанские друзья, ученики и почитатели. – М. 1927. – 48 б.
2
Аристов Н.А. Труды по истории и этническому сотаву тюркских племен…, - Б.: Илим, 2003. – 62-65 б.
3
Джамгерчинов Б.Д. Присоединение Киргизии к России. – Фрунзе, 1959. – 16 б.
4
Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. – 441 б.
107
Кыргыздардын үчүнчү чоң бөлүгү – ичкиликтер жөнүндө Н.Аристов өтө кызыктуу
маалыматтарды чогулткан. Ичкиликтердин аталыштарында кара-кыргыздардын кандаш
урууларынын жана урууларынын белгилүү аталыштарынын кездешпегендигине
байланыштуу алардын келип чыгуусу кара-кыргыздар менен байланыштуу эмес. Алар башка
жактан келген уруулардан экендигин далилдейт деп эсептейт Н.Аристов1.
«1877-жылдагы Аскердик жыйнактагы» маалыматтарга караганда, ичкиликтер 20 –
уруудан турушат. Алардын ичинен негизгилери: кадырша, каңды, найман, теит, кесек, орго,
тулус, кара-теит, чал-теит, бостон, кызыл аяк, кара-саадак. Алайга жиберилген Аскердик-
тактоо экспедициясынын мүчөсү Л.Костенконун билдирүүсүндө «Алайдын төмөнкү
аймактарында ичкиликтердин жайыттары, ал эми Фергана өрөөнүнүн Маргалаң уездинде
Үч-Коргон менен Миңтөбөнүн ортосундагы аймактарда кыштоолору жайгашкан. Ошондой
болсо да ичкиликтердин бир бөлүгү, тактап айтканда, наймандар жана теиттер кичи Алайда
Дароот-Коргондун тегерегинде, Алтын дара жана Көксуу капчыгайларында да кышташат»2.
Н.Аристовдун пикиринде ичкиликтер - өздөрүнүн алгачкы уруулук аталыштарын
жоготушкан. Кыргыздарга тиешелүү эмес уруулардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн, ичкиликтерге
тиешелүү наймандар Орто Азиялык уруулардан, ал эми кесектер босо шейбаниддер менен
бирге келүүсү мүмкүн.
Н.Аристов «ичкилик» деген аталыштын келип чыгуусу боюнча үч божомолдоону
келтирет:
1. Бийик, адам баспаган эчкилер жайылган аймакта көчүп жүргөн уруулардан
болгондуктан ичке (эчки) деген сөз уруунун аталышы болуп калуусу мүмкүн.
Азыркы мезгилде да Лейлек районунда жашашкан элдердин санжыра-
уламыштарында кызыл аяк урууларынын өкүлдөрү өздөрүн эчкинин уругунан деп
эсептеше тургандыгын жогорудагыга байланыштуу белгилеп кетүүбүз керек;
2. Ичкилик суунун тегерегин жердегендиктен ушуга байланыштуу ичкилик деген
аталышты алып калышкандыр;
3. Ички уруулук аталышы Шейбаниддерде да кездешет.мүмкүн ичкиликтердин
союзунун же тобунун аталышы ошол ички уусунун жол башчысынын аты менен
байланыштуудур.
Жогоруда сөз болгон кыпчактарды кээ бир окумуштуулар ичкиликтер тобуна
киргизишет. А.Романовдун билдирүүсүнө караганда Алайда 400 боз үй менен наймандар,
теиттер жана кыпчактар кышташат3.

1
Аристов Н.А. Труды по истории и этническому сотаву тюркских племен…, – Б.: Илим. 2003. – 49 б.
2
Ошол эле жерде. – 48 б.
3
Туркестанские ведомости. 1882. №20. – 78 б.
108
Андан кийин Н.Аристов Жети-Суу областынын 1885-жылдагы «Баяндамасына»
(Обзоруна) таянуу менен, кыргыздардын уруу-уруктук курамы боюнча так маалыматтарды
келтирген:
Оң канат:
тагай бөлүмү:
Бугу – 15111 боз үй;
Сарыбагыш – 8973 боз үй;
Солто – 11638 боз үй;
Черик – 4015 боз үй;
Багыш – 3000 боз үй;
Саяк – 7427 боз үй;
жалпысынан: 50164 боз үй;
адигине бөлүмү:
адигине – 3145 боз үй;
монгуш – 1225 боз үй;
ичкилик - 13943
жалпысынан: 18313 боз үй;
Сол канат: - 9029 боз үй;
Жалпы жыйынтык: 77506 боз үй;
Урууларга бөлүнүү кыргыз элинин экономикалык жана социалдык-саясий жашоо-
турмушунда негизги ролду ойноо менен алардын дүйнөнү таанып билүүсүнүн негизги
бөлүгү болуп, көптөгөн тарыхый окуяларга өзүнүн түздөн-түз таасирин тийгизет – деп
билдирген Н.Аристов. Ошондуктан, ал кээ окумуштуулардын кыргыз элинин урууларга жана
уруктарга бөлүнүүсүнүн таасирин төмөндөтүп, аны кемсинтүү аракеттерин туура эмес деп
эсептеген.
Тактап айтканда, А.И.Левшин өзүнүн изилдөөлөрүндө уруулардын аталыштарын
берген эмес. Ал бул боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө берет - «жүз жылдан кийин эле
кыргыз элиндеги такталган көптөгөн тармактардын жана бөлүмдөрдүн аталыштары биздин
архивдерде, кээ бир көп жашагандардын эсинде калбаса, көбүнэсе унутулат»1.
Бул маселе боюнча Г.С.Загряжскийдин өзүнүн үзүл-кесил пикирин билдирген:
«Кыргыздардын тигил же бул урууга тиешелүүүлүгү туруктуу болбойт жана үзгүлтүксүз
эмес. Алардын ичинен бирөөсү жер которушса, мисалы, сарыбагыш жеринен султтарга
(солтолорго) көчүп барса ал өзүн сарыбагыш эмес султ (солто), ал эми саяктарга өтсө

1
Аристов Н.А. Труды по истории и этническому сотаву тюркских племен…, - Б.: Илим, 2003. – С. 59.
109
саякмын деп атаган. Албетте, уруу мүчөсү (сөз жөнөкөй адамдар же букаралар жөнүндө
болуп жатат) өз каалоосу менен көчүп барган болсо, алар башка уруунун аталышын
алышкан. Эгерде туткунга түшсө же кулчулукка кетсе алар өздөрүнүн уруулук аталыштарын
сакташкан». Ал эми манаптар урууларга бөлүнүүнү сакташып, аны бекем тутушат. Жаңы
уруулук бөлүмдүн башталышы жаңы баатырдын пайда болуусу менен байланыштуу. Анын
тегерегине жигердүү азаматтар чогулушат. Анын аты менен бир нече кара тамандар
жамынышат да өздөрүн анын тукумдарыбыз (же балдарыбыз) деп атай башташат. Ушундай
жол менен жаңы бөлүмдөр түзүлгөн. Аларды: Канайдын, Карабоздун, Карабектин,
Сарбагыштын балдары ж.б. – деп аташкан. Ата баласына өзүнүн уруусун берген, ал эми
уулу болсо өз учурунда аларды өзүнүн адаттарына көндүрүп, алар менен чогуу талап-
тоноолорго жана барымтага алууга катышкан. Анын натыйжасында жаңы уруулар түзүлгөн:
алардын катарына канай, карбуз ж.б. киргизүүгө болот. Кээ бир уруулар жакында эле пайда
болгон. Алардын түзүлүүсү бир же эки эле муунду өзүнүн ичине камтыйт. Азыркы күндө да
жаңы уруулар түзүлүүдө… Уруунун түзүлүшүнүн дагы бир башаты бар. Кыргыздардын
салты боюнча кандаш уруулаштар (кандаш туугандар) ортосунда куда-сөөктүк мамилелерди
алты муун өткөнгө чейин түзүүгө тыюу салынган. Ошондуктан, алтынчы муундан баштап ар
бир уруунун мүчөсү өзүнүн бир туугандары менен бирдикте жаңы бөлүмдү түзө алышкан1.
Н.Аристов мындай пикирге каршы болуу менен, өз оюн билдирген: «А.И.Левшин
менен Г.С.Загряжскийдин пикирлеринин кээ бир жактары гана туура. Чындыгында, жаңы
түзүлгөн, майда бөлүмдөрдүн көпчүлүгү кыска мезгилден кийин эле жоголо баштап,
алардын аталыштары унутула баштаган. Бирок, алардын ичинен кээ бир бөлүмдөр көптөгөн
кылымдарга чейин сакталып келишкен. Андай «муундардын» катарына …дуулат, найман,
кыпчак ж.б. киргизүүгө болот. Муундарды «урууларга» бөлүүдө П.И.Рычков тарабынан
XVIII кылымдын биринчи чейрегинде аталыштары аталган уруулар азыр деле сакталууда,
ошол П.И.Рычковдун мезгилине чейин эле алар көп кылымдардан бери жашап келишкен.
Уруулук бирдик (муундар, уруулар, бөлүмдөр ж.б.) деп өздөрүн аташкан кыргыз-
казактардын же кара-кыргыздардын коомдук топтору же союздары кандаш уруулук
байланышы таптакыр башка, ал гана эмес таптакыр башка уруулардан жана калктардан
турат. Бирок, алардын ичинен кээ бирлери гана өзүнүн түпкү түзүлүүсүндө өзүнүн
курамында башка кошунду болгондугуна карабастан, ал кошундулар жергиликтүү кандаш
уруу менен аралашуунун натыйжасында, бир кандаш урууга, урукка же кээ бир учурларда
бир кандаш бутакка тиешелүү болуп калышат. Мындай уруулук топтор же союздар өтө

1
Туркестанские ведомости. 1897. №10.
110
бекем болушат. Алар бөлүнгөн учурда да өздөрүнүн аталыштарын өздөрүнүн бөлүктөрүнө
беришет. Өз кезегинде алар аны кылымдар бою сакташат...»1.
Азыркы мезгилдеги чындык Н.Аристовдун тыянактарынын туура экендигин
айгинелейт. Бүгүнкү күндө кыргыздар бул окумуштуунун мезгилинен бери көптөгөн
окуяларды баштарынын өткөргөндүгүнө карабастан, азыркы күндө да уруу жана уруктарга
бөлүнүүнү сактап келишүүдө. Бирок, бул нерсе өзүнүн алгачкы маанисин жоготкондугун
белгилеп кетүүбүз керек.
Совет доорунда кыргыздардагы уруулук түзүлүш бай-манаптык, феодалдык салт
катары эсептелинип, бул жөнүндө кеңири айтылган эмес. Ал эми бул маселени изилдешкен
илимпоздор куугунтукталышкан.
Кыргызстан өз алдынчалыкка ээ болгондон баштап кыргыз элинин улуттук аң-
сезимдүүлүгү жогорулап, ар бир кыргыз атуулу өзүнүн кайсы урууга тиешелүү экендигин
билүүгө кызыга баштаган. Ошол өзүнүн уруулук өзгөчөлүгүнө байланыштуу бир топко
биригүүгө аракет жасай баштады. Бирок, бул көбүнесе улуттук салт-санааларды жана
баалуулуктарды баалай билүү, өзүнүн элинин байыркы тарыхына болгон кызыгуунун күч
алуусу менен түздөн-түз байланыштуу экендигин белгилей кетүү абзел. Ошол эле мезгилде
элибизде сакталып калган уруулук түзүлүш трайбализмге алып келип, адамдын тигил же бул
урууга тиешелүүлүгүнө карата мамиле жасоо сыяктуу терс көрүнүштөрдүн бар экендигин да
белгилей кетүүбүз керек.

КОРУТУНДУ
Бүгүнкү күндө Н.А.Аристовдун илимий мурастарынын толугу менен басылып чыгуусу
коомучулук кыргыз тарыхынын көптөгөн маселелердеги актай барактары толукталуу менен,
бул же тигил маселелерди кайрадан карап чыгуу менен такталуулар жана толуктоолорго
негиз түздү. Окумуштуу В.А.Воропаева мүнөздөп кеткендей: «Кыргызстандын байыркы
цивилизацияларынын алгачкы изилдөөчүсү»2 катары эсептелинген Н.А.Аристовдун
эмгектерине талдоо жүргүзүү бизди кыргыз элинин тарыхындагы жана этногенезиндеги
дээрлик көпчүлүк маселелерге дагы бир жолу кайрылып, аларды кайрадан карап чыгуу керек
экендигине түрткү берет. Албетте, бул окумуштуунун көптөгөн тыянактары талаш-
тартыштарды туудурат, кээ бир учурларда азыркы мезгилдеги илимпоздордун илимий
пикирлерине карама-каршы да келет. Бирок, бул фактылар өз кезегинде Н.А.Аристовдун
илимий ишмердүүлүгүнүн таасирин андан ары күчөтөт жана тереңдеп изилдөөгө жол ачат.

1
Аристов Н.А.Көрсөтүлгөн эмгек. – 60 б.
2
Воропаева В.А. Российские подвижники в истории культуры Кыргызстана. – Б. 2005. – 36 б.
111
Изилдөөдө көтөрүлгөн маселелерге ылайык төмөндөгүдөй жыйынтыктар сунуш
кылынат:
1.Николай Александрович Аристовдун изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары кийинки
мезгилдеги илимпоздордун изилдөөлөрү менен тастыкталды. Ушундай изилдөөлөрүнүн
жыйынтыктарынын бири болуп, ал тарабынан түзүлгөн кыргыздардын жана Кыргызстандын
тарыхын мезгилдештирүүсү болуп эсептелинет. Анын мезгилдештирүүсү жалпы жонунан
кийинки мезгилдеги окумуштуу-тарыхчылар тарабынан кабыл алынышы аны өзөк катары
сактоо менен, бүгүнкү илимий багыттагы жалпы тарыхтагы доорлорго бөлүштүрүүгө
ылайыкташтырылып, тактоолор, толуктоолор жүргүзүлсүн. Н.А.Аристов окумуштуулардын
ичинен биринчилерден болуп, кыргыз этноними жана Кыргыз Ээлиги жөнүндөгү алгачкы
эскерүү (көптөгөн азыркы мезгилдеги изилдөөлөрдө белгиленгендей б.з.ч. 201-жыл эмес)
б.з.ч. 209-201 жылдар - деп көрсөтүп кеткендигин баса белгилөө менен ушул датаны
окумуштуулар изилдөөлөрүндө келечекте көңүлгө алууну тарых күн тартибине койду.
Ушуга байланыштуу Н.Аристов байыркы кыргыздар өздөрүнүн биринчи мамлекетин
алгачкы түрк тилдүү Гунндар Империясы менен бир мезгилде негиздешкен жана алар жалпы
түрк мамлекеттүүлүгүнүн башатында турушкан деп белгилеп кетиши дээрлик далилдөөлөр
аркылуу такталган. Совет доорунда Кыргызстандын тарыхын изилдеген тарыхчылардан
Н.Аристовдун мезгилдештирүүсүнүн айырмасы болуп, ал түзгөн мезгилдештирүүдө
алгачкы-коомдук түзүлүш мезгили чагылдырылган эмес. Албетте, Н.Аристов обьективдүү
себептерге байланыштуу Кыргызстандын тарыхын мезгилдерге бөлүүдө алгачкы-коомдук
түзүлүш доорун киргизген эмес. Анткени, алгачкы-коомдук түзүлүш мезгилине тиешелүү
археологиялык материалдарды кеңири изилдөө Улуу Октябрь революциясынан кийин гана
жүргүзүлө баштаган. Ошондуктан, Н.Аристов өзүнүн Кыргызстандын тарыхын
мезгилдештирүүдө тарыхтын бул мезгилин чагылдырган эмес – деп белгилеп кеткен
А.Н.Бернштам.
Н.Аристов Кыргызстандын тарыхынын мезгилдештирүүсүнүн алгачкы этабын
белгилөөдө ал ошол мезгилге тиешелүү этникалык өнүгүүнүн башатына көбүрөөк көңүл
бурган. Ал эми совет доорунда түзүлгөн мезгилдештирүүлөрдө бул маселеге дээрлик көңүл
бурулган эмес. Анткени, советтик тарых илиминде кыргыздарда революцияга чейин
мамлекеттүүлүк болгон эмес деген пикир басымдуулук кылган.
2. Кийинки мезгилдеги окумуштуулардын эмгектеринде Н.Аристовдун Кыргызстандын
Россияга кошулуу маселеси боюнча пикири да тастыкталды.
Совет мезгилиндеги көптөгөн белгилүү окумуштуулардын «Кыргызстан Россиянын
курамына өз ыктыяры менен кошулган» деген пикиринен айырмаланып, Н.Аристов
Кыргызстандын түндүгүндө да түштүгүндө да болуп өткөн окуяларга бир эле - «каратуу»
112
деген терминди пайдаланган. Н.А.Аристов өз көз карашында кээ бир уруулардын кошуп
алуу жөнүндөгү өтүнүчү менен Россияга кайрылуусу (Бугу уруусунун өкүлдөрү) ошол
мезгилдеги тарыхый шартка байланыштуу айла жоктугунан, элди кыйрап калуудан сактап
калуу үчүн жүргүзүлгөн саясат катары белгилеген. Изилдөөдө бул маселе боюнча
Н.Аристовдукуна окшош тыянактарды беришкен азыркы мезгилдеги айрым
окумуштуулардын эмгектерине талдоо жүргүзүлдү. Н.Аристовдун Россия империясынын
мамлекеттик аппаратында кызмат өтөгөн чиновник катары көз караштары даана жана так
чагылдырылган. Ал Россия империясынын колониалдык администрациясынын аймактык
башкаруу системасын жөнгө салуу үчүн өткөргөн шайлоолорунда жергиликтүү элди
башкарууда таяныч жана тирек болуучу таасирдүү өкүлдөрдү өзүнө тартуу үчүн мурастык
принципти киргизүү, кээ бир уруу башчыларынын өз урууларына таянып, башка уруу
башчылары менен биригип орус бийлигине каршы күрөшүү коркунучун жоюу максатында
уруулук түзүлүштү жоюп аймактык башкарууну киргизүү кадамдарын туура деп эсептеген
Н.Аристовдун обьективдүү көз карашын белгилеп кетебиз. Н.А.Аристов орус империясынын
Кыргызстанга дыйкандарды көчүрүп келүү саясатын да өзгөчө колдогон. Бирок,
отурукташкан калкты көбөйтүү жергигиликтүү көчмөн элдердин кызыкчылыгына карама-
каршы келээрин белгилеп, бул саясатты этияттык менен ишке ашыруу керек экендигин
эскерткен. Ал үчүн орус империясынын Кыргызстандагы бийлиги кыргыздарга караганда
күчтүү болгон учурда гана кыргыздар бизге баш ийишет. Бирок, биздин таасирдүүлүк бир аз
эле начарласа алар бизге каршы болуудан баш тартышпайт» – деп Н.Аристов бул маселеде
өзүнүн пикирин жыйынтыктаган. Бул пикирин айтуу менен, Н.Аристов дагы бир жолу
кыргыз элинин Россияга өз ыктыяры менен кошулгандыгын четке кагат.
Андан сырткары изилдөөдө Туркестандагы Орус империясынын көчүрүү саясатынын
тарыхы, аймакта отурукташуу жана кыштактарды түзүү, кыргыздардын аймактагы
жайгашуусу жана алардын саны-эсеби жана кээ бир маселелер боюнча Н.Аристовдун
изилдөөлөрүнө талдоо жүргүзүлдү. Бул маселелерди изилдөөдө да Н.Аристов менен
кийинки мезгилдеги ушул маселелерге көңүл бурган окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн
ортосунда айырмачылыктар бар экендигин белгилеп кетүүбүз керек.
3. Н.Аристовдун эмгектеринде кыргыз этногенези боюнча советтик, ошондой эле
азыркы мезгилдеги кээ бир маселелер боюнча көз караштар менен да дал келбеген пикирлер
кездешет. Ушундай маселелердин бири болуп усундардын тарыхы эсептелинет. Бул
маселени изилдөөдө окумуштуу ар кандай тарыхый булактарды талдоо менен өтө кызыктуу,
кээ бир учурларда күтүлбөгөн тыянактарды чыгарган. Н.Аристов тарабынан келтирилген
тыянактар жана маалыматтар азыркы мезгилге чейин бир да илимий ошондой эле окуу-
методикалык адабияттарда чагылдырылбагандыгын эскертип кетүүбүз керек. Аларга
113
усундардын алгачкы отурукташкан аймактары, алардын келип чыгуусу, диний ишенимдери
жана чарбалык турмушу жөнүндөгү маалыматтарды киргизүүгө болот. Анын усундар
маселеси боюнча көптөгөн тыянактары азыркы мезгилдеги окумуштуулардын көз
караштарына карама-каршы келет. Аларга усун мамлекетинин борбору Чигу шаарынын
жайгашкан жери, усундардагы жер иштетүүчүлүк маселелери, Ысык-Көлдүн жээгиндеги
жана суу астындагы турак-жайлардын ошондой эле шаарлардын калдыктарынын усундарга
тиешелүүлүгү жөнүндөгү маселелерди киргизүүгө болот. Бул маселеде Н.Аристов өзүнүн
төмөндөгүдөй пикирин билдирген: - усундар көчмөн турмушта жашагандыктан, алардагы
отурукташкан тургун жайларынын калдыктарын издөөнүн кажети жок. Бирок, усундар
менен кыргыздардын окшоштугу жөнүндөгү маселе өзгөчө кызыгууларды туудурат. Анын
пикири боюнча кыргыздар бул чыныгы усундар, усундардын элдик аталышы кыргыз, ал эми
усун деген, кыргыз урууларынын саяйсий союзун билдирген өзгөчө термин. Алар б.з.ч. III
кылымда Енисейдеги кыргыз элинен тарыхый шартка байланыштуу бөлүнүп, б.з.ч. II
кылымда Батыш Тянь-Шанга жер которушкан.
Изилдөөдө белгиленип кеткендей, Н.Аристовдун бул божомолдоосун айрым
окумуштуулар колдосо, айрымдары ага каршы болушкан. Бул маселеге карата өз көз
карашыбызды такталган далилдер аркылуу иликтөөдө чагылдырууга аракет жасалды.
4. Н.Аристовдун кыргыздардын этногенези боюнча пикири да өтө кызыктуу. Анын
көз карашы боюнча кыргыздар байыркы мезгилден бери эле Тянь-Шанда жашайт деген
окумуштуулардын кээ бир тобунун көз карашын чагылдырат. Анын пикири боюнча Енисей
жана Теңиртоо кыргыздарынын түпкү тамыры бир, б.з.ч. III кылымда гунндар тарабынан
каратылган байыркы кыргыздар алардын ата-бабалары. Теңиртоо кыргыздары борбордук
Азияга Енисейден кеткен кыргыз жана башка түрк уруулары менен бирдикте усун союзун
түзгөн уруулардан түзүлгөн. Алар байыркы мезгилде эле Тянь-Шанды жана анын түндүк
жагындагы талааларды жердешкен.
Н.Аристовдун пикиринде кыргыздар орто кылым мезгилинде өзгөчө VIII – X
кылымдарда Тянь-Шанды ээлөө менен аймактын калкынын көпчүлүк бөлүгүн түзүшкөн.
Ошону менен бирге эле, алар Енисей менен Борбордук Азиядагы гана эмес Түндүк
Кыргызстандагы тарыхый процесстерге да активдүү катышышкан. Кийинчерээк
кыргыздардын автохтондуулугу жөнүндөгү пикир кээ бир кыргыз тарыхчылары тарабынан
кабыл алынып, Кыргыз ССРинин тарыхынын биринчи чыгарылышында ырааттуу берилген.
Кийинчерээк бул маселе 1956- жылы ноябрда болуп өткөн кыргыз элинин этногенези
боюнча бириккен илимий сессияда каралган.
Илимий сессияда Н.Аристовдун божомолдоосу менен туура келбеген жыйынтык
чыгарылган. Өз ара пикир алмашуунун негизинде сессиянын катышуучулары төмөндөгүдөй
114
бүтүм чыгарышкан: «Кыргыз эли жана анын маданияты… кеминде эки этникалык
элементтин: Борбордук Азиялык жана жергиликтүү Орто Азиялык элементтердин өз ара
аркеттенүүсүнүн натыйжасында түзүлгөн. Борбордук Азиялык компонент кыргыз элинин
этногенезинде өзөктүү маңызды түзгөн деген бүтүм сессиянын негизги жобосу болуп
эсептелинет. Бул көз караш Н.Аристовдун божомолдоосу менен көп жагынан дал келбейт.
Бирок, көптөгөн окумуштуулар кыргыздардын чыныгы мекени Енисей эмес Теьир-Тоо
экендигин моюнга алышат.
5. Кыргыз элинин этногенез маселеси менен Енисей жана Теңиртоо кыргыздарынын
өз ара мамилелери жөнүндөгү маселеге да түздөн-түз байланыштуу. Н.Аристовдун бул
маселе боюнча көңүл бурууга татыктуу болгон өзүнүн көз карашы бар. Анын пикири
боюнча, усундар менен Енисей кыргыздарынын ата-бабалары болуп байыркы кыргыздар
эсептелинет. Б.з.ч. III кылымдарда усундар Енисей кыргыздарынан бөлүнүшүп, Монголия
менен чыгыш Тянь-Шандын ортосундагы аймактарды жердешкен. Ал эми б.з.ч. II
кылымдарда алар батыш Тянь-Шанга жер которушкан. Ошентип, Н.Аристов өзүнүн
изилдөөлөрүнүн негизинде Енисей жана Тянь-Шань кыргыздары генетикалык жактан тектеш
эл деген жыйынтык чыгарган. Ошого карабастан, бүгүнкү күнгө чейин кыргыздардын
этникалык тарыхындагы башка маселелер сыяктуу эле бул маселе да талаш-тартышты
туудурган, аягына чейин изилденбеген маселеге айланып, тарыхчылардын алдына көптөгөн
кызыктуу көйгөйлөрдү жаратты.
6. Иликтөөдөгү дагы бир маанилүү маселенин бири катары Н.Аристовдун
кыргыздардын уруулук курамы эсептелинет. Академик Б.Д.Джамгерчиновдун билдирүүсүнө
таянсак, алгачкылардан болуп окумуштуулардын ичинен Н.Аристов гана өз эмгектеринде
кеңири изилдеген окумуштуу катары эсептелинет. Баарыбызга маалым болгондой,
кыргыздардын уруулук курамынын негизин оң жана сол канаттар, ошондой эле «ичкилик»
деп аталган уруулар тобу түзөт. Н.Аристовдун пикирине караганда, бул бөлүнүү усундар
доорунда эле башталган. Усундар да өз кезегинде үчкө бөлүнүшкөн. Элдерде уруулук
түзүлүштүн пайда болуусуна таасир эткен айрым факторлор жөнүндө Н.Аристовдун көз
карашы өтө кызыктуу. Көчмөндөрдөгү кандаш уруулук байланыш, урууга тиешелүүлүк,
уруулук аталыштар, эн тамгалары алардын өткөндөгү тарыхынын эсетеликтеринин далили
катары кызмат өтөгөн. Ошондуктан, уруулук бөлүнүү алардын турмушундагы эң маанилүү
нерсе катарында эсептелинген.
Н.Аристовдун пикири боюнча уруулук түзүлүштүн пайда болуусуна төмөнкү шарттар
өбөлгө түзгөн:
115
а) Уруулардын табигый жол менен көбөйүүсүнүн натыйжасында алар сөзсүз түрдө
майда бөлүктөргө бөлүнүүгө тийиш болушкан. Анын натыйжасында уруулардын саны
көбөйгөн;
б) Урууларга бөлүнүүнүн жана биригүүнүн дагы бир себеби болуп, экономикалык
жана саясий факторлор, өзгөчө коңшулаш элдердин басып алуусу, ошондой эле уруулар
отросундагы карама-каршылыктар эсептелинген.
Өткөөл жана оор мезгилдерде эл арасынан жолдуу жана таасирдүү жол башчылар
жогорулап, алардын кол астына тууган-туушкандары гана эмес башка уруулардын өкүлдөрү
да чогулушкан. Анын натыйжасында кандаш уруулаштардан гана эмес, башка уруулардын
өкүлдөрүнөн да турган уруулук союздар түзүлгөн.
Уруунун негизги өзгөчөлүгү болуп урууга киргендердин кандаш уруулук байланышы
гана эмес, алардын коомдук-саясий турмушунун мааниси дагы эсептелинген. Бул
кыргыздарда кандаш байланыш түшүнүгүнүн бара-бара жоголуп кетүүсү менен
байланыштуу эмес, бул өз кезегинде кыргыздарда кандаш урууларга – (сөөктөргө) бөлүнүү
менен, өзүн-өзү сактап калууга түздөн-түз байланыштуу маселе экендигине көңүл бурган.
Кыргыздарда башка уруунун өкүлдөрү аралашпаган бир да урууну же урукту табууга
мүмкүн эместигин белгилеп - тарыхый өнүгүүнүн ар кайсыл доорлорунда кыргыздарга алар
согуш туткундары катарында кошулушса, айрым учурда жер которуу менен же бүтүндөй бир
уруунун кошулушу себеп болгон. Бирок, алар өздөрүнүн мурдагы уруулук аталыштарын
кийин да сактап калышкан.
Жыйынтыктап айтканда, башка окумуштуулардан айырмаланып (А.И.Левшин,
М.Загряжский), кыргыздардын социалдык-экономикалык жана саясий турмушунда уруулук
бөлүнүү өзүн-өзү сактап калуу фактору өтө маанилүү ролду ойной тургандыгын билдирген.
Бүгүнкү күндө Н.Аристовдун тыянактарын далилдеген кыргыз эли өзүнүн
турмушунда миңдеген кылымдарды басып өткөнү менен азыркы күнгө чейин уруу жана
уруктарга бөлүнүүнү сактап калышкандыгын мисал катары кароого болот. Албетте азыркы
цивилизация жана глобалдуулук доорунда көптөгөн баалуулуктар өзгөрүлүүдө. Айрыкча,
кыргыз элинин улуттук салт-санааларды кармай билгендиги, көптөгөн прогресивдүү
жактары жаңы муундарды тарбиялоо багытында орун алгандыгын белгилөө менен, урууга
бөлүнүүчүлүккө, трайбализмге, улутчулдукка, жердешчилдиктин орун алуусуна алып
келүүсүнө жана атуулдардын кайсыл бир урууга тиешелүүлүгүнө карата мамиле кылуу
сыяктуу жат көрүнүштөрдү эстен чыгарбоо керек экендигин баса белгилей кеткенге аракет
жасадык.
Жыйынтыктап айтканда, Н.А.Аристов тарабынан жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөргө
таянуу менен, төмөндөгүдөй тыянактарды чыгарууга болот:
116
а) анын эмгектери кыргыз элинин тарыхы жана этногенези боюнча өтө кызыктуу
маалыматтарды камтыган тарыхый булак катары кызмат өтөй алат. Окумуштуу тарабынан
көптөгөн тарыхый булактарды кылдаттык менен талдоо революцияга чейинки кыргыз
тарыхы боюнча аягына чейин изилденип бүтө элек татаал маселелерди жаңы көз карашта
изилдөөдө мүмкүндүк түзөт.
б) Н.Аристовдун көптөгөн илимий тыянактары кыргыз тарыхы боюнча толугу менен
изилденген жана каралган кээ бир маселелерди башкача көз карашта кароого түрткү берет.

КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР

1.1. Абдыкалыков А.О. Енисейские киргизы в 17 веке (Исторический очерк). – Фрунзе:


Илим,1968. – 136 б.
1.2. Абдыкалыков А.О. О термине «буруты» // СЭ, 1963. №1.
1.3. Абрамзон С.М. Киргизы, их этногенетические и историко-культурные связи. – Фрунзе:
Кыргызстан,1990. – 480 б.
1.4. Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. – Б., 1999.
– 896 б.
117
1.5. Абрамзон С.М. Вопросы этногенеза киргизов по данным этнографии Тр. Кирг.
археолого-этнографической экспедиции. – Фрунзе: Издательство АН Кирг. ССР,
1959,Т.III. – 31-43 б.
1.6. Агеева Р.А. Страны и народы: происхождения названий. – М., 1980. – 72 б.
1.7. Акаев А.А. Кыргыз мамлекеттүлүгү жана «Манас» элдик эпосу/тарыхый иликтөө. – Б.:
Учкун. 2002. – 598 б.
1.8.Аристов.Н.А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы: Очерки истории и быта населения
Западного Тянь-Шаня Западного Тянь-Шаня и исследования по его исторической
географии. – Б.: Илим, 2001. – 577 б.
1.9. Аристов.Н.А. Опыт выяснения этнического состава киргиз-казахов Большой орды и
каракиргизов, на основании родословных сказаний и сведений о существующих родовых
делениях и о родовых тамгах, а также исторических данных и начинающихся
антопологических исследований. . – СПб.: тип. С.Н.Худекова, 1895 , 2001. – 96 б. (Отд.
Отт. Из: Живая старина. –1894. – Вып. 3,4).
1.10. Аристов Н.А. Труды по истории и этническому составу тюркских племен. – Б.: Илим,
2003. – 458 б.
1.11. Аристов Н.А. Наманганский округ Кокандского ханства // Материалы для статистики
Туркестанского края: Ежегодник. Вып. 2. – СПб. 1873. – 139-140 б.
1.12. Аристов Н.А. Отношение наши к дунганам, Кашгару и Кульдже // Материалы для
статистики Туркестанского края: Ежегодник. Вып. 2. – СПб. 1873. – 170-171 б.
1.13. Аристов Н.А. Западный Туркестан в VII столетии, по описанию китайского
путешественника // Туркест. ведомости, 1889. - №30.
1.14. Аристов Н.А. Землетрясение 30 июня 1889 г. в Семиреченской области // Туркест.
ведомости,1889- №30.
1.15. Аристов Н.А. Об Афганистане и его населении // Живая старина - СПБ.,1898 - Вып.
3-4.
1.16. Аристов Н.А. Англо-индийский «Кавказ». Столкновения Англии с афганскими
племенами. – СПБ.,1900.
1.17. Аристов Н.А. Этническое отношение на Памире в прилегающих странах по древним,
преимущественно китайским историческим известиям. Сведения Птолемея о комедах и
саках, об их стране и о пути через нее к серам // Русский антропологический журнал. -
1903. №1.
1.18. Асанканов А.А.,Осмонов О.Дж. История Кыргызстана (с древнейших времен до наших
дней) Учебник для вузов. – Б., 2002. – 574 б.
1.19. Аттокуров С. Кыргыз санжырасы. – Б., 1995. – 215 б.
118
1.20. Аттокуров С. Кыргыз этнографиясынын тарыхнаамасы. Илимий ред.К.Молдокасымов.
– Б., 1996. – 171 б.
1.21. Амедов Б.А. XV кылымдагы кыргызстандын саясий тарыхын изилдөөгө // АН Уз ССР.
ОНУЗ. – Ташкент, 1961. № 5. – 29-34 б.
1.22. Байтур А. Кыргыз тарыхынын лекциялары. Т.1. – Б.: Учкун, 1992. – 128 б.
1.23. Бактыгулов Дж.С. Формирование кыргызского народа // Кыргызы: этногенетические и
этнокультурные процессы в Центральной Азии. – Б.: Илим, 1996. – 179 б.
1.24. Бактыгулов Дж.С., Момбекова Ж.К. История кыргызов и Кыргызстана с древнейших
времен до наших дней. – Б.: Кыргызстан, 2001. – 344 б.
1.25. Бактыгулов Дж.С., Историография дореволюционного Кыргызстана. – Фрунзе:
Кыр.гос.университет им. 50-летия СССР. – 1988. – 127 б.
1.26. Банзаров Д. Сборник сочинений. – М.: Изд-во АН СССР, 1955. – 375 б.
1.27. Бартольд В.В. Избранные произведения по истории кыргызов и Кыргызстана (сост. доп.
коммент. и предисловие О.Караева). – Б.: Илим,1996. – 608 б.
1.28. Бартольд В.В. Очерки история Семиречья. – Фрунзе.; Киргизгосиздат, 1943. – 104 б.
1.29. Бартольд В.В. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таьдалма эмгектер. – Б., Сорос
Фонду, 1997. – 456 б.
1.30. Бартольд В.В. Туркестан в эпоху монгольского нашествия. Сочинения. – М.: Изд-во
вост. лит. Наука, 1963. Т.1. – 760 б.
1.31. Бартольд В.В. История Туркестана. Сочинения. – М.: Изд-во вост. лит. Наука, 1963.
Т.II. Ч.I. – 107-166 б.
1.32. Бартольд В.В. Сочинения. – М.: Изд-во вост. лит. Наука, 1968. Т.V. – 757 б.
1.33. Бартольд В.В. Тюрки. Двенадцать лекций по истории турецких народов Средней Азии.
– Алматы: Жалын, 1998. – 192 б.
1.34. Баскаков Н.А. Введение в изучении тюркских языков. – М.: Высш. шк. 1969. – 388 б.
1.35. Баскаков Н.А. «Кыргыз» этнониминин жаралуусу жөнүндөгү маселеге // СЭ. – 1964. №
2. – 92-93 б.
1.36. Бейшеналиев Т.О. Гибель ойратского государства татар и переселение киргизов на
Тянь-Шань // Кыргызы: этногенетические и этнокультурные процессы в древности и
средневековье в Центральной Азии. конф. посв. 1000-летию эпоса «Манас», 22-24 сент.
1994. – Б.: 1995. – 20-21 б.
1.37. Бердашев.И. Сведения о дикокаменных киргизах: Материалы для статистики
Туркестанского края: Ежегодник. Вып. 3. – СПБ, 1874.
1.38. Бичурин Н. Я. (О.Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в
древние времена. Т. I-III. – Алматы: Жалын, 1998/1999. – Т.I . – 389 б.
119
1.39. Бичурин Н.Я.(о. Иакинф). Описание Чжунгарии и Восточного Туркестана в древнем и
нынешнем состоянии. – Ч.1. – СПб., 1829.
1.40. Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории Кыргызстана. В 2т.-Б.:
Айбек. 1998. Т-1. - 1997. 559 с., Т-2. – 1998. – 703 б.
1.41. Бернштам А.Н. Историческое прошлое кыргызского народа. – Фрунзе. 1942. – 27 б.
1.42. Бернштам А.Н. Археологический очерк Северной Киргизии. – Фрунзе: Комитет науки
при СНК Киргизской ССР, 1944. – 112 б.
1.43. Бернштам А.Н. Архитектурные памятники Киргизии. – М. – Л. – изд. 2-я тип. Изд-во
Акад. Наук СССР, 1950. – 146 б.
1.44. Бернштам А.Н. Заметки по этногенезу народов Северной Азии. // Советская
этнография, 1947. №2. – 60-66 б.
1.45. Бернштам А.Н. Социально-экономический строй орхоно-енисейских тюрок VI-VIII
веков. – М.-Л.: Изд. АН СССР, 1956. – 204 б.
1.46. Бернштам А.Н. Появление киргизов на Тянь-Шане в IX-XI вв. // СЭ. 1956. № 4. – 118-
125 б.
1.47. Бернштам А.Н. Источники по истории кыргызов 18 века (Обзор Кыргызстана
письменных источников) // Вопросы истории. – 1946. №11-12: – 126-131 б.
1.48. Бернштам А.Н. К вопросу о происхождении киргизского народа. // Советская
этнография-1995. №2. – 16-26 б.
1.49. Биобиблиографический словарь отечественных тюркологов. Дооктябрьский период. –
М.: Наука,1989. – 298 б.
1.50. Бутанаев В.Я. К вопросу о кыргызско-хакасских этнографических связях // Кыргызы:
этнографические и этнокультурные процессы в древности и средневековье в
Центральной Азии. – Б.: Кыргызстан, 1996. –. 102-125 б.
1.51. Бутанаев В.Я., Худяков Ю.С. История енисейских кыргызов. – Абакан: изд-во ХГУ,
2000. – 225 б.
1.52. Бутанаев В.Я. Этническая история хакасов XVII-XIX вв. – М.: Наука, 1990. – 272 б.
1.53. Валиханов Ч.Ч. Записки о киргизах. Собр. Соч. в 5 т. Т.1. / Т.2. – Алма-Ата: Илим,
1984-1985. – 432 с. / 416 б.
1.54. Валиханов Ч.Ч. «Манас» жана кыргыздар жөнүндө. (которгон: Төлөн Насиридинов). –
Б.: КТМУ, 2003. – 179 б.
1.55. Вамбери А. Очерки Средней Азии. – М.: Изд-во А.О.Мамонтова, 1868. – 361 б.
1.56. Введение в историю кыргызской государственности. – Б.: Илим, 1994. – 239 б.
1.57. Винников Я.Р. Родо-племенной состав и расселение киргизов на территории Южной
Киргизии. // ТКАЭЭ. – М.: Аграф, 2000. – 136-181 б.
120
1.58. Воропаева В.А. Российские сподвижники в истории и культуры Кыргызстана. // под.
ред. академика НАН КР. А.Ч.Какеева. – Б. Изд-во КРСУ. 2005. – 359 б..
1.59. Галицкий В.Я., Плоских В.М. О структуре населения дореволюционной Киргизии 19 -
начала 20 в.в. // Страницы истории и материальной культуры Киргизстана. – Фрунзе:
Илим, 1975. – 22-34 б.
1.60. Гинзбург В.В. Древнее население Центрального Тянь-Шаня и Алая по
антропологическим данным. // Среднеазиатский этнографический сборник. Труды
института этнографии им. Н.Н.Миклухо-Маклая. Новая серия – М.: Изд. АН СССР, 1954.
– Т. ХXI. – 354-412 б.
1.61. Данияров С.С. О прогрессивном значении русской культуры в развитии культуры
киргизского народа в конце 19 - начале 20 в.в. – Фрунзе: Мектеп, 1964. – 59 б.
1.62. Джамгерчинов Б.Дж. Важный этап из истории кыргызского народа (к 100-летию
присоединения Киргизии к России). под. ред. М.П.Вяткина. – Фрунзе: Киргизгосиздат,
1957. – 93 б.
1.63. Джамгерчинов Б.Дж. Присоединение Киргизии к России. – М.: Соцэгиз, 1959. – 436 б.
1.64. Джамгерчинов Б.Дж. Очерк политической истории Киргизии 19 века (первая
половина). – Фрунзе: Илим, 1966. – 190 б.
1.65. Джамгерчинов Б.Дж. Добровольное вхождение Киргизии в состав России. 2-е изд. –
Фрунзе: Киргосиздат, 1963. – 436 б.
1.66. Джамгерчинов Б.Дж. О прогрессивном значении вхождения Киргизии в состав России.
– Фрунзе; Изд-во Академии наук Кирг. ССР, 1963. – 189 б.
1.67. Джамгерчинов Б.Дж. Киргизы в эпоху Ормон-хана (из истории феодально-родовых
войн киргизов в XIX веке). – Б.: «Алл-Пресс», 1998. – 62 б.
1.68. Дебетц Г.Ф. Проблема происхождения киргизского народа в свете антропологических
данных. // ТКАЭЭ. – М.: 1956. Т. I. – 3-17 б.
1.69. Жамгерчинов Б.Ж. Кыргыз элинин тарыхындагы маанилүү этап (Кыргызстаныдн
Россияга кошулушуна 100 жыл толгондугуна байланыштуу). М.П.Вяткина редакциясы
астында. – Фрунзе: Кыргызмамбас, 1957. – 104 б.
1.70. Джунушалиев Д.Дж, Какеев А.Ч., Плоских В.М. Исторические этапы кыргызской
государственности. – Б.: Инновационный центр «Архи». 2003. – 112 б.
1.71. Заднепровский Ю.А. Археологические памятники южных районов Ошской области
(середина I тысячелетия до н.э. – середина I тысячелетия н.э.). – Фрунзе: Изд-во Акад.
Наук Кирг. ССР. 1960. – 175 б.
1.72. Заднепровский Ю.А. Древнеземледельческая культура Ферганы. – М.-Л.: Изд-во АН
СССР. 1962. – 328 б.
121
1.73. Зайниев Р.А. Родоплеменное деление кыргызов в трудах Н.А.Аристова//Сборник статей
ученых, преподавателей и аспирантов. – Красноярск, 2007. – 56-68 б.
1.74. Зайниев Р.А. Роль Н.А.Аристова в изучении истории кыргызов// Вестн. КГУ им. И.
Арабаева – Сер.: Обществ. науки №8. 2007. – 183-22 б.
1.75. Зайниев Р.А. Проблемы родоплеменного деления кыргызов в трудах Н.А.Аристова//
Вестн. КГУ им. И. Арабаева – Сер.: Обществ. науки №8. 2007. – 183-22 б.
1.76. Зайниев Р.А. Бесскорыстный исследователь кыргызской истории (основные вехи
жизни и твоческой деятельности Н.А.Аристова)// Вестн. КГУ им. И. Арабаева – Сер.:
Обществ. науки №12. 2008. – 66-70 б.
1.77. Зайниев Р.А. Маанаев Э.Ж. Н.Аристов об усунях. Гипотеза об тождестве с кыргызами//
Вестн. КГУ им. И. Арабаева – Сер.: Обществ. науки №12. 2008. – 70-75 б.
1.78. Зайниев Р.А. Родоплеменной состав кыргызов времен Чоко батыра в трудах
Н.А.Аристова//Материалы научно-практической конференции, посвященной 150-летию
выдающейся личности Кыргызстана второй половины XIX- начало XX вв. Вестн. КНУ. –
Сер.: 1. Гум. науки. Выпуск VII . История. Археология. Этнография. 2008. – 28-34 б.
1.79. Закиров С. Кыргыз санжырасы. – Б.: Кыргыз энцик. башкы ред., 1996. – 427 б.
1.80. Златкин И.Я. История Джунгарского ханства (1635-1758 гг.). – М.; «Наука». – 332 б.
1.81. Иванов П.П. Очерки по истории средней Азии (16 - середина 19 в). – М.: «Издательство
вост. лит-ра», 1958. – 246 б.
1.82. Ильясов С.И. Земельные отношения в Киргизии в конце 19 - начале 20 в. – Фрунзе:
Изд-во АН Кирг. ССР, 1963. – 446 б.
1.83. История Киргизии. – Т 1 – Фрунзе; 1956. – 42 б.
1.84. История Киргизии. - Т 1. – Фрунзе; 1963. – 591 б.
1.85. История Киргизской ССР (с древнейших времен до наших дней): В пяти томах. под.
ред. А.Карыпкулов и др. - Т 1. – Фрунзе: Кыргызстан, 1984. – 795 б.
1.86. Кадыров Ш. Записки и отчеты русских путешественников как источник по истории
Киргизии второй половины 19 века. – Фрунзе: «Киргоиздат», 1961. – 105 б.
1.87. Кадыров Ш. Видные ученые о Киргизии (первые путешественники по Киргизии
накануне и в период ее добровольного вхождения в состав России). – Фрунзе:
«Киргосиздат», 1963; – 56 б.
1.88. Калкан М. Кыргыз урууларынын жайгашуу, этногенез жактан бөлүнүү мезгилдери. //
КТМУ. Коомдук илимдер журналы. – Б. 2000. Вып. I .– 67-87 б.
1.89. Карасаев Х. «Мухтасар тарых кыргызия» жана анын түзүүчүсү.//
Кыргыздар. – Б.; «Кыргызстан», 1993. Т. I-Б. – 57-61 б.
122
1.90. Караев О.К. Исследователи о взаимоотношениях енисейских и тяньшаньских киргизов
// Вопросы этнической истории киргизского народа. – Фрунзе: «Илим», 1989. – 8-29 б.
1.91. Караев О.К., Кожобеков М. О переселении енисейских киргизов на Тянь-Шань в 9-10
в.в. // Вопросы этнической истории киргизского народа. – Фрунзе: «Илим»,1989. –. 41-66
б.
1.92. Караев О. Арабские и персидские источники 9-11 в.в. о киргизах и Киргизии. – Фрунзе:
«Илим», 1968. – 102 б.
1.93. Караев О. Кыргыз элинин түзүлүшү // Кыргызы: этногенетические и этнокультурные
процессы в древности, и средневековье в Центральной Азии. – Б.: «Кыргызтан»,1996. –
22-45 б.
1.94. Караев О.К. Чагатайский улус. Государство Хайду и Могулистан. – Б.; «Кыргызстан».
1995. – 180 б.
1.95. Каратаев О.К. Кыргыздардын этномаданий байланыштарынын тарыхтарынан. – Б.:
2003. – 261 б.
1.96. Каратаев О.К. Лакайлар жана алардын ата-теги // Вестник КГНУ. Общественные науки.
– Б.: 1999. – 94-99 б.
1.97. Каратаев О.К. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. – Б.: КТМУ, 2003. - 274 б.
1.98. Каратаев О.К. Кыргыз этникалык байланыштары тарыхый-этнографиялык жана
лингвистикалык булак катары. // Кыргыздар. – Б.: «Учкун», 2002. Т.V. – 221-253 б.
1.99. Каратаев О.К. Кыргыз-ногой этногенетикалык жалпылыктары. // Кыргыздардын теги. –
Б.: Кыргызстан, 1995. – 39-41 б.
1.100. Каратаев О.К. Ош шаарынын жана ага жамаатташ аймактардагы кыргыздардын
этникалык курамы. // – Б «Мурас», 1999. Вып. II. – Б 87-90 б.
1.101. Каратаев О.К. Фергана өрөөнүндөгү кыргыздардын этностук курамы. // Мурас, 2000. –
Вып. IV. – Б 103-105 б.
1.102. Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы. – Б Б.: Кыргызстан, 1997. – Б
360 б.
1.103. Киргизская Советская Социалистическая Республика: Энциклопедия. – Фрунзе: Изд-
во АН Кирг. ССР, 1982. – Б 488 б.
1.104. Кыргызстан: Энциклопедия – Центр госязыка и энциклопедии. 2001. – 546 с.
1.105. Кибиров А.К. О периодизации истории народов Киргизии в досоветскую
эпоху//Материалы научной сессии, посвященной истории Средней Азии и Казахстана в
дооктябрьский период. – Ташкент, 1955; –. 450-456 б.
1.106. Кляшторный С.Г., Султанов Т.И. Казахстан: Летопись трех тысячелетий. – Алматы:
«Руан», 1992. – 375 б.
123
1.107. Кляшторный С.Г. Хозяйственно-культурная эволюция. // История Казахстана и
Цетральной Азии. – Алматы: «Дайк-Пресс», 2001. – 48-64 б.
1.108. Кляшторный С.Г., Султанов Т.И. Государство и народы евразийских степей
(древность и средневековье). – Санкт-Петербург: «Востоковедение», 2000. – 307 б.
1.109. Кляшторный С.Г. Древнетюркские рунические надписи как источник по истории
Средней Азии. – М.: «Наука», 1964. – 215 б.
1.110. Кляшторный С.Г., Савинов Д.Г. Степные империи древней Евразии. – СПБГУ. 2005. –
346 б
1.111. .Кононов А.Н. Родословная Туркмен. – М.-Л.: Изд-во АН СССР, 1958. – 192 б.
1.112. Кронгардт Г.К. Население Киргизии в последней трети 19 в. начале 20 в. – Фрунзе:
«Илим», 1989. – 92 б.
1.113. Кузеев Р.Г. Об общности компонентов в этногенезе тюркских народов Средней Азии
и Казахстана. – Нукус: «Каракалпакстан», 1989. – 272 б.
1.114. Кулматов Н. Уруучулук (трайбализм). – Б.: КР УИА, 1999. – 63 б.
1.115. Кызласов. Л.Р. О связях киргизов Енисея и Тянь-Шаня (К вопросу о происхождении
киргизского народа) // труды Киргизской археолого-этнографической экспедиции. Под.
ред. Г.РДебеца. – Фрунзе: 1959. – 104-113 б.
1.116. Кычанов Е., Бейшеналиев Т. Юань-Мин доорундагы кыргыздар. (которгон:
Э.Кылычев). – Б. «Ала-Тоо». – 1990 - № 7. – 101-113 б.
1.117. Кюнер Китайские сведения о народах Южной Сибири, Центральной Азии. Дальнего
Востока. – М.: Изд-во. Вост. Лит., 1961. – 391 б.
1.118. Левшин А.И. Описание киргиз-казачьих, или киргиз-кайсацких орд и степей. – СПб.,
II. 1832., (Левшин А.И. писание киргиз-казачьих, или киргиз-кайсацких орд и степей.–
Алматы: «Санат», 1996. – 653б.).
1.119. Лунин Б.В. Средняя Азия в дореволюционном и советском востоковедении. –
Ташкент: «Наука», 1965. – 408 б.
1.120. Маанаев Э.Ж.Кыргыз элинин этникалык онуугуусу. – Б.: 2003. – 268 б.
1.121. Малабаев Ж.М. История государственности Кыргызстана. – Б. Илим. 1997. – 216 б.
1.122. Малабаев Ж.М. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы. – Б.: КРУИА, 1999. – 218 б.
1.123. Малов С.Е. Памятники древнетюркской письменности. Тексты и исследования. –М. –
Л.: Изд. АН СССР, 1951. – 452 б.
1.124. Малявкин А.Г. Историческая география Центральной Азии. – Новосибирск: Наука ,
1981. – 296 б.
1.125. Материалы научной сессии, посвященной истории Средней Азии и Казахстана в
дооктябрьский период. – Ташкент, 1955. – 451-456 б.
124
1.126. Менгес К.Г. Түрк элдери жана алардын тилдери (которгон: Т.Абдиев). – Б.: «Сорос»
Фонду, 2000. – 351 б.
1.127. Миклашевская Н.Н. Кыргыздардын антропологиялык тибинин түзүлүшүндөгү
борбордук азиялык элементтин салыштырмалуу салмагы маселеси жөнүндө. // ТКАЭЭ. –
М.: 1959. Т.II. – 370-381 б.
1.128. Моисеев В.А. Джунгарское ханство и казахи XVII-XVIII вв. – Алматы: «Гылым»,
1991. – 233 б.
1.129. Мокеев А.М. Этапы этнической истории и социальной организации кыргызского
народа на Тянь-Шане в XVI-XVIII вв. // Изв. АН Кырг. Респ. Сер. Обществ. Науки. – Б.:
1991. №4. – 43-54 б.
1.130. Мокеев А.М. Новый источник по генеалогии кыргызского народа. –
Источниковедение и текстология средневекового Ближнего и Среднего Востока. – М.,
1984. – 146-151 б.
1.131. Молдобаев И.Б. Отражение этнических связей в эпосе «Манас». – Фрунзе: Илим,
1985. – 108 б.
1.132. Молдобаев И.Б. «Манас» историко-культурный памятник киргизов. – Фрунзе: Илим,
1985. – 108 б.
1.133. Молдобаев И.Б. Этнографические истоки одного мотива из эпоса киргизов и народа
Центральной Азии. // Проблемы хакасского фольклора. – Абакан, 1982. – 124-190 б.
1.134. Нусупов Ч.Н. Кыргызы Евразии и тюркоязычные народы позднего средневековья. –
Б.; НАН КР, КНУ, 1999. – 136 б.
1.135. Омурбеков Т.Н., Чоротегин Т. Тундук Кыргызстандын Орусияга каратылышы. – Б.;
Учкун. 1992. – 23 б.
1.136. Омурбеков Т.Н. Улуу инсандардын кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду
(XIX кылымдын ортосу – XX кылымдын башы). – Б.: Бийиктик, 2003. – 288 б.
1.137. Петров К.И. К истории движения киргизов на Тянь-Шань, и их взаимоотношение с
ойротами в XIII - XV вв. – Фрунзе: Изд-во АН Кирг. ССР. 1961. – 211 б.
1.138. Петров К.И. Этногенез киргизов и их движение на Тянь-Шань в 13-15 в.в. // Известие
АН Кирг. ССР. Т 2. вып. V. 1960. – 59-80 б.
1.139. Петров К.И. Очерк происхождения киргизского народа. – Фрунзе: «Илим», 1963. –
146 б.
1.140. Петров К.И. Очерки социально-экономической истории Киргизии VI-VII вв. –
Фрунзе: 1981. – 234 б.
1.141. Петров К.И. К этимологии термина «кыргыз» // СЭ. – 1964. №2.
125
1.142. Петров К.И. Киргизско-кыпчакские отношения (к вопросу об этногенезе и
переселении киргизов) // Изв. АН Кирг. ССР, Сер. Обществ. наук. Т.III. – Вып. 2. 1961. –
81-105 б.
1.143. Плоских В.М. Очерки патриархально-феодальных отношений в Южной Киргизии (50-
70-е годы 19 в.). – Фрунзе: «Илим», 1968. – 148 б.
1.144. Плоских В.М. Первые киргизско-русские посольские связи (1784-1927 гг.). –
Фрунзе: «Илим», 1970. – 93 б.
1.145. Плоских В.М. Тропою первопроходцев. – Фрунзе, 1973. – 99 б.
1.146. Плоских В.М. Киргизы и Кокандское ханство: – Фрунзе: «Илим», 1977. – 293 б.
1.147. Плоских В.М. Н.А. Аристов и его фундаментальный труд по истории кыргызов и
Кыргызстана // Н.А.Аристов. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы: очерки истории и
быта населения Западного Тянь-Шаня и исследования по его исторической географии. –
Б.: 2001. – 572 б.
1.148. Плоских В.М. Киргизы в дипломатических отношениях Кохандского ханства (первая
половина 19 в.) // Известие АН Республики Кыргызстан. 1991-№1. – 4-48 б.
1.149. Плоских В.М. Лидеры у истоков кыргызской государственности // Кыргызская
государственность (Сборник фрагментов и материалов). – Б.: 2002. – 64 б.
1.150. Подкуйко Ю.В., Темирбаев Б., Потаскуев В.Н. История кыргызов. Основные
проблемы. Часть1 (3 в. до н.э. - пер.половина 19 в.). – Б., 2000. – 44 б.
1.151. Путешествия в восточные страны Плано Карпини и Рубрука. – М.: Геог. лит., 1957. –
270 б.
1.152. Савинов Д.Г. Археологические данные о связях енисейских и тянь-шаньских
киргизов в конце 1-начала 2 тысячелетия н.э // Вопросы этнической истории киргизского
народа. – Фрунзе: Илим, 1989. – 88-90 б.
1.153. Садыков О. Тарих кыргыз Шадмания. – Фрунзе: «Кыргызстан», 1990. – 91 б.
1.154. Сапаралиев Д. Взаимоотношения киргизского народа с русским и соседними
народами в 18 в. – Б.: «Илим», 1995. – 150 б.
1.155. Северцов Н.А. Путешествия по Туркестанскому краю и исследования горной страны
Тянь-Шаня совершенная по поручению Императорского Русского геогр. об-ва. – СПб.
1973 –VI в. – 461 б.
1.156. Ситняковский Н.Ф. Перечисление некоторых родов киргиз, обитающих в восточной
части Ферганской области. // Известия Туркестана, отд. ИРГО 2 вып.1 изд. 1900. – 92-110
б.
126
1.157. Страницы истории и материальной культуры Киргизстана (досоветский период).
(ответ. ред. Б.Д.Джамгерчинов, Д.Ф.Винник, П.П.Кожемяко и др.). – Фрунзе: «Илим»,
1975. – 196 б.
1.158. Табышалиев С.Т. К вопросу о происхождения кыргызского народа. – Фрунзе: 1989. –
23 б.
1.159. Усенбаев К.У. Присоединение южной Киргизии к России. – Фрунзе; «Киргосиздат», –
1960. – 190 б.
1.160. Усенбаев К.У. Общественно-экономические отношения киргизов в период господства
Кокандского ханства (19 в. до присоединения Киргизии к России) – Фрунзе; Изд-во АН
Кирг. ССР-1961. – 165 б.
1.161. Усенбаев К.У. К вопросу о присоединения Южной Киргизии к России. – Труды инс-та
истории АН Кирг. ССР. – Вып. 1. – Фрунзе. 1955. – 39-63 б.
1.162. Усенбаев К.У. Кыргызстан на Великом Шелковом пути. – Б.: Институт региональных
исслед. «Алл-Пресс», 2001. – 64 б.
1.163. Хасанов А.Х. Народные движения в Киргизии в период Кокандского ханства. – М.;
Наука, 1977. – 94 б.
1.164. Хасанов А.Х. К вопросу о характере национальных движений в Киргизии в 50-60
годах XIX в. // Ученые записки ист. фак-та КГУ. Вып. 3. – Фрунзе, 1954. – 194 б.
1.165. Худяков Ю.С. Древние тюрки на Енисее. – Новосибирск: изд-во ин-та археологии и
этнографии СО РАН, 2004. – 180 б.
1.166. Худяков Ю.С.,Кыргызы в Восточном Туркестане // Кыргызы: Этногенетические и
этнокультурные процессы в древности и средневековье в Центральной Азии. – Б.;
«Илим», 1996. – 180-194 б.
1.167. Худяков.Ю.С., Борисенко А.Ю. Изучение культуры енисейских киргизов немецкими
учеными в 18-19 в. в. – Вестник Хакасского гос.университета им.Н.Ф.Катанова. 1997. №3.
– 20-29 б.
1.168. Худяков Ю.С. Кыргызы на просторах Азии. – Б.; Фонд Сороса Кыргызстан, 1995. –
207 б.
1.169. Худяков Ю.С. Енисей кыргыздарынын тарыхы // Кыргыздар: санжыра, тарых, мурас,
салт. (туз. К.Жусупов). Т1. – Б.; 1993. – 118-240 б.
1.170. Чороев Т. Тенгир – Тоо (Притяньшанье) как регион этногенеза кыргызского народа //
Кыргызы: этногенетические и этнокультурные процессы в древности, и средневековье в
Центральной Азии. – Б.; «Илим»,1996. – 204-208 б.
1.171. Чоротегин Т.К. Этнические ситуации в тюркских регионах Центральной Азии
домонгольского времени. – Б.; Фонд Сороса Кыргызстан, 1995. – 207 б.
127
1.172. Чоротегин Т. Омурбектегин Т. Хунну доорундагы бабаларыбыз. // Кыргыздар:
Санжыра. Тарых. Мурас. Өнөр. (Түз. К.Жусупов). – 3 - китеп. – Б.; 1995. – 251-284 б.
1.173. Эсен уулу Кылыч. Древнекыргызское государство Хягяс. – Б.; «Ренессанс», 1994. –
144 б.
1.174. Яхонтов С.Е. Древнейшие упоминания названия «киргиз» // СЭ. 1970. - № 2.
БУЛАКТАР:
2. Казак Республикасынын Борбордук Мамлекеттик архиви

2.163. Ф-И-44.Семиреченское областное правление Военного министра. ОП 1 за 1966 -


903г.г. Т 1.
2.164. д.25.по предложению Военного губернатора о командировании в С.-Петербург
начальника отделения Н.Аристова и выдача ему прогонов и суточных денег-11 янв,1869-29
апр.1969 г.г.
2.165. д.181. О командировании Верненского уездного судьи 1-го участка, коллежского
асессора Н.Аристова для занятий в особой комиссии при Сыр-Дарьинском областном
правлении 10 июня 1878-1 ноября 1878.
2.166. д.388.Дело об увольнении из службы в отставку помощника Военного губернатора
Семиреченской области и Председателя областного правления Статского Советника
Н.Аристова (10 мая 1888г-18 сентября 1890 г.).
2.167. опись 1, ф.21.1871-1882. Канцелярия Военного губернатора Семиреченской области
по Кульджинским делам.
2.168. оп.1, т 33 за 1868-1918гг. Обзор Семиреченской области
48265-за 1882г;
48280-за 1886г;
13285-за 1889г.
2.169. оп.1, д.10. Семиреченское областное правление.

3. Кыргыз Республикасынын УИА Коомдук илимдер бөлүмү, Кол жазмалар фондунун


материалдары:

3.170. Инв №1686. Аристов Н.А. «Краткие исторические сведения о карлыках».


3.171. Инв №1687. Аристов Н.А. «Западный Тянь-Шань и кыргызы под владычеством
джагатаев».
3.172. Инв№1712. Аристов Н.А. «Китайское и Кокандское господства в Западном Китае».
3.173. Инв №1819 « Время владычества карлыков (1766-1125)».
128
3.174. Инв №1684-1696, 1697-1715-а,б,1819,1886. Аристов Н.А. «Усуни и кара-кыргызы».

4. Тарых илимдеринин доктору, кандидатык окумуштуулук даражасына


талапкерликке жазылган диссертациялар
4.175. Асанов Т.И. Кыргыздардын этносаясий түзүлүшүнүн жана тарыхый
байланыштарынын санжырада чагылдырылышы. Тарых илим. канд.
окум. дараж. талапкер диссер. – Бишкек, 1999. – 200 б.
4.176. Жолдошев Р. Кыргыз элинин этникалык тарыхын изилдөөдө
генеалогиялык уламыштардын мааниси. Тарых илим. канд. окум. дараж.
талапкер диссер. – Бишкек, 1999. – 189 б.
4.177. Каратаев О.К. Кыргыз этнонимиясы (тарыхый-лингвистикалык
изилдөө): Тарых илим. канд. окум. дараж. талапкер диссер. – Бишкек,1994.
– 254 б.
4.178. Кененсариев Т. XIX кылымдын 50-70 жылдарындагы Кыргызстандагы
саясий өнүгүү: Тарых илим. докт. окум. дараж. талапкер диссер.
авторефераты – Бишкек, 1998. – 43 б.
4.179. Каратаев О.К. Кыргыздардын этномаданий байланыштары (эн тамгалар,
этнонимдер, жер-суу аталыштары этнографиялык маалыматтардын
негизинде) // Тарых илим. докт. окум. дараж. талапкер диссер.
авторрефераты – Бишкек, 2004. – 50 б.
4.180. Керимбекова Н.К. История формирования этнополитической территории
Кыргызстана (17-19 вв.). Дис. канд. ист. наук. – Бишкек, 1994. – 192 б.
4.181. Пиримбаева Ж.Ж. Вклад С.М.Абрамзона в изучении этнографии кыргызского народа.
Дис. канд. ист. наук. – Бишкек, 2004. – 184 б.
4.182. Турдалиев Ч.Ж. История и культура кыргызов по трудам Ч.Ч.Валиханова. Дис. канд.
ист. наук. – Бишкек, 2000. – 186 б.
4.183. Омурбеков Т.Н. Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду
(XIX кылымдын ортосу XX кылымдын башы). Тарых илим. докт. окум. дараж.
талапкер дисср. авторрефераты – Бишкек, 2004. – 51 б.
4.184. Кожобеков М.Ч. Орто кылымдардагы кыргыздардын этносаясий тарыхынын негизги
өнүгүү баскычтары (V-X-кк.). Тарых илим. канд. окум. дараж. талапкер диссер.
Авторефераты. – Бишкек, 1997. – 26 б.
129

КЫСКАРТЫЛГАН СӨЗДӨР

АН Кирг. ССР – Академия наук Киргизской ССР


Изв. АН Кырг. Респ. – Известия Академии наук Кыргызской Республики
Изд-во АН Кирг. ССР – Издательство Академии наук Киргизской ССР
Изд. АН СССР – Издательство Академии наук СССР
ИРГО – Известия Русского географического общества
КМШ – Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги
130
НАН КР – Национальная академия наук Кыргызской Республики
РГО – Российское географическое общество
ТКАЭЭ – Труды киргизской археолого-этнографической экспедиции
СЭ – Советская этнография
СО РАН – Сибирское отделение Российской Академии наук
СНК Киргизской ССР – Совет народных коммиссаров Киргизской ССР
ЦГА Казахской Республики – Центральный государственый архив Казахской
Республики
КТМУ – Кыргыз-Түрк Манас университети

Вам также может понравиться