Вы находитесь на странице: 1из 195

Камбаралиева У.Ж.

КЫРГЫЗ ТИЛИ
ЭРЕЖЕЛЕР ЖАНА КѲНҮГҮҮЛѲР

Бишкек 2013

1
УДК 811.51
ББК 81.2 Ки
К 18

Рецензенты:
Д.ф.н., профессор Дербишева З.К.
Д.ф.н., профессор Ибраимов С.И.

К 18 Кыргыз тили
(эрежелер жана кѳнүгүүлѳр). – Б., 2013.- 188 б.
Камбаралиева У.Ж.

ISBN 978-9967-453-43-2

В данном учебнике представлены правила грамматики


кыргызского языка с различными видами упражнений,
позволяющих выработать практические навыки и расширять
словарный запас у изучающих кыргызский язык. Учебник
предназначен для лиц, самостоятельно усовершенствующих
знания по кыргызскому языку, а также для слушателей
краткосрочных курсов.

Данный учебник полностью


является авторской разработкой
и полное или частичное
воспроизведение данного учебника без
разрешения автора и издательства запрещается.

К 4602020400-13 УДК 811.51


ISBN 978-9967-453-43-2 ББК 81.2
Ки

© Камбаралиева У.Ж., 2013


2
Оглавление
АЛФАВИТ .................................................................................................. 4
БУЛ КИМ? БУЛ ЭМНЕ? ЭТО КТО? ЭТО ЧТО?Ошибка! Закладка не опред
ҮНДҮҮЛѲРДҮН ҮНДѲШҮҮСҮ. (Гармония
гласных).......................8
КѲПТҮК САН ЖАСООЧУ –ЛАР мүчөсү (Аффикс мн.числа –ЛАР). 14
ТААНДЫК КАТЕГОРИЯСЫ (Категория принадлежности) ............... 17
БУЙРУК ЫҢГАЙ (Повелительное наклонение) ................................... 29
БАЯНДООЧТУК КАТЕГОРИЯСЫ (Категория сказуемости) ............ 36
ЭТИШТИН ЧАКТАРЫ (Времена глагола) ............................................ 43
УЧУР ЧАК (Настоящее время) ............................................................... 46
КАНДАЙ? КАЙСЫ? (Прилагательные, причастия) ............................. 51
АЙКЫН ӨТКӨН ЧАК (Определенное прошедшее время) .................. 74
БЕЛГИСИЗ ӨТКӨН ЧАК (Неопределенное прошедшее время) ......... 82
АДАТ ӨТКӨН ЧАК (Прошедшее повторяющееся время).................. 87
КАПЫСКЫ ӨТКӨН ЧАК (Прошедшее внезапное) ............................. 92
АРСАР ӨТКӨН ЧАК (Прошедшее вероятное) .................................... 97
Өткөн чак (кайталоо) Прошедшее время (повторение) ...................... 101
АЙКЫН КЕЛЕР ЧАК (Будущее определенное время) ....................... 107
АРСАР КЕЛЕР ЧАК (Будущее неопределенное время) .................... 113
ӨЗДҮК МАМИЛЕ (субъект + объект) ................................................. 123
ТУЮК МАМИЛЕ (Пассив) ................................................................... 124
КОШ МАМИЛЕ (Совместный залог) .................................................. 127
АРКЫЛУУ МАМИЛЕ (Понудительный залог) ................................. 128
ШАРТТУУ ЫҢГАЙ (Условное наклонение) ...................................... 130
НИЕТ – МАКСАТ ЫҢГАЙ (Наклонение цели и намерения) ............ 132
МОДАЛДЫК МААНИЛЕР ................................................................... 135
ИЛИК ЖӨНДӨМӨ................................................................................. 148
БАРЫШ ЖӨНДӨМӨ ............................................................................. 155
ЧЫГЫШ ЖӨНДӨМӨ ............................................................................ 159
ТАБЫШ ЖӨНДӨМӨ............................................................................. 163
ЖАТЫШ ЖӨНДӨМӨ ........................................................................... 169
БАГЫНЫҢКЫ ТАТААЛ СҮЙЛӨМ .................................................... 173

3
МЕЗГИЛ БАГЫНЫҢКЫ ТАТААЛ СҮЙЛӨМДӨР .............................. 175
КЫСКАЧА
СѲЗДҮК………………………………………………….171
АЛФАВИТ
• Кыргыз тилинде 36 тамга бар. В кыргызском языке 36
букв.
• Анын ичинен 8 тамга үндүү. Из них 8 гласных: а, о, у,
ы, ѳ, ү, э, и.
• Йоттошкон тамгалар (йотированные буквы): е, ё, ю, я.
• 22 тамга үнсүз. 22 согласных букв: б, в, г, д, ж, з, й, к,
л, м, н, ң, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ.
• 2 тамга белги катары колдонулат. 2 буквы
используются в качестве знаков: ичкертүү белгиси
(мягкий знак) - Ь, ажыратуу белгиси (разделительный
знак) - Ъ.
• Кыргыз тилинде 6 созулма үндүү бар: аа, оо, уу, ѳѳ, үү,
ээ. Алар ѳз алдынча тыбыш болуу менен, маани
ажыратуу касиетине ээ. Мисалы: ары–аары, эр–ээр,
ж.б.
В кыргызском языке есть 6 долгих гласных: аа, оо, уу,
ѳѳ, үү, ээ. Они являются самостоятельными звуками, и
различают значения слов. Например: ары – дальше,
аары – пчела, эр – храбрый, ээр – седло, и др.
• Кыргыз тилиндеги ѳ, ү жана ң тыбыштарын айтууда
айрым кыйынчылыктар болушу мүмкүн.
При произношении звуков ѳ,ү,ң кыргызского языка
возможны различные затруднения.
• Ѳ тыбышын туура айтуу үчүн алгач Э тыбышын айтуу
керек. Андан кийин ошол эле абалда эриндерди

4
ышкыргандай же үйлѳй тургандай кылып
жыйрысаңыз, Ѳ тыбышы айтылат.
Для того чтобы правильно произнести звук Ѳ,
нужно сначала произнести звук Э. Затем придерживая
язык в этом положении, нужно вытянуть губы вперед
так, как будто собираетесь свистнуть или дуть.
• Ал эми Ү тыбышын айтуу үчүн эриндерди И тыбышын
айтуудагы абалга келтирүү керек. Андан кийин ошол
эле абалда эриндерди ышкыргандай же үйлѳй
тургандай кылып жыйрыса, Ү тыбышы айтылат.
А для правильного произношения звука Ү, губы
надо привести в положение, как для произнесения
звука И. Потом в этом положении, нужно вытянуть
губы вперед так, как будто собираетесь свистнуть или
дуть.
• Үнсүз Ң тыбышы болсо тилдин ортосун таңдайды
кѳздѳй кѳтѳрүп тийгизип, мурун аркылуу үн
чыгарганда айтылат.
А согласный звук Ң можно произнести, когда
середина языка приподнята и прикасается к нёбу и звук
произносится через нос.

ЖАНДУУ, ЖАНСЫЗ ЗАТТАРДЫ КАНТИП БИЛДИРЕТ?


КАК ВЫРАЗИТЬ ЗНАЧЕНИЕ ОДУШЕВЛЕННОСТИ И
НЕОДУШЕВЛЕННОСТИ?
Бул ким? Бул эмне? Кто это? Что это?
* Кыргыз тилинде Ким? суроосу адамды билдирген гана
сөздөргө берилет. Башка жандуу, жансыз заттарды
билдирген сөздөрдүн бардыгы Эмне? деген суроого жооп
берет.

5
* В кыргызском языке вопрос Ким? (Кто?) задают только
к словам, обозначающим человека. Все остальные
одушевленные и неодушевленные существительные
отвечают на вопрос Эмне? (Что?)
1-көнүгүү. Берилген сөздөрдү окуп, суроо бериңиз.
Прочитайте данные слова и задайте вопрос.
Үлгү: Бул спортчу. Бул ким?
Бул көгүчкөн. Бул эмне?
Бу(л) мугалим. Бул имарат. Бул дептер. Бул окуучу. Бул ат.
Бул сатуучу. Бул окутуучу. Бул студент. Бул ит. Бул кыз. Бул
бала. Бул бийчи. Бул китеп. Бул үй. Бул киши. Бул тоок. Бул
чымчык. Бул гүл. Бул мышык. Бул бак. Бул тигүүчү. Бул
кийим. Бул китепканачы. Бул тоту куш. Бул ашпоз. Бул ырчы.
Бул жазуучу. Бул козу. Бул калемсап.

2-көнүгүү. Берилген сөздөрдү эки мамычага бөлүп жазыңыз.


Запишите данные слова, разделив их на два столбика.
Үлгү:
Бул ким? Бул эмне?
Бул мугалим. Бул китеп.

Бул стол. Бул ит. Бул отургуч. Бул кыз. Бул уй. Бул сумка. Бул
үй. Бул студент. Бул апа. Бул мектеп. Бул дептер. Бул эже. Бул
машина. Бул көнүгүү. Бул мышык. Бул байке. Бул текст. Бул
сөз. Бул доктур. Бул тоок. Бул каз. Бул ата.
Бул бак. Бул цирк. Бул имарат. Бул дүкөн. Бул дүкөнчү. Бул
китепкана. Бул китепканачы.

6
3 - көнүгүү. Берилген сүрөттөр боюнча суроолуу
сүйлөмдөрдү түзүңүз. Составьте вопросительные
предложения по заданным картинкам.

4 -көнүгүү. Суроо - жоопторду окуп, алардын маанисин


жаңсоо менен көрсөтүңүз. Сүйлөм түзүңүз. Прочитайте
вопросы и ответы на них, покажите их значения жестами.
Составьте предложения.

Кана? -Кайсы? -Бу(л) → тиги(л) →тетиги(л) →


тээтетиги(л)
-Кайсы жерде? -Бул жерде→ тигил жерде→ тетигил
жерде→ тээтетигил жерде
Где? Который? – Это(т), тот, (вон) тот.

5 -көнүгүү. Үлгү боюнча суроо түзүп, жооп бериңиз. Задайте


вопросы и ответьте на них по образцу.
Үлгү: - Бул ким? – Бул ырчы. - Тиги ким? – Тиги сүрөтчү.
Бул эмне? – Бул калем. Калемсап кайсы жерде? – Тиги
жерде.
Тоо, уй, ырчы, мугалим, апа, дарыгер, ит, сүрөт, чычкан, аюу,
шаар, Айна, Акыл.

КЕСИП МААНИСИН КАНТИП БИЛДИРЕТ?


КАК ВЫРАЗИТЬ ЗНАЧЕНИЕ ПРОФЕССИИ?
дүкөн + ЧЫ = дүкөнчү; кой + ЧЫ = койчу;

6 -көнүгүү. Берилген сөздөргө -чы мүчөсүн улаңыз. Ким?


Эмне? суроолорун бериңиз. Присоедините к данным словам
аффикс –чы. Задайте вопросы Ким? Эмне?

7
Үлгү: окуу = окуучу.
1. китепкана, дүкөн, мал, футбол, уй, жылкы, сүрөт, ыр, бий,
котормо, балык, сүт, спорт, оюн, ушак;
2. жазуу, жеңүү, алып баруу, аткаруу, коштоо, башкаруу,
катышуу, сатуу, тигүү, чуркоо.

ҮНДҮҮЛѲРДҮН ҮНДѲШҮҮСҮ ДЕГЕН ЭМНЕ?


ЧТО ТАКОЕ ГАРМОНИЯ ГЛАСНЫХ?

Кыргыз тилинде үндүүлѳр айтылышына карай жоон


жана ичке, эриндин катышына карай эриндүү жана эринсиз,
созулуп айтылышына карай созулма жана кыска болуп
бѳлүнүшѳт. Үндүүлѳрдүн бул ѳзгѳчѳлүгүн билүү зарыл,
анткени үндүүлѳр үнсүздѳрдүн айтылышына таасир этишет.
В кыргызском языке гласные подразделяются по
произношению на переднего и заднего ряда (“мягкие” и
“твердые” гласные) и по участию губ на гласные губные и
негубные, и по долготе и краткости на долгие и краткие
гласные. Эту особенность гласных необходимо знать, потому
что гласные влияют на произношение согласных.

Айтылышына Эриндин Созулушуна


карай катышына карай карай
По произношению По участию губ По долготе и
краткости
Жоон Ичке Эринчи Эринсиз Созулм Кыска
(тверды (мягки л Негубны а Кратки
е) е) Губные е Долгие е

8
а, о, у, ѳ, ѳѳ, ү, о, оо, ѳ, а, аа, ы, аа, оо, а, о, у,
ы, аа, үү, э, ээ, ѳѳ, у, и, э, ээ. уу, ѳѳ, ы, и, ѳ,
оо, уу и. уу, ү, үү, ээ. ү, э.
үү.

1. Эгерде сѳздүн биринчи муунундагы үндүү жоон болсо,


андан кийинки муундардагы үндүүлѳрдүн бардыгы
жоон болот, ал эми тескерисинче, биринчи муунда
ичке үндүү болсо, кийинки муундарда да жалаң ичке
үндүүлѳр колдонулат. Мисалы: апалар, короодогу,
кѳчѳдѳгү, илимде, алысыраак, кичирээк ж.б.
Если в первом слоге слова стоит гласный звук
заднего ряда, то гласные во всех последующих слогах
будут только заднего ряда. А если в первом слоге стоит
гласный переднего ряда, то в последующих слогах
слова будут встречаться гласные только переднего
ряда. Например: апалар, короодогу, кѳчѳдѳгү,
илимде, алысыраак, кичирээк и др.
2. Эгерде сѳздүн биринчи муунунда эриндүү үндүү
колдонулса, анда сѳздүн аягына чейин эриндүү
үндүүлѳр колдонулат. Мисалы: ѳлкѳ-лѳр, үмүт-тѳр-
дүн, ж.б. Сѳздүн маанисин ѳзгѳртүүчү мүчѳгѳ
(куранды мүчѳгѳ) уланган –лар мүчѳсү бул эрежеге
баш ийбейт. Мисалы: окуу+чу-лар-дын, ж.б.
Если в первом слоге слова употребляется губной
гласный, то во всех последующих слогах будут
встречаться только губные гласные. Например: ѳлкѳ-
лѳр, үмүт-тѳр-дүн, и др. Аффикс множественного
числа –лар, который присоединяется к

9
словообразующему аффиксу (типа -чу), не подчиняется
данному правилу. Например: окуу+чу-лар-дын, и др.

Жогорудагы эрежеге ылайык, диалекттерде колдонулуучу


тезираак, кѳбүраак сыяктуу формалар кыргыз адабий
тилинин нормаларына туура келбейт!!! Туурасы: тезирээк,
кѳбүрѳѳк. По указанному правилу, используемые в
диалектах такие формы, как тезираак, кѳбүраак, не
соответствуют нормам литературного языка!!! Правильно:
тезирээк, кѳбүрѳѳк.
Биринчи Мүчөлөрдө- Мисалдар (Примеры)
муундагы гү үндүүлөр
үндүү (Гласные в
(Гласный в аффиксах)
первом слоге)
а а, ы алма+ лар + ны =
алмаларды
ы ы, а кылым + лар + га =
кылымдарга
ө ө, ү көл + да + гы = көлдөгү
ү ү, ө үмүт + ны = үмүттү
э е, и эл + га = элге, эл + ны = элди
и и, е сиз + нын = сиздин, сиз + га
= сизге
о о, у кол+лар+га = колдорго,
кол+лар+ны= колдорду
у у, ы туз +лар+ны=туздарды

Бирок (Но):
окуу+чу + лар = окуучулар; куруу+чу+лар=куруучулар;
10
Л→
Д → Т

Н→

Сөздүн Мүчөлөрдөгү үнсүздөрдүн өзгөрүшү


аягындагы
үнсүз
Л Көл+лар=көлдөр, бала+лар=балдар

Н Күн +лар = күндөр; Кубан + нын =


Кубандын
Каткалаң
үнсүздөр Китеп+лар = китептер, таш+лар
=таштар

1-көнүгүү. Берилген сөздөргө мүчөлөрдү улаңыз.


Присоедините к данным словам аффиксы.
Үлгү (образец): (-лар) студент+ ЛАР= студенттер.
1. – нын: Айша, Бектур, Самат, Атай, Айсулуу, Айчүрөк,
Жазгүл, Элдияр, Акбар, Эдил, Жоомарт, Канимет, Айтбүбү,
Канай;

11
2. - лар: мугалим, окуучу, дептер, көнүгүү, реферат, такта,
кагаз, отургуч, калем, стол, эшик, бөлмө, терезе, эшик, айнек,
саат;

2-көнүгүү. Сөздүктөн 10 зат атоочторду таап, -лар, -нын


мүчөлөрүн улаңыз. Найдите в словарях 10 существительных и
присоедините к ним аффиксы –лар, -нын.

3-кѳнүгүү. Берилген сѳздѳрдүн жекелик санда колдонуңуз.


Сүйлѳм түзүңүз. Употребите данные слова в единственном
числе. Составьте предложения.
Кѳлдѳр, окуучулар, калемдер, мугалимдер, кагаздар, шаарлар,
килемдер, ѳчүргүчтѳр, кыздар, боёктор.

КАНТИП СУРАП, ЖООП АЛЫШ КЕРЕК?


Суроолуу мүчѳ -БЫ?
КАК ЗАДАТЬ ВОПРОС И ПОЛУЧИТЬ ОТВЕТ?
Вопросительный аффикс –БЫ?

1-көнүгүү. Берилген мисалдарды окуп, -бы? бөлүкчөсүнүн


өзгөрүшүн түшүндүрүп бериңиз. Прочитайте данные примеры
и объясните изменение аффикса –бы?

-БЫ -БИ -БУ -БҮ -ПЫ -ПИ -ПУ -ПҮ

12
Апам Керим Токо Көл-бү Мара Белек- Топ Сүрө
-бы -би й-бу Күндүз т-пы пи -пу т-пү
Аяз- Мен- Оор- -бү Кале Бийик Жу Көп-
бы би бу Экөө- мсап- -пи муш пү
Жаз- Сегиз- Тоо- бү пы Ит-пи -пу Өрүк
бы би бу Өлкө- Алыс Кеч-пи Тог -пү
Бара Келди- Оку- бү -пы Мекте оло Көйн
сың- би дуң- Көрдү- Кат- п-пи к-пу өк-пү
бы Мугал бу бү пы Суу Сүт-
Шаа им-би Жыл Сына к-пу пү
р-бы уу-бу к-пы От-
пу

2-көнүгүү. Суроолорго кашаанын ичиндеги сөздөрдү


колдонуп, оң жана терс жооп бериңиз. Используя слова из
скобок, дайте положительный и отрицательный ответ.
Үлгү: - Бул китеппи? - Ооба, бул китеп.
- Жок, бул китеп эмес, дептер.
1. Бул кызбы? (бала) 2. Бул дептерби? (китеп) 3. Бул гезитпи?
(журнал) 4. Бул мектеппи? (бала бакча) 5. Бул мышыкпы? (ит)
6. Бул мугалимби? (студент) 7. Бул калемби? (калемсап) 8. Бул
дүкөнбү? (мектеп) 9. Бул романбы? (сөздүк) 10. Бул катпы?
(сүрөт) 11. Бул коридорбу? (бөлмө).

3-көнүгүү. Жоопторго суроо түзүңүз. Задайте вопросы к


ответам.
- Үлгү: -...? (Бул офиспи?)
- Жок, бул аудитория.

13
1. - ...? – Жок, бул үй. 2. - ...? – Ооба, бул бак. 3. - ...? – Жок,
бул көчө. 4. - ...? – Ооба, бул машина. 5. - ...? – Жок, бул
терезе. 6. - ...? - Ооба, бул сүрөт. 7. - ...? – Ооба, бул оюнчук. 8.
- ...? – Жок, бул калемсап. 9. - ...? – Ооба, бул топ.
10. - ...? - Ооба, бул эшик. 11. - ...? – Жок, бул доктур. 12. - ...?
– Ооба, бул аудитория. 13. - ...? – Жок, бул студент. 14. - ...? –
Ооба, бул калем.

4-көнүгүү. Берилген сүрөттөргө карап, суроо түзүп жооп


бериңиз. Составьте вопросы по картинкам и ответьте на них.
Үлгү:- Бул эмне? Гезитпи?- Ооба, гезит.
- Бул ким? Доктурбу? – Жок, доктур эмес, мугалим.

5-көнүгүү. Суроолорго жооп бериңиз. Ответьте на вопросы.


Үлгү: - Бул почта эмеспи? - Жок, бул почта эмес. Бул дүкөн.
- Ооба, бул почта.
1. Бул сейилбак эмеспи? 2. Тиги институтпу? 3. Бул
мугалимби? 4. Булар студенттерби? 5. Бул китеппи? 6. Бул
бейтапкана эмеспи? 7. Бул дүкөнбү?
8. Бул китепканабы? 9. Булар окуучуларбы? 10. Бул
рефератпы? 11. Булар меймандарбы? 12. Бул тактабы? 13. Бул
ашкана эмеспи? 14. Булар футболчулар эмеспи? 15. Бул
телефонбу? 16. Тиги үй эмеспи ? 17. Бул топпу?

КӨПТҮК МААНИНИ КАНТИП БИЛДИРЕТ?


Көптүк санды жасоочу –ЛАР мүчөсү
КАК ВЫРАЗИТЬ ЗНАЧЕНИЕ МНОЖЕСТВЕННОСТИ?
Аффикс множественного числа - ЛАР
Ким+ ЛАР = кимдер?
Эмне+ЛАР=эмнелер?

14
• Кыргыз тилинде көптүк маанини төмөнкү үч
негизги жол менен билдирүүгө болот:
1. – лар мүчөсүнүн жардамы менен: бала+лар=балдар,
үй+лар=үйлөр.
2. Кошмок сөздөрдүн жардамы менен: кыз-кыркын,
там-таш, үй-жай ж.б.
3. Салыштыруу жолу менен: Жаңгак деген - сайдын
ташындай; Жазында бул жерде жоогазын – тим эле
эгип койгондой.
• В кыргызском языке существуют три основных
способа выражения значения множественности:
1. При помощи аффикса – лар: бала+лар=балдар,
үй+лар=үйлөр.
2. При помощи парных слов: кыз-кыркын, (девушки,
молодухи), там-таш, үй-жай, (дом, имение,
хозяйство) и др.
3. Путем сравнения: (букв.): орехов там – что речная
галька; весной здесь тюльпанов – как будто
посеяли (посадили).

1-көнүгүү. Берилген мисалдарды окуп, -лар мүчөсүнүн


өзгөрүшүн түшүндүрүп бериңиз. Прочитайте примеры,
объясните изменение аффикса – лар.

- ЛАР - ДАР - ТАР


апа-ЛАР, шаар- кыз-ДАР, адам- ат-ТАР, кашык-
ЛАР, ай-ЛАР ДАР, аң-ДАР ТАР, баш-ТАР
- ЛОР - ДОР - ТОР

15
тоо-ЛОР, тор- коён-ДОР, жол- топ- ТОР, от-
ЛОР, ой-ЛОР ДОР, том-ДОР ТОР, конок-ТОР
- ЛЕР - ДЕР - ТЕР
киши-ЛЕР, эр- килем-ДЕР, эл- жигит- ТЕР,
ЛЕР, бий-ЛЕР дер, кен-ДЕР белек- ТЕР
- ЛӨР - ДӨР - ТӨР
көчө-ЛӨР, үлгү- гүл-ДӨР, көндүм- көйнөк-ТӨР,
ЛӨР, үй-ЛӨР ДӨР төшөк-ТӨР,

2-көнүгүү. Берилген сөздөргө -лар мүчөсүн улаңыз. К данным


словам присоедините аффикс –лар.
а) алма, кеме, короо, бала, аары, белги, бөлмө, күзгү, козу,
чийме, кайчы.
б) калем, дептер, килем, тал, каз, нан, кур, тегирмен,
компьютер, кийим, майрам.
в) тарак, жалбырак, белек, жээк, баркыт, жыгач, таш, конок,
китеп, имарат.

Апам жана мен ; апа менен бала;

3- көнүгүү. Суроолорго жана, менен сөздөрүн колдонуп


жооп бериңиз. Ответьте на вопросы, используя слова жана,
менен.
Үлгү: - Булар кимдер? - Булар мугалимдер жана окуучулар.
- Булар кимдер? - Бул Керим, уулу Асан менен.
1. Бул ким? (окуучу, мугалим). 2. Булар кимдер? (студенттер,
окуучулар). 3. Бул эмне? (ит, топ). 4. Бул эмне? (калемдер,
калемсаптар). 5. Бул ким? (сүрөтчү, фотоаппарат). 6. Булар
кимдер? (эжем, балдар). 7. Бул эмне? (мышык, бала). 8. Бул

16
ким? (агам, досу). 9. Бул эмне? (телевизор, видеомагнитофон).
10. Бул ким? (бала, оюнчук).

4-көнүгүү. Суроолорго жооп бериңиз. Ответьте на вопросы.


Үлгү: - Бул эмне? Китеппи? – Жок, бул китеп эмес, дептер,
китептер бул жерде.
1. Булар кимдер? Студенттерби? 2. Бул ким? Мугалимби? 3.
Булар кимдер? Конокторбу? 4. Бул эмне? Имаратпы? 5. Бул
эмне? Сүрөтпү? 6. Бул эмне? Итпи? 7. Балдар кайда? 8.
Атамдар кайда? 9. Китептер кайда? 10. Орундуктар кайсы
жерде? 11. Тиги калемсаппы? 12. Бул сызгычпы?

5-көнүгүү. Берилген сөздөргө - лар мүчөсүн улап, суроо


бериңиз. Присоедините к данным словам аффикс –лар и
задайте к ним вопросы.
Үлгү: Айдоочу. – Айдоочулар – Кимдер?
1. Сүрөтчү. 2. Каз. 3. Уй. 4. Кароолчу. 5. Эсепчи. 6. Төө. 7.
Булут. 8. Булак. 9. Өчүргүч. 10. Баштык. 11. Ардагер. 12.
Ашпоз. 13. Таранчы. 14. Касапчы. 15. Көгүчкөн. 16. Балыкчы.
17. Машыктыруучу. 18. Жылан. 19. Сызгыч. 20. Туу.

ТААНДЫК МААНИСИН ЖАНА БИР НЕРСЕНИН БАР


БОЛГОНУН КАНТИП БИЛДИРЕТ?
КАК ВЫРАЗИТЬ ЗНАЧЕНИЕ ПРИНАДЛЕЖНОСТИ И
ЗНАЧЕНИЕ НАЛИЧИЯ?
Таандык категориясы
Кимдин? Эмненин? Кимдики? Эмненики?
Категория принадлежности

17
Чей? Чья? Чьё? Чьи?
• Кыргыз тилинде таандык мааниси эки жол
аркылуу билдирилет.
1. Жалпы таандык маанисиндеги илик жөндөмөнүн –
нын мүчөсүнүн жардамы менен берилет. Бул мүчө
жалганган сөздөр сүйлөмдүн ортосунда, аныктооч
мүчө болуп колдонулат: Бул атамдын китеби.
2. Жактар боюнча өзгөрүүчү, бир нерсенин бирөөгө же
бир затка тиешелүү, таандык экенин билдирүүчү
жак таандык мүчөсү – ныкы аркылуу билдирилет.
Бул мүчө жалганган сөздөр сүйлөмдүн аягында,
баяндооч катары колдонулат: Бул китеп
атамдыкы. Бул китеп атамдыкы (кимдики?)
окшойт.
• В кыргызском языке значение принадлежности
выражается двумя способами.
1. При помощи аффикса – нын (илик жөндөмө –
родительный падеж) – аффикса, выражающего
значение общей принадлежности (жалпы
таандык); слова с аффиксом – нын
употребляются в середине предложения, в
функции определения: Бул атамдын китеби.
2. При помощи аффикса – ныкы – аффикса,
передающего значение принадлежности чего-
либо к лицу или предмету и изменяющегося по
лицам (жак таандык). Слова с аффиксом – ныкы
употребляются в конце предложения в функции
сказуемого (Бул китеп атамдыкы). Бул китеп
атамдыкы (кимдики?) окшойт.

18
Жактама ат атоочтор.- Личные местоимения
1. Мен 1. Биз
2. Сен, Сиз 2. Силер, Сиздер
3. Ал 3. Алар

Жекелик сан (Кимдин?) Көптүк сан (Кимдин?)


1. Мен + НЫН = менин 1. Биз + НЫН = биздин
2. Сен + НЫН = сенин 2. Силер + НЫН = силердин
2. Сиз + НЫН = сиздин 2. Сиздер + НЫН =
3. Ал + НЫН = анын сиздердин
3. Алар + НЫН = алардын

(Бул) кимдин китеби, апасы ?


Жекелик сан - Көптүк сан -
1. Менин китеп + ЫМ = 1. Биздин китеп + ЫБЫЗ =
китебИМ, китебИБИЗ,
апа + ЫМ = апаМ; апа + ЫБЫЗ = апаБЫЗ;
2. Сенин китеп + ЫҢ = 2. Силердин китеп+ЫҢАР
китебИҢ, =китебИҢЕР,
апа + ЫҢ = апаҢ; апа + ЫҢАР = апаҢАР;
2. Сиздин китеп + ЫҢЫЗ 2. Сиздердин
= китебИҢИЗ, апа + ҢЫЗ китеп+ЫҢЫЗДАР =
= апаҢЫЗ; китебИҢИЗДЕР,
3. Анын китеп + Ы = апа+ ЫҢЫЗДАР =
китеБИ, апаҢЫЗДАР;
апа + СЫ = апасЫ; 3. Алардын китеп + Ы =
китебИ (китептерИ), апа +
СЫ = апасЫ (апаларЫ);

19
1-көнүгүү. Төмөнкү сөздөргө керектүү мүчөлөрдү улаңыз.
Присоедините к следующим словам нужные аффиксы.
Үлгү: Бул ... эже... . Бул менин эжем. Бул биздин эжебиз.
а) мен, сен,сиз, ал
1. Бул ... стол... . 2. Бул ... калем... . 3. Бул ... көйнөк... . 4. Бул
... сумка... . 5. Бул ... кат... . 6. Бул ... алма... . 7. Бул ... сөздүк...
. 8. Бул ... терезе... . 9. Бул ... байке... . 10. Бул ... дос... .
б) биз, силер, сиздер, алар
1. Бул ... бөлмө... . 2. Бул ... сызгыч... . 3. Бул ... топ... . 4. Бул ...
ата... . 5. Бул ... окуучу... . 6. Бул ... мугалим... . 7. Бул ...
реферат... . 8. Бул ... кыз... . 9.Бул ... дарскана... . 10. Бул ...
имарат... .

2-көнүгүү. Суроолорду менин, сенин ... сыяктуу ат атоочтор


менен толуктап, жооп бериңиз. Дополните вопросы
местоимениями как менин, сенин ... и ответьте на них.
Үлгү: - Бул ... калем...?
- Бул сенин калемиңби?
- Жок, бул менин калемим эмес.
- Ооба, бул менин калемим.
1. Бул ... гезит...? 2. Бул ... үй...? 3. Бул ... ини...? 4. Бул ...
карындаш...? 5. Бул ... сиңди...? 6. Бул ... саат...? 7. Бул ...
көйнөк...? 8. Бул ... күн...? 9. Бул ... кагаз...? 10. Бул ... текче...?
11. Бул ... галстук...? 12. Бул ... компьютер...?

3-көнүгүү. Берилген сүйлөмдөргө суроо бериңиз. Задайте


вопросы к данным предложениям.
Үлгү: Бул биздин классыбыз.
- Бул кимдин классы?

20
1. Бул биздин үйүбүз. 2. А бул биздин көчө. 3. Бул менин
эжем. 4. Бул силердин китепканаңар. 5. Бул сиздин
сызгычыңыз. 6. Бул анын китеп текчеси. 7. Булар сиздин
балдарыңыз. 8. Бул сиздердин картаңыздар. 9. Бул сенин кол
чатырың. 10. Бул алардын чынылары. 11. Булар менин ата-
энем. 12. Бул анын машинасы.

- Сенин сөздүгүң барбы? - Ооба, бар.


- Кана? / Кайда? /
- Мына /Тигине / Тетигине.
- Сиздин китебиңиз жокпу? - Жок.

4-көнүгүү. Суроолорго ООБА, ЖОК деп жооп бериңиз.


Ответьте на вопросы: ООБА, ЖОК.

1. Анын машинасы барбы? 2. Саатыңар жокпу? 3. Биздин


мугалим барбы? 4. Сиздин убактыңыз барбы? 5. Анын китеби
жокпу? 6. Сенин акчаң барбы? 7. Анын эжеси барбы? 8.
Алардын сынагы барбы? 9. Сиздин гүлүңүз барбы? 10.
Силердин столуңар барбы? 11. Биздин сүрөтүбүз жокпу? 12.
Менин байкем барбы?

5-көнүгүү. Суроолорго жооп бериңиз. Ответьте на вопросы.


Үлгү: - Апаң кайда?
- Апам тигине.
1. Сенин калемиң барбы? 2. Атаң кайда? 3. Сенин үйүң кайда?
4. Анын телефону жокпу? 5. Менин китебим кайда? 6. Биздин
инстутут кайда? 7. Сенин тобуң барбы? 8. Силердин
рефератыңар барбы? 9. Сиздердин резюмеңиздер кайда? 10.

21
Биздин директор кайда? 11. Бул Маратпы? Асан кайда? 12.
Сенин акчаң жокпу? 13. Биздин аудиториябыз кайда?

Жекелик сан (Бул ... Көптүк сан (Бул ...


кимдики?) кимдики?)
1 2 3 1 2 3
1. Бул китеп мен + НЫКЫ 1. Бул китеп биз + НЫКЫ =
= меники биздики
2. Бул китеп сен + НЫКЫ 2. Бул китеп силер + НЫКЫ
= сеники = силердики
2. Бул китеп сиз + НЫКЫ 2. Бул китеп сиздер+НЫКЫ
= сиздики =сиздердики
3. Бул китеп ал + НЫКЫ = 3. Бул китеп алар+ НЫКЫ =
аныкы алардыкы

6-көнүгүү. Сүйлөмдүн маанисине карай –ныкы жана –нын


мүчөлөрүн улап, толуктаңыз. Дополните предложения по
значению, используя аффиксы – нын, -ныкы.
Үлгү: Бул биз... үй... . А бул үй силер... .
Бул биздин үйүбүз. А бул үй – силердики.
1. Бул студент. Бул китеп студент.... . 2. Бул биз... шаар... . 3.
Бул сүрөт агам... . 4. Бул коңшу... машина... . 5. Бул мен...
китеп..., бул сөздүк болсо сен... . 6. Журнал сиз...? 7. Бул
жатакана университет... . 8. Бул дептер мугалим... . 9. Бул
алар... буюмдар... ? А бул ким...? 10. Бул эжем... адреси.

-Кайсы? -Бу(л) → тиги(л) →тетиги(л) → тээтетиги(л)


-Кайсы жерде? -Бул жерде→ тигил жерде→ тетигил

22
жерде→ тээтетигил жерде

7-көнүгүү. Алкакта берилген сөздөрдү колдонуп, суроолорго


жооп бериңиз. Маанисин колуңузду жаңсоо менен
көрсөтүңүз.
Ответьте на вопросы, используя слова из таблицы. Значения
покажите жестами.
Үлгү: - Биз... жатакана кайсы жерде? – Биздин жатакана кайсы
жерде?
- Тээтетигил жерде.
- Сен... сөздүк... кайсы? – Сенин сөздүгүң кайсы? -
Мына. Бул жерде.
1. Биз... класс кайсы? 2. Сен... куртка... кайда? 3. Мен...
дептер... кайсы жерде? 4. Биз... журнал кайсы? 5. Силер...
сейилбак... кайсы жерде? 6. Ал... фотоаппарат... кайсы? 7.
Биз... мугалим... кайсы? 8. Сиз... көз айнек... кайсы жерде? 9.
Сен... окуу китеп... кана? 10. Силер... дискета... кайсы?

8-көнүгүү. Суроолорго терс жооп (-) бериңиз. Дайте


отрицательный ответ (-) следующим вопросам.
Үлгү: - Бул диск сиздикиби?
- Жок, меники эмес. Бул диск Асандыкы.
1. Бул үй силердикиби? 2. Бул калем тиги студенттикиби? 3.
Бул көз айнек чоң апаныкыбы? 4. Бул телефон сиздикиби? 5.
Тигил кол кап Аселдикиби? 6. Бул акча кимдики,
Касымдыкыбы? 7. Тетиги кимдин машинасы? Атамдыкыбы?
8. Бул буюмдар чет элдик коноктордукубу
(меймандардыкыбы)? 9. Бул журнал китепкананыкыбы? 10.
Тээтетигил имарат заводдукубу? 11. Менин кол чатырым жок.
А бул кимдики, сеникиби?

23
9-көнүгүү. Үлгү боюнча суроолорго жооп бериңиз. Жоопто
алкактагы сөздөрдү колдонуңуз. Ответьте на вопросы по
образцу. В ответах используйте слова из рамки.
Үлгү: - Бул кимдин сөздүгү? Сеникиби?
- Жок, меники эмес. Бул сенин сөздүгүң. Меники тигине.

1. Бул кимдин калеми? Сиздикиби? 2. Бул кимдин каты?


Сеникиби? 3. Бул кимдин дептери? Силердикиби? 4. Бул
кимдин кол чатыры? Биздикиби? 5. Бул кимдин гезити?
Сиздердикиби? 6. Бул кимдин көз айнеги? Аныкыбы? 7. Бул
кимдин үйү? Силердикиби? 9. Бул кимдин гүлү? Сеникиби?
10. Бул кимдин жатаканасы? Силердикиби? 11. Бул кимдин
сумкасы? Сиздикиби?

10-көнүгүү. Көп чекиттердин ордуна керектүү сөздөрдү


колдонуңуз. Вместо точек используйте нужные слова.
Үлгү: - ... диктантым кайда? - Менин диктантым кайда?
- Мына сенин (сиздин) диктантыңыз.
- Бул иш ...? Бул иш кимдики?Сиздикиби? Ооба, меники.
1. ... аудитория кайсы? (биз) 2. ... көнүгүүң кайда? 3. Бул
доклад ...? (силер) 4. ... расписание кайсы жерде? (биз) 5. ... үй-
бүлөңүз кайда? 6. ... дилбаяныңар кайда? 7. ... окутуучусу
кайсы? (алар) 8. Бул кепка ...? (сиз) 9. Бул реферат ...?(сен) 10.
Бул макала...? (алар)

эле / гана (только/лишь); да (дагы) (тоже);

- Китебиңер барбы? Бул кимдики?


- Бул меники. Меники эле (гана) бар. Башка китеп

24
жок.

- Кимдин дептери жок?


- Менин дептерим жок.
- Меники да (дагы) жок.

11-көнүгүү. Көп чекиттердин ордуна эле/гана, да(дагы)


сөздөрүн коюңуз. Вместо точек используйте слова эле/гана,
да(дагы).
1. Бул эжемдин фотоаппараты. Меники ... бар. 2. Асан,
Артык, Исхак бул жерде. Максат ... жок. 3. Менин китебим ...
, калемсабым ... жок. 4. Анын он сому ... бар. 5. Алардын эки
... сөздүгү бар. 6. Биздин мугалим ... бул жерде. 7. Менин
китебим бул жерде, дептерим ... жок. 8. Керимдин бир ...
жакшы досу бар. 9. Менин азыр бир ... каалоом бар – уктоо.
10. Биздин бир ... китебибиз бар.

12-көнүгүү. Көп чекиттердин ордуна керектүү ат атоочторду


колдонуңуз. Вместо точек используйте нужные местоимения.

Бул Болотбеков Илияс Абылович. Ал экономист. Бул ... аялы.


... аты Гүлмайрам Керимбековна. Ал мугалим. Булар ...
балдары – Айдар, Айна жана Максат. ... уул... Айдар - студент.
... кыз... Айна болсо - мектеп окуучусу. Максат – беш жашта.
Бул ... үйү. Бул машина дагы ... .

13-көнүгүү. Сүрөттөрүңүз менен өзүңүз жөнүндө айтып


бериңиз. Расскажите о себе по своим фотографиям.

25
14-көнүгүү. Сүрөт боюнча текст түзүңүз. Составьте рассказ
по картинке.

15-көнүгүү. Суроолорго оң жана терс жооп бериңиз. Дайте


положительный и отрицательный ответы к следующим
вопросам.
Үлгү: - Бул макала кимдики? (журнал)
- Эч кимдики эмес (Ничья). Журналдыкы.
- Билбейм кимдики экенин. Асандыкы го (болуш керек
– наверное, возможно).
1. Бул тетик эмненики? (машина) 2. Бул үй кимдики? (завод)
3. Бул саат кимдики? (апам) 4. Тигил калем кимдики?
(жетекчи) 5. Бул колчатыр кимдики? (Айдар) 6. Бул дөңгөлөк
эмненики? (оюнчук машина) 7. Бул эмненики? (компьютер) 8.
Тиги куту эмненики? (муздаткыч) 9. Бул китеп кимдики?
(университет) 10. Бул тамак меникиби? (Жаркын)

16-көнүгүү. Кашаада берилген ар бир сөзгө таандык


мүчөлөрдү улаңыз. Присоедините аффиксы к каждому слову,
данным в скобках.
Үлгү: - Бул ким? (ага, дос) Ал – агамдын досу.
1. Бул ким? (эжем, кошуна) 2. Тигилер ким? (байке,
классташтар) 3. Тетиги ким? (биз, кошуна, кыз) 4. Бул кыз
ким? (Асел, сиңди) 5. Бул ким? (университет, ректор) 6. Бул
дептер кимдики? (биз, курс, жетекчи) 7. Тетиги дискета
меникиби? (Асан, дос, Марат) 8. Тиги киши ким? (Германия,
делегация, башчы) 9. Бул телефон Айдардыкыбы? (башка,
курс, студент)

26
17-көнүгүү. Суроолорго жооп бериңиз. Сүйлөшүү түзүңүз.
Ответьте на вопросы. Составьте диалог.
Үлгү: - Менин дептерим кайда? – Тигил жерде (бул жерде,
мына) сенин дептериң.
- Жок, бул менин дептерим эмес го.
- Анда билбейм.
1. Сенин бөлмөң кайда? 2. Биздин кафедра кайсы жерде? 3.
Сиздин көз айнегиңиз кайда? 4. Менин калемсабым кайда? 5.
Айдайдын өчүргүчү кайсы жерде? 6. Бектурдун сызгычы
кайда? 7. Аскардын отургучу кайда? 8. Атамдын телефону
кайда? 9. Эжемдин көйнөгү кайда? 10. Силердин үйүңөр
кайда? 11. Асан байкенин иш бөлмөсү кайсы жерде?

18-көнүгүү. Үлгү боюнча сүйлөшүү түзүңүз. Составьте


диалог по образцу.
Үлгү: 1. - Менин кыл калемим менен боёкторум кайда?
- Билбейм, тиги сеники эмеспи?
- Жок, бул боёктор меники эмес, Жибектики го.

2. – Бул кызыл машина меники.


- Ой-ий, чын эле сеникиби?
- Ооба, бул менин машинам.

19-көнүгүү. Текстти сөздүктүн жардамы менен окуңуз,


мазмунун айтып бериңиз. Используя словарь, прочитайте
текст. Перескажите его содержание.

Жалкоо бала
Аскар быйыл беш жашта. Ал бала бакчага барат. Анын көп
достору бар. Үйдө Аскардын оюнчуктары көп. Ал

27
оюнчуктарын жыйнабайт. Аскардын кийимдери да бардык
жерде: шкафта, текчеде, отургучта, столдо. Аскардын апасы
кечинде жумуштан келип, бардыгын жыйнайт. Анан ал
Аскардан сурайт: - Бул байпак кимдики?
Аскар: - Меники – деп айтат.
– Бул оюнчук машина сеникиби? Аскар: - Ооба, ал дагы
меники.
– Бул сенин калемиңби?
– Билбейм, менин калемим го, – дейт Аскар.
– Булчу, бул сенин көйнөгүңбү?
– Билбейм кимдики экенин.
– Кантип билбейсиң? Сеники эмеспи? – деп сураган
апасына Аскар: - Максат байкем мен бир нерсе
сураганда, мага дайым эле: “Көптү билсең – тез
картаясың” – дейт го. Мен чоң атамдай картаң болгум
келбейт – дептир. (У.К.)

20-кѳнүгүү. Таандык категориясынын жана илик


жѳндѳмѳсүнүн (-нын) мүчѳлѳрүн улап жазыңыз. Допишите
аффиксы категории принадлежности и илик жѳндѳмѳ (-нын).

Бул сүрѳт агам... . Ал Германияда окуйт Ал... кѳп достору


бар. Алар... бош убактысы болгондо, чогуу эс алышат. Мен...
агамдын сабактары аябай оор. Ал тил үйрѳнгѳндү жакшы
кѳрѳт. Ал... кѳп хоббиси бар, кѳп нерсеге кызыгат. Биз...
үйдѳ ал... жасаган кѳп буюмдары бар. А бул кеме мен… .
Агам… жардамы менен мен ѳзүм жасагам. А тигил чоң кеме –
каравелла агам… , кагаз менен жыгачтан ѳзү жасаган. Мен…
достор… да ушундай кеме жасаганды каалашат.

28
БУЙРУК, ѲТҮНҮЧ МААНИСИН КАНТИП БИЛДИРЕТ?
КАК ВЫРАЗИТЬ ЗНАЧЕНИЕ ПРИКАЗА, ПРОСЬБЫ?
Буйрук ыңгай
Повелительное наклонение (Императив)

• Жекелик жана көптүк сандын 1-жагында буйрук


ыңгай сүйлөп жаткан инсандын (инсандардын)
оюндагы максат болгон кыймыл – аракетти
сүйлөшүүдөн кийин ишке ашырууга уруксат
сураган сыяктуу мааниде колдонулат: мен кетейин,
биз кетели;
• Экинчи жактын мааниси башка адамга буйрук
катары берилүүчү кыймыл – аракетти билдирет:
сен иште, сиз иштеңиз, силер иштегиле, сиздер
иштеңиздер.
• Үчүнчү жак сүйлөшүүгө катышпаган, сырттагы
адамга багытталган кыймыл-аракетке кыйыр
буйрукту билдирет: ал келсин, алар келишсин.
• Экинчи жактын жекелик сандагы формасы башка
грамматикалык формаларды жасоо үчүн негиз
катары колдонулат: жаз – дым, жаз – ган, жаз – а -
мын, ж.б.

• Формы 1-лица ед. и мн. ч. повелительного


наклонения обозначают действие, запланированное
и выполняемое говорящим(и) после момента
разговора. Здесь также присутствует значение
просьбы на разрешение совершить это действие:
мен кетейин, биз кетели; (Пойду-ка я, пойдемте-ка).
29
• Формы 2-го лица ед. и мн. ч. обозначает действие,
побуждаемое говорящим для исполнения и
адресованное какому – либо лицу: сен иште, сиз
иштеңиз, силер иштегиле, сиздер иштеңиздер.
• Формы 3 – го лица ед. и мн. ч. выражают косвенное
побуждение к исполнению действия тем лицом,
которое не участвует в разговоре: ал келсин, алар
келишсин.(Пусть он придёт, пусть они придут).
• Форма 2 – го лица ед. ч. употребляется в качестве
основы для образования других грамматических
форм: жаз – дым, жаз – ган, жаз – а - мын, и др.

(+) Жекелик сан. (+) Көптүк сан.


1. Мен бар + АЙЫН = 1. Биз бар+АЛЫ= баралы,
барайын келели, ырда+Й+АЛЫ=
(кел+айын=келейин, окуюн, ырдайлы, окуйлу
ырдайын) 2.Силер
2. Сен бар, кел, оку - бар+ГЫЛА=баргыла,
этиштин уңгусу. (Основа келгиле, окугула, ырдагыла
глагола). 2.Сиздер бар+ЫҢЫЗДАР =
2. Сиз бар+ЫҢЫЗ= барыңыз, барыңыздар, келиңиздер,
кел+ЫҢЫЗ=КЕЛИҢИЗ,оку+ окуңуздар, ырдаңыздар
ЫҢЫЗ= 3. Алар
окуңуз бар+ЫШ+СЫН=барышсын,
3. Ал бар +СЫН = барсын, келишсин, окушсун,
келсин, окусун ырдашсын

30
* Диалекттерде колдонулган: кел-ейлик,(келейли), бар-айлык
(барайлы) (же: келейик, барайык), келиң, барың сыяктуу
формалар кыргыз адабий тилинин нормасына туура
келбейт!
* -Й- үндүү менен аяктаган уңгудан кийин гана колдонулат!
(ойно-Йлу, ырда-Йлы, бийле-Йли, иште-Йли, ж.б.,
ошондуктан: бар-алы, кел-ели, уг-алы, ж.б.).
* Көптүк сандын 2-жак, сылык түрү: келиң, барың эмес -
келиң-из,барың-ыз. Караңыз: “Кыргыз адабий тилинин
нормалары”.
* Такие формы, которые используются в диалектах: кел-
ейлик (келейли), бар-айлык (барайлы) (или: келейик, барайык),
келиң, барың - не соответствуют нормам кыргызского
литературного языка!
* - Й – используется только после основы на гласный! (ойно-
Йлу, ырда-Йлы, бийле-Йли, иште-Йли, и др., поэтому: бар-
алы, кел-ели, уг-алы, и др.).
* Вежливая форма 2-лица множественного числа не келиң,
барың, а келиң-из,барың-ыз. Смотрите в кн.: “Кыргыз
адабий тилинин нормалары”.

(+?) Жекелик сан. (+?) Көптүк сан.


1. Мен бар + АЙЫН+БЫ = 1. Биз бар+АЛЫ+БЫ =
барайынбы баралыбы, келелиби,
(кел+айын+бы=келейинби, ырда+Й+АЛЫ+БЫ =
окуюнбу, ырдайынбы)? ырдайлыбы, окуйлубу?
2. Сен бар, кел, оку (суроосу 2.Силер
жок) бар+ГЫЛА=баргыла,
2. Сиз бар+ЫҢЫЗ= барыңыз, келгиле, окугула, ырдагыла
кел+ЫҢЫЗ=КЕЛИҢИЗ,оку+ (суроосу жок)

31
ЫҢЫЗ= 2.Сиздер бар+ЫҢЫЗДАР =
Окуңуз (суроосу жок) барыңыздар, келиңиздер,
3. Ал бар +СЫН+БЫ = окуңуздар, ырдаңыздар
барсынбы, келсинби, (суроосу жок)
окусунбу? 3. Алар
бар+ЫШ+СЫН+БЫ
=барышсынбы, келишсинби,
окушсунбу, ырдашсынбы?

(-) Жекелик сан. (-) Көптүк сан


1. Мен бар +БА+АЙЫН = 1. Биз бар+БА+Й+АЛЫ=
барбайын барбайлы, келбейли,
(кел+БА+айын=келбейин, ырда+БА+Й+АЛЫ=
окубайын, ырдабайын) ырдабайлы, окубайлы
2. Сен бар+БА=барба, келбе, 2.Силер
окуба бар+БА+ГЫЛА=барбагыла,
2. Сиз бар+БА +ЫҢЫЗ= келбегиле, окубагыла,
барбаңыз, ырдабагыла
кел+БА+ЫҢЫЗ=келбеңиз, 2.Сиздер бар+БА+ЫҢЫЗДАР
оку+БА+ЫҢЫЗ=окубаңыз = барбаңыздар, келбеңиздер,
3. Ал бар +БА +СЫН = окубаңыздар, ырдабаңыздар
барбасын, келбесин, 3.Алар бар+ЫШ+БА+СЫН=
окубасын барышпасын, келишпесин,
окушпасын, ырдашпасын

(-?) Жекелик сан (-?) Көптүк сан


1. Мен бар +БА+АЙЫН+БЫ= 1. Биз
барбайынбы бар+БА+Й+АЛЫ+БЫ=
(кел+ба+айын=келбейинби, барбайлыбы (келбейлиби,
окубайынбы, ырдабайынбы)? ырда+БА +Й+АЛЫ+БЫ=
32
2. Сен барБА, келБЕ, окуБА ырдабайлыбы, окубайлыбы)
(суроосу жок) ?
2. Сиз бар+БА +ЫҢЫЗ= 2.Силер
барбаңыз, бар+БА+ГЫЛА=барбагыла
кел+БА+ЫҢЫЗ=келбеңиз, (келбегиле, окубагыла,
оку+БА+ЫҢЫЗ=окубаңыз ырдабагыла) (суроосу жок)
(суроосу жок) 2.Сиздер
3. Ал бар +БА +СЫН+БЫ = бар+БА+ЫҢЫЗДАР =
барбасынбы, келбесинби, барбаңыздар (келбеңиздер,
окубасынбы? окубаңыздар,
ырдабаңыздар) (суроосу
жок)
3.Алар
бар+ЫШ+БА+СЫН+БЫ=
Барышпасынбы
(келишпесинби,
окушпасынбы,
ырдашпасынбы)?

• - чы, - са мүчөлөрүн этиштин буйрук ыңгайында


(уңгудан кийин) колдонуу буйруктун кескин
маанисин бир аз жумшартуучу, өтүнүч маанисине
ээ кылат. Салыштырыңыз:1)Үйдү жыйнап кой! 2)
Үйдү жыйнап койчу? Үйдү жыйнап койсоң(уз)!
• Использование аффиксов - чы, - са в повелительном
наклонении (после основы) придает приказам менее
категоричный, смягчающий оттенок, значение
просьбы. Сравните: 1)Үйдү жыйнап кой! 2) Үйдү
жыйнап койчу? Үйдү жыйнап койсоң(уз)!

33
• Жүр, бүгүн театрга баралы! Кел, үйдү жыйнап
коёлу, апам сүйүнсүн (сүйүнүп калсын)!

* - Апам сени: «Бат келсин», - деди.


- Мугалим силерге: «Сабак болбойт - деп айтып кой»- деди.

1- көнүгүү. Берилген сөздөрдү буйрук ыңгайда колдонуңуз.


Данные слова употребите в повелительном наклонении.
Жазуу, которуу, бышыруу, кармоо, угуу, көчүрүү, кесүү,
сүйлөшүү, кароо, тазалоо.

2- көнүгүү. Сүйлөмдөрдү толуктап жазыңыз. Дополните


предложения.
Үлгү: Силер сынакка даярдан... .
Силер сынакка даярдангыла.
1. Гүлнурга айтчы, мага жолук... . 2. Силер апам келгенче үйдү
жыйнап кой.... 3. Мен жарыкты өчүрүп кой..., көздү уялтып
жатат. 4. Бүгүн башчы кетип калды, эртең кел.... 5. Атам
менен апам жумуштан келгенче, кел, тамак жасап кой...! 6.
Өчүргүчүңүздү бер... кой..., ката кетирип алдым? 7. Менин
китептеримди эжем сизден бер... жибер..., айт... кой...! 8.
Тактадагыларды өчүр... кой...! 9. Четкерээк тур..., булганып
ал...!

3–көнүгүү. Төмөнкү сүйлөмдөрдү маанисине карата


толуктаңыз. Дополните следующие предложения по
значению.
(Колдонулуучу сөздөр: кел, айтып бер, бар, ала кел, бер, чогул,
ал, барып кел, сана, татып көр, өчүр, оку, жөнө, ал, бар, кел).

34
1. Апа, байкеме айтып койсоңуз, бүгүн кечинде мектепте боло
турган жыйналышка ... 2. Бардыгыңар эртең кечинде менин
үйүмө... , туулган күнүмдү белгилейм. 3. Мага сеникиндей
жумшак калем керек эле, чийме чийгенге, дүкөнгө барсаң... ?
4. Бий тобуна жазылууну каалагандар саат 15.00. чоң залда ...!
5. Сага кереги жок болсо, бул сөздүктү мен …? 6. Сен
шаардын борборуна …? 7. Бул калемсап Максаттыкы го, азыр
...? 8. Менин жолдош кызыма кечээги көргөзмө жөнүндө сен
...? 9. Келген кишилердин саны канча экен, ...? 10. Тамактын
тузу туура бекен, ...? 11. Сабагыңды ... да , базарга ...! 12. Бул
китептердин баарын биз ..., тийбегиле, эртең семинарга керек
болот. 13. Ушул дем алышта тоого ..., кандай дейсиңер? 14.
Тактага жазылгандын баарын ...! 15. Мугалим эртең сени
сабакка ..., -деди, сүйлөшөм дейт.
4- көнүгүү. Кыргыз тилине которуңуз. Переведите на
кыргызский.

1. Уже холодно, закройте, пожалуйста, окно. 2. Скажите


Андрею, пусть завтра подойдет к преподавателю кыргызского
языка. 3. Давай, этот текст я буду переводить, а ты составляй
предложения! 4. Студенты второго курса, после большого
перерыва собирайтесь в фойе! 5. Айна, поставь молоко в
холодильник и расставь посуду по полкам! 6. Дай-ка, я сбегаю
в магазин, а ты пока нарежь мясо! 7.Вашей группе просили
передать, что завтрашнее занятие по русскому языку
переносится. 8. Мама, я схожу к другу, можно, быстро
вернусь? 9. Ректора сегодня не будет, пожалуйста, приходите
завтра?

35
СУБЪЕКТТЕРДИН, АЛАРДЫН КѲПТҮГҮНҮН,
САНЫНЫН, САПАТЫНЫН, ИРЕТИНИН МААНИСИН
КАНТИП БИЛДИРСЕ БОЛОТ?
КАК ВЫРАЗИТЬ ЗНАЧЕНИЕ СУБЪЕКТОВ, ИХ
СОВОКУПНОСТИ, КОЛИЧЕСТВА, КАЧЕСТВА И
ПОРЯДКА?
Баяндоочтук категориясы
Категория сказуемости
• Адамды, же анын белгисин, сапатын, санын
билдирген зат, сын, сан атоочтор этиш сыяктуу
жак боюнча өзгөрөт (жакталат): мен мугалиммин,
сен сулуусуң, силер бешөөсүңөр... ж.б.
• Имена существительные, обозначающие человека и
его качества, признаки, количество, как глаголы
изменяются по лицам: мен мугалиммин, сен
сулуусуң, силер бешөөсүңөр... ж.б.
Жактама ат атоочтор
(Личные местоимения)
Жекелик сан Көптүк сан
1. Мен 1. Биз
2. Сен 2. Силер
2. Сиз 2. Сиздер
3. Ал 3. Алар

Жекелик сан Көптүк сан

36
1 2 1. Биз студент + БЫЗ =
1. Мен студент + МЫН = студентпиз, окуучу + БЫЗ =
студентмин, окуучу + МЫН окуучубуз
= окуучумун (Биз кимбиз?)
(Мен киммин?) 2. Силер студент + СЫҢАР =
2. Сен студент + СЫҢ = студентсиңер, окуучу +
студентсиң, окуучу + СЫҢ СЫҢАР = окуучусуңар
= окуучусуң (Силер кимсиңер?)
(Сен кимсиң?) 2. Сиздер студент + СЫЗДАР
2. Сиз студент + СЫЗ = = студентсиздер, окуучу +
студентсиз, СЫЗДАР = окуучусуздар
окуучу + СЫЗ = окуучусуз (Сиздер кимсиздер?)
(Сиз кимсиз?) 3. Алар студент (студенттер),
3. Ал студент, окуучу окуучу (окуучулар)
(Ал ким?) (Алар кимдер?)

1-көнүгүү. Көп чекиттердин ордуна керектүү мүчөлөрдү


улаңыз. Вместо точек допишите аффиксы.
Үлгү: Мен Айнура... Мен Айнурамын.
1. Биз футболчу... . 2. Сен сүрөтчү... . 3. Ал секретарь... . 4.
Силер ырчы... . 5. Сиз доктур... . 6. Алар мугалим... . 7. Мен
директор... . 8. Ал декан... . 9. Силер окуучу... . 10. Сиздер ...
мейман... .

2-көнүгүү. Көп чекиттердин ордуна керектүү ат атоочторду


колдонуңуз. Вместо точек используйте местоимения.
Үлгү: ... делегатпыз. Биз делегатпыз.
1. ... кызмын. 2. ... ашпозчу. 3. ... чач тарачсыңар. 4. ...
секретарбыз. 5. ... почтачы. 6. ... бийчисиздер. 7. ... декансыз.

37
8. ... теннисчилер. 9. ... окутуучумун. 10. ... баласың. 11. ...
китепканачысыңар. 12. ... дарыгер.

3-көнүгүү. Берилген сандарды жаттап алыңыз. Төмөндө


берилген үлгү боюнча диалог түзүңүз. * Выучите
приведенные числительные. По образцу составляйте диалоги.

1 бир, 2 эки, 3 үч, 4 төрт, 5 беш, 6 алты, 7 жети, 8 сегиз,


9 тогуз, 10 он, 11 он бир, 12 он эки, 13 он үч, 14 он төрт,
15 он беш, 16 он алты, 17 он жети, 18 он сегиз,
19 он тогуз, 20 жыйырма

30 отуз, 40 кырк, 50 элүү, 60 алтымыш, 70 жетимиш, 80


сексен, 90 токсон,
100 жүз, 200 эки жүз, 300 үч жүз, 400 төрт жүз, 500 беш
жүз, 600 алты жүз,
700 жети жүз, 800 сегиз жүз, 900 тогуз жүз, 1000 миң, 2000
эки миң

1 – биринчи, 2 – экинчи, 3 – үчүнчү, 4 – төртүнчү, 5 –


бешинчи, 6 – алтынчы,
7 – жетинчи, 8 – сегизинчи, 9 – тогузунчу, 10 - онунчу

- Сен канча жаш-ТА-сың? (Канча-ДА-сың?) –


Сиз канча жаш-ТА-сыз? (Канча-ДА-сыз?)
- Мен жыйырма жаш-ТА-мын. (Жыйырма-
ДА-мын) - А мен кырк жаш-ТА-мын. (Кырк-
ТА-мын).
- Сен канчанчы класс-ТА-сың? Сен канчанчы
курс-ТА-сың?

38
- Мен биринчи класс-ТА-мын. Мен бешинчи
курс-ТА-мын.
- Сиз да(гы) экинчи курстасызбы?
- Жок, экинчи курста эмесмин, үчүнчү
курстамын.

4-көнүгүү. Суроолорго жооп бериңиз. Ответьте на вопросы.


Үлгү: - Сенин досуң канча жашта?
- Менин досум он беш жашта.
1. Сиздин апаңыз канча жашта? 2. Сен канча жаштасың? 3.
Сенин атаң канча жашта? 4. Сенин досуң канчанчы үйдө? 5.
Сиз канчанчы үйдөсүз? 6. Силер канчанчы
аудиториядасыңар? 7. Сиз канчанчы бөлмөдөсүз? 8. Мен
канчанчымын? 9. Биз канчанчыбыз? 10. Сен канчанчы
кабаттасың? 11. Сенин эжең канча жашта? 12. Менин байкем
канча жашта? 13. Досуң канча жашта? 14. Сенин эжең
канчанчы класста? 15. Сиз канчадасыз? 16. Сен
биринчисиңби? 17. Ал бешинчи кабаттабы?

1 бирөө, 2 экөө, 3 үчөө, 4 төртөө, 5 бешөө, 6 алтоо, 7


жетөө.

5-көнүгүү. Керектүү мүчөлөрдү улаңыз. Используйте


нужные аффиксы.
Үлгү: Биз беш... . Биз бешөөбүз.
1. Эжем менен эки... 2. Асел менен силер алты... . 3. Ал өзү –
бир... эле. 4. Бул жерде студенттер – беш... . 5. Тиги
окуучулар – төрт... . 6. Атам менен апам жана мен – үч... . 7.
Китептер – жети... эле.

39
6-көнүгүү. Сүрөттөр боюнча сүйлөм түзүңүз. Составьте
предложения по картинкам.
Үлгү: Бул киши – дарыгер. Ал элүү жашта. Тиги дарыгердин
машинасы.

7-көнүгүү. Берилген сөздөрдү жактаңыз. Данные слова


измените по лицам.
Үлгү: жигит. Мен жигитмин, сен жигитсиң, сиз жигитсиз, ал
жигит... .
а) азамат, кичинекей, чоң, ашпозчу, бала, мугалим, генерал,
жоокер, баатыр, коркок, жакшы, сулуу, жалкоо, ынтымактуу,
мээнеткеч;
б) беште, элүү жашта, экинчи курста, биринчи кабатта, жетөө,
жүзүнчү үйдө, сексенде, алтынчы класста, экөө, кыркынчы
кабинетте, эки жүз тогузунчу аудиторияда, он бешинчи
көчөдө;
8-көнүгүү. Үлгүгө карап, коңшуңуз менен диалог түзүңүз.
Составьте диалог с соседом по образцу.
Үлгү:
1. - Сен кайсы жактыксың? (кайсы
жерликсиң)?
- Мен германия-лык-мын.
- А сенчи?
- А мен америка-лык-мын.
2. - Сиз оруссузбу?
- Жок, мен орус эмесмин. Мен латышмын.
- Линда да латышпы?
- Ооба, ал дагы латыш.

9-көнүгүү. Диалогдорду толуктаңыз. Дополните диалоги.

40
1. – Силер таанышсыңарбы?
- Жок, тааныш эмеспиз.
- Анда таанышып алгыла. Бул – менин ...
- Менин атым...

2. - Сиздин атыңыз, фамилияңыз?


- ...
- Канча жаштасыз?
- ...

3. - Сен канчанчы курстасың?


- ...
- А сенчи?

4. – Бул ким?
- Мен эле. Кериммин.
- ...

1. Мен өзүм 1. Биз өзүбүз


2. Сен өзүң 2. Силер өзүңөр
2. Сиз өзүңүз 2. Сиздер өзүңүздөр
3. Ал өзү 3. Алар өздөрү

10-көнүгүү. Үлгүгө карап сүйлөшүү түзүңүз. Составьте


диалог по образцу.
Үлгү: 1. – Бул сүрөт кимдики?
- Асандыкы.
- Булар кимдер? – Асан өзү, атасы, байкеси менен
эжеси.
- Тиги ким? – Биз досум экөөбүз. Бул - мен өзүм.

41
- Бул ким?
- Ал биздин жаңы мугалимибиз - профессор
Касымов.
- Чын элеби?
- Ооба, ал өзү.

2. – Алло, Айна, сенсиңби?


- Ооба, менмин.
- Мен Болот байкеңмин. Үйдө ким бар?
- Мен өзүм элемин. Башка эч ким жок.
- Анда кечирээк чалайын. Салам айтып кой.
Жакшы кал.
- Макул. Жакшы туруңуз.

11-көнүгүү. Суроолорго жооп бериңиз. Ответьте на вопросы.


Үлгү: 1. - Сиз мугалимсизби?
- Жок, мен мугалим эмесмин, мен сүрөтчүмүн.
2. - Бул сенин досуңбу?
- Жок, досум эмес, жөн эле таанышым.
1. Анар - тигүүчүбү? 2. Эркин - айдоочубу? 3. А. Осмонов –
жазуучубу? 4.
С. Чуйков – тилчиби? 5. Айдар менен Шердин – жакын
досторбу? 6. Юсуф –чеченби? 7. Мектебиңер жаңыбы? 8.
Карлдын улуту (национальность) ким? Французбу? 8. Акылай
– Эсендин эжесиби? 9. Бул сумканын ээси (хозяин) ким?
Сизби, же Раидабы? 10. Силер туристсиңерби? 11. Бакиров –
биздин жаңы жетекчибизби?

42
12- көнүгүү. Берилген сүйлөмдөргө суроо жазыңыз. Үлгү
боюнча жооп бериңиз. Напишите ответы на данные вопросы.
Ответьте по образцу.
Үлгү: Ажар – сатуучу.
Ажар – ким? Ажар сатуучубу же мугалимби? Ажар
мугалим эмес, сатуучу. - Ажар ким болуп иштейт? -
Ажардын кесиби эмне (кайсы)?
- Ажар сатуучу болуп иштейт. - Ажардын кесиби – сатуучу.
1. Мээрим – мугалим. 2. Тилек – айдоочу. 3. Самат – ашпоз. 4.
Айдар – куруучу. 5. Венера – бийчи. 6. Ассоль – алып баруучу
(алпаруучу). 7. Мария – тигүүчү. 8. Мен - жазуучумун. 9. Сен
- спортчусуң. 10. Акмат – жүк ташуучу. 11. Раида –
котормочу. 12. Айнура – окутуучу. 13. Максат – жетекчи. 14.
Зарыл – мээрман. 15. Валя – китепканачы.

Тапшырма. Таблицаны окуп, этиштин чактарынын


жасалышына кѳңүл буруңуз. Задание. Прочитайте таблицу,
обратите внимание на образование временных форм глагола.

КЫЙМЫЛ-АРАКЕТТИ КАНТИП БИЛДИРСЕ БОЛОТ?


КАК ВЫРАЗИТЬ ЗНАЧЕНИЕ ДЕЙСТВИЯ?
Этиштин чактары. Времена глагола.
Ѳткѳн чак Учур чак Келер чак
(прошедшее время) (настоящее (будущее время)
время)
1. Айкын ѳткѳн чак 1. Жѳнѳкѳй 1. Айкын келер
(определенное): (простое- чак
(оң +): -ды: +й настоящее- (определенное):
тапшырманы жазып будущее (оң +): -а-е-й:

43
бүттүм. (СВ глагола: постоянное): Силер Ысык-Кѳлдѳ
Я написал…). Сен (оң +): а(й)-: эс аласыңар. Сен
дүкѳндѳн нан сатып Мектепте эртең кечеде
алдың. (купил…) окуйм(ун). Сен ырдайсың. (Вы
(терс -): -ган жок: жакшы будете отдыхать на
…жазып бүткѳн ырдайсың. (Я Ысык-Куле. Ты
жокмун. …алган учусь в школе. будешь петь завтра
жоксуң. (не закончил Ты поёшь на вечере).
писать, не купил…). хорошо). (терс -): -ба-й:
(терс -): -ба-й: …эс албайсыңар.
2. Белгисиз ѳткѳн Мектепте …ырдабайсың.
чак окубайм(ын).
(неопределенное): 2. Арсар келер чак
(оң +): -ган: Мен бул 2. Татаал (неопределенное):
фильмди кѳргѳм (сложное): (оң +): -ар: Биз
(кѳргѳнмүн). (оң +): -а-е-й, - ананчыраак эс
…смотрел) ып+ жардамчы аларбыз. Сен эртең
(терс -): -ган эмес: этиштер: жат, иштерсиң
кѳргѳн эмесмин. тур, отур, жүр: (иштээрсиң). (Мы
(НСВ глагола: (не Ал мектептен (наверное) чуть
смотрел). келе жатат. попозже отдохнем.
Биз сейилдеп Ты завтра
3. Адат ѳткѳн чак жүрѳбүз. (Он (наверное)
(повторяющееся): идет со школы. поработаешь).
(оң +): -чу; -ып -чу: Мы гуляем). (терс -): -бас: …эс
Биз дайыма бакта (терс -): -а-е-й албаспыз.
ойночубуз. Ал элек: Иштебессиң.
кечинде келүүчү Ал мектептен
(келчү). Ал биздин келе элек.
үйгѳ келип Биз сейилдей

44
турчу/туруучу. (Мы элекпиз. (Он
всегда играли в саду. (еще) не
Он (всегда) вечером пришел со
приходил. Он школы. Мы
приходил (еще) не гуляли.
(захаживал) к нам
домой).
( терс -): -чу эмес:
…ойночу эмеспиз.
…келчү эмес.

4. Капыскы ѳткѳн
чак
(внезапное):
(оң +): (ы)птыр: Ал
эжеге орой жооп
бериптир. Сиздер
бул ырды
угуптурсуздар го.
(Он (оказывается)
грубо ответил
учительнице. Вы
(оказывается)
слушали эту песню) .
(терс -): -ба-
(ы)птыр: …жооп
бербептир.
…укпаптырсыздар.

5. Арсар ѳткѳн чак

45
(вероятное /
неизвестное):
(оң +): -ган-дыр: Ал
бүгүн келгендир.
Алар тамак
ичкендир. (Он
(может быть) сегодня
пришел Они
(возможно уже)
поели).
(терс -): -багандыр; -
ган эместир:
…келбегендир;
…келген эместир;
…ичишпегендир;
ичишкен эместир.

СҮЙЛѲП ЖАТКАН УЧУРДАГЫ КЫЙМЫЛ-АРАКЕТТИ


КАНТИП БИЛДИРҮҮГѲ БОЛОТ?
КАК ВЫРАЗИТЬ ЗНАЧЕНИЯ ДЕЙСТВИЯ
В МОМЕНТ РЕЧИ?
Учур чак
Настоящее время
Сүйлөп жаткан учурда же сүйлөмдө мезгил маанисиндеги
сөздөр билдирген учурда болуп жаткан кыймыл-аракетти
чагылдырат.* Выражает значение действия,
происходящего в момент речи, или же действия,
выполняемого в то время, которое уточняется словами со
значением времени.

46
Качан? Кайсы убакта? Азыр, бүгүн, бул(ушул) жумада,
бул(ушул) айда, бул(ушул) жылы= (быйыл)

Качан? Кайсы убакта? Күндө, ар бир күнү, ар жумада, ар


бир айда, ар жылы

Качан? Кайсы убакта? Эртең менен, түштө, кечинде;


күндүз, түнүчүндө;
дайыма, ар дайым, кээде, адатта, күндө (күнүгө);

1. Жөнөкөй учур чак - Простое настоящее время


Бир сѳздѳн турат. Формасы боюнча айкын келер чак
менен бирдей, сүйлѳмдѳ мааниси боюнча гана
айырмаланат.* Состоит из одного слова. С будущим
временем (айкын келер чак) имеет одинаковую форму,
отличаются только в предложении по значению.
Эмне кылат? Эмне кылышат?
(мектепте, заводдо, шаарда...)

(+) Жекелик сан (оң (+) Көптүк сан (оң мааниси)


мааниси)
1. Мен оку+й+МЫН 1. Биз оку+й+БЫЗ = окуйбуз,
=окуйм(ун), иште–й –м(ин), иште-й-биз, жаша-й-быз
жаша–й–м(ын) 2. Силер оку+й+СЫҢАР =
2. Сен оку+й+ СЫҢ = окуйсуңар, иште-й-сиңер,
окуйсуң, иште-й-сиң, жаша-й-сыңар
жаша-й-сың 2. Сиздер оку+й+СЫЗДАР =
2. Сиз оку+й+СЫЗ = окуйсуздар, иштейсиздер
47
окуйсуз, иште-й-сиз, жаша- 3. Алар оку+ЫШ+ А+Т =
й-сыз окушат, иште-ш-ет, жаша-ш-
3. Ал оку+й+Т = окуйт, ат
иште-й-т, жаша-й-т

(? + ) Жекелик сан (оң (? + ) Көптүк сан (оң


мааниси) мааниси)
1. Мен окуймунбу 1. Биз окуйбузбу,
(окуймбу), иштеймби, иштейбизби, жашайбызбы?
жашаймбы? 2. Силер окуйсуңарбы,
2. Сен окуйсуңбу, иштейсиңерби,
иштейсиңби, жашайсыңарбы?
жашайсыңбы? 2. Сиздер окуйсуздарбы,
2. Сиз окуйсузбу, иштейсиздерби,
иштейсизби, жашайсызбы? жашайсыздарбы?
3. Ал окуйбу, иштейби, 3. Алар окушабы, иштешеби,
жашайбы? жашашабы?

Терс мааниси:

(-) Жекелик сан (терс (-) Көптүк сан (терс


мааниси) мааниси)
1.Мен оку+БА+Й+М(ЫН)= 1.Биз
окубайм(ын), иште-бе-й- оку+БА+Й+БЫЗ=окубайбы
м(ин), жаша-ба-й-м(ын) з, иште-бе-й-биз, жаша-ба-
2. Сен й-быз
оку+БА+Й+СЫҢ=окубайсы 2.Силер
ң, иште-бе-й-сиң, жаша-ба-й- оку+БА+Й+СЫҢАР=
сың окубайсыңар, иште-бе-й-
48
2. Сиз сиңер, жаша-ба-й-сыңар
оку+БА+Й+СЫЗ=окубайсыз 2. Сиздер
, иште-бе-й-сиз, жаша-ба-й- оку+БА+Й+СЫЗДАР
сыз =окубайсыздар, иште-бе-й-
3. Ал оку+БА+Й+Т= окубайт сиздер, жаша-ба-й-сыздар
3. Алар
оку+ЫШ+БА+Й+Т=
окушпайт, иште-ш-пе-й-т,
жаша-ш-па-й-т

Суроо:

(? - ) Жекелик сан (терс мааниси) (? - ) Көптүк сан (терс


мааниси)
1. Мен окубаймбы, иштебеймби, 1. Биз окубайбызбы,
жашабаймбы?(окубаймынбы...) иштебейбизби,
2. Сен окубайсыңбы, жашабайбызбы?
иштебейсиңби, жашабайсыңбы? 2. Силер
2. Сиз окубайсызбы, окубайсыңарбы,
иштебейсизби, жашабайсызбы? иштебейсиңерби,
3. Ал окубайбы, иштебейби, жашабайсыңарбы?
жашабайбы? 2. Сиздер
окубайсыздарбы,
иштебейсиздерби,
жашабайсыздарбы?
3. Алар окушпайбы,
иштешпейби,
жашашпайбы?

49
1-көнүгүү. Суроолорго оң жана терс жооп бериңиз. * Дайте
на вопросы отрицательные и положительные ответы.
Үлгү: - Апал англисче жакшы сүйлөйбү?
- Ооба, абдан жакшы сүйлөйт. – Жок, анча жакшы
сүйлөбөйт.
- Сиз бул мектепте окуйсузбу? – Ооба, ушул жерде
окуйм. – Жок, мен бул жерде окубайм(ын).
1. Сиз бул жерде жашайсызбы? 2. Алия жакшы окуйбу? 3.
Берметтин апасы иштейби? 4. Алар эс алышабы? 5. Сен агаң
менен жашайсыңбы? 6. Сиздер жакшы бийлейсиздерби? 7.
Сардар французча билеби? 8. Жамила мектепте окуйбу? 9.
Салима кытайча түшүнөбү? 10. Атам эртең менен дайыма
кофе ичеби?

2-көнүгүү. Эртең менен, түштө, кечинде; күндүз,


түнүчүндө, дайыма, ар дайым, кээде, адатта, күндө
(күнүгө) деген сөздөрдү колдонуп сүйлөм түзүңүз.*
Составьте предложения, используя слова: эртең менен,
түштө, кечинде; күндүз, түнүчүндө, дайыма, ар дайым,
кээде, адатта, күндө (күнүгө).

Үлгү: Мен адатта эрте турам.


Сүйлө, ыр ырда, бийле, балдар менен топ ойно, макала оку,
тамак жаса, үй жыйна, идиш жуу, кат жаз, жардам бер, текст
котор, эс ал, сынак тапшыр.
Ѳзү(м)чѳ – самостоятельно, сам по себе
1. Мен өзүмчө 1. Биз өзүбүзчө
2. Сен өзүңчө 2. Силер өзүңөрчө
2. Сиз өзүңүзчө 2. Сиздер өзүңүздөрчө
3. Ал өзүнчө 3. Алар өздөрүнчө

50
3-көнүгүү. Текстти окуп чыгыңыз. Учур чактагы этиштерге
суроо бериңиз. Тексттин сөздөрүн колдонуп, өзүңүз жөнүндө
айтып бериңиз. * Прочитайте текст. Задайте вопросы глаголам
в настоящем времени. Используя слова текста, расскажите о
себе.

Менин иш күнүм
Мен дайыма саат алты жарымда турамын. Төшөгүмдү
жыйнайм, гимнастика жасайм. Анан бетимди, колумду
жууйм. Эртең мененки тамагымды ичемин. Аялдамадан
автобуска отуруп, университетке жөнөймүн. Университеттеги
сабак сегизде башталат. Бүгүн менин төрт сабагым бар. Биз
эки жүз сегизинчи бөлмөдө отурабыз.

Салыштырыңыз*сравните: Мен сабакта отурам. Мен


эртең ушул жерге отурам. (Качан?)
Антон азыр Москвада окуйт. Ал келерки жылы Москвада
окуйт (Качан?)

2. Татаал учур чак (2 сөз)

Эмне кылып жатат (жатышат)? Эмне кылып жүрөт


(жүрүшөт)?Эмне кылып отурат (отурушат)? Эмне
кылып турат (турушат)?

Жардамчы сөздөр: жат-, жүр-, отур-, тур-, бер

(+) Татаал учур чак (2 сөз)


(+) Жекелик сан (+) Көптүк сан
51
1.Мен оку+ЫП 1.Биз оку+ЫП (иштеп,
жат+А+МЫН = окуп жашап) жат+А+БЫЗ= окуп
(иштеп, жашап) жатам(ын) жатабыз
2.Сен оку+ЫП (иштеп, 2.Силер оку+ЫП (иштеп,
жашап) жат+А+СЫҢ = жашап) жат+А+СЫҢАР=
окуп жатасың окуп жатасыңар
2.Сиз оку+ЫП (иштеп, 2.Сиздер оку+ЫП (иштеп,
жашап) жат+А+СЫЗ= жашап) жат+А+СЫЗДАР =
окуп жатасыз окуп жатасыздар
3. Ал оку+ЫП (иштеп, 3. Алар оку+ЫП (иштеп,
жашап) жат+А+Т = окуп жашап) жат+ЫШ+А+Т=
жатат окуп жатышат

(+ ?) Жекелик сан (+ ?) Көптүк сан


1. Мен окуп (иштеп, 1. Биз окуп (иштеп, жашап)
жашап) жатамбы ? жатабызбы?
2. Сен окуп (иштеп, жашап) 2. Силер окуп (иштеп,
жатасыңбы? жашап) жатасыңарбы?
2. Сиз окуп (иштеп, жашап) 2. Сиздер окуп (иштеп,
жатасызбы? жашап) жатасыздарбы?
3. Ал окуп (иштеп, жашап) 3. Алар окуп (иштеп, жашап)
жатабы? жатышабы?

(-) Татаал учур чак (2 сөз)


(-) Жекелик сан (-) Көптүк сан
1.Мен оку+БА+Й (иштебей, 1.Биз оку+БА+Й (иштебей,
жашабай) жатам(ын) = жашабай) жата+БЫЗ =
окубай жатам(ын) окубай жатабыз
2.Сен оку+ БА+Й 2.Силер оку+БА+Й (иштебей,
(иштебей, жашабай) жашабай) жата+СЫҢАР =
52
жата+СЫҢ = окубай окубай жатасыңар
жатасың 2.Сиздер оку+БА+Й
2.Сиз оку+ БА+Й (иштебей, (иштебей, жашабай)
жашабай) жата+СЫЗ= жата+СЫЗДАР = окубай
окубай жатасыз жатасыздар
3.Ал оку+ БА+Й (иштебей, 3.Алар оку+ЫШ+БА+Й
жашабай) жатат= окубай (иштешпей, жашашпай)
жатат жат+ЫШ+ат = окушпай
жатышат

(- ?) Жекелик сан (- ?) Көптүк сан


1.Мен оку+БА+Й (иштебей, 1.Биз оку+БА+Й (иштебей,
жашабай) жатам(ын) = жашабай) жата+БЫЗ =
окубай жатам(ын)+ БЫ? = окубай жатабызбы?
жатамбы? 2.Силер оку+БА+Й
2.Сен оку+ БА+Й (иштебей, (иштебей, жашабай)
жашабай) жата+СЫҢ = жата+СЫҢАР = окубай
окубай жатасыңбы? жатасыңарбы?
2.Сиз оку+ БА+Й (иштебей, 2.Сиздер оку+БА+Й
жашабай) жата+СЫЗ= (иштебей, жашабай)
окубай жатасызбы? жата+СЫЗДАР = окубай
3.Ал оку+ БА+Й (иштебей, жатасыздарбы
жашабай) жатат= окубай 3.Алар оку+ЫШ+БА+Й
жатабы? (иштешпей, жашашпай)
жат+ЫШ+ат = окушпай
жатышабы?

4-көнүгүү. Таблицаны колдонуп, оку-, жаз- деген этиштерди


жат- жардамчы этиши менен жактаңыз. * Используя

53
таблицу, проспрягайте глаголы оку-, жаз- со
вспомогательным глаголом жат-.
Үлгү: Асыл жарнама ... .
Асыл жарнама окуп жатат. Асыл жарнама жазып жатат.
1. Мен макала ... . 2. Биз текст ... . 3. Сен сүйлөм ... . 4. Ал кат
... . 5. Алар көнүгүү ... . 6. Сиз аңгеме ... . 7. Силер роман ... . 8.
Биз гезит ... . 9. Сиздер журнал ... . 10. Ал телеграмма ... . 11.
Силер реферат ... . 12. Алар доклад ... .

5-көнүгүү. Көп чекиттин ордуна керектүү ат атоочторду


коюңуз. Вместо точек вставьте нужные местоимения.
Үлгү: ... роман окуп жатасың.
Сен роман окуп жатасың.
1. ... текст окуп жатабыз. 2. ... кат окуп жатат. 3. ... макала окуп
жатасыз. 4. ... роман окуп жатышат. 5. ... сүйлөм окуп
жатасың. 6. ... эреже окуп жатабыз. 7. гезит окуп жатат. 8. ...
доклад окуп жатасыздар. 9. ... аңгеме окуп жатасыңар.
10. ... журнал окуп жатасың. 11. ... реферат окуп жатасыңар.
12. ... сүрөт тартып жатам. 13. ... телефон менен сүйлөшүп
жатат. 14. ... сабакта жаңы теманы угуп жатабыз. 15. ... тамак
жасап жатасыз. 16. ... жаттап жатасыңар. 17. ... ырдап
жатасың. 18. ... сабакта жооп берип жатам.

- Актан китеп окуп жатабы?


- Ооба, окуп жатат.
- Жок, оку-ган жок. Ал музыка угуп жатат.
6-көнүгүү. Суроолорго үлгүдөгүдөй жооп бериңиз. Ответьте
на вопросы по образцу.
Үлгү: - Азыр атам гезит окуп жатабы? (телевизор көр-)
- Жок, гезит окуган жок, атам телевизор көрүп жатат.

54
1. Силер сабак окуп жатасыңарбы? (сүйлөш-) 2. Акылай бүгүн
иштеп жатабы? (эс ал-) 3. Агам тамак ичип жатабы? (телефон
менен сүйлөш-) 4. Мугалим текст окуп жатабы? (диктант оку-
) 5. Эже роман окуп жатабы? (текст котор-) 6. Бермет ойноп
жүрөбү? (уктап жат-) 7. Сиз музыка угуп жатасызбы? (журнал
оку-) 8. Ал калем менен жазып жатабы? (сыя менен жаз-) 9.
Силер диалог кайталап жатасыңарбы? (текст оку-)

7-көнүгүү. Үлгүдөгү сөздөрдү колдонуп диалог түзүңүз.


Составьте диалог, используя слова из образца.

- Сен кыргызча (орусча, англисче, немисче,


французча, түркчө, кытайча, арабча, жапончо,
испанча, корейче, италянча, ж.б.) билесиңби?
- Ооба, билем.
- Жок, кыргызча жакшы билбейм. Азыр үйрөнүп
жатам.
- Жок, мен өзбекче билем.
- Ал тажикче билеби?
- Жок, ал тажикче билбейт. Ал түркмөн. Ал англисче
үйрөнүп жатат.

8-көнүгүү. Суроолорго кашаадагы сөздөрдү колдонуп жооп


бериңиз. Используя слова из скобок, ответьте на вопросы.
Үлгү: Ким куурчак менен ойноп жатат? (Асел).
Асел куурчак менен ойноп жатат.
1. Ким текст окуп жатат? (студенттер). 2. Ким сейилдеп
жүрөт? (апасы баласы менен) 3. Ким азыр сүйлөп жатат?
(биздин мугалимибиз). 4. Ким азыр чай ичип жатат? (менин
эжем). 5. Ким азыр иштеп жатат? (силер) 6. Ким англисче

55
сүйлөп жатат? (сиздин агаңыз). 7. Ким сүрөт тартып жатат?
(биз) 8. Ким англисче жакшы билет? (силер) 9. Ким ырдап
жатат? (менин досум) 10. Ким текст которуп жатат? (сенин
апаң) 11. Ким сүттүү кофе ичип жатат? (Айдар) 12. Ким
атасы менен иштеп жатат? (мен) 13. Ким кытай тилин
үйрөнүп жатат? (сиздер)

9-көнүгүү. Cүйлөмдөргө суроо бериңиз. Ответьте на вопрсы.


Үлгү: Мен Мекен жөнүндө ырдап жатам.
Сиз Мекен жөнүндө ырдап жатасызбы?
1. Ал китеп окуп жатат. 2. Бул жигит иштейт. 3. Апам арабча
түшүнөт. 4. Менин агам согуш жөнүндө макала окуп жатат. 5.
Бул кыз апасы жөнүндө ойлоп жатат. 6. Эжем атам экөө чай
ичип жатышат. 7. Мугалим студент менен сабак жөнүндө
сүйлөшүп жатат. 8. Менин досум согуш жана тынчтык
жөнүндө макала окуп жатат. 9. Менин курсташым достук
жөнүндө немисче ырдап жатат. 10. Мен сүйүү жөнүндө роман
окуп жатам. 11. Асел өзүнчө китеп окуп отурат.

10-көнүгүү. Текстти окуп, айтып бериңиз. Прочитайте и


перескажите текст.
Бул Асел. Ал студентка. Тиги жерде Джон менен Ханс
отурушат. Алар кыргызча билишпейт. Джон – америкалык,
Ханс – швейцариялык. Асел кыргызча билет, анткени ал –
кыргыз. Джон менен Ханс кыргызча үйрөнүп жатышат. Азыр
сабак. Мугалим Кыргызстан жөнүндө текст окуп жатат.
Студенттер угуп жатышат. Мугалим түшүндүрүп жатат. Мен
өзүмчө кыялданып жатам.

Качан? Кайсы убакта? Азыр, бүгүн, бул(ушул) жумада,

56
бул(ушул) айда, бул(ушул) жылы= (быйыл)

Качан? Кайсы убакта? Күндө, ар бир күнү, ар жумада, ар


бир айда, ар жылы

Күндөрдүн аттары Качан? Кайсы убакта?


Дүйшөмбү Дүйшөмбүдө Дүйшөмбү күнү
Шейшемби Шейшембиде Шейшемби күнү
Шаршемби Шаршембиде Шаршемби күнү
Бейшемби Бейшембиде Бейшемби күнү
Жума* Жума күнү Жума күнү
Ишемби Ишембиде Ишемби күнү
Жекшемби Жекшембиде Жекшемби күнү
Жума – апта = 1) жети күн - неделя, 2) аптанын (жуманын)
бешинчи күнү - пятница; кийинки жумада - на следующей
неделе. Мисалы: Бир жумада 15 сабак окуйм. Мен сени
жумада (жума күнү), саат беште күтөм.

11-көнүгүү. Жума күндөрүнүн аттарын колдонуп учур чакта


сүйлөм түзүңүз.* Составьте предложения, используя названия
дней недели.

12-көнүгүү. Азыр, бүгүн, бул (ушул) жумада, бул (ушул)


айда, быйыл, күндө, ар бир күнү, ар жумада, ар бир айда,
ар жылы деген сөздөрдү колдонуп сүйлөм түзүңүз.*
Составьте предложения с выделенными словами.
Үлгү: Мен күндө спорт менен машыгам. Азыр китеп окуп
жатам.

57
13-көнүгүү. а) Текстти улантыңыз; б) сиздин жаныңыздагы
адамдар эмне кылып жатышат, сүрөттөп айтып бериңиз.* а)
Продолжите текст; б) что делают люди вокруг вас, опишите.
Үлгү: Мен жатаканада жашайм. Азыр бөлмөмдө отурам. Саат
чыкылдап жүрүп жатат. Музыка ойноп жатат. Досум...
14-көнүгүү. Текстти окуп, жөнөкөй жана татаал учур
чактардагы этиштерди табыңыз. Суроо бериңиз.* Прочитайте
текст, найдите глаголы в простом и сложном настоящем
времени. Задайте вопросы.

Мен бүгүн мектепке барбаймын, анткени ооруп жатам.


Менин тамагым ооруп, башым айланып жатат. Үйдө отурам.
Азыр саат жети жарым. Атам, апам ишке, эжем университетке
кетип бара жатышат. Мен дарымды, тамагымды ичип,
терезенин жанында эшикти карап отурам. Нары-бери кеткен
адамдарды карап отурган кызык.
Мына, биздин коңшу Жеңиш байке кичинекей баласы -
Медерди бала бакчага алып бара жатат. Медер кежирленип
баспай жатат. Үйдүн короосунда дагы башка коңшубуз Саша
байке автобусун от алдырып жатат. Ал – айдоочу болуп
иштейт. Тигине, Апал эне небересине сүт алып кетип бара
жатат. Бүгүн күн суук, анткени октябрь айынын он беши.
Короодо адамдар аз. Бак-дарактардагы сары жалбырактар
түшүп, жерде жатат.

15-көнүгүү. Берилген сөздөрдүн иретин оңдоп, сүйлөм


түзүңүз.* Составьте предложения, восстановив порядок
данных слов.
1. Мен, жаңы, сабагынан, тили, жаттап, сөздөрдү, англис,
жатам.

58
2. Иштейт, Айдардын, дүкөндө, сатуучу, эжеси, болуп.
3. Кабатта, сынак, жатышат, студенттер, бешинчи, тапшырып.
4. Жатат, биздин, түшүндүрүп, сабакта, жаңы, мугалимибиз,
теманы.
5. Жакын, агамдын, окуйт, досу, эң, Англияда.
6. Досум, берет, апасына, менин, дайыма, жардам.
7. Болуп, бүгүн, турат, суук, күн.
8. Үй, күнү, аткарат, жакшы, бир, тапшырмасын, ар, окуучу.
9. Жүрөт, машыгууга, менин, жумада, агам, ар, барып.
10. Чырылдап, саат, жатат, ойготкуч.

16-көнүгүү. Өз, өзүнчө... ат атоочторун колдонуп


сүйлөмдөрдү толуктаңыз. Дополните предложения, используя
местоимения ѳз, өзүнчө...
1. Бул тапшырманы мен ... аткарып жатам. 2. Азыр мугалим
жок, биз ... отурабыз. 3. Эмне деп жатканын ... да түшүнбөйт.
4. Ал мугалимди ... таба аласызбы? 5. Биз азыр ... сүйлөшүп
алалы. 6. Бул тапшырманы ... аткаргыла! 7. Ал дайыма ... эле
жалгыз жүрөт. 8. ... эмне деп эле сүйлөп жатасың? 9. Мугалим
... айтты, теманы дагы кайталайбыз. 10. Ал конокко ... жалгыз
келет. 11. Бул текстти ... которолу. 12. Келгиле, бүгүн ...
отуралы!

САПАТТЫ КАНТИП БИЛДИРҮҮГѲ БОЛОТ?


КАК ВЫРАЗИТЬ ЗНАЧЕНИЕ ПРИЗНАКА?
Кандай ? Кайсы? Какой? Который?
(Сын атоочтор, тактоочтор, атоочтуктар, ат атоочтор)
(Имя прилагательное, наречие, причастие, местоимение)

Бул (кандай?) жакшы окуучу. Ал (кандай?) жакшы окуйт.

59
Кайсы китеп сеники? Тетиги (бул, тиги, ...) китеп меники.

Ак, кара, кызыл, жашыл, сары, көк, күрөң, боз;


Агыш, каралжын, кызгылтым, көгүш, саргыч, бозомук;
Мала / ачык (кызыл, жашыл, көк, сары, күрөң)

Жакшы-жаман, чоң-кичине, таттуу-ачуу, таза-кир, бийик-


жапыз, катуу-жумшак, катуу-акырын, даамдуу-супсак,
кызык-кызыксыз, тартиптүү-тартипсиз, туура-жаңылыш
(туура эмес), көңүлдүү-көңүлсүз, кооз-кооз эмес(өңсүз),
түстүү-түссүз, калың-жука, терең-тайыз, коюу-суюк,

Абдан кооз, эң кооз, аябай кооз; укмуш сонун, сонун...

1-көнүгүү. Суроолорго берилген жоопторго көңүл буруңуз.


Окшоштуруп сүйлөм түзүңүз. Обратите внимание на ответы
вопросов. Составьте предложения, похожие на них.
1. - Студент кандай жооп берип жатат?
- Студент, менимче, (менин оюмча) туура жооп берип
жатат.
2. – Асан кандай окуучу?
- Асан, албетте, жакшы окуучу. Ал абдан тартиптүү.
3. – Джон кыргызча кандай билет?
- Азыр жакшы билет.
4. – Асел кандай ырдап жатат?
- Менин оюмча, абдан жакшы ырдап жатат.

ОЙ-ПИКИРДИ БИЛДИРҮҮ. ВЫРАЖЕНИЕ МНЕНИЯ.

1. Менин оюмча, менимче (по моему мнению, по-моему)


60
2. Сенин оюңча, (по твоему мнению)
2. Сиздин оюңузча, (по вашему мнению)
3. Анын оюнча; (по его/её мнению)

1. Биздин оюбузча, (По нашему мнению)


2. Силердин оюңарча, (По-вашему мнению)
2. Сиздердин оюңуздарча, (По вашему мнению)
3. Алардын оюнча; (По их мнению)

2-көнүгүү. Алкакта берилген түзүмдөрдү колдонуп,


суроолорго жооп бериңиз.* Ответьте на вопросы, используя
конструкции из рамки.
Үлгү: - Ал кандай окуйт?
- Ал жакшы окуйт. Ал жаман окуйт.
1. Студент кандай реферат жазып жатат? 2. Досуңуз кыргызча
кандай билет? 3. Марат кандай китеп окуп жатат? 4. Силердин
бөлмөңөр кандай? 5. Акмат кандай бала? 6. Сиз кандай фильм
көрүп жатасыз? 7. Канат кандай чуркайт? 8. Апам кандай
тамак жасап жатат? 9. Бул кандай гүл? 10. Сенин оюңча, бул
кандай макала? 11. Бул кандай нан? 12. Сиз англисче кандай
сүйлөйсүз?

3-көнүгүү. Сүйлөмдөрдү толуктаңыз. * Дополните


предложения.
1. Гүлназ катуу сүйлөйт, Марат болсо... . 2. Джон кыргызча
жай сүйлөйт, Акбар ... . 3. Сиз туура жооп берип жатасыз, а
Асыл болсо... . 4. Мен кызык фильм көрүп жатам, ... . 5. Бул
бөлмө кооз эмес, ... . 6. Эжем даамдуу тамак жасайт, ... .
4-көнүгүү. Узун-кыска, жаш-картаң, толук-арык, чоң-
кичине, таза-кир, кызык-кызыксыз, күчтүү-алсыз, жыпар

61
жыттуу-жытсыз деген сөздөрдү колдонуп, сүйлөмдөрдү
толуктаңыз. * Составьте предложения, используя выделенные
слова.

Үлгү: Менин үйүм кооз, а тиги үй дагы бир аз коозураак го.


1. Менин китебим ... 2. Менин эжем ... 3. Биздин жол ... . 4.
Апам ... . 5. Жаңы студент ... . 6. Бул үй ... . 7. Биздин көчө... 8.
Сенин макалаң ... 9. Сенин байкең... 10. Менин сүрөтүм... . 11.
Атамдын досу... 12. Эжемдин ыры... . 13. Биздин короо ... . 14.
Бул тамак... . 15. Байчечекей гүлү... .

5-көнүгүү. Кѳп чекиттин ордуна керектүү сѳздѳодү коюп


толуктап жазыңыз.* Вместо точек используйте нужные слова
и дополните предложения.

1. Менин досум ... окуйт. 2. Саша абдан ... спортсмен. 3. Бул


килем ... . 4. Биздин мугалимибиз ... .5. Анна кыргызча ...
билет. 6. Биз .... текст окуп жатабыз. 7. Менин оюмча, биздин
шаар ... . 8. Айша ... ырдайт. 9. Биздин үй ... . 10. Асел менен
Айдай ...

1. Мен атам-дай акылдуу-мун. 1. Биз ... акылдуубуз


2. Сен атам-дай акылдуу-суң 2. Силер ...
акылдуусуңар
2. Сиз атам-дай акылдуусуз 2. Сиздер ...
акылдуусуздар
3. Ал атамдай акылдуу 3. Алар ... акылдуу

Бул үй тоо-дой бийик. Бул кыз Ак Мөөр-дөй сулуу.

62
6-көнүгүү. Үлгү боюнча сүйлөмдөрдү толуктаңыз.
Дополните предложения по образцу.
Үлгү: Кант кар... ак. Кант кардай ак.
1. Менин боюм Бурана... узун. 2. Бул жер Африка... ысык. 3.
Бул алма бал... таттуу. 4. Менин карындашым гүл... назик. 5.
Анын көздөрү карагат... кара. 6. Бул киши пил... күчтүү. 7. Бул
дарыя көл... терең. 8. Иним шамал... тез чуркайт. 9. Апамдын
колу пахта... жумшак. 10. Менин иним коён... коркок.

Сын атоочтордун салыштырма даражасы.


Сравнительная степень прилагательных.

- раак мүчѳсү үндүү тамгага аяктаган сѳздѳр менен


колдонулат. Аффикс – раак употребляется в словах,
оканчивающихся на гласный.
- ыраак мүчѳсү үнсүз менен аяктаган уңгуларга
жалганат. Аффикс – ыраак присоединяется к основам,
которые оканчиваются на согласную букву.

Кара = карараак
+ РААК = сарыраак
Сары
+
Кызыл + ЫРААК = кызылыраак
Бийик + ЫРААК = бийигирээк
Узун + ЫРААК = узунураак
Көп ЫРААК = көбүрөөк
+ ЫРААК = тезирээк
Тез +

63
!!! Диалекттерде колдонулган: тезираак, көбүраак
сыяктуу формалар адабий тилдин нормасына туура
келбейт! (Караңыз: “Сингармонизм”) Туурасы: тезирээк,
көбүрөөк, ж.б. *Такие формы, как тезираак, көбүраак,
используемые в диалектах, не соответствуют нормам
литературного языка! (См. “Сингармонизм”).
Правильная форма: тезирээк, көбүрөөк.

7-көнүгүү. Үлгү боюнча сүйлөм түзүңүз. Составьте


предложения по образцу.
Үлгү: Бул китеп – кызык – тиги китеп. Бул кызык китеп, а
тиги китеп мындан да кызыгыраак.
1. Чай – таттуу - шире. 2. Бул нан - жумшак – тиги нан. 3.
Байкем – тыкан - эжем. 4. Алма – кызыл - алмурут. 5. Ысык -
Көл – терең көл - Байкал. 6. Ош – чоң шаар – Бишкек.

8- көнүгүү. Суроолорго терс жооп бериңиз. Дайте на вопросы


отрицательные ответы.
Үлгү: - Тетиги торт жаңыбы? (эски-жаңы)
- Жок, жаңы эмес, эски. Бул торт андан жаңыраак.
1. Бул алма таттуубу? (ачуу-таттуу) 2. Тиги бөлмө жылуубу?
(суук-жылуу) 3. Бул нан жумшакпы? (катуу-жумшак) 4. Бул
үй жаңыбы? (эски-жаңы) 5. Сенин килемиң коозбу? (кооз
эмес-кооз) 6. Сенин сөздүгүң жаңыбы? (эски-жаңы) 7. Бул
бетаарчы тазабы? (кир-таза) 8. Анын атасы жашпы? (картаң-
жаш) 9. Биздин көчө узунбу? (кыска-узун) 10. Сенин чайың
коюубу? (суюк-коюу) 11. Биздин көл тереңби? (тайыз-терең)
12. Силердин макалаңар кыскабы? (узун-кыска) 13. Тиги
дептер калыңбы? (жука-калың)

64
Байкем менден (сенден, сизден, андан; бизден, силерден,
сиздерден, алардан) күчтүүрөөк (бир аз күчтүү).

9-көнүгүү. Үлгү боюнча диалог түзүңүз. * Составьте диалог


по образцу.
Үлгү: - - Сенин оюңча, Асел жакшы окуйбу?
- Менин оюмча, ал менден жакшыраак окуйт.

- Айдар сенден улуубу?


- Ооба, ал менден улуураак.
10 – көнүгүү. Берилген ырды сөздүктүн жардамы менен окуп,
мазмунун айтып бериңиз, кандай? суроосуна жооп берген
сөздөрдү таап, маанисин түшүндүрүңүз. Ырды жаттаңыз.
* Прочитайте стихотворение при помощи словаря,
перескажите содержание. Выучите стихотворение.

- Таттуудан таттуу не таттуу?


Ачуудан ачуу не ачуу?
- Таттуудан таттуу жан таттуу.
Ачуудан ачуу күч качуу.
- Жыргалдан жыргал не жыргал?
Кордуктан кордук не кордук?
- Жыргалдан жыргал балалык
Кордуктан кордук карылык.
- Бийиктен бийик не бийик?
Жапыздан жапыз не жапыз?
- Бийиктен бийик умтулуу
Жапыздан жапыз баш тартуу.
- Ысыктан ысык не ысык?
Муздактан муздак не муздак?

65
- Ысыктан ысык үмүтүң.
Муздактан муздак күйүтүң.
- Кымбаттан кымбат не кымбат?
Арзандан арзан не арзан?
- Кымбаттан кымбат адамдык.
Арзандан арзан жамандык.
- Кененден кенен не кенен?
Улуудан улуу не улуу?
- Кененден кенен Мекениң.
Улуудан улуу өз элиң.
(Б. Алыбаев)

Сын атоочтордун күчѳтмѳ даражасы.


Превосходная степень прилагательных.

Күчѳтмѳ даражаны жасоодо сѳздүн биринчи муунуна – п


тамгасы кошулуп, анан сѳздүн ѳзү колдонулат.
При образовании превосходной степени к первому слогу
слова присоединяется буква – п, затем само слово
употребляется:
Кы-зыл → кы + п + кызыл = кыпкызыл → аябай
(абдан) кызыл
У-зун → у + п + узун = упузун → аябай (абдан) узун
Жа-ңы → жа + п + жаңы = жапжаңы → аябай
(абдан) жаңы.

• Күчѳтмѳ даражадагы кѳп сын атоочтор сүйлѳшмѳ


кепте гана колдонулат. * Большинство
прилагательных в превосходной степени
употребляются только в разговорной речи.

66
11 – көнүгүү. Берилген сөздөргө үлгүдөгүдөй мүчөлөрдү
улаңыз. Прибавьте аффиксы к приведенным словам по
образцу.
Үлгү: терең – тептерең.
Ак, кара, кызыл, жашыл, сары, көк, күрөң, боз, ачуу, таттуу,
түз, узун, кыска, жапыз, бийик, таза, коюу, оор, жеңил, калың,
жука, тар, кең, кыйшык, түз.

12 – көнүгүү. Берилген сөздөргѳ Кандай? суроосуна жооп


берген сѳздѳрдү жазыңыз. * Напишите к приведенным словам
слова, отвечающие на вопрос Кандай?
Үлгү: Кар – апаппак, мупмуздак, кебездей жупжумшак.
1. Алма – ... 2. Тоо - ... 3. Балмуздак - ... 4. Шаар - ... 5. Чай - ...
6. Сүт - ... 7. Суу - ... 8. Көл - ... 9. Асман - ... 10. Бал... 11.
Кофе - ... 12. Шире - ... .

13 – көнүгүү. Көп чекиттердин ордуна Кандай? суроосуна


жооп берген сөздөрдү, мүчөлөрдү коюңуз. Сүйлөмдөргө суроо
түзүңүз. Тексттерди кайра айтып бериңиз. * Вставьте вместо
точек слова, отвечающие на вопрос Кандай? Какой? Задайте
вопросы к предложениям. Перескажите тексты.
1. Менин иним бар, ал менден ... , он жети жашта. Ал атам...
узун, арык бала. Менин боюм узун деле эмес, инимдин бою ...
. Ал менден жакшы... окуйт. Анын достору аябай көп. Алар
англисче ... жакшы сүйлөшөт. Орусча, кыргызча ... сонун
билишет. Азыр иним япончо үйрөнүп жатат. Ал япончо...,
бирок ... сүйлөйт.

67
Азыр иним экөөбүз сабак даярдап жатабыз. Ал аябай ...
текст которуп жатат. Мен болсом, англисче ... кабар окуп
жатам.

2. Азыр жаз айы. Бүгүн күн ...жылуу, асман ... ачык, ...көк,
булуттар жок. ... куштар сайрап жатат. Айлана кооз. ..., ...
гүлдөр көп. ... балдар оюнчуктар менен ойноп жатышат. Асан
Керим экөө ... үй куруп жатышат. Үй ... кооз. Чатыры - ... ,
терезелери - ... , эшиги болсо - ... . Асандын эжеси Асия ...
жип менен ... секирип жатат. Биздин ... досторубуз ... көп.

3. Бүгүн сүрөт сабагы бар. Мен үй тапшырмасын даярдап


жатам. Менин ..., ..., кооз боёкторум бар. ... кагаздарым көп.
Азыр мен ... тоо, ... көл тартып жатам. Тоодо ... кызгалдактар,
... байчечекейлер бар. Жер ... . Асман ... . Балдар ... гүл терип
жүрүшөт. Аба-ырайы ..., күн ... .

Кандай? Кайсы? суроолоруна жооп берген сөздөрдүн


жасалышы
Образование слов, отвечающих на вопросы Кандай?
Кайсы? (Какой? Который?)
1. –гы (-ги; -гу; -гү; -кы; -ки; -ку;-кү;): жазгы жамгыр,
эртеңки сабак, сырткы эшик, күзгү жалбырак (осенний
лист).
2. –дагы (-деги; -догу; -дөгү;-тагы; -теги; -тогу; -төгү):
экинчи кабаттагы бөлмө (комната на втором этаже), үйдөгү
меймандар, мендеги китептер, өткөн жумадагы сабактар.
3. – луу (-лүү; -дуу; -дүү; -туу;-түү): чоң бөлмөлүү үй, акылдуу
адам, тартиптүү бала; 4. – сыз (-суз; -сүз; -сиз;) акылсыз бала;
суусуз чөл; китепсиз студент; сүтсүз кофе.
5. –дай (-дой;-дей;-дөй; -тай;-той;-тей;-төй): тоодой бийик,
68
кагаздай жука.
6. –лык (-лик, -лук, -лүк, -дык, -дик,-дук, -дүк, -тык, -тик, -
тук): жаңы жылдык майрам, бир сааттык иш, айлык акы,
студенттик кече, 1 литрлик идиш, класстык чогулуш.
7. – чан (-чон; -чен; -чөн) : атчан киши, көз айнекчен кыз,
галстукчан жигит.
8. – гыс (-гис; -гус; -гүс; -кыс; -кис; -кус; -күс): унутулгус
күндөр, эстен кеткис жолугушуу, кайталангыс кооздук.
9. –чаак (-чээк, -чөөк, -чоок): уялчаак кыз, эринчээк бала,
таарынчаак.

14 – көнүгүү. Текстти окуп, Кандай? Кайсы?деген


суроолорго жооп берген сөздөрдү табыңыз. Текст боюнча
суроо түзүңүз. * Прочитайте текст, найдите слова,
отвечающие на вопросы Кандай? Кайсы? Составьте вопросы
по тексту.

Базардагы кыйкырык

Бир күнү мен үйдүн жанындагы базарга бардым.


Небереме алма сатып алгым келди. Күзүндө алма көп жана
арзан. Базардын ичинде беш-алты соодагер алма сатып
жатыптыр. Мени көргөндө эле алар катуу кыйкыра башташты:
- Апа, келиңиз, менин алмам таттуу, даамдуу жана
арзан. Бул алмадан жакшы алма жок, - деди биринчи соодагер.
- Апа, өзүңүз караңызчы, менин алмам тиги алмага
караганда таттуураак, даамдуураак, арзаныраак, - деди
экинчиси.
- Апа, бери келиңиз! Алманын эң таттуусу, эң
даамдуусу, эң арзаны менде, - деп чакырды үчүнчүсү.

69
- Апа, ой, апа! Меникин караңыз, менин алмаларым
таптаттуу, дапдаамдуу, апарзан, - деп ишендирди төртүнчүсү.
- Апа, менин алмамдан ооз тийип кетиңиз! Таттуунун
таттуусу, даамдуунун даамдуусу, арзандын арзаны менде,
көрсөңүз? – деп суранды бешинчиси.
Башым айланып, алма тандай албай кайра үйгө кеттим.
(“Türkçe öğreniyoruz 1” китеби боюнча).

15 – көнүгүү. Берилген сүйлөмдөгү Кандай? Кайсы? деген


суроолорго жооп берген сөздөрдү таап, таблицаны
толтуруңуз.*Заполните таблицы словами, отвечающими на
вопросы Кандай? Кайсы?
I. 1. Асел дүкөндөн жеңи кыска (кыска жеңдүү) жайкы көйнөк
сатып алды. 2. Шаардын жаңы көчөлөрүндө бак-дарактар көп.
3. Студенттер эски ичке жол менен тоого кетип бара
жатышат. 4. Мугалим тапшырманын оңой ыкмасын
түшүндүрдү. 5. – Жакын жерде кийим саткан дүкөн барбы? 6.
Эжем тамактын тузун ачуу кылып коюптур, араң ичтим. 7.
Биздин микрорайондо эртең менен түндүктөн салкын шамал
согуп турат. 8. Кыргыз тили – кооз, оңой тил.
II. Бишкек шаары – чоң жана жашыл шаар. Шаарда кең
көчөлөр, бийик заманбап үйлөр, кооз сейилбактар, аянттар
бар. Албетте, шаардын эски бөлүгүндө тар, кичинекей, эски
көчөлөр да бар. Шаардын борборунда кең, таза Ала-Тоо аянты
жайгашкан. Тиги жерде бийик мунара бар. Бул мунарада чоң
саат бар. Ал убакытты так көрсөтөт. Мен Бишкекти абдан
жакшы көрөм. Бул шаар мен үчүн дүйнөдөгү эң кооз, эң
жашыл шаар, анткени мен ушул жерде төрөлгөм жана менин
эң жакын адамдарым ушул шаарда жашашат.
Үлгү:

70
таза тазараак таптаза эң (абдан)таза

Атоочтуктар
Причастия

Бала уктап жатат. Бул кайсы бала? – Уктап жат- кан бала.
Эже жаңы келди. Кайсы эже? Жаңы кел- ген эже.

Учур чак: 1. –ган (+); -ба (-й) -ган(-): уктап жаткан бала
(спящий мальчик), уктабай жаткан бала, китеп окуп
жаткан кыз, иштеп жаткан киши.
2. –уучу( +); -ба- уучу(-): келүүчү (келчү), келбөөчү
коноктор.
Келер чак: 1. а(-й) тур-ган, (а)р: эртең бол-о турган
(болор) сабактарды даярдап жатам. Мен апам кел-ер күнү
телефон чалам.
2. –бас (-бес, -бос,-бөс; -пас;-пес; -пос;-пөс): сынбас идиш,
өчпөс от.

16 – көнүгүү. Берилген сүйлөмдөрдөн кайсы? деген суроого


жооп берген сөз айкаштарын (атоочтуктарды) жасаңыз. *Из
данных предложений образуйте словосочетания (причастия).
Үлгү: Кыз үй жыйнап жатат. – Үй жыйнап жаткан (кайсы?)
кыз. Же: Кыз жыйнап жаткан (кайсы?) үй. Бул балык
туздалган. – Туздалган балык.
1. Студенттер кыргыз тилин үйрөнүп жатышат. 2. Агамдын
жолдошу шахмат ойнойт. 3. Атам мага жомок айтып берген. 4.
Балдар телевизордон мультфильм көрүп жатышат. 5. Апам
эртең менен газета окуп жаткан. 6. Иним үй тапшырмасын
аткарып жатат. 7. Биз дүкөндөн жаңы сөздүк сатып алдык. 8.

71
Бул картошка куурулган. 9. Жаңы автобустар бул көчөдөн
жүрөт. 10. Досумдун таанышы башка шаарда жашаган. 11.
Жайында биздин үй-бүлө жайлоодо эс алган. 12. Кечинде биз
сейилбакка барып эс алдык. 13. Сенин көйнөктөрүң шкафтын
текчесинде жатат. 14. Бул алма жакшы бышыптыр. 15. Марат
ата-энесине кат жазып жатат.

17 – көнүгүү. Берилген сөздөрдүн иретин оңдоп, сүйлөм


түзүңүз. *Составьте предложения, восстановив порядок слов.
1. узун, кел, окуучу, класс, бой, жаңы, биз.
2. бала, отур, кошунам, катар, биринчи, байке, мен.
3. экинчи, мен, кабат, үй, жаша, бул.
4. оку, менен, университет, студент, башка, тааныш, сен.
5. жөнүндө, биз, мамлекеттер, айтып бер, чыгыш, мугалим,
жат.
6. университет, кызыктуу, лекция, студенттер, ук.
7. сатып ал, экөө, кооз, Айгүл, дос, көйнөк, дүкөн.
8. мен, фильм, жаңы, көр, жагып кал.
9. сөз, сабак, жаңы, биз, көп, үйрөн.
10. аткар, биз, тапшырмалар, дос, экөө, үй, китепкана.

18 – көнүгүү. Суроолорго жооп бериңиз. * Ответьте на


вопросы.
Үлгү: - Сен кайсы жерде отурасың?
- Тиги партада. Көз айнекчен студент отурган партада.
1. Сиздин эжеңиз кайсы көчөдө жашайт? 2. Сенин шаарың
кандай? 3. Силер көргөн фильм кандай экен? 4. Сынакка
кандай даярдандың? 5. Ал сага телефондон кантип жооп
берди? 6. Бүгүн эжем сени менен кантип сүйлөштү? 7. Ал
шаарга качан келет экен? 8. Сен экөөбүз үй тапшырманы

72
качан аткарабыз? 9. Кайсы күнү биз концертке бардык, эсиңде
жокпу? 10. Ал үйгө кайсы жол менен келет? 11. Сенин апаң
кайсы жерде иштейт? 12. Бизге кайсы китептерди
сунуштайсыз? 13. Атамдын капчыгы кайсы жерде?

19 – көнүгүү. Сүйлөмдөрдөн Кайсы? деген суроого жооп


берген сөз айкаштарын табыңыз.* Найдите в предложениях
словосочетания, отвечающие на вопрос Кайсы?
Үлгү: Мен шаарга келер (кайсы?) күнү аба ырайы бузулду.
1. Жаңы келген окуучу англисче жакшы билет экен. 2.
Кыйынчылыктардан коркпогон адам чоң ийгиликтерге
жетишет. 3. Иним жамгырда атамдын суу кирбес өтүгүн
кийип алыптыр. 4. Апамдын күнүгө мага айтуучу сөздөрүн
сагындым. 5. Компьютерде иштеп жаткан кыз көз айнегин
сындырып алыптыр. 6. Эркин, бийге катышуучу
студенттердин санын такта, – деди мугалим эже. 7. Сүрөт
тартылган бул барактарды досум мага берди. 8. Кайталанган
теманы жакшы түшүндүк. 9. Мага Интернеттен кат жазган
кыз Польшада жашайт. 10. Келген меймандар төргө* (төр –
сыйлуу орун, почётное место) отурушту. 11. Жакшы ырдаган,
бийлеген балдарды концертке чакырышты. 12. Бул текчеде
мен окуур китеп жок экен. 13. Биз сынак берер бөлмө аябай
жылуу. 14. Бул тизме – сен жасаар иштердин тизмеси. 15.
Көргөзмө ачылган жумада ата-энелер мектепке конокко
келишет.

СҮЙЛѲП ЖАТКАН УЧУРГА ЧЕЙИНКИ КЫЙМЫЛ-


АРАКЕТТИ КАНТИП БИЛДИРҮҮГѲ БОЛОТ?
КАК ВЫРАЗИТЬ ЗНАЧЕНИЕ ДЕЙСТВИЯ, КОТОРОЕ
ПРОИЗОШЛО ДО МОМЕНТА РЕЧИ?

73
Ѳткѳн чак: айкын, белгисиз, адат, капыскы, арсар ѳткѳн
чак. Прошедшее время: определённое, неопределённое,
повторяющееся, внезапное прошедшее время.

Кыймыл-аракеттин кеп убактысынан мурда болуп


ѳткѳнүн билдирет.* Выражает значение действия, которое
произошло до момента речи.

Кечээ, мурдагы күнү, өткөн жумада (айда, жылы),


былтыр, мурдагы жылы

АЙКЫН ѲТКѲН ЧАК


Прошедшее определенное время

Сүйлѳѳ учуруна чейин жакын арада болуп ѳткѳн кыймыл-


аракетти билдирет, жана ал кыймыл-аракеттердин
жыйынтыгы жѳнүндѳ сүйлѳп жаткан адамга жакшы
белгилүү (ишенимдүүлүк).
Выражает значение действия, которое произошло до
момента речи в недавнем прошлом и о результатах этого
действия хорошо известно говорящему (уверенность).

а) оң мааниси
(+) Жекелик сан (+) Көптүк сан
1. Мен китеп оку + ДЫ + 1. Биз китеп оку + ДЫ +к =
ым = окудум окудук
2. Сен китеп оку + ДЫ + ң = 2. Силер китеп оку + ДЫ
окудуң +ңар = окудуңар
2. Сиз китеп оку + ДЫ + 2. Сиздер китеп оку + ДЫ +
ңыз = окудуңуз ңыздар = окудуңуздар
74
3. Ал китеп оку+ ДЫ = 3. Алар китеп оку + ЫШ +
окуду ДЫ = окушту

б) терс мааниси:
1. (-ган жок..., -ган эмес...)
(-): ...- ган(-гон, -гөн, -кан, -кон, -көн) жок-...
Мен ойногон жокмун, ... сен көргөн жоксуң,... сиз айткан
жоксуз,... биз кошкон жокпуз,... силер өткөн жоксуңар...

(-) Жекелик сан (-) Көптүк сан


1. Мен китеп оку + ГАН 1. Биз китеп оку + ГАН
ЖОК + мын = окуган ЖОК + быз = окуган
жокмун; окуган эмесмин жокпуз; окуган эмеспиз
2. Сен китеп оку + ГАН 2. Силер китеп оку + ГАН
ЖОК + сың = окуган ЖОК + сыңар = окуган
жоксуң; окуган эмессиң жоксуңар; окуган эмессиңер
2. Сиз китеп оку + ГАН 2. Сиздер китеп оку + ГАН
ЖОК + сыз = окуган ЖОК + сыздар = окуган
жоксуз; окуган эмессиз жоксуздар; окуган
3. Ал китеп оку + ГАН эмессиздер
ЖОК = окуган жок; окуган 3. Алар китеп оку + ЫШ +
эмес ГАН ЖОК = окушкан жок;
окушкан эмес

2. (-ба...)

(-) Жекелик сан (-) Көптүк сан


1. Мен китеп оку + БА + 1. Биз китеп оку + БА + ДЫ +
ДЫ + ым= окубадым к = окубадык
75
2. Сен китеп оку + БА + 2. Силер китеп оку + БА +
ДЫ + ң = окубадың ДЫ +ңар= окубадыңар
2. Сиз китеп оку + БА + ДЫ 2. Сиздер китеп оку + БА +
+ыңыз = окубадыңыз ДЫ +ыңыздар =
3. Ал китеп оку + БА + ДЫ окубадыңыздар
= окубады 3. Алар китеп оку + ЫШ =
БА + ДЫ = окушпады

Суроо түрү
а) оң мааниси:

(+ ?) Жекелик сан (+ ?) Көптүк сан


1. Мен китеп оку + ДЫ + 1. Биз китеп оку + ДЫ +к
ым + бы = окудумбу? +бы= окудукпу?
2. Сен китеп оку + ДЫ + ң 2. Силер китеп оку + ДЫ
+бы= окудуңбу? +ңар+бы = окудуңарбы?
2. Сиз китеп оку + ДЫ + 2. Сиздер китеп оку + ДЫ +
ңыз+бы = окудуңузбу? ңыздар+бы =
3. Ал китеп оку+ ДЫ+ бы = окудуңуздарбы?
окудубу? 3. Алар китеп оку + ЫШ +
ДЫ+бы= окуштубу?

б) терс мааниси:
1. (-ган жок..., -ган эмес...)
(- ?) Жекелик сан (- ?) Көптүк сан
1. Мен китеп оку + ГАН 1. Биз китеп оку+ ГАН
ЖОК + мын+бы= окуган ЖОК + быз+бы =окуган
жокмунбу? окуган жокпузбу? Окуган
эмесминби? эмеспизби?
2. Сен китеп оку + ГАН 2. Силер китеп оку+ ГАН
76
ЖОК + сың+бы =окуган ЖОК + сыңар+бы = окуган
жоксуңбу? Окуган жоксуңарбы? Окуган
эмессиңби? эмессиңерби?
2. Сиз китеп оку+ ГАН ЖОК 2. Сиздер китеп оку+ ГАН
+ сыз+бы = окуган ЖОК + сыздар+бы =
жоксузбу?Окуган эмессизби? окуган жоксуздарбы?
3. Ал китеп оку+ ГАН Окуган эмессиздерби?
ЖОК+бы = окуган 3. Алар китеп оку+ ЫШ +
жокпу?окуган эмеспи? ГАН ЖОК +бы = окушкан
жокпу? Окушкан эмеспи?

2. (-ба...)

(- ?) Жекелик сан (- ?) Көптүк сан


1. Мен китеп оку + 1. Биз китеп оку+
БА+ДЫ+м+ бы= БА+ДЫ+к+ бы =
окубадымбы? окубадыкпы?
2. Сен китеп оку + 2. Силер китеп оку+БА+
БА+ДЫ+ң +бы = ДЫ+ңар+бы =
окубадыңбы? окубадыңарбы?
2. Сиз китеп оку+ 2. Сиздер китеп оку+БА+
БА+ДЫ+ңыз +бы = ДЫ+ңыздар+бы?=
окубадыңызбы? окубадыңыздарбы?
3. Ал китеп оку+ БА + 3. Алар китеп оку+ЫШ+БА+
ДЫ+бы = окубадыбы? ДЫ+бы = окушпадыбы?

1-көнүгүү. Берилген этиштерди өткөн чакта оң жана терс


маанисинде жактаңыз.* Проспрягайте данные глаголы в

77
прошедшем времени в отрицательном и положительном
значении.
Үлгү: Бар, ...
Бардым, барган жокмун, барбадым; бардымбы, барган
жокмунбу, барбадымбы; бардың, барган жоксуң, барбадың; ...
Кел, ойно, жаз, кал, эс ал, иште, оку, укта, сейилде, тап, каз;

2-көнүгүү. Этиштерди өзгөртүп, өткөн чакта колдонуңуз. *


Измените глаголы, используйте в прошедшем времени.
Үлгү: Азыр Асел ырдап жатат.
Кечээ Асел ырдады (ырдаган жок).
1. Азыр биз сабакта текст окуп жатабыз. 2. Мугалим сөздөрдү
сурап жатат, биз жооп берип жатабыз. 3. Дениэл жай, бирок
туура жооп берип жатат. 4. Ал сөздөрдү жакшы которуп
жатат. 5. Жанымда Мехмет көнүгүү жазып отурат, ал –
Турциялык. 6. Мехмет кыргызча жакшы сүйлөп жатат. 7.
Себастьян тактада көнүгүү жазып жатат. Ал - Германияда
жашайт. 8. Окутуучу жаңы тема түшүндүрүп жатат. 9. Биз жат
жазуу жазып жатабыз. 10. Бардык студенттер жакшы иштеп
жатышат.

3-көнүгүү. Суроолорго оң жана терс жооп бериңиз. *


Ответьте на вопросы, дайте положительный и отрицательный
ответы.
Үлгү: - Сиз бүгүн эс алдыңызбы?
- Ооба, эс алдым. Жок, эс алган жокмун (эс албадым).
1. Сиз кечээ иштедиңизби? 2. Силер текшерүү иш
жаздыңарбы? 3. Асан кечээ келдиби? 4. Иниң уктап калдыбы?
5. Сынактын билеттерин алдыңбы? 6. Кечинде ыр
жаттадыңбы? 7. Сиз учакка кечиктиңизби? 8. Мугалим биздин

78
иштерди текшердиби? 9. Иниң үй тапшырма аткардыбы? 10.
Сен Майкл менен англисче сүйлөштүңбү?

4-көнүгүү. Берилген этиштерди 1-жакта жекелик жана


көптүк санда колдонуңуз.* Используйте данные глаголы в 1-
лице единственного и множественного числа.
Үлгү: ойно: Мен ойнодум – биз ойнодук; мен ойногон жокмун
– биз ойногон жокпуз...
Жуу, шыпыр, жыйна, ук, кара, көр, тыңша, көчүр, айт, тарт,
жатта, чурка;

Мен болсом, кат жаздым, ал болсо, музыка укту.

1. Мен болсом... 1. Биз болсок...


2. Сен болсоң... 2. Силер болсоңор...
2. Сиз болсоңуз... 2. Сиздер болсоңуздар...
3. Ал болсо... 3.Алар болсо...

5-көнүгүү. Үлгүнү карап, сүйлөм түзүңүз. * Составьте


предложения по образцу.
Үлгү: укта – телевизор көр...
Кечинде байкем уктады, мен болсом, телевизор көрдүм.
1. түшүндүр – ук. 2. тамак даярда- идиш жуу. 3. жыйна-
шыпыр. 4. жаз- текшер. 5. ырда - ук. 6. жаса-үйрөн. 7.
сейилде-эс ал. 8. сүйлөш-укта. 9. ич-же. 10. китеп оку- ук. 11.
ойно-көр. 12. тазала-жуу. 13. котор- көчүр.

6-көнүгүү. Берилген сүйлөмдөрдү терс мааниде жазыңыз. *


Напишите предложения в отрицательном значении.

79
Үлгү: Сен жооп бердиң. – Сен жооп бербедиң. Сен жооп
бербедиңби? Сен жооп берген жоксуң. Сен жооп берген
жоксуңбу?
1. Биз гүл тердик. 2. Эжем менен апам дүкөнгө кетишти. 3.
Бул кинодо белгилүү артист тартылды. 4. Эртең менен катуу
жамгыр жаады. 5. Студенттер менен мугалимдер
жыйналышка кетишти. 6. Кечинде апам китеп окуду, атам
болсо, футбол көрдү. 7. Мугалим тактага сынактын
жыйынтыгын илди. 8. Апам түштө абдан даамдуу самсы
жасады. 9. Менин чет элдик досум тоого кетти. 10. Эжеме кат
жаздым.

7-көнүгүү. Сүйлөмдөрдү маанисине карата ылдый жакта


берилген сѳздѳрдү колдонуп толуктаңыз. * Дополните
предложения по значению, используя приведенные внизу
слова.
Үлгү: Апам кечинде радио...
Апам кечинде радио укту.
1. Биздин студенттер спорт мелдешине ... . 2. Кечээ биздин
студенттер футбол ... . 3. Котормочу чоң макаланы англис
тилине ... . 4. Эжем экөөбүз үйдү ... . 5. Сабактан кийин досума
математикадан ... . 6. Короодогу балдар кардан киши ... . 7.
Айша менин өтүнүчүмдү ... . 8. Айдар конок менен немисче ...
. 9. Мен кечээ уктап калып, сабакка ... . 10. Катуу шамалдан
айнек ... .
Колдонулуучу сөздөр: кечик, аткар, ойно, катыш, котор,
сүйлөш, жаса, жардам бер, сын, тазала.

8-көнүгүү. Суроолорго жооп бериңиз. * Ответьте на вопросы.


Үлгү: -Сен учак менен келдиңби?

80
- Жок, мен учак менен келген жокмун, мен поезд
менен келдим.
1. Сен англис тили курсуна жазылдыңбы? 2. Сен кечээ текст
котордуңбу? 3. Сенин эжең Германияда окуду беле? 4. Сен
кечээ мага телефон чалдыңбы? 5. Чынар концертке кеттиби?
6. Антон китебин жоготтубу? 7. Силер америкалык студенттер
менен тааныштыңарбы? 8. Сенин апаң кечээ машина сатып
алдыбы? 9. Кечээ шаарга кар жаадыбы? 10. Жекшембиде
Алмаз менен тоого бардыңбы? 11. Жаңы мугалимди көргөн
эмес белең?

9-көнүгүү. Өткөн чактагы этиштерди колдонуп, “Өткөн


жекшембиде” деген темада текст түзүңүз. * Составьте текст
“Өткөн жекшембиде”, используя глаголы в прошедшем
времени.

10-көнүгүү. Жоопторго карап, суроолорун табыңыз. * По


ответам найдите вопросы.
Үлгү: - ...
- Жок, катты азыр окудум.
- Сен катты эртең менен окудуңбу?
- Жок, катты азыр окудум.

1. - ...?
- Ооба, даярдап бүттүм.

2. - ...?
- Мугалим түшүндүрдү.

3. - ...?

81
- Жок, мага китепти Анвар берди.

4. - ...?
- Биз кечээ сынак тапшырдык.

5. - ... ?
- Жок, байкем музыка укту.
- ... ?
- Мен болсом, компьютер ойнодум.

6. - ... ?
- Ооба, саат беште бүттү.

7. - ... ?
- Көйнөгүмдү эжем тикти.

8. - ...?
- Жок, жаңы студентти көргөн жокмун.

9. - ... ?
- Жок, бүгүн бүтүрбөдү.
10. - ... ?
- Эртеңкиге жазган жок.

БЕЛГИСИЗ ӨТКӨН ЧАК (-ГАН)


(Прошедшее неопределенное - давнопрошедшее время)

• Мурда болуп ѳткѳн кыймыл-аракетти, абалды


билдирет. Алардын жыйынтыгы жѳнүндѳ факт

82
катары азыркы учурда баяндалат.
Выражает значение давно прошедших
действий и состояний. Об их результатах как факт
повествуется в настоящем.

(+) Жекелик сан (+) Көптүк сан


1.Мен китеп 1. Биз китеп оку+ ГАН + быз
оку+ГАН+мын = = окуганбыз
окуганмын (окугам), 2.Силер китеп
2. Сен китеп оку+ГАН+сыңар=
оку+ГАН+сың = окугансыңар
окугансың, 2.Сиздер китеп
2. Сиз китеп оку+ГАН + оку+ГАН+сыздар=
сыз = окугансыз; окугансыздар;
3. Ал китеп оку+ ГАН = 3. Алар китеп оку+ЫШ+ГАН
окуган; = окушкан;

(+?) Жекелик сан (+?) Көптүк сан


1. Мен китеп 1. Биз китеп
оку+ГАН+мын+БЫ = оку+ГАН+быз+БЫ =
окуганмынбы (окугамбы)? окуганбызбы? Окуган
Же: Окуган белем? белек?
2. Сен китеп 2. Силер китеп
оку+ГАН+сың+БЫ = оку+ГАН+сыңар+БЫ =
окугансыңбы? Окуган окугансыңарбы? Окуган
белең? белеңер?
2. Сиз китеп 2. Сиздер китеп
оку+ГАН+сыз+БЫ = оку+ГАН+сыздар+БЫ =
окугансызбы? Окуган окугансыздарбы? Окуган
83
белеңиз? белеңиздер?
3. Ал китеп оку+ ГАН+БЫ 3.Алар китеп
= окуганбы? Окуган беле? оку+ЫШ+ГАН+БЫ =
окушканбы? Окушкан беле?

Белгисиз өткөн чактын терс мааниси жок, эмес сөздөрү


менен жасалат:
Мааниси: Бала ойногон жок. (Азыр, ушул учурда гана).
Бала ойногон эмес. (Эч качан, эч убакта, таптакыр.
Кескин мааниде).

(-) Жекелик сан (-) Көптүк сан


1. Мен китеп оку+ГАН 1. Биз китеп оку+ГАН
ЖОК + мын = окуган ЖОК+быз = окуган жокпуз;
жокмун; окуган эмесмин. окуган эмеспиз
2. Сен китеп оку+ГАН 2. Силер китеп оку+ГАН
ЖОК + сың = окуган ЖОК+сыңар = окуган
жоксуң; окуган эмессиң жоксуңар; окуган эмессиңер
2. Сиз китеп оку+ГАН 2. Сиздер китеп оку+ГАН
ЖОК + сыз = окуган ЖОК+сыздар = окуган
жоксуз; окуган эмессиз жоксуздар; окуган эмессиздер
3. Ал китеп оку+ГАН 3. Алар китеп оку+ЫШ+ГАН
ЖОК = окуган жок; ЖОК = окушкан жок;
окуган эмес окушкан эмес

(-?) Жекелик сан (-?) Көптүк сан


1. Мен китеп оку+ГАН 1. Биз китеп оку+ ГАН ЖОК
ЖОК+мын+БЫ = окуган + быз+БЫ = окуган
жокмунбу; окуган жокпузбу; окуган эмеспизби?
84
эмесминби? (Окуган жок (Окуган жок белек? Окуган
белем? Окуган эмес эмес белек?)
белем?) 2. Силер китеп оку+ГАН
2. Сен китеп оку+ГАН ЖОК+ сыңар+БЫ = окуган
ЖОК+сың+БЫ = окуган жоксуңарбы; окуган
жоксуңбу; окуган эмессиңерби? (Окуган жок
эмессиңби? (Окуган жок белеңер? Окуган эмес
белең? Окуган эмес белең?) белеңер?)
2. Сиз китеп оку+ГАН 2. Сиздер китеп оку+ГАН
ЖОК+сыз+БЫ = окуган ЖОК+ сыздар+БЫ=окуган
жоксузбу; окуган жоксуздарбы; окуган
эмессизби? (Окуган жок эмессиздерби? (Окуган жок
белеңиз? Окуган эмес белеңиздер? Окуган эмес
белеңиз?) белеңиздер?)
3. Ал китеп оку+ГАН 3. Алар китеп оку+ЫШ+ГАН
ЖОК+БЫ = окуган жокпу; ЖОК+БЫ = окушкан
окуган эмеспи? (Окуган жокпу; окушкан эмеспи?
жок беле? Окуган эмес (Окушкан жок беле?
беле?) Окушкан эмес беле?)

1-көнүгүү. Берилген этиштерди белгисиз өткөн чакта оң жана


терс маанисинде жактаңыз.* Проспрягайте данные глаголы в
прошедшем неизвестном времени в отрицательном и
положительном значениях.
Үлгү: Бил: билгенмин (билгем), билгенсиң, билгенсиз, билген,
билгенбиз...; билген эмесмин, билген эмессиң, билген
эмессиз..., билген эмеспиз...;
Тазала, кайтала, отур, ук, сүйлө, котор, кир, тамактан, укта,
жуун, ойно, бийле, сура.

85
2-көнүгүү. Белгисиз өткөн чактагы этиштерди колдонуп,
сүйлөшүүлөрдү толуктаңыз. *Дополните диалоги, используя
глаголы в прошедшем неизвестном времени.
Үлгү: - Сиз Бишкекте окуган жок (эмес) белеңиз?
- ...
- Сиз Бишкекте окуган жок (эмес) белеңиз?
- Жок, мен Ошто окугам.
1. - Бүгүн жыйналыш болдубу?
- ...
2. - Сен Соң-Көлдө болду белең?
- ...
3. - ...?
- … Ооба, апам бизди көргөн.
- ...?
- Эч нерсе деген жок.
4. - Сиздер Бишкекке өзүңүздөр келдиңиздерби?
-…
5. - …?
- Жарышмага катышып, жеңип алгам, анан бул жерге
келгем.

3-көнүгүү. Сүйлөмдөрдөгү башка тамга менен жазылган


этиштерди белгисиз өткөн чактын оң жана терс маанисинде
колдонуңуз. Айырмачылыктарына көңүл буруңуз. *
Используйте выделенные глаголы в положительном и
отрицательном значении прошедшего неизвестного времени.
Обратите внимание на их отличия.
Үлгү: Кичинекей бала уктап жатат.

86
Кичинекей бала уктап жаткан. Кичинекей бала уктаган
жок.
1. Кечээ кечинде жааган жамгыр эртеси басылды. 2. Эжем
тамак жасап жатат, мен жардам берүүнү ойлодум. 3. Мугалим
көп тапшырма берди, мен баарын аткардым. 4. Бул текстти
бүгүн Асел которду, мен эртең котором. 5. - Кечээ
филармонияда жакшы концерт болду, атам менен апам
барышты. 6. Биз анын атасын жыйналышка чакырдык. 7.
Сиздер бул адам менен тааныштыңыздар. 8. Апам азыр
телефон менен сүйлөшүп жатат.

4-көнүгүү. Тѳмѳндѳ берилген этиштерди белгисиз өткөн


чакта колдонуп, сүйлөмдөрдү мааниси боюнча толуктаңыз. *
Дополните предложения по значению, используя данные
внизу глаголы в прошедшем неизвестном времени.
Үлгү: Мугалим окуучуларга жаңы теманы ... .
Мугалим окуучуларга жаңы теманы түшүндүрүп
берген.
1. Мен апамдын майрамына өзүмчө белек ... . 2. Агамдын досу
кечээ Лондонго ... . 3. Ушул үйдө белгилүү жазуучу ... . 4.
Сиздин буюмдарыңызды аманатка (камера хранения) ... . 5.
Өткөн жылы жазында аба-ырайы ... . 6. Ырдаганды мага эжем
... . 7. Мугалим көп сөздөрдү англис тилинен кыргызчага ... . 8.
Силер ал уюмга дароо эле ... ?
Колдонулуучу сөздөр, айтымдар: суук бол, жооп бер, учуп
кет, алып бер, үйрөт, тапшырып кой, жаша, котор.

АДАТ ӨТКӨН ЧАК


(-ЧУ; -ЧҮ)
(Прошедшее повторяющееся время)

87
Адат ѳткѳн чак: - мурда болуп ѳткѳн, азыр жыйынтыгы
белгисиз болгон кыймыл-аракетти;
- мурда кайталанып туруучу кыймыл-аракетти билдирет.
Выражает действие: - которое произошло раньше и о
результатах которого в данное время неизвестно,
- выражает действие, которое повторялось время от
времени.

Диалекттерде колдонулган: ырдачым, болчук,


келчим, келчик, ж.б. сыяктуу формалар адабий тилдин
нормаларына туура келбейт! Туурасы: ырдачумун,
болчубуз, келчүмүн, келчүбүз. Караңыз: “Кыргыз адабий
тилинин нормалары”.
*Формы, как ырдачым, болчук, келчим, келчик, и др.
которые употребляются в диалектах, не соответствуют
нормам литературного языка! Правильно: ырдачумун,
болчубуз, келчүмүн, келчүбүз. См.: “Нормы кыргызского
литературного языка”.

(+) Жекелик сан (+) Көптүк сан


1. Мен мурда англисче бил 1. Биз мурда англисче бил
+ЧҮ+ мын =билчүмүн; +ЧҮ+ быз = билчүбүз;
2. Сен мурда англисче бил 2. Силер мурда англисче
+ЧҮ + сың =билчүсүң; бил +ЧҮ+ сыңар =
2. Сиз мурда англисче бил билчүсүңөр
+ЧҮ + сыз = билчүсүз; 2. Сиздер мурда англисче
3. Ал мурда англисче бил бил +ЧҮ+ сыздар =
+ЧҮ = билчү билчүсүздөр
3. Алар мурда англисче бил

88
+ ЫШ+ ЧҮ = билишчү

(+?) Жекелик сан (+?) Көптүк сан


1. Мен мурда англисче 1. Биз мурда англисче билчү
билчү белем? белек?
2. Сен мурда англисче 2. Силер мурда англисче
билчү белең? билчү белеңер?
2. Сиз мурда англисче 2.Сиздер мурда англисче
билчү белеңиз? билчү белеңиздер?;
3. Ал мурда англисче билчү 3. Алар мурда англисче
беле? билишчү беле?

(-) Жекелик сан (-) Көптүк сан


1. Мен мурда англисче 1. Биз мурда англисче бил
бил+ЧҮ ЭМЕС+МЫН = +ЧҮ эмес+быз = билчү
билчү эмесмин; эмеспиз;
2. Сен мурда англисче бил 2. Силер мурда англисче
+ЧҮ эмес+сың = билчү бил+ЧҮ эмес+сыңар =
эмессиң; билчү эмессиңер;
2. Сиз мурда англисче бил 2. Сиздер мурда англисче
+ЧҮ эмес+сыз = билчү бил+ЧҮ эмес+сыздар =
эмессиз; билчү эмессиздер;
3. Ал мурда англисче 3. Алар мурда англисче
бил+ЧҮ эмес= билчү эмес бил+ЫШ+ЧҮ эмес =
билишчү эмес

(- ?) Жекелик сан (- ?) Көптүк сан


1. Мен мурда англисче бил 1. Биз мурда англисче

89
+ЧҮ ЭМЕС+МЫН+БЫ = бил+ЧҮ эмес+быз+БЫ? =
билчү эмесминби? Же, билчү эмеспизби? Же:
адабий, оозеки тилде көп билчү эмес белек?
колдонулган форма: билчү 2. Силер мурда англисче
эмес белем? бил +ЧҮ эмессиңерби?
2. Сен мурда англисче бил Билчү эмес белеңер?
+ЧҮ эмессиңби? Билчү эмес 2. Сиздер мурда англисче
белең? бил +ЧҮ+ эмессиздерби?
2. Сиз мурда англисче бил Билчү эмес белеңиздер?
+ЧҮ эмессизби? Билчү эмес 3. Алар мурда англисче
белеңиз? бил+ ЫШ+ЧҮ эмеспи=
3. Ал мурда англисче бил билишчү эмеспи? Билишчү
+ЧҮ эмеспи? Билчү эмес эмес беле?
беле?

1-көнүгүү. Берилген этиштерди белгисиз өткөн чактын оң


жана терс маанисинде колдонуңуз. Алардын кээ бирлери
менен сүйлөм түзүңүз.* Употребите глаголы в положительном
и отрицательном значении прошедшего неизвестного
времени. Составьте предложения с некоторыми из них.
Үлгү: бар: барчумун, барчусуң,...; барчу эмеспиз, барышчу
эмес; Мен мурда жай бою машыгууга барчумун.
Чакыр, сатып ал, окуп отур, тааныш, көрүп кел, түшүндүр,
жазып ал, айтып бер, ойноп кел, эс ал, которуп бер, күлүп жат,
тартып ал, жазып жүр, берип тур.

2-көнүгүү. Берилген сүйлөмдөрдү толуктаңыз.* Дополните


данные предложения.
Үлгү: Кээде түнү бою “Манасты” оку... .= ... окучубуз.

90
1. Ал менин тамашамды түшүнбөй, таарынып кал... . 2. Сиз
мага дайыма ушул жерден балмуздак сатып бер... . 3. Суу
былтыр башка жерден ак... . 4. Май майрамында атам мага ар
түстүү шарик үйлөп бер... . 5. Ушул аялдан ар күнү гүл сатып
ал... . 6. Сен мурда мени менен башкача сүйлөш... . 7. Эжем
немисче тексттерди бир заматта которуп кой... . 8. Кечинде
көл жээгинде салкын жел уруп тур... . 9. Чоң атам катуу
кыйкырып сүйлөө... .

3-көнүгүү. Суроолорго адат өткөн чакты колдонуп, жооп


бериңиз. * Ответьте на вопросы, употребите прошедшее
повторяющееся время.
Үлгү: - Сиз кайсы жакта жашайсыз?
-….
- Сиз кайсы жакта жашайсыз?
- Мен мурда Нарында жашачумун, азыр Бишкекте
жашайм.
1. Сиз французча билесизби? 2. Сизди бул адам тааныйбы? 3.
Силер таттууну жакшы көрөсүңөрбү? 4. Маржан менен
Арууке мектепте иштешеби? 5. Сиз ыр жазасызбы? 6. Биз
тоого ушул жол менен барабызбы? 7. Биз китепканадан ушул
окуу китебин алабызбы? 8. Кечки тамакты сен жасадыңбы? 9.
Бул токочту тиги кичинекей кыздар бышырдыбы? 10.
Бакчаны агаң сугардыбы?

4-көнүгүү. “Чачылган” сөздөрдөн сүйлөм түзүңүз. *


Составьте предложения из “рассыпанных” слов.
Үлгү: ресторан, мурда, мен, агам ырда. – Мурда менин агам
ресторанда ырдачу.

91
1. мышык, ойно, иним, кичинекей, дайыма, менен. 2. үйү, ар
жекшемби, Айдар кет. 3. Жаңы, жакшы, жооп бер, кыргыз
тили сабагы, студент. 4. Биз, кечинде, алма, апам, алып кел. 5.
биз, жомок, чоң атам, кызык, айтып бер.

КАПЫСКЫ ӨТКӨН ЧАК


(-ЫПТЫР)
(Прошедшее внезапное, неожиданное)
• Ѳз кѳзү менен кѳрбѳгѳн, качандыр бир убакта
болгон кыймыл-аракетти билдирет, ал жѳнүндѳ
маалымат башка бирѳѳдѳн алынат. Выражает
значение действия, которое произошло когда-то и
(говорящий свидетелем которого не был),
информация об этом действии передается через
кого-то.
• Кыймыл-аракеттин жыйынтыгын, корутундусун
билдирет. Выражает результат действия,
заключительное мнение об этом действии.
Мисалы: Илгери өткөн заманда бир кемпир-чал болуптур.
Ал бүгүн уктап калыптыр.

(+) Жекелик сан (+) Көптүк сан


1. Мен китеп оку +ЫПТЫР 1. Биз китеп оку+ЫПТЫР +
+ мын = окуптурмун; быз = окуптурбуз;
2. Сен китеп оку +ЫПТЫР 2. Силер китеп оку+
+ сың = окуптурсуң; ЫПТЫР + сыңар =
2. Сиз китеп оку+ЫПТЫР окуптурсуңар;
+ сыз = окуптурсуз; 2. Сиздер китеп
3. Ал китеп оку+ ЫПТЫР = оку+ЫПТЫР +сыздар =
92
окуптур окуптурсуздар;
3. Алар китеп оку+ ЫШ
+ЫПТЫР = окушуптур;

(+?) Жекелик сан (+?) Көптүк сан


1. Мен китеп оку +ЫПТЫР 1. Биз китеп оку+ЫПТЫР +
+ мын+БЫ = быз+БЫ = окуптурбузбу?
окуптурмунбу? 2. Силер китеп
2. Сен китеп окуптурсуңбу? окуптурсуңарбы?
2. Сиз китеп окуптурсузбу? 2. Сиздер китеп
3. Ал китеп окуптурбу? окуптурсуздарбы?
3. Алар китеп окушуптурбу?

(-) Жекелик сан (-) Көптүк сан


1. Мен китеп 1. Биз китеп оку+БА
оку+БА+ЫПТЫР + мын = +ЫПТЫР+быз =
окубаптырмын; окубаптырбыз;
2. Сен китеп 2. Силер китеп
оку+БА+ЫПТЫР + сың = оку+БА+ЫПТЫР + сыңар =
окубаптырсың; окубаптырсыңар;
2. Сиз китеп 2. Сиздер китеп
оку+БА+ЫПТЫР + сыз = оку+БА+ЫПТЫР +сыздар =
окубаптырсыз; окубаптырсыздар;
3. Ал китеп 3. Алар китеп оку+ ЫШ+БА
оку+БА+ЫПТЫР = +ЫПТЫР = окушпаптыр;
окубаптыр

93
(-?) Жекелик сан (-?) Көптүк сан
1. Мен китеп 1. Биз китеп
оку+БА+ЫПТЫР + оку+БА+ЫПТЫР+быз+БЫ?=
мын+БЫ? = окубаптырбызбы?
окубаптырмынбы? 2. Силер китеп
2. Сен китеп окубаптырсыңарбы?
окубаптырсыңбы? 2. Сиздер китеп
2. Сиз китеп окубаптырсыздарбы?
окубаптырсызбы? 3. Алар китеп окушпаптырбы?
3. Ал китеп
окубаптырбы?

1-көнүгүү. Суроолорго капыскы өткөн чакты колдонуп, жооп


бериңиз. * Ответьте на вопросы, употребите прошедшее
неожиданное время.
Үлгү: 1. Сиз бул фильмди көрдүңүз беле? (көр)
Сиз бул фильмди көрдүңүз беле? - Ооба, мурда
көрүптүрмүн.
1. Сабакка эмнеге келген жоксуңар? (уктап кал) 2. Жаңылык
уктуңузбу? (укпа) 3. Эмнеге мага телефон чалган жоксуң?
(унутуп кал) 4. Сиздер кечеге чакыруу алдыңыздарбы? (алба)
5. Анвар эмнеге Адил менен сүйлөшпөйт? (урушуп кет) 6. Сен
эмне мугалим менен саламдашпайсың? (байкабай кал) 7.
Силер бул тизмеде жоксуңар го? (кечигип кал) 8. Сенин
өзүңдүн ачкычың кайда? (жоготуп кой) 9. Бул факультеттин
долбоору кайда? (бузуп ал) 10. Кечеге эмнеге катышкан
жоксуңар? (билбе) 11. Жаңы үйдү көрдүңөрбү? (көрбө) 12.
Сынактын тартиби жөнүндө унуткан жоксуңбу? (жазбай кал)

94
2-көнүгүү. Сүйлөмдөрдү капыскы өткөн чакты колдонуп,
мааниси боюнча толуктаңыз. * Дополните предложения,
употребляя форму прошедшего неожиданного времени.
Үлгү: 1. Кечээ сабак болгон эмес,...
Кечээ сабак болгон эмес, бүгүн да болбоптур.
1. Менин китебимди кечээ Максат алып келген эмес, ... . 2.
Дүйшөмбүдө Стамбулга учак кечигип учкан, ... . 3. Өткөн
жумада биздин китепкана жабык болду, ... . 4. Нөөмөтчүлөр
(дежурные) кечээ ашкананы жыйнашкан эмес, ... . 5.
Шейшемби күнү жазуучулар жолугушууга келишкен жок,... .
6. Машинаны уста жекшембиде оңдогон жок, ... . 7. Кечээ
жамгыр жааган жок, ... . 8. Бул дарыдан Темир айыккан эмес,
сен да ... . 9. Бул ырды Фархат мага жазып берген эмес, сага да
... . 10. Эртең менен мүдүр бөлмөсүндө жок эле, азыр да ... .
3-көнүгүү. Тексттен капыскы өткөн чактагы этиштерди
табыңыз. Сүйлөмдөргө суроо түзүңүз. Сөздүктүн жардамы
менен которуп, мазмунун айтып бериңиз. * Найдите в тексте
глаголы в прошедшем неожиданном времени. Задайте
вопросы к предложениям. Переведите текст с помощью
словаря и перескажите содержание текста.
Эки дос.
Эки дос токойдо келе жатышыптыр. Бир убакта алды
жактан бир аюу чыга калат. Балдардын бири качып жөнөп,
даракка чыгып жашыныптыр. Экинчиси болсо, аюулар
өлүктөргө тийбей турганын эстеп, жерге жатып, өлүмүш
болуп калыптыр. Аюу ага жакындап келип, жыттагылап
көрөт да, токойго кирип кетет.
Аюу кеткенден кийин, биринчи бала дарактан түшүп
келип, күлүп, досунан сураптыр: - Аюу сенин кулагыңа эмне
деп шыбырады?

95
Экинчи бала: «Аюу мага – коркунучта сени таштап
качкан кишилер менен дос болбо - деп айтты», - дептир.
(Л.Н.Толстойдун чыгармасы боюнча).
Сөздүк:
Чыга калат - внезапно вышел
Качып жөнөдү - бросился бежать
Жашынды - спрятался
Өлүк - мертвец, труп
Өлүмүш болуп калыптыр - притворился мёртвым
Жыттагылады - обнюхал
Шыбырады - шептал
Таштады - бросил

4-көнүгүү. Текстти капыскы өткөн чакты колдонуп,


улантыңыз. * Продолжите текст, употребите прошедшее
неожиданное время.

Кечээ сабактан кийин үйгө кетип бараткам. Сабактан


аябай чарчап, башым ооруп жаткан эле. Алдымдан
курсташым Аскар чыкты. Аябай шашып бара жатыптыр.
- Ой, дос, сага эмне болду?
- ... ! ...
...
5-көнүгүү. Тексттен капыскы өткөн чактагы этиштерди
табыңыз. * Найдите в тексте глаголы в прошедшем
неожиданном времени.

Бир чал үйүнө оор жүк көтөрүп келе жатыптыр. Жол алыс, ал
аябай чарчаптыр. Анан жүгүн жерге коюп: «Өх-х, мен

96
өлгөндө эле эс алат окшойм го! Өлүм тезирээк келсе экен!»-
деп кейиптир.
Өлүм аны угуп, чалга келет да, андан сурайт:
- Мына, мен келдим. Сага эмне керек?
Чал коркуп кетип:
- Мага бул жүктү көтөрүшүп койчу! – дептир.

Сөздүк:
Жүк - груз
Көтөрүп келе жатты - нёс
Кейиптир - печалился, расстроился
Көтөрүшүп койчу – помоги поднять

АРСАР ӨТКӨН ЧАК


(Прошедшее вероятное)
(-ДЫР)
• Ѳткѳн кыймыл-аракеттин жыйынтыгынан күмѳн
болуу маанисин билдирет. Выражает значение
сомнения в результатах прошедшего действия.
Мисалы: Ал мектепте болгондур. Может, он был в
школе.
(+) Жекелик сан (+) Көптүк сан
1. Мен китеп оку + ГАН 1. Биз китеп оку + ГАН +
+ДЫР+ мын = ДЫР+ быз = окугандырбыз
окугандырмын, 2. Силер китеп оку + ГАН +
2. Сен китеп оку + ГАН + ДЫР+ сыңар =
ДЫР+ сың = окугандырсыңар
окугандырсың, 2. Сиздер китеп оку+ ГАН +
2. Сиз китеп оку+ ГАН + ДЫР+ сыздар =
ДЫР+ сыз = окугандырсыздар;

97
окугандырсыз; 3. Алар китеп
3. Ал китеп оку+ ГАН+ оку+ЫШ+ГАН+ДЫР=
ДЫР= окугандыр; окушкандыр;

Терс түрү (-):

1. Терс түрү (-): +ГАН ЭМЕС+...


(-) Жекелик сан (-) Көптүк сан
1. Мен китеп оку+ГАН 1. Биз китеп оку+ГАН
ЭМЕС+ДЫР+ мын = ЭМЕС+ДЫР+ быз = окуган
окуган эместирмин; эместирбиз
2. Сен китеп оку+ГАН 2. Силер китеп оку+ГАН
ЭМЕС+ДЫР+ сың = окуган ЭМЕС+ ДЫР+сыңар =
эместирсиң окуган эместирсиңер
2. Сиз китеп оку+ГАН 2. Сиздер китеп оку+ГАН
ЭМЕС+ДЫР+ сыз = окуган ЭМЕС+ ДЫР+сыздар =
эместирсиз окуган эместирсиздер
3. Ал китеп оку+ГАН 3. Алар китеп
ЭМЕС+ДЫР= окуган оку+ЫШ+ГАН ЭМЕС+
эместир ДЫР = окушкан эместир

2. – ба+ГАН+…

(-) Жекелик сан (-) Көптүк сан


1. Мен китеп 1. Биз китеп
оку+БА+ГАН+ДЫР+ мын = оку+БА+ГАН+ДЫР+ быз =
окубагандырмын; окубагандырбыз
2. Сен китеп 2. Силер китеп
оку+БА+ГАН+ДЫР+ сың = оку+БА+ГАН+ ДЫР+сыңар
98
окубагандырсың = окуган эместирсиңер
2. Сиз китеп 2. Сиздер китеп
оку+БА+ГАН+ДЫР+ сыз = оку+БА+ГАН+
окубагандырсыз ДЫР+сыздар = окуган
3. Ал китеп эместирсиздер
оку+БА+ГАН+ДЫР= 3. Алар китеп
окубагандыр оку+ЫШ+БА+ГАН+ ДЫР
= окушпагандыр

• Адабий тилде арсар өткөн чактын суроолуу түрү


жок!
В литературном кыргызском нет вопросительной
формы прошедшего вероятного времени.

1-көнүгүү. Суроолорго арсар өткөн чакты колдонуп, жооп


бериңиз. Ответьте на вопросы, выразите значение
прошедшего сомнительного времени.
Үлгү: – Алым шаардан келген бекен?
-…
– Алым шаардан келген бекен?
- Мүмкүн, келгендир, мүмкүн, келген эместир, кайдан
билем?

1. Сен бул романды окудуң беле? 2. Биздин студенттер тест


алышыптырбы? 3. Касым ушул үйдө жашаптырбы? 4. Фатима
окууга өтүптүрбү? 5. Конокторду эжем өзү тосуптурбу? 6.
Сенин досуң диплом алыптырбы? 7. Биз бул теманы
кайталадык беле? 8. Бул имарат 19 – кылымда курулган беле?
9. Сен эмне Сардар менен учурашпайсың? Уруштуңарбы?

99
2 - көнүгүү. Берилген этиштерге арсар өткөн чактын
мүчөлөрүн улап, жактаңыз. Проспрягайте глаголы в
прошедшем сомнительном времени.
Үлгү: күт – күткөндүрмүн, күткөндүрсүң, ... күткөндүрсүз...,
күткөн эместирмин, ... күтүшкөн эместир.
Тааныш, жолугуш, үйлөн, турмушка чык, даярда, бер, чакыр,
ач, сатып ал, бүтүр, көрүш, сабак бер, эс ал, куттукта, айтып
бер, кечирим сура, иште, көр.

3 - көнүгүү. Сүйлөмдөрдү мааниси боюнча толуктап


жазыңыз. Дополните предложения по смыслу.
Үлгү: Эжем кечээ эле келем деген, эмгиче (эмдигиче)...
Эжем кечээ эле келем деген, эмгиче (эмдигиче)
келгендир.
1. Чайды жана эле койгом, ... . 2. Тестти бир саат мурда
беришиптир, силер эмгиче ... . 3. Бул кабарды дүйшөмбүдө
укканбыз, бардыгы... . 4. Россияда бизден суугураак, эмгиче ...
. 5. Мариям университетке өтүптүр, бардыгы ... . 6. Апам
кечигип жатыптыр, кичинекей иним ... . 7. Досум былтыр чет
өлкөгө кеткен, үйүн ... . 8. Этти эки саат мурда эле салгам,
эмгиче ... . 9. Эрмекке мен Анар жөнүндө мүмкүн, атайы...!
10. Биздин команда аябай даярданган, мелдеште ... . 11.
Айдинге чындыкты айттык, ал эми ... .
(Колдонулуучу сөздөр, сөз айкаштары: ыйлап калгандыр,
кубанышкандыр, сагынгандыр,кайнап калгандыр,катасын
түшүнгөндүр,кыш келип калгандыр, таң калышкандыр,
жазып койгондурсуңар, бышкандыр,айткандырмын,
жеңгендир).

100
Өткөн чак (кайталоо)
Прошедшее время (повторение)

1-көнүгүү. Тексттерден өткөн чактагы этиштерди таап,


маанисин түшүндүрүңүз. Сөздүктүн жардамы менен которуп,
мазмунун айтып бериңиз.

1. Бир мүнөт

Акылдын үй-бүлөсүндө тыкандык менен тактыкка


өзгөчө маани берилер эле. Акыл гана баарынан айырмаланып
туруучу. Ал бардык жакка кечигип калчу.
Дем алыш күндөрү Акылдын апасы карындашы экөө
даамдуу тамак жасашчу. Түшкү, же кечки тамакты бардыгы
чогуу отурушуп жешип, сүйлөшүп отурушар эле. Бул үй-
бүлөлүк салт болуп калган. Бүт үй-бүлө тамак ичкенге
чогулуп, бир гана Акылды күтүп олтурушчу.
- Акыл, кел тамак ич! - деп апасы чакырар эле. - Сени
эле күтүп жатабыз.
- Азыр, бир мүнөт! – кадимкисиндей эле жооп берчү
Акыл өзүнүн бөлмөсүнөн.– Бара жатам… .
Кайсы убакта болбосун, Акылды бирөө чакырса, же
бирөө бир нерсе кылып бер - деп суранса, ал дайыма: «Бир
мүнөткө…» - деп жооп кайтарчу. Атасы ага ачууланып: «Сен
качан убакытты баалаганды, адамды сыйлаганды
үйрөнөсүң?»- деп көп айтар эле. Акыл болсо: «Бир мүнөт
деген аз эле го. Адамдын турмушунда мааниси жок» - дечү.
Бир жолу Акыл окуган университетте чуркоо боюнча
жарышма болду. Акыл да катышууну чечти. Ал аябай жакшы
чуркачу, ошондуктан: «Марага биринчи келем» - деп ойлоду.

101
Жарышма убагында ал аябай аракет кылды, бирок жеңе алган
жок.
Акыл үйүнө аябай кайгырып келди. Атасына эмне
болгонун, жолдошторунун ишенимин актай албай калганын
айтып берип, кейиди. Башка факультетте окуган бала марага
андан бир мүнөткө эрте келиптир.
Атасы аны укканда: «Бир мүнөт деген аз эле го.
Адамдын турмушунда анын мааниси деле жок да» - деп жооп
берди. Акыл эч нерсе айта албады.

2. Менин карындашым

Менин кичинекей карындашым бар. Анын аты Асия.


Ал быйыл төрткө толду. Өзү кичинекей болсо да, ал миңге
чейин санай алат, бийлегенди жакшы көрөт, англисче ырдай
алат. Анын туулган күнүн бардыгыбыз белгиледик. Мен ага
жакшы китеп, кооз калемдерди белек кылдым. Атам менен
апам экөө Асияга кыпкызыл велосипед алып келип беришти
да: «Көчөгө тебүүгө болбойт» - деп айтышты. Албетте, чоң
торт да болду. Ансыз туулган күн болмок беле!
Карындашымдын көп достору бар. Алар да ар кандай белек
алып келишиптир. Менин байкем болсо, эң сонун белек ойлоп
тааптыр. Ал биздин үйгө чыныгы клоунду чакырып келди!
Анын тамашаларына, оюндарына аябай күлдүк! Асия, анын
достору кубангандан кол чаап секиришти. Менин оюмча,
Асиянын туулган күнү унутулгус туулган күн болду.
Бүгүн эртең менен сабакка кетип жаткам. Асия
терезенин жанындагы столдо отуруп бир нерсе кылып
жатыптыр. - Сен эмне кылып жатасың, Асия? Эмне эрте туруп
алдың? – деп сурадым.

102
- Досума кат жазып жатам. Аны сен тааныйсың, кечээ
мени менен ойноп жаткан, кызыл көйнөкчөн Анара деген кыз,
– деди олуттуу түр менен Асия.
- Сен али кичинекейсиң да. Окуганды, жазганды
билбейсиң, - дедим мен.
- Ал эч нерсе эмес. Менин досум да кичинекей. Ал да
окуганды, жазганды билбейт,– деп жооп берди Асия.

Эле... болчу...

!!! Диалекттерде колдонулган: ойнобой элемин,


уктабай элемин, оорубай элесизби? студент болчук, кеч
келчик сыяктуу формалар кыргыз тилинин нормаларына
туура келбейт!!! Адабий тилде: ойнобой эле турам,
уктабай эле жатам; оорубай эле жүрѳсүзбү? Студент
болчубуз, кеч келчүбүз, ж.б. Караңыз: “Кыргыз адабий
тилинин нормалары”.
Формы: ойнобой элемин, уктабай элемин, оорубай
элесизби? студент болчук, кеч келчик, которые
используются в диалектах, не соответствуют нормам
литературного кыргызского языка! В литературном
языке: ойнобой эле турам, уктабай эле жатам; оорубай
эле жүрѳсүзбү? Студент болчубуз, кеч келчүбүз, и др. См.:
«Нормы кыргызского литературного языка».

ЭЛЕ бѳлүкчѳсү этиштен башка маани берүүчү сѳз


түркүмдѳрү (зат атооч, сын атооч, сан атооч, ат атооч,
тактооч) менен жак мүчѳсүз колдонулганда бѳлүп,
чектѳѳчү мааниге ээ болот. Мисалы: Сабакта Асан эле
болгон жок. Бир эле киши келди.
ЭЛЕ чакчылдар менен колдонулса, жардамчы этиштер
колдонулат: Ал окууга ойноп эле барат. Он идет на учебу
103
лишь/только играя. Бакыт оорубай эле жүрѳт.
*Частица ЭЛЕ при употреблении со
знаменательными частями речи (существительными,
прилагательными, числительными, местоимениями,
наречиями, кроме глагола) без личных окончаний как
неизменяемое слово, выражает выделительное,
ограничительное значение. Например: Сабакта Асан эле
болгон жок. На уроке лишь/только Асана не было. Бир эле
киши келди. Только/лишь один человек пришел.
Частица ЭЛЕ с деепричастиями требует употребления
вспомогательного глагола. Например: Ал сабакта ойноп
эле отурат. Он на уроке только играет. Бакытың оорубай
эле жүрѳт. Да не болеет твой Бакыт.

ЭЛЕ этиштер менен колдонулганда ѳткѳн чактын маанисин


берет. С глаголами ЭЛЕ передает значение прошедшего
времени:
Мен ошол кезде (убакта) кичинекей элем/болчумун
Сен ошол кезде (убакта) кичинекей элең/болчусуң
Сиз ошол кезде (убакта) кичинекей элеңиз/болчусуз
Ал ошол кезде (убакта) кичинекей эле/болчу
Биз ошол кезде (убакта) кичинекей элек/болчубуз
Силер ошол кезде (убакта) кичинекей элеңер/ болчусуңар
Алар ошол кезде (убакта) кичинекей эле/болчу

В то время (я, ты, он, мы...) был (и) маленьким(и).

1.Мен жаш кезимде 1. Биз жаш кезибизде


2.Сен жаш кезиңде 2.Силер жаш кезиңерде
2.Сиз жаш кезиңизде 2. Сиздер жаш кезиңиздерде

104
3.Ал жаш кезинде 3. Алар жаш кездеринде

2-көнүгүү. Алкакка алынган эле, болчу сөздөрүнүн


жакталышына көңүл буруңуз. Үлгү боюнча көнүгүүнү
аткарыңыз. * Обратите внимание на спряжение слов эле,
болчу. Выполните упражнение по образцу.
Үлгү: - Сен кичинеңде аябай кежир... .
Сен кичинеңде аябай кежир элең (болчусуң)
1. Өткөн жылы бардыгы башкача ... . 2. Сиз жаш кезиңизде
атактуу бийчи ... . 3. Силер жайга чейин баарыңар апакай ... . 4.
Биздин ашкананын тамагы өткөн жылы даамдуураак ... . 5. Биз
жаш кезибизде аябай мекенчил ... . 6. Сен мурда жакшы
спортчу ... . 7. Былтыр күз жылуу ... . 8. Мен мурда арык ... .

3-көнүгүү. Кашаадагы сөздөрдү мааниси боюнча колдонуп,


сүйлөмдөрдү толуктаңыз. Тандооңузду түшүндүрүңүз. *
Дополните предложения, используя слова из скобок.
Объясните свой выбор.

1. Мен кичинемде жайында дайыма шаардан айылга барып


(эс алгам, эс алыптырмын, эс алчумун). 2. Атам да ушул тоо
түбүндөгү айылда (туулду, туулган, туулчу). 3. Былтыр
убакыт аз болчу, бир жума (эс алчумун, эс алгам, эс алармын),
быйыл да айылга келгенге араң убакыт (таптым, тапкам,
тааптырмын). 4. Чоң апам да, чоң атам да картайып
(калышкан, калышыптыр, калышат). 5. Алар мени көрүп аябай
(кубанышыптыр, кубанышты, кубанышкан). 6. Кыргыздар:
«Туулган жердин топурагы алтын» - деп (айтышат, айтышар,
105
айтышты). 7. Ушул айтылган сөз аябай туура, себеби адам
кайсы жерде жүрбөсүн, туулган жердин элеси эч качан
(унутулбады, унутулбайт, унутулбаптыр). 8. Өзүм шаарда
туулсам да, кичинекейимден чоң апам бакканы үчүн мага
айыл өтө жакын (көрүнөөр, көрүнгөн, көрүнөт). 9. Бүгүн эртең
менен эрте туруп, өзүм кичинемде ойногон жерлерди
(көрөйүн дедим, көргөм, көрчүмүн). 10. Күндүн нурлары
тоолорду кызылга боёп, салкын жел (согуп турчу, согуп турар,
согуп туруптур).

4 – көнүгүү. Текстти окуп, сөздүктүн жардамы менен


которуңуз, мазмунун айтып бериңиз. Өткөн чакта
колдонулган сөздөрдүн маанисин түшүндүрүңүз. Кандай?
Кайсы? деген суроолорго жооп берген сөздөрдү табыңыз. *
Прочитайте текст, переведите его с помощью словаря,
перескажите содержание. Объясните значение глаголов в
прошедшем времени.

Кимдин уулу жакшы?

Үч аял кудуктан суу алып жатышкан. Алардан алыс


эмес жердеги орундукка бир карыя келип отура кетти. Аялдар
чакаларын сууга толтуруп жерге коюп коюшту да, ар кимиси
өз балдары жөнүндө айтып мактана башташты.
- Менин баламдын музыкага аябай чоң шыгы бар, - деди
биринчи аял. – Ал атактуу ырчылардай ырдай алат, булбулдай
ышкырып сайрайт, угуп тажабайсың.
- Менин балам болсо, келечекте атактуу спортчу болот,- деп
кошулду экинчиси. – Ал дене тарбиядан мектепте секирүү,

106
чуркоо боюнча дайыма биринчи. Мугалими аны башкаларга
үлгү кылат.
Үчүнчү аял болсо, унчуккан жок.
- Сен эмне үчүн уулуң жөнүндө эч нерсе дебейсиң? – деп
сурашты таң калган аялдар.
- Ал баладай эле бала. Айта турган эч кандай
жөндөмдүүлүгү деле жок,- деди үчүнчү аял.
Аңгыча жакын жердеги мектептен үч бала чуркап
чыгышты. Алардын бири булбулдай болуп, кубулжута
сайрады эле, уккандар таң калып калышты. Экинчи бала
чуркап келе жатып, үч - төрт жолу оңкобаш атып секирди. Ага
да көрүп тургандар таң калышты. Үчүнчү бала болсо, апасын
көздөй түз басып келди да, жерде турган оор чакаларды алып,
үйүн көздөй жөнөдү.
Аялдар балдары жөнүндө сөздү улантып, анан ошол
жердеги отурган карыядан: - Биздин балдарыбыз кандай экен,
чоң ата? – сурашты.
Карыя болсо: - Силер кайсы балдарды айтып
жатасыңар? Мен бул жерден бир эле баланы көрдүм! – деп
жооп берди.
(Л. Н. Толстойдун чыгармасы боюнча)

СҮЙЛѲѲ УЧУРУНАН КИЙИНКИ КЫЙМЫЛ-


АРАКЕТТИ КАНТИП БИЛДИРҮҮГѲ БОЛОТ?
КАК ВЫРАЗИТЬ ЗНАЧЕНИЕ ДЕЙСТВИЯ, КОТОРОЕ
ПРОИЗОЙДЕТ ПОСЛЕ МОМЕНТА РЕЧИ?
Келер чак. Будущее время.
Айкын келер чак (Будущее определенное время)
(Эмне кылат? Эмне кылышат?)

107
• Жөнөкөй учур чак менен формасы бирдей,
сүйлөмдө мааниси боюнча гана айырмаланат.
По форме не отличается от простого настоящего.
Отличие выявляется только по контексту.

(+) Жекелик сан (оң (+) Көптүк сан (оң мааниси)


мааниси)
1. Мен оку+й+МЫН 1. Биз оку+й+БЫЗ = окуйбуз,
=окуйм(ун), иште–й –м(ин), иште-й-биз, жаша-й-быз
жаша–й–м(ын) 2. Силер оку+й+СЫҢАР =
2. Сен оку+й+ СЫҢ = окуйсуңар, иште-й-сиңер,
окуйсуң, иште-й-сиң, жаша-й-сыңар
жаша-й-сың 2. Сиздер оку+й+СЫЗДАР =
2. Сиз оку+й+СЫЗ = окуйсуздар, иштейсиздер
окуйсуз, иште-й-сиз, жаша- 3. Алар оку+ЫШ+ А+Т =
й-сыз окушат, иште-ш-ет, жаша-ш-
3. Ал оку+й+Т = окуйт, ат
иште-й-т, жаша-й-т

Терс мааниси:

(-) Жекелик сан (терс (-) Көптүк сан (терс


мааниси) мааниси)
1.Мен оку+БА+Й+М(ЫН)= 1.Биз
окубайм(ын), иште-бе-й- оку+БА+Й+БЫЗ=окубайбы
м(ин), жаша-ба-й-м(ын) з, иште-бе-й-биз, жаша-ба-
2. Сен й-быз
оку+БА+Й+СЫҢ=окубайсы 2.Силер
ң, иште-бе-й-сиң, жаша-ба-й- оку+БА+Й+СЫҢАР=
108
сың окубайсыңар, иште-бе-й-
2. Сиз сиңер, жаша-ба-й-сыңар
оку+БА+Й+СЫЗ=окубайсыз 2. Сиздер
, иште-бе-й-сиз, жаша-ба-й- оку+БА+Й+СЫЗДАР
сыз =окубайсыздар, иште-бе-й-
3. Ал оку+БА+Й+Т= окубайт сиздер, жаша-ба-й-сыздар
3. Алар
оку+ЫШ+БА+Й+Т=
окушпайт, иште-ш-пе-й-т,
жаша-ш-па-й-т

(? + ) Жекелик сан (оң (? + ) Көптүк сан (оң


мааниси) мааниси)
1. Мен окуймунбу 1. Биз окуйбузбу,
(окуймбу), иштеймби, иштейбизби, жашайбызбы?
жашаймбы? 2. Силер окуйсуңарбы,
2. Сен окуйсуңбу, иштейсиңерби,
иштейсиңби, жашайсыңарбы?
жашайсыңбы? 2. Сиздер окуйсуздарбы,
2. Сиз окуйсузбу, иштейсиздерби,
иштейсизби, жашайсызбы? жашайсыздарбы?
3. Ал окуйбу, иштейби, 3. Алар окушабы, иштешеби,
жашайбы? жашашабы?

Суроо:

(? - ) Жекелик сан (терс мааниси) (? - ) Көптүк сан (терс


мааниси)
1. Мен окубаймбы, иштебеймби, 1. Биз окубайбызбы,
109
жашабаймбы?(окубаймынбы...) иштебейбизби,
2. Сен окубайсыңбы, жашабайбызбы?
иштебейсиңби, жашабайсыңбы? 2. Силер
2. Сиз окубайсызбы, окубайсыңарбы,
иштебейсизби, жашабайсызбы? иштебейсиңерби,
3. Ал окубайбы, иштебейби, жашабайсыңарбы?
жашабайбы? 2. Сиздер
окубайсыздарбы,
иштебейсиздерби,
жашабайсыздарбы?
3. Алар окушпайбы,
иштешпейби,
жашашпайбы?

Кайталаңыз:

Качан? Кайсы убакта? Бүгүн, эртең, бүрсүгүнү, наркы


күнү; бул(ушул) жумада, бул(ушул) айда, бул(ушул)
жылы= (быйыл), келерки жумада, (айда, жылы);

Качан? Кайсы убакта? Күндө, ар бир күнү, ар жумада, ар


бир айда, ар жылы

Качан? Кайсы убакта? Эртең менен, түштө, кечинде;


күндүз, түнүчүндө;
дайыма, ар дайым, кээде, адатта, күндө (күнүгө); кечинде;
таңында, шашкеде, бешимде, кечке маал, иңирде,
күүгүмдө, түнүндө.

110
1 - көнүгүү. Кашаадагы сөздөрдү колдонуп, сүйлөмдөрдү
толуктап жазыңыз.* Дополните предложения, используя слова
из скобок.
Үлгү: Мен бул жылы (быйыл) Бөкөнбаев көчөсүндө (жаша).
Мен бул жылы Бөкөнбаев көчөсүндө жашайм(ын).
1. Айдардын үй-бүлөсү, ата-энеси азыр айылда (тур). 2. Сиз
университетте (иште)? 3. Биз аудиторияда (отур). 4. Силер
төртүнчү курста (оку). 5. Чет элдик меймандар Ысык-Көлдө
(эс ал). 6. Ислам онунчу кабатта (жаша). 7. Теманы түшүнгөн
жокпуз, мугалимден (сура). 8. Бул суроого сиздер (жооп бер)?
9. Биринчи класстын окуучулары бүгүн театрга (бар). 10.
Силердин сабагыңар саат канчада (баштал)? 11. Каныбек
университетти качан (бүтүр)?

2 - көнүгүү. Келер чактагы сөздөрдү колдонуп, суроолорго оң


жана терс жооп бериңиз.* Ответьте на вопросы отрицательно
и положительно, используя слова в будущем времени.

Үлгү: - Жүрүңүз, кечинде телевизор көрөлү?


- Макул, көрөлү, жакшы фильм болот экен.
- Жок, көрбөйм, аябай чарчадым.
1. Силер тамак ичесиңерби? 2. Сиздер түштөн кийин
китепканага барасыздарбы? 3. Артык азыр сабакка
даярданабы? 4. Тетиги жердеги кичине базарга барып келели,
жүр! 5. Анар сени китепканага келсин деди, барасыңбы? 6.
Сен дилбаянды эртең тапшырасыңбы? 7. Силер чет элдик
коноктор менен таанышасыңарбы? 8. Апам сени дүкөнгө
барып келсин деди!
9. Кел, мен сага математикадан жардам берейин! 10. Көчөгө
барасыңбы?

111
- Сен качан сынак тапшырасың?
- Бүгүн түштө.

3- көнүгүү. Жогоруда алкактардагы качан? деген суроого


жооп берген сөздөрдү колдонуп, жооп жазыңыз. * Напишите
ответы на вопросы, используя слова, отвечающие
Үлгү: - Айдай качан келет?
- Эртең кечинде келет.
1. Артык качан гезит окуйт? 2. Сен качан китеп окуйсуң? 3.
Сен качан кино көрөсүң? 4. Сынак качан болот? 5. Сиздер
качан эс аласыздар? 6. Футбол качан башталат? 7. Үй
тапшырмасын качан даярдайсың? 8. Аба-ырайы качан жылуу
болот? 9. Айсулуу жетекчиге качан барат? 10. Сынактын
жыйынтыгы качан белгилүү болот? 11. Музайдыңга (каток)
качан барабыз? 12. Жыйналыш дүйшөмбү күнү кайсы убакта
болот?

4 - көнүгүү. Суроолорго жооп бериңиз. (“Менин иш күнүм”


темасында сүйлөшүү түзүңүз). Ответьте на вопросы
(Составьте диалог по теме “Мой рабочий день”).

1. Сиз күндө эртең менен саат канчада турасыз? 2. Эртең


мененки тамакка чейин эмне кыласыз? 3. Эртең менен саат
канчада тамактанасыз? 4. Үйдөн саат канчада чыгасыз? 5.
Университетке чейин эмне менен барасыз? 6. Университетке
саат канчада келесиз? 7. Саат канчада сабак башталат? 8.
Сабактар саат канчада бүтөт? 9. Сабактан кийин эмне
кыласыз? 10. Сабактан кийин кайда барасыз? 11. Кайсы жерде

112
сабак даярдайсыз? 12. Канча саат сабак окуйсуз? 13. Кечки
тамакты саат канчада ичесиз? 14. Кечки тамактан кийин эмне
кыласыз? 15. Саат канчада уктайсыз?

АРСАР КЕЛЕР ЧАК


(Будущее неопределенное время)
(-ар)

• Болжол менен келечек убакытта болуучу кыймыл-


аракетти билдирет. Выражает действие,
предположительно совершаемое в будущем.
• Кээде этиштеги үндүүлөр созулма болуп
колдонулат: окуур, гүлдөөр. Иногда гласные в
основе глагола употребляются как долгие.
• Арсар келер чактын суроолуу түрү жок. Не имеет
вопросительную форму.

(+) Жекелик сан (оң мааниси) (+) Көптүк сан (оң


мааниси)
1.Мен оку+АР+МЫН = 1. Биз оку+АР+БЫЗ =
окуурмун, окуурбуз, иштээрбиз,
иште+ар+мын=иштээрмин,жа жашаарбыз
ша+ар+мын=жашаармын 2. Силер
2. Сен оку+ар+ СЫҢ = оку+АР+СЫҢАР =
окуурсуң, иштээрсиң, окуурсуңар,
жашаарсың иштээрсиңер,
2. Сиз оку+й+СЫЗ = окуурсуз, жашаарсыңар
113
иштээрсиз, жашаарсыз 2. Сиздер
3. Ал оку+АР = окуур, иштээр, оку+АР+СЫЗДАР =
жашаар окуурсуздар,
иштээрсиздер
3. Алар оку+ЫШ+ АР =
окушаар, иште-шээр,
жашашаар

(-) Жекелик сан (терс мааниси) (-) Көптүк сан (терс


мааниси)
1.Мен оку+БАС+МЫН = 1. Биз оку+БАС+БЫЗ =
окубасмын, окубаспыз, иштебеспиз,
иште+бас+мын=иштебесмин,ж жашабаспыз
аша+бас+ мын=жашабасмын 2. Силер
2. Сен оку+БАС+ СЫҢ = оку+БАС+СЫҢАР =
окубассың, иштебессиң, окубассыңар,
жашабассың иштебессиңер,
2. Сиз оку+БАС+СЫЗ = жашабассыңар
окубассыз, иштебессиз, 2. Сиздер
жашабассыз оку+БАС+СЫЗДАР =
3. Ал оку+БАС = окубас, окубассыздар,
иштебес, жашабас иштебессиздер
3. Алар оку+ЫШ+ БАС
= окушпас, иштешпес,
жашашпас

1- көнүгүү. Берилген сөздөрдү арсар келер чакта колдонуңуз.


Употребите данные слова в будущем неопределенном
времени.

114
Үлгү: даярдан, кел... даярданармын, даярданарсың, даярданар;
даярданбасмын, даярданбассың...; келээр...
Жаса, жөнө, аткар, кайталаба, даярда, байка, жардам бербе,
билбей кал, бүтүр, узат, которбо, уктап жат, сыйла, кайрылба,
жооп бер, көчүрбө, кий.

Мен эртең эс алармын (эс Биз эртең эс аларбыз


албасмын) (эс албаспыз)
Сен эртең эс аларсың (эс албассың) Силер эртең эс
Сиз эртең эс аларсыз (эс албассыз) аларсыңар (эс
Ал эртең эс алар (эс албас) албассыңар)
Сиздер эртең эс
аларсыздар (эс
албассыздар)
Алар эртең эс алышар
(эс алышпас)

2 - көнүгүү. Сүйлөмдөрдү арсар келер чакта улап жазыңыз.


Дополните предложения в будущем неопределенном времени.
Үлгү: Бир аз күтө туруңуз, студенттер (келип кал),...
Бир аз күтө туруңуз, студенттер келип калышаар.
1. Апал үйгө келем деди, эми мен сабакка (даярдан). 2.
Жамгыр жаап жатат, отура туралы (басылып кал). 3. Сынакка
жакшы даярдандың, жакшы баа (ал). 4. Кечикпей келдик, апам
эми (уруш). 5. Көп акча иштеп тапсам, машине сатып алам,
(жөө жүрбө). 6. Биз чоңойгондо, атактуу адамдардан (бол). 7.
Назима эки жума ооруптур, сынакка чейин (айыгып кал). 8.
Бул долбоорду ушул жума тапшырыш керек, (бүтүр). 9.
Пияздын кабыгы жука экен, кыш суук (бол). 10. Автобус бир
сааттан кийин жөнөйт (жетиш).

115
Кыргыз тилинде болжол менен келечекте болуучу
кыймыл-аракетти дагы төмөнкү жолдор менен
билдирүүгө болот. В кыргызском языке значения
действий, которые возможно произойдут в будущем,
можно также передать следующими способами:

1. «го» бѳлүкчѳсү (частица «го»):

Мен алам(ын) го -Я, наверное/возможно, возьму


Сен аласың го
Сиз аласыз го
Ал алат го

Биз алабыз го
Силер аласыңар го
Сиздер аласыздар го
Алар алышат го
Терс мааниси (-): Мен албайм го, сен албайсың го...
• Сүйлөп жаткан адам кээде өзгөрүлбөс дейм сөзүн кошуп
сүйлөшү мүмкүн: Ал бүгүн сынакта жакшы баа алат го
дейм (албайт го дейм). Говорящее лицо иногда может
употребить в своей речи неизменяемое слово дейм,
которое выражает его мнение: Возможно, он сегодня на
экзамене получит (не получит) хорошую оценку.

2. Жекелик сан, 3- жактагы этиш + чыгар / окшо+й+...


:
• Оң мааниси (+):
116
Мен барат чыгармын (окшойм(ун))
Сен барат чыгарсың (окшойсуң)
Сиз барат чыгарсыз (окшойсуз)
Ал барат чыгар (окшойт)

Биз барат чыгарбыз (окшойбуз)


Силер барат чыгарсыңар (окшойсуңар)
Сиздер барат чыгарсыздар (окшойсуздар)
Алар барышат чыгар (окшойт)
• Терс мааниси (-):
Мен бар-ба-й-т чыгармын (окшоймун), сен барбайт чыгарсың
(окшойсуң)...
• Чыгар- формасына караганда, окшо- формасы
ишенимдүүрөөк маанини билдирет. Форма окшо-
выражает более убедительное значение, чем чыгар-.

3. Жекелик сан, 3- жактагы этиш + болуш+… + керек


Мен барат болушум керек
Сен барат болушуң керек
Сиз барат болушуңуз керек
Ал барат болуш керек

Биз барат болушубуз керек


Силер барат болушуңар керек
Сиздер барат болушуңуздар керек
Алар барышат болуш керек

117
• Терс мааниси (-):
Мен бар-ба-й-т болушум керек, сен барбайт болушуң керек...

• Болжолдоо, күмөн, арсар маанини билдирүүдө:


мүмкүн, балким, менимче, менин оюмча (сүйлөп
жаткан адамдын ою) сыяктуу сөздөр колдонулат.
Мисалы: Менимче, ал үйүнө кечке жуук келет болуш
керек. Менин оюмча, бул жоопторубуз туура болот
болуш керек. Балким, биз бул үйдү сатып аларбыз.
• Для выражения значения сомнения, предположения
часто используются слова: мүмкүн, балким, менимче,
менин оюмча (может, может быть, видимо, по-моему,
и др.)

3 - көнүгүү. Текстти окуп, арсар келер чакта турган


этиштерди табыңыз, мазмуну боюнча суроо бериңиз, тексттин
мазмунун айтып бериңиз. *Прочитайте текст, найдите глаголы
в будущем неопределенном времени, задайте вопросы по
содержанию, перескажите текст.

Багбандын жообу

Өткөн замандарда бир багбан жашаптыр. Ал картайып,


мурунку жаш кезиндегидей иштей албай калыптыр. Анын
шакирттери (окуучулары) аябай көп болгон экен. Ал
окуучуларына дайыма: “Эр эмгегин жер жебейт”- деп айтаар
эле. Шакирттери да анын кеңешин көңүл коюп угушуп,
жакшы иштешээр эле. Бир күнү жазында багбан алманын
көчөтүн алып, бакка жөнөйт. Аны көргөн окуучусу:
- Чоң ата, сиз эмне кылганы жатасыз? – деп сурайт.

118
- Бакка баратам, көчөт отургузганы, - деп жооп берет
багбан.
- Сизге анын кандай пайдасы бар? Сиз бул көчөт чоң
алма дарагы болуп, мөмө бергенин көрө албай калат окшойсуз
го дейм.
- Туура айтасың, көрө албайт болушум керек, картайып
калдым. А бирок, көрбөсөм эмне экен? – дептир багбан. Мен
көрбөсөм, башкалар көрүшөөр. Бул кичинекей көчөт чоң алма
дарагы болор, көп алма берээр, аны адамдар жеп, мага ыраазы
болушаар, бутактарында куштар мага ыраазы болуп
сайрашаар.
Дагы бул дарактын көлөкөсүнө балдар келип
ойношоор, кийин алар чоңойгондо балалык кезин унутушпас,
бул алма дарагын эскеришип, аны отургузган кишиге рахмат
айтышаар. Көрдүңбү балам, мен жок болсом да мени
тааныбаган адамдар, ал турсун куштар да мен жөнүндө көп
жакшы нерсе айта алышат, – деп жооп бериптир багбан
окуучусуна.
Сөздүк:
Багбан – садовник
Көңүл коюп - внимательно
Көчөт - саженец
Ыраазы болуу - быть признательным
Сайроо - петь (о птицах)
Пайда - польза
Эскерүү - вспоминать

4 - көнүгүү. Тамашаларды сөздүктүн жардамы менен окуп


түшүнүп, арсар келер чакта турган этиштерди табыңыз,
мазмунун айтып бериңиз. *Прочитайте шутки с помощью

119
словаря, найдите глаголы в будущем неопределенном
времени, перескажите содержание.
1.Апенди үйүнө келсе, аялы ойлуу отуруптур.
- Кемпир, сага эмне болду? Эмнени ойлонуп отурасың?
- Ээ-э, мен ойлонбой ким ойлонсун.
- Эмне болду?
- Сен жөнүндө ойлонуп жатам.
- Мени эмнеге ойлоносуң? Кудайга шүгүр, эч жерим
оорубайт, сопсоомун.
- Жок, мен аны ойлогон жокмун. Мен өзүмө дагы бир
жаңы пальто сатып алдым. Ушуну угуп ооруп калат
болуш керек деп сенден коркуп жатам.

2. Ачуулуу аял дүкөндүн ээсине:


- Мени тейлей турган башка кичи пейил, сылык
сатуучуңар жокпу? - десе, дүкөндүн ээси:
- Албетте, бар, бирок кичи пейилдердин баары сизди
көрүп качып кетишкен окшойт,- дептир.

3. – Аба-ырайы жакшы болгондо биздин үстүбүздө эмне бар?


- Күн, асман, булуттар болушу мүмкүн…
- Ал эми аба-ырайы жаман болгондочу?
- Билбейм, эмне бар болорун, кол чатыр го…

4. – Адилет менен ойнобо, - ал жаман, тарбиясыз тентек


бала,- деди апасы баласына. – Сени бузуп жатат окшойт.
- Анда Адилет мени менен ойносун, анткени мен
жакшы баламын.

120
5. – Эч нерсе окуган эмессиз го. Эч болбоду дегенде, Жүз
жылдык согуш жөнүндө окуган чыгарсыз, айтып бериңизчи, -
деди профессор студентке.
- Жүз жылдык согуш жүз жылдан ашык убакка
созулган: 1337-жылы, 1338-жылы, 1340-жылы, 1341-
жылы…
- Токтой туруңуз, токтой туруңуз. Бул, албетте, туура
го. Бирок андан арычы?
- Андан ары… 1342- жылы, 1343- жылы, 1344- жылы…

7. Профессор студентке суроо берди, бирок ал унчуккан жок.


- Материалды билет чыгарсыз? Эмне, суроо татаал
бекен? Сиз үчүн татаал болуп жатат окшойт? - деп сурады
профессор.
- Жок, мен үчүн жообу татаалыраак го- дептир студент.

8. Асан досу Бектурга телефон чалат:


- Алло, Бектур, кандайсың? Бүгүн менин аялым сенин аялыңа
конокко барганы жатат!
- Ой, жакшы-жакшы. Аяш келсе эмне экен, сени түшүнбөй
турам.
- Сага көңүл айтып коёюн дегем.
- Сен жинди болгонсуң го, жөн айтчы деги, ал эмне дегениң?!
- Менин аялым мени коркутуп жатып, баалуу териден тон
алган. Ошону аяшка көрсөткөнү баратат!

Кырдаалдык кѳнүгүүлѳр (ѳткѳн чак, арсар келер чак).


Диалог түзүңүздѳр. * Ситуативные упражнения
(прошедшее время, будущее вероятное). Составьте
диалоги.

121
(Ар бир катышуучу 4-5 сүйлѳм айтышы керек).

1-кырдаал (ситуация). Эки кыз сүйлѳшүп жатышат.


Биринчи кыздын китебин бир кыз алып кетип бербей жүрѳт.
Биринчи кыз жолдош кызына таарынганын, ал китеп аябай
керек экенин айтып жатат. Экинчи кыз анын кѳңүлүн
кѳтѳрүүгѳ аракет кылып жатат.
***

2-кырдаал. Түн. Баласы дискотекага кетип кечигип жатат.


Апасы тынчсызданууда.(беспокоится). Кызы (студентка)
апасы менен сүйлѳшүп жатат. Инисин коргоп, ал жѳнүндѳ
апасына жакшы нерселерди айтууда.
***

3-кырдаал. Эки кыз дүкѳндѳ. Кыздардын бири акчасын


таппай, кайгырып жатат. Экинчиси аны жубатууда
(успокаивает).
***

4- кырдаал. Эки жигиттин сүйлѳшүүсү. Студенттер. 1-си


китепканадан укмуштай сулуу кыз кѳрүп, тааныша албай
калганын досуна айтып берип жатат. 2-си анын кѳңүлүн
кѳтѳрүп, кеңеш берүүгѳ аракет кылып жатат.
***

5-кырдаал. Эки кыз (жигит) телефондон сүйлѳшүп жатышат.


1-си досун кокусунан (случайно) таарынтып алганын, эми
кантип кечирим сурарын билбей жатканын айтып жатат. 2-
кыз (жигит) аны жубатууда.

122
***
6-кырдаал. 2 окуучу (студент). Алардын бири сынакта жаман
баа алып калганын айтып берип жатат. Экинчиси аны
жубатууда.

ӨЗДҮК МАМИЛЕ
(субъект + объект)
(По значению соответствует глаголам с –СЯ русского
языка)
• Кыймыл-аракеттин субъектке багытталганын
кѳрсѳтѳт. Выражает значение действия, которое
направлено на самого субъекта. Мен жуу+
ЫН+уп жатам = жуунуп жатам. Я умываюсь.

1- көнүгүү. Сүйлөмдөрдү өздүк мамиледе колдонуп


толуктаңыз. Дополните предложения, используя
возвратные глаголы.

Үлгү: Ал карындашына ... . Улукбек аябай жай ... .


Ал карындашына кийим кийгизди... . Улукбек аябай
жай кийинет.
1. Биз таңында муздак суу менен ... . Апам идиш ... .
2. Сиз эмнеге ... калдыңыз? Ата-эне биринчи кезекте
балдарын ... .
3. Эжем кечеге барууга даярданып, ... . Дизайнер колукту
кийүүчү көйнөктү ... .
4. Ал узун чачтарын араң ... . Айнура да ... бүттү, азыр үйдөн
чыгабыз.

123
5. Ал бетин, колун сүлгү менен ... . Ал ... .
6. Жүзүңдү күнгө ..., тактар пайда болот! Түштөн кийин күнгө
..., азыр аябай ысык.
Колдонулуучу сөздөр: жаса, жуу, аарчы, какта, тара, ойло.

2- көнүгүү. Берилген суроолорго өздүк мамилени колдонуп,


жооп бериңиз.
Үлгү: - Сен эмне кылып жатасың? (жасан)
- Кечеге жасанып жатам.
1. Сен кечинде эмне кыласың? (даярдан) 2. Кийимиң суу
болуптур го? (которун) 3. Темирге эмне болуп калган?
(сүйлөн) 4. Өңүң жаман го, доктурга барбайсыңбы? (көрүн) 5.
Сен эмне, аллергия болдуңбу? (тырман) 6. Жаңы көйнөгүңдү
көрсөтпөйсүңбү? (чечин) 7. Бетиң кир болуп калыптыр го?
(каран) 8. Үшүп кеттиңизби? (жамын) 9. Чоң сумкаңызды
алып аласызбы? (асын) 10. Тердеп кетиптирсиң? (аарчын) 11.
Эмне көңүлүң жок? (ачуулан)

ТУЮК МАМИЛЕ
(Пассив)

• -Кыймыл-аракеттин ким тарабынан жасалганын


чагылдырбастан, анын жыйынтыгын билдирет.
Мисалы: Гүл тигИЛди. (Ким аткарганы белгисиз).
Асан кечээ короосуна гүл тикти. (Субъект белгилүү).
• -Выражает результат какого-либо действия, при этом
субъект действия остается неизвестным. Например:
Гүл тигИЛди. – Цветы посажены. (Кем выполнено
действие - неизвестно). Асан короого гүл тикти. – Асан
во дворе посадил цветы. (Субъект известен).

124
Дүкөнчү дүкөндү ачты. Дүкөн ач-ЫЛ-ды. (ачылып жатат,
ачылган, ачылыптыр, ачылчу, ачылат, ачылаар, ж.б.).
Айдай үй тазалады. Үй тазала-ЫН-ды = тазаланды.
Мугалим кулактандыруу илди. Кулактандыруу ил-ИН-ди.
Студент реферат жазды. Реферат студент тарабынан жаз-
ЫЛ-ды.
Кабар ИНТЕРНЕТ аркылуу берилди.

Туюк мамиледеги этиш жекелик сандын 3- жагында


бардык чактарда колдонулат. Глагол в пассиве
употребляется в форме 3-лица во всех временных
значениях:
• Учур чак (настоящее время): Кат жазылып жатат.
• Өткөн чак (прошедшее время): Кат жазылды
(жазылган жок), жазылган (жазылган эмес),
жазылгандыр (жазылган эместир), жазылыптыр
(жазылбаптыр), жазылчу (жазылчу эмес).
• Келер чак (будущее время): Кат жазылат (жазылбайт),
жазылаар (жазылбас).

1- көнүгүү. Берилген сүйлөмдөрдү туюк мамиледе


колдонуңуз. Данные предложения используйте в пассиве.
Үлгү: Алым компьютер сатып алды. Компьютер сатып
алынды.
1. Окуучулар текшерүү иш жазышты.
2. Шаарда куруучулар жаңы имарат курушту.
3. Байкем апамдын портретин тартты.
4. Силер Англияга кат жөнөттүңөр.
5. Окуучулар эсеп чыгарышты.

125
6. Асан атты короого байлады.

2- көнүгүү. Берилген сөздөрдү туюк мамиледе колдонуп,


суроолуу жана жай сүйлөм түзүңүз. Используя данные слова,
составьте вопросительные и повествовательные предложения.
Үлгү: Унут,...
Анын аты да, дареги да унутулуптур. Анын таарынычы
унутулуптурбу? (унутулбаптырбы)
Ойно, бышыр, кайтала, өчүр, кес, айт, өлтүр, тарат, бил, бас,
ич, чап, булга, көр, ук, котор, аарчы, карма, көтөр, көчүр.

3- көнүгүү. Сүйлөмдөрдү маанисине ылайык тарабынан,


аркылуу сөздөрүн колдонуп, туюк мамиле маанисинде
толуктаңыз. Дополните предложения в пассиве. Используйте
слова тарабынан, аркылуу (посредством, через (Кем? Чем?))
Үлгү: Бул китепти менин досум которгон.
Бул китеп менин досум тарабынан которулган.
1. Бул жаңылыкты шаардык гезит таратты. 2. Кыргызстан
менен Түркия соода уюмун ачышты. 3. Жарышта биринчи
келген спортчу мамлекеттин желегин көтөрдү. 4. Долбоордун
катышуучулары бөлмөнү кечеге даярдашты. 5. Расмий катка
жоопту элчиликтен алышты. 6. Бул райондогу газды чет элдик
компания ачкан. 7. Станцияны жапон адистери курушкан. 8.
Ван Гогдун сүрөтүн белгисиз бир адам тооруктан сатууга
бериптир. 9. Азыр көп маалыматтарды космостон беришет.

4- көнүгүү. Суроолорго жооп бериңиз. Ответьте на вопросы.


Үлгү: - Кинотеатрда кайсы фильм көрсөтүлүптүр?
- Кинотеатрда “Белгисиз маршрут” фильми
көрсөтүлүптүр.

126
1. Бул документтерге ким тарабынан кол коюлду? 2. Бул саат
кайсы заводдон чыгарылыптыр? 3. Мектебиңер качан
курулган? 4. Ашкана канчада ачылат экен? 5. “Фаберженин
жумурткасы” кайсы музейден табылыптыр? 6. Электр жарыгы
качан, ким тарабынан ачылды эле? 7. Жердин биринчи
картасы качан, ким тарабынан түзүлгөн? 8. Радиотолкундар
ким тарабынан ачылган? 9. Үйүң акыркы жолу качан
жыйналды эле? 10. Ал биз менен чакырылбаптырбы? 11. Бул
расмий кат качан жазылыптыр? Ким тарабынан?

КОШ МАМИЛЕ
(Совместный залог)
-ЫШ-
• Субъекттердин биргелешип иштешкен кыймыл-
аракетин билдирет. Выражает значение
совместности выполняемого субъектами действия.
Аффикс - ыш-.
Саадат үйдү жыйна- ЫШ-ты = жыйнашты.
(Кимге?) Саадат апасына үйдү
жыйнашты.Таанышып алыңыздар! (бири-бири
менен)
• Кош мамиледеги этиштер бардык чактарда, оң жана
терс мааниде колдонулат (глаголы в совместном залоге
употребляются во всех временных формах в
положительном и отрицательном значениях ): Мен үй
жыйнашып жатам, жыйнашкан жокмун (учур чак).
Мен үй жыйнаштым, жыйнашкам, жыйнашчумун,
жыйнашкандырмын, жыйнашыптырмын, ж.б.
• Көптүк сандын 3-жагындагы –ыш- мүчөсүнөн мааниси

127
боюнча айырмаланат (отличается по значению от
аффикса 3-лица мн.числа): Алар тест жаз-ыш-ты (они
писали тест). Мага тест жаз-ыш-ып койчу?(Помоги
мне написать тест?-совместный залог)

1- көнүгүү. Берилген сөздөрдү кош мамиледе колдонуп,


сүйлөм түзүңүз. Составьте предложения, используя данные
слова в совместном залоге.
Үлгү: жаса,...
Мен апама тамак жасаштым.
Көтөр, жуу, кур, байла, котор, көчүр, жеткир, тер.

2- көнүгүү. Берилген сөздөрдү кош мамиледе колдонуп,


сүйлөшүү түзүңүз. Составьте диалоги, используя данные
слова в совместном залоге.
Үлгү: Жаз,...
- Сен мага дилбаян жазышып коёсуңбу? Билбей койдум,
кантип жазышты.
- Макул, «базар жок», саат беште китепканага кел!

Танда, ил, ал, иретте, тазала, карма, кооздо, жап.


АРКЫЛУУ МАМИЛЕ
(Понудительный залог)
• Кыймыл-аракетти бирөөлөргѳ иштеткенин
билдирет. Выражает значение действия, которое
выполнено кем-то (независимо от его желания).
Мисалы: Баланы иштет (заставь ребенка
работать).

128
1. – дыр: жаздыр, кестир.
2. – кар // - кыр: жеткир, өткөр.
3. – ар // -ер:чыгар, кайтар.
4. – ыр // -ир: кетир, бүтүр.
5. – ыз // -из: угуз, агыз.
6. – сөт: көрсөт.
7. – т // -ыт: окут, кийинт.
8. – каз // - кыз = – кар // - кыр: жаткыз=жаткыр,
жеткиз=жеткир…
• Аркылуу мамиледеги этиштер бардык чактарда, оң
жана терс мааниде колдонулат. *Глаголы в
понудительном залоге употребляются во всех
временных формах, в положительном и отрицательном
значениях: Мен ыр жаздырып жатам, жаздырган
жокмун (учур чак). Мен ыр жаздырдым, жаздыргам,
жаздырчумун, жаздыргандырмын, жаздырыптырмын.
Баланы уктаттым, уктатып жатам, уктатам... ж.б.

1 - көнүгүү. Берилген сөздөрдү аркылуу мамиледе буйрук


ыңгайдын оң жана терс маанисинде колдонуңуз. Используйте
приведенные слова в положительном и отрицательном
значениях понудительного залога.
Үлгү: жаса – жасатайын, жасат, жасатыңыз, жасаталы, ...
жасатпа, жасатпаңыз...
Укта, ойгон* (ойгот), өчүр, кыл, тамактан, жыйна, чык, күт,
чарча, ук, котор, оку, кайтала.

2 - көнүгүү. Аркылуу мамиледеги этиштерди колдонуп,


берилген сүйлөмдөргө макул, же макул эмес экениңизди
билдириңиз. Оң же терс түшүндүрмө бериңиз. * Выразите

129
согласие или несогласие с данными предложениями,
обоснуйте свой ответ. Используйте глаголы в понудительном
залоге.
Үлгү: Айшаны апасы үйдөн чыгарбай коюптур.
- Менимче, үйдөн чыгарбай коюу – бул туура жаза эмес,
түшүндүрүш керек.
- Ырас болуптур, туура эмес бир нерсе кылган да, эч жакка
жибербеш керек.
1. Балдарга компьютер ойнотпогон жакшы. 2.
Маалыматтарды Интернеттен издетебиз. 3. Бардык балдарды
мектепте окутуу зарыл. 4. Кечке күттүрбө, батыраак жооп бер.
5. Ата-энеси Кайратты эң модалуу кийиндиришет. 6. Ал мага
дайыма үй тапшырманы көчүртөт, чыныгы дос! 7. Атам
дайыма мага бүт жумуштарды жасатат.
3 - көнүгүү. Берилген сөздөрдү колдонуп, сүйлөм түзүңүз.
Составьте предложения с приведенными словами.

Келтир, ырдат, жаздыр, ойнот, куткар, качыр, угуз, бошот,


санат, жаткыз, бүтүр, байыт, чуркат.

ШАРТТУУ ЫҢГАЙ
(Условное наклонение)

Эгер(де)... - СА (-се, -со, -сө). Если... то...

1. Мен жаз-са-м... 1. Биз жаз-са-к...


2. Сен жаз-са-ң... 2. Силер жаз-са-ңар...

130
2. Сиз жаз-са-ңыз... 2. Сиздер жаз-са-ңыз-дар...
3. Ал жаз-са... 3. Алар жаз-ыш-са...

Эгер убактым болсо, концертке барам. Ал жакшы


даярданса, жакшы баа алат.
Каалоо күчтүү болсо, анын аткарылышы кечикпейт. Если
желание сильно, то выполнение не замедлит. (А.Грин)

1- көнүгүү. Керектүү мүчөлөрдү колдонуп, сүйлөмдөрдү


толуктаңыз. Дополните предложения при помощи нужных
аффиксов.
Үлгү: Сен кеч кел..., биз эч нерсеге жетишпейбиз го.
Сен кеч келсең, биз эч нерсеге жетишпейбиз го.
1. Эгер биз долбоорду тапшыр..., көлгө кетет элек. 2. Сабакка
убагында даярдан..., теманын бардыгын түшүнөсүңөр. 3.
Эртең эртерээк кел..., сизге өзүм түшүндүрүп берейин. 4.
Эгерде мен Танырысты туулган күнүмө чакыр..., Айдай
таарынып калбайбы? 5. Биз аларды көр..., сөзсүз учурашат
элек. 6. Көрүүчүлөр кел..., кече башталат. 7. Мен бай бол...,
кедейлерге жардам берет элем. 8. Эгер бүгүн эжем жумушун
эрте бүтүр..., даамдуу тамак жасап коёт. 9. Эгер эртең аба
ырайы жакшы бол..., тоого барабыз. 10. Жайыраак сүйлө...,
сиздин сөзүңүздү баары түшүнсүн. 11. Фильмди дискке
көчүр..., үйдөн көрөт элек.

2- көнүгүү. Сүйлөмдөрдү маанисине жараша толуктаңыз.


Дополните предложения по смыслу.
Үлгү: ..., атам сага ачууланбайт.
Сен кечирим сурасаң, атам сага ачууланбайт.

131
1. ..., гүлдөр солубайт. 2. ..., теманы жакшы түшүнөбүз. 3. ...,
сизге анын телефон номерин беришет. 4. ..., тиштейсиң
(макал). 5. ..., ошону аласың (макал). 6. ..., автобуска жетишип
каларбыз. 7. ..., тамак бат даяр болот. 8. ..., эч нерсени билбей
каласың да! 9. ..., сөзсүз ден соолугуңуз чың болот. 10. ...,
сыйлыкты биз алабыз. 11. ..., эл аны сыйлайт эле. 12. ...,
минтип уялбайт элеңер.
(Колдонулуучу сөздөр, сөз айкаштары: спорт менен машык,
иште, тентектик кылба, укпай отур, аракет кыл, батыраак
чык, эмнени эк, сууну убагында куй, элге жакшылык кыл, эже
жайыраак сүйлө, кафедрадан сура, жардам бер)

НИЕТ – МАКСАТ ЫҢГАЙ


(Наклонение цели и намерения)
(- МАК, - МАКЧЫ)

• Ниет – максат • Ал акчасы болсо,


ыңгай өткөн чакта, же окумак.
келер чакта болуучу Ал университетте
кыймыл- аракетти окумакчы.
билдирет:

1. Мен оку-мак-мын 1. Биз оку-мак-пыз


(окумак эмесмин) (окумак эмеспиз)
2. Сен оку-мак-сың 2. Силер оку-мак-сыңар
(окумак эмессиң) (окумак эмессиңер)
2. Сиз оку-мак-сыз 2. Сиздер оку-мак-сыздар
(окумак эмессиз) (окумак эмессиздер)
3. Ал оку-мак (окумак 3. Алар оку-ш-мак (окушмак

132
эмес) эмес)
Бүгүн сабагым жок бол-со, киного бар-мак-мын.
Бүгүн сабагым бол-бо-гон-до, киного бар-мак-мын.

1- көнүгүү. Сүйлөмдөрдү -са- ,–мак-, -баганда мүчөлөрүн


колдонуп, толуктап жазыңыз. Допишите предложения,
используя аффиксы: -са- ,–мак-, -баганда.
Үлгү: Айдар болбосо,... .
Айдар болбосо (болбогондо), мен сынактан жакшы баа
алмак эмесмин.
1. Жамгыр жаабаганда, ... . 2. Эгер бош убактым болсо, ... . 3.
Көп тил билсем, ... 4. Мен окууга өтпөгөндө,... . 5. Апам
ойготпогондо, ... . 6. Аны менен жолукпасам, ... . 7. Сынакка
жакшылап даярдансаң, ... . 8. Досум менен урушпаганда, ... . 9.
Акчаңызды жоготпосоңуз, ... . 10. Бул долбоорго катышсак, ...
. 11. Антон Максатты чакырбаса, ... . 12. Ал доктурга
барбаганда, ... . 13. Эжем Москвадан келсе, ... . 14. Мага
телефон чалганды унутпасаң, ... . 15. Кол чатырымды үйдө
унутпаганда, ... .

2- көнүгүү. – мак- мүчөсүн сүйлѳмдѳрдѳ колдонуп, аңгеме


түзүңүз. Кыялданыңыз. Составьте рассказ, используя в
предложениях аффикс – мак-. Помечтайте.
Үлгү: Эгер мен ырдаганды билсем,... .
Эгер мен ырдаганды билсем, Болот Миңжылкиевдей
ырчы болмокмун. Башка мамлекеттерге барып ырдамакмын.
Мекенимдин атын чыгармакмын...
1. Эгер мен дүйнөдөгү эң бай адам болсом, ... .
2. Эгер мен сыйкырчы болсом, ... .
3. Эгер мен президент болсом, ... .

133
3 - көнүгүү. – мак-, -са- мүчөлөрүн колдонуп, сүйлөмдөргө
оң жана терс маанидеги баа бериңиз. Выразите свое
положительное и отрицательное мнение по содержанию
предложений, используйте аффиксы – мак-, -са-.
Үлгү: Ажар анын тамашасына таарынып калыптыр.
1. Мен болсом, эч качан тамашага таарынмак
эмесмин.
2. Обу жок (ыксыз), орой тамаша болсо, мен да
таарынмакмын.
1. Кечээ аба ырайы суук болгон, досум ооруп калыптыр. 2. Ал
сынактан жаман баа алды. 3. Сардар кечээ да атасына калп
айтыптыр. 4. Айгүл Англияга окууга кетти. 5. Чолпон
лотереядан машина утуп алды. 6. Нурбек азыр окуп да, иштеп
да жатат. 7. Атасы Максатка туулган күнүндө «Мерседес»
маркасындагы машина сатып бериптир. 8. Майрамда класс
жетекчибизге гүл, китеп белек кылдык. 9. Достор менен
жекшембиде тоого барабыз.

4 - көнүгүү. Сүйлөмдөрдү мааниси боюнча толуктаңыз.


Дополните предложения по смыслу.
Үлгү: ..., түшүнбөй калмакмын.
Досум болбосо, бул теманы түшүнбөй калмакмын.
1. ..., апам уктамак эмес. 2. ..., мынчалык күлмөк эмеспиз. 3. ...,
элдештирмек. 4. ..., кайра келмексиңер. 5. ..., шаарга жетпей
калмаксыздар. 6. ..., айылга бармакчы. 7. ..., өзүм
котормокмун. 8. ..., жооп бермек. 9. ..., чет өлкөгө барып
келмексиңер. 10. ..., жазып жетишмекмин. 11. ..., жардам
бермекмин.

134
МОДАЛДЫК МААНИЛЕР

• гы(м) келет
• а (е, ай) ал-
• ууга туура келди
• ышы (уусу) керек (зарыл)
• га муктаж+жак мүчѳлѳр

- гы(м) келет (хотеть, хочется)

Асандын ырчы бол-гу-су келет. Менин суу ич-ки-м келип


жатат.(Бардык чактарда колдонулат: келген, келиптир,
келер, ж.б. Употребляется во всех временных значениях).

(+) Жекелик сан (+) Көптүк сан


1. Менин тамак же + ГИМ 1. Биздин тамак же + ГИБИЗ
келип жатат келип жатат
2. Сенин тамак же + ГИҢ 2. Силердин тамак же +
келип жатат ГИҢЕР келип жатат
2. Сиздин тамак же + 2. Сиздердин тамак же +
ГИҢИЗ келип жатат ГИҢИЗДЕР келип жатат
3. Анын тамак же + ГИСИ 3. Алардын тамак же +
келип жатат ГИЛЕРИ келип жатат

(-) Жекелик сан (-) Көптүк сан


1. Менин тамак же + ГИМ 1. Биздин тамак же + ГИБИЗ
келген жок келген жок

135
2. Сенин тамак же + ГИҢ 2. Силердин тамак же +
келген жок ГИҢЕР келген жок
2. Сиздин тамак же + 2. Сиздердин тамак же +
ГИҢИЗ келген жок ГИҢИЗДЕР келген жок
3. Анын тамак же + ГИСИ 3. Алардын тамак же +
келген жок ГИЛЕРИ келген жок

• Суроолуу түрүндѳ жардамчы этиш гана ѳзгѳрѳт. В


вопросительной форме изменяется только
вспомогательный глагол. Мисалы: Сенин тамак
жегиң келип жатабы? ( жатат го/чыгар/ болуш
керек) ?

1- көнүгүү. Сүйлөмдөрдү –гы(м) мүчөсүн колдонуп, оң жана


терс мааниде толуктап жазыңыз. Дополните предложения в
положительном и отрицательном значении, употребляя
аффикс –гы(м).
Үлгү: Айдар экѳѳбүздүн (кино, бар)... . Айдар экѳѳбүздүн
киного баргыбыз келип жатат (баргыбыз келбей жатат).
1. Баланын (ыйла, кел)... . 2. Айнага эмне болгон, (жат, кел)...
. 3. Аны университеттен кууйт го, (оку, кел). 4. Апамдын
байкем менен (сүйлѳш, кел). 5. Менин курбумдун дилбаян
(жаз, кел). 6. Акча иштеп таап, жакшы компьютер (сатып,
ал). 7. Аябай кызыксыз китеп экен (оку, кел). 8. Кел,
картошка аарчыйлы (атам, же, кел). 9. Эжемдин (үй, жыйна).
10. Дүкѳнгѳ барышым керек, (белек, сат).

2- көнүгүү. Сүйлѳшүүлѳрдү улантыңыз. Продолжите


диалоги.

136
1.
- ...?
- Күлгүм келбесе деле, күлѳ берейинби?

2.
- Сенин апамдан бир нерсе сурагың келип жатат окшойт?
- ...!

3.
- Баргың келбесе, дароо айтпайсыңбы?
- ... !

4. - ... ?
- Иштегибиз келбесе, эмне кылалы!

5. - ... ?
- Айткың келбесе, айтпай эле кой!

6. – Бул китепти окугуң келбесе, ушунча эмне кармадың?


- ... .

3- көнүгүү. Берилген этиштерди –гы(м) мүчѳсүн колдонуп


жактаңыз. Үчѳѳ менен сүйлѳм түзүңүз. Проспрягайте
глаголы, употребляя аффикс –гы(м). С тремя из них составьте
предложения.

Башта, бийле, ырда, чакыр, сүрѳт тарт, текст котор, жолугуш,


жыйна.

- а (е, ай) ал + жак мүчѳлѳр; (уметь, мочь)


137
• Адамдын бир нерсе жасоого шыгы, билими,
мүмкүнчүлүгү болгондугун билдирет.
Выражает значения наличия умения, навыков и
возможности для совершения какого-либо действия.
• Уңгу үндүү тыбыш менен аяктаса –Й кошулат, ал
эми үнсүз менен аяктаса, үндѳшүү мыйзамына
ылайык, уңгудагы үндүүгѳ окшош тыбыш келет.
Мисалы: ойно-й алам, кет-е алам. После гласной
основы прибавляется –Й, а после согласной основы
употребляется такой же гласный, как в
предыдущем слоге основы.

Оң мааниси (+)

Мен бийле-й ала-мын, Биз бийле-й алабыз, ыр


ыр жаз-а аламын жаза алабыз
Сен бийле-й аласың, жаз- Силер бийле-й
а аласың аласыңар, жаза аласыңар
Сиз бийле-й аласыз, жаз- Сиздер бийле-й аласыздар,
а аласыз жаза аласыздар
Ал бийле-й алат, жаз-а Алар бийлей алышат, жаза
алат. алышат

Терс мааниси (-)


Мен бийле-й ал-ба-й- Биз бийле-й ал-ба-й-быз,
мын, ыр жаз-а ал-ба-й-мын ыр жаза албайбыз
Сен бийле-й ал-ба-й-сың, Силер бийле-й
жаз-а ал-ба-й-сың албайсыңар, жаза
138
Сиз бийле-й албайсыз, албайсыңар
жаз-а албайсыз Сиздер бийле-й албайсыздар,
Ал бийле-й албайт, жаз-а жаза албайсыздар
албайт. Алар бийлей алышпайт,
жаза алышпайт

• Суроолуу формасында бѳлүкчѳ –бы колдонулат. В


вопросительной форме употребляется
вопросительная частица –бы. Мисалы: Сиз бийлей
аласызбы (бийлей албайсызбы)?

1 - көнүгүү. Сүйлѳмдѳрдү -а (е, ай) ал- мүчѳлѳрүн колдонуп


толуктаңыз. Дополните предложения, используя аффиксы: -а
(е, ай) ал-.
1. Акмат абдан боорукер бала. Ал бирѳѳгѳ дайыма жардам
бер... . 2. Бүгүн мугалим сабакка кел... . 3. Менин досум эртең
шаарга кет... . 4. Биз бул долбоорду аткар... . 5. Байкем
буламык жаса... . 6. Сиз бүгүн тѳрагага жолук... . 7.
Чогулушту силерсиз башта... .

2 - көнүгүү. Берилген сүйлѳмдѳрдү кандайдыр бир кыймыл-


аракетти аткарууга мүмкүнчүлүк болгондугун билдирип
оңдоңуз. Исправьте предложения, выразите значение
возможности для совершения какого-либо действия.
Үлгү: Ажар кечинде кино кѳрдү. = Ажар кечинде кино кѳрѳ
алды.
1. Бүгүн досум менен концертке барам. 2. Байкем
кичинесинде спорт секциясында машыкчу. 3. Мен мурда
музыкалык мектепте окугам. 4. Биз бүгүн машина айдаганды
үйрѳнѳбүз. 5. Кечинде агам экѳѳбүз апама үй жыйнаганга
139
жардам беребиз. 6. Эжем ѳзүнѳ кооз кѳйнѳк тигип алыптыр. 7.
Кечинде аэропорттон конокторду тосуп, кечикпей келдик. 8.
Биздин топтун жасаган макети калыстарга жакты. 9.
Мугалимдин суроолоруна баарыбыз туура жооп бердик. 10.
Футболдон досторубуз беш гол киргизишип, жеңүүчү
болушту.
-ууга (-ышка) туура келди

Кандайдыр бир кыймыл- аракетти жасоого аргасыз болуу


маанисин билдирет. Кѳбүнчѳ татаал сүйлѳмдѳ, бардык
чак маанилеринде колдонулат.
Выражает значение вынужденности выполнить какое-то
действие. В основном употребляется в сложных
предложениях, во всех временных значениях.

Автобус кечиккенинен, такси алууга (алышка) туура келди.


Из-за опоздания автобуса, пришлось взять такси.
Досум келбегенинен, айла жок (нет выхода), мага
(Кимге?)барышка (барууга) туура келди.

1 - көнүгүү. Сүйлѳмдѳрдү маанисине жараша толуктаңыз.


Чактарга кѳңүл буруңуз. Дополните предложения по смыслу.
Обратите внимание на временные значения.
Үлгү: ... (кимге?) үйдѳ калышка туура келди. = Иним ооруп
калгандыктан, мага үйдѳ калышка туура келди.
1. ... айтып түшүндүрүүгѳ туура келиптир. 2. ... жооп
жазышка туура келди. 3. ... кайрадан жазууга туура келди. 4.
... жылуу кийиндирүүгѳ туура келди. 5. ... токтотушка туура
келген. 6. ... мамилени үзүүгѳ туура келчү. 7. ... дары ичүүгѳ
туура келди. 8. ... айла жок, таанышууга туура келди. 9. ...
140
айылга кѳчүп кетүүгѳ туура келиптир. 10. ... эптеп тамак
бышырууга туура келди. 11. ... барышка туура келип жатат.
12. ... ѳзүбүзгѳ которушка туура келет го. 13. ... калп айтууга
туура келчү. 14. ... айрып салууга туура келиптир. 15. ... жомок
айтып берүүгѳ туура келчү.

2 - көнүгүү. Сүйлѳмдѳрдү толуктаңыз. Дополните


предложения.
1. Маселени чече албай, ... . 2. Акчам жетпегендиктен, ... . 3.
Ата-энемди аябай сагынгандыктан, ... . 4. Конкурска кечигип
калып, ... . 5. Эжем менен урушуп кеткендиктен, ... . 6. Мурда
досум аябай уялчаак болгондугунан, ... . 7. Аба-ырайы бат
ѳзгѳрүп кеткенинен, ... . 8. Биздин класста жаңы окуучулар
кѳп болгондуктан, ... . 9. Кичинемде аябай тентек
болгондугумдан, ... . 10. Тапшырманы убагында аткара албай
калып, ... . 11. Күтүлбѳгѳн кызык кабардан, ... . 12. Ден
соолукту чыңаш керек болуп, ... . 13. Жер титирѳѳдѳн жабыр
тартып, ... . 14. Окуй албай коюп, ... . 15. Дүкѳнгѳ барууну
унутуп коюп, ... . 16. Апасынын тилин албай, ... . 17. Иниме
катуу айтып алып, ... .

- ышы (уусу) керек (зарыл)


(надо, нужно, необходимо)

Кандайдыр бир кыймыл –аракетти аткаруунун


зарылдыгын билдирет. Жѳнѳкѳй жана татаал сүйлѳмдѳ
бардык чактарда – бол жардамчы этиштин мааниси
аркылуу колдонулат. Мисалы: Бул китепти окуп
чыгышым керек (зарыл);болду, болгон, болуучу, болуптур.
Выражает необходимость выполнения какого-то действия.
141
Употребляется в простом и сложном предложениях во всех
временных значениях при помощи вспомогательного
глагола -бол.

Мен бул ишти бүгүн Биз бул ишти бүгүн


аткарыш-ым керек (зарыл) аткарышы-быз керек
Сен бул ишти бүгүн (зарыл)
аткарыш-ың керек (зарыл) Силер бул ишти бүгүн
Сиз бул ишти бүгүн аткарышы-ңар керек
аткарыш-ың-ыз керек (зарыл)
(зарыл) Сиздер бул ишти бүгүн
Ал бул ишти бүгүн аткарышы-ңыз-дар керек
аткарыш-ы керек (зарыл) (зарыл)
Алар бул ишти бүгүн
аткарыш-ы керек (зарыл)

1 - көнүгүү. Сүйлѳмдѳрдү толуктаңыз. Дополните


предложения.
Үлгү: ... сатып алышыбыз керек. = Апамдын туулган күнүнѳ
белек сатып алышыбыз керек (зарыл).
1. ... ѳз убагында аткарыш зарыл болуучу. 2. ... жооп бериш
керек болуптур. 3. ... тамак жасашыңыз керек. 4. ... окуп
чыгышыбыз зарыл болду. 5. ... кол чатыр алышың керек. 6. ...
мейманканага жайланыштырышыбыз зарыл. 7. ... жумушка
эртерээк барышыңыз зарыл болуп жатат. 8. ... тазалап бүтүш
керек болгон. 9. ... эртең тапшырыш керек болот.

2 - көнүгүү. Берилген этиштер менен сүйлѳм түзүңүз.


Зарылчылык маанисин ар башка чактарда билдириңиз. *
142
Составьте предложения с данными глаголами. Выразите
значение необходимости при помощи различных временных
форм.

Жыйна, ѳлчѳ, кѳчүр, котор, жѳнѳт, берип жибер, отургуз,


даярда, толукта, кайтала, бышыр.

- га муктаж+жак мүчѳлѳр

Кандайдыр бир кыймыл-аракетти аткаруу үчүн


бирѳѳнүн жардамына, же бир нерсеге муктаж болуу
маанисин билдирет. Бардык чактарда жардамчы этиш -
бол менен колдонулат.
Выражает значение нужды в чем-то или в чьей-либо
помощи для того, чтобы выполнить какое-то действие.
Употребляется во всех временных формах при помощи
вспомогательного глагола -бол.

Мен мугалимдин Биз мугалимдин


жардамына муктаж-мын жардамына муктажбыз
(Я нуждаюсь в помощи Силер мугалимдин
учителя). жардамына муктажсыңар
Сен мугалимдин Сиздер мугалимдин
жардамына муктаж-сың жардамына муктажсыздар
Сиз мугалимдин жардамына Алар мугалимдин
муктаж-сыз жардамына муктаж
Ал мугалимдин жардамына
муктаж

143
• Терс түрү тангыч бѳлүкчѳ эмес менен жасалат: Мен
мугалимдин жардамына муктаж эмесмин.
Отрицательная форма образуется при помощи
отрицательной частицы эмес. Мен мугалимдин
жардамына муктаж эмесмин. Я не нуждаюсь в
помощи учителя.
• Суроолуу түрү –бы суроолуу бѳлүкчѳсү менен
жасалат: Мен мугалимдин жардамына
муктажмынбы? (муктаж эмесминби?)
Вопросительная форма образуется при помощи
вопросительной частицы – бы.

1 - көнүгүү. Сүйлѳмдѳрдү толуктаңыз. Дополните


предложения.
Үлгү: ... убакытка муктаж болчубуз. Ишти бүтүрѳ албай,
убакытка муктаж болчубуз.
1. ... сендей доско муктаж болгом. 2. ... акчага аябай муктаж
болгонбуз. 3. ... жакшы кеңеш берээр кишиге муктаж болуп
турам. 4. ... пейили таза адамдарга аябай муктаж болуп
баратабыз. 5. ... жол кѳрсѳтѳѳр кишиге муктаж болуптур.

2 - көнүгүү. Сүйлѳшүүлѳрдү мааниси боюнча толуктаңыз.


Дополните диалоги по смыслу.
1. - ... ?
- Маселени чече албай, жакшы адиске муктаж болгонбуз.

2. - ... ?
- Бѳтѳн шаарда адашып, тилмечке муктаж болдук.

144
3. - Долбоорубузду ѳткѳрѳ албай коюптур.
- ... ?
- Ооба.
4. - ...?
- Машинабыз сынып калып, устанын жардамына муктаж
болдук.

3-кѳнүгүү. Суроолорго жооп бериңиз. Ответьте на вопросы.


1. Сиз эртең менен саат канчада турасыз? Эрте турууну
жакшы кѳрѳсүзбү?
2. Сиз кандай тамак жасаганды билесиз?
3. Таттууну кѳп жей аласызбы?
4. Сиз бейтааныш кишилер менен ѳзүңүз биринчи тааныша
аласызбы?
5. Сиз кээде калп айтууга муктаж болосузбу?
6. Сизге бирѳѳ калп айтса, эмне кылышыңыз керек?
7. Дүйнѳнү кыдырып чыккыңыз келеби? Эмне үчүн?

Кыргыз тилиндеги жөндөмөлөр

1 - көнүгүү. Таблица боюнча кыргыз тилиндеги


жѳндѳмѳлѳрдүн маанисин аныктаңыз. Определите по таблице
значения падежей кыргызского языка.

Аталы Суроолору Жандооч Мисалдар


шы тор
мүчөсү
1. Ким? Жөнүндө, Бул ким? Окуучу.
Атооч Эмне? үчүн, Ырчы Мекен жөнүндө
жөндө Кимдер? менен, ырдап жатат. Балдар
145
мө Эмнелер? боюнча, үчүн китептер барбы?
Кимиси? аркылуу Досум менен сүйлөштүм.
Эмнеси? Апал мени менен (сени
менен, аны менен)
дүкөнгө барабы? Тарых
боюнча сынак эртең
болот. Биз ИНТЕРНЕТ
аркылуу кызык макала
таптык.
2. Илик Кимдин? Жанынд Мектептин жанында чоң
жөндөм Эмненин? а, бак бар.
ө Кимдердин маңдайы Сенин маңдайыңда
? нда отурган ким? Үйдүн
-НЫН Эмнелерди (каршыс тегерегинде балдар
(-нин, н? ында), ойноп жатышат. Топ
-нун, Кимисинин тегереги столдун алдында жатат.
-нүн; ? нде, Текченин үстүндө көп
-дын, Эмнесинин астында китептер бар. Биздин үй
-дин, ? (алдында ушул имараттын
-дун, ), артында. Каттын
-дүн; үстүндө, ичинде сүрөт бар экен.
-тын, артында, Китептин сыртында
-тин, ичинде, кыздын сүрөтү бар.
-тун, сыртынд Аялдаманын тушунда
-түн) а, чоң жарнама илинип
тушунда. турат.
3. Кимге? Караганд Агам мага караганда
Барыш Эмнеге? а, чейин узунураак. Бүгүн
жөндө Кайда? (дейре), сабактар саат төрткө
мө жакын, чейин (дейре) болот.

146
карай Менин үйүм
- ГА университетке жакын.
(-ге, -го, Саат бешке жакын апам
-гө, -ка, келди. Иним апама
-ке, -ко, окшош, мен атама
-кө); - окшошмун. Ал эжесине
на, кетти. Асел
-не, -нө; агасыныкына
(агасынын үйүнө) кетти.
Үйгө карай басты.
4. Кимди? Көздөй, Айнаны тааныйсыңбы?
Табыш Эмнени? карай Апамды тосуп чыктым.
жөндөм Кимдерди? Китепти ордуна коюп
ө Эмнелерди? койчу.
- НЫ (- - Алым эжесин узатып
ни, чыкты.
-ну,-нү;
-ды, -
ди,
-ду, -
дү;
-ты, -
ти,
-ту, -
тү);
-н;
5. Кимде? Асанда макаланын
Жатыш Эмнеде? котормосу бар экен.
жөндө Кимдикинд - Агамдыкында эки жума
мө е? болом.

147
Эмненикин Жайында тоого барып
- ДА (- де? эс алам. Бул көчөдө
де, Кайда? белгилүү акын жашайт.
-до, - Качан? Саат беште концерт
дө; Канчада? башталат. Менин атам
-та, -те, жетимиш-те. Мен
-то, - жыйырма-да-мын.
тө); Илястын агасында
-нда, - жакшы фотоаппарат
нде, бар.
-ндө;
6. Кимден? Бери, Мен саат алтыда
Чыгыш Эмнеден? баштап, айылдан чыктым.
жөндөм Кимдерден? (тартып), Айдын апасынан кат
ө Эмнелерден ашык(аш алыптыр.
-ДАН ? уун) Өткөн жумадан бери
(-ден, - Кайдан? ооруп жатат.
дон, - Бүгүнтөн баштап
дөн);- (тартып) англисче китеп
тан, окуй баштадым.
-тен, - Кырктан ашуун киши
тон, келди. Бул көчө тиги
-төн; - көчөдөн узунураак.
нан,
-нен, -
нөн

ИЛИК ЖӨНДӨМӨ

148
-НЫН(-нин, -нун, -нүн; -дын, -дин, -дун, -дүн; -тын, -тин, -
тун, -түн)
Кимдин? Эмненин?
Таандык маанини билдирет. Выражает значение
принадлежности.

- Бул кимдин китеби?


- Бул менин атам-дын китеби.
(атам+нын=атамдын)
- Бул эмненин сүрөтү?
- Бул биздин ит-тин
сүрөтү.(ит+нын=иттин)

Илик жөндөмөсүндөгү ат атоочтор:

Мен+нын=менин Биз+нын=биздин
Сен+нын=сенин Силер+нын=силердин
Сиз+нын=сиздин Сиздер+нын=сиздердин
Ал+нын=анын Алар+нын=алардын

1-көнүгүү. Сүйлөмдөргө суроо бериңиз. Задайте вопросы к


предложениям.
Үлгү: - ?
- Бул менин инимдин столу.
-Бул кимдин столу? - Бул менин инимдин столу.
1. -?
– Ал биздин мугалимдин журналы.
2. - ?
- Ал планетанын аты.

149
3. - ?
- Апамдын калеми го, билбейм.
4. - ?
- Сааттын кутусу.
5. – ?
- Жаш ырчынын концерти.

Менин жанымдагы кыз – Биздин жаныбыздагы...


Айша.
Сенин жаныңдагы ... Силердин жаныңардагы...
Сиздин жаныңыздагы... Сиздердин
Анын жанындагы жаныңыздардагы...
Алардын жанындагы...

Менин оң жагымдагы (сенин оң жагыңдагы, анын...).Оң


жакта (гы), сол жактагы, алды жактагы, арт жактагы.

2-көнүгүү. Суроолорго жооп бериңиз. Ответьте на вопросы.


Үлгү: -Тиги кимдин бөлмөсү? (Алтынай).
- Ал Алтынайдын бөлмөсү.
1. Тетиги кимдин үйү? (досумдун апасы) 2. Бул кимдин
буюму? (жаңы коңшу) 3. Сол жактагы кимдин кызы?
(мугалим) 4. Кимдин агасы Парижде окуйт? (Болот) 5.
Кимдин эжеси балерина? (Илим) 6. Үйдүн жанында кимдин
машинасы турат? (Акмат байке) 7. Бул кимдин кабинети?
(биздин декан) 8. Жаныңдагы кимдин китептери? (Игорь) 9.
Жаныбыздагы студенттин аты ким? (Анвар). 10. Бул кимдин
кол чатыры? (чоң апам)

150
3-көнүгүү. Илик жөндөмөсүнүн мүчөсүн улаңыз.
Присоедините аффикс илик жѳндѳмѳ со значением
принадлежности.
Үлгү: (жаңы фирма, мектеп, уюм)... директор....
Жаңы фирманын, мектептин, уюмдун директору.
1. (ыр, кызык роман, кыска аңгеме, китеп, музыка, күү)...
автор... . 2. (чет тилдер кафедрасы, ишкана, бөлүм, ашкана)...
башчы... . 3. (кичинекей бала, кемпир, узун жигит, сулуу
кыз)... сүрөт... . 4. (Кыргызстан, Америка, Германия,
Түркия)... тарых... . 5. (профессор, доцент, мугалим)... сабак... .
5. (Алмаз, Керим, Турат, Алия)... балмуздак... . 6. (бир жаш
жазуучу, жапон драматургу, белгилүү орус композитору,
белгилүү испан сүрөтчүсү)... чыгармалар... . 7. (Кавказ, Тянь-
Шань, Тибет...) аскалары.

-НЫН: (ҮЙДҮН, МЕКТЕПТИН...) жанында, маңдайында


(каршысында), тегерегинде, астында (алдында), үстүндө,
артында, ичинде, сыртында, тушунда. (Около, напротив,
вокруг, перед, под, над, за, в, внутри, снаружи, напротив).

4-көнүгүү. Жогоруда берилген сөздөрдү катыштырып сүйлөм


түзүңүз. Составьте предложения с приведенными выше
словами.
Үлгү: Эшик, ..., кулактандыруу, ил, тур.- Эшиктин сыртында
кулактандыруу илинип турат.
1. Дүкөн, ..., кооз, машина, токто. 2. Китеп, ..., мен, кат, кой. 3.
Мектеп, ..., окуучулар, кооз, гүл, сугар, жат. 4. Имарат, ...,
Кыргызстан, желек, бар. 5. Көпүрө, ..., сүрөт, тарт. 6. Асан,
үй,..., чатыр, чык.

151
5-көнүгүү. Илик жөндөмөсүндөгү сөздөрдү жана алкактагы
жандоочторду колдонуп, “Менин бөлмөм” деген темада
аңгеме түзүңүз. Составьте рассказ на тему: “Моя комната”.
Используйте слова в илик жѳндѳмѳ и слова из приведенной
выше таблицы.

6-көнүгүү. Илик жөндөмөсүнүн мүчөсүн улаңыз.


Присоедините аффикс илик жѳндѳмѳ.
Үлгү: Бул сүрөт... . мен, дос. - Бул сүрөт менин досумдун
сүрөтү = Бул сүрөт менин досумдуку.
1. Бул бөлмө... мен, улуу ага;
2. Бул машина... . биз, коңшу;
3. Бул компьютер... . силер, топ;
4. Бул магнитофон... . мен, бир тааныш;
5. Бул көйнөк... . биз, ырчы кыз;
6. Бул көз айнек... . биз, мугалим эже;
7. Бул бул калемсап... . мен, карындаш;
8. Бул телефон ... . сен, ата;
9. Бул журнал... . биз, жаңы доктур;
10. Бул чыны... . мен, апа;
11. Бул макала ... . жаңы студент;
12. Бул портрет... . белгилүү сүрөтчү.

7-көнүгүү. Суроолорго жооп бериңиз. Ответьте на вопросы.


Үлгү: - Сиз окуп жаткан кандай китеп? (жаш кыргыз
жазуучусу, китеп).
- Жаш кыргыз жазуучусунун китеби.
1. Силердин мугалимиңер ким? (тарых илимдери, кандидат).
2. Бул кайсы имарат? (Манас университети, жаңы кампус). 3.
Экскурсияга кайсы студенттер барышыптыр? (биринчи курс,

152
студенттер). 4. Кандай макала окуп жатасыз? (биздин адабият
профессору). 5. Бул кимдин рефераты? (экинчи курс, студент).

8-көнүгүү. Үлгүдөгүдөй мүчөлөрдү улаңыз. Присоедините


аффиксы по образцу.
Үлгү: - (ушул кыз..., бул студент..., тиги артист..., биздин
профессор...) фамилиясы эсиңиздеби? - Ушул кыздын, тиги
артисттин, биздин профессордун фамилиясы эсиңиздеби?
1. (бул журнал..., тиги гезит..., бул китеп..., бул фильм..., бул
көчө..., бул аянт...) аты эсиңиздеби?
2. Силер (биздин университет..., бул музей..., биздин
китепкана..., биздин жатакана...) жаңы имаратын көрдүңөрбү?
3. Мага (улуу орус композиторлору..., белгисиз сүрөтчү..., бир
жаш акын..., италия режиссеру Феллини...) чыгармалары
жагат.

9-көнүгүү. Илик жөндөмөсүнүн мүчөсүн улаңыз.


Присоедините аффикс илик жѳндѳмѳ.
Үлгү: Бишкек - Кыргызстан
Бишкек – Кыргызстандын борбору (ордо калаасы).
1. Москва – Россия. 2. Оттава – Канада. 3. Осло – Норвегия. 4.
Дели – Индия. 5. Токио –Япония. 6. Анкара – Түркия. 7.
Куала-Лумпур – Малайзия. 8. Бейрут – Ливан. 9. Лондон –
Англия. 10. Кабул – Афганистан. 11. Вена – Австрия. 12.
Ашхабад – Түркмөнстан. 13. Вашингтон – Америка. 14.
Тегеран – Иран. 15. Ташкент - Өзбекстан. 16. Таллинн –
Эстония. 17. Бонн – Германия. 18. Астана – Казахстан. 19.
Рим – Италия. 20. Пекин – Кытай. 21. Париж – Франция. 22.
Кишинёв – Молдавия. 23. Исламабад – Пакистан.24. Баку –
Азербайжан. 25. Ереван – Армения.

153
10-көнүгүү. Берилген сөздөрдү колдонуп суроо түзүп, жооп
бериңиз. Составьте вопросительные предложения с данными
словами. Ответьте на вопросы.
Үлгү: 1. (сен, үй) - Сенин үйүң кайсы жерде жайгашкан?
- Менин үйүм стадиондун жанында
жайгашкан.
2. (сен, үй) – Сенин үйүң мектептин каршысындабы?
- Жок, ал жерде эмес, дүкөндүн жанында.
1. Силер, жатакана. 2. Биз, университет. 3. Мен, шаар. 4.
Шаар, бак. 5. Алар, короо. 6. Биз, факультет. 7. Сиздер,
аудитория. 8. Буфет, кириш. 9. Желек, чатыр. 10. Байке,
машина. 11. Мектеп, филармония. 12. Бассейн, балдар
бакчасы.

11-көнүгүү. Сизге чет өлкөдөн конок келди. Аны шаардын


картасы менен тааныштырыңыз. К вам приехал гость из
заграницы. Познакомьте его с картой города.

12-көнүгүү. Агаңыз (эжеңиз) буюмдарын таппай жатат, анын


суроолоруна жооп бериңиз. Үлгүлөр боюнча диалог түзүңүз. *
Ваш брат (сестра) не может отыскать свои вещи, ответьте на
его/ее вопросы. Составьте диалоги по образцу.
Үлгү: - Менин китебим кайда? – Столдун үстүндө.
1. – Менин чөнтөк телефонумдун кабы кайда?
- ...
2. – Атамдын калеми кайда, көрдүңбү?
- ...

154
13-көнүгүү. Сүйлөмдөргө суроо бериңиз. Задайте вопросы к
данным предложениям.

1. Менин жанымда атамдын көз айнеги жатат. 2. Дубалда улуу


окумуштуунун сүрөтү илинип турат. 3. Биздин үйдүн
аркасында чоң дарыя бар. 4. Үйдүн артында байкемдин
машинасы токтоп турат. 5. Мектептин тегерегинде кооз
гүлдөр бар. 6. Бул имараттын үстүндө желек илинип турат. 7.
Менин калемим китептин ичинде жатат. 8. Столдун астында
топ жатат. 9. Тактанын жанында мугалимдин столу турат. 10.
Биздин шаардын жанында чоң кооз токой бар. 11. Атамдын
досунун кооз машинасы бар.

БАРЫШ ЖӨНДӨМӨ
-ГА (-ге, -го, -гө, -ка, -ке, -ко, -кө; -на, -не, -нө;)
Кимге? Эмнеге?
Кайда? Кайсы жакка?
Кыймыл-аракеттин, мамиленин кимге багытталганын
билдирет. Выражает значение направления действия,
отношения.
караганда, чейин (дейре), жакын, карай

- Сиз кимге кат жазып жатасыз?


- Апама, досума.
- Сен кайда бара жатасың?
- Университетке (мектепке, дүкөнгө, тоого, базарга,
эжемдикине...)

155
1-көнүгүү. Үлгүгө карап, сүйлөмдөрдү улантыңыз. Дополните
предложения по образцу.
Үлгү: мен, кат жазуу – атам, апам...
Мен атама, апама кат жазам.
1. Ал, телефон чалуу – агасы, дос, курбу, эже, тааныш. 2. Чоң
ата, жомок айтуу – небере, балдар, кичинекей кыз, бала. 3.
Апа, кийим тигүү – кыз, кошуна, небере, бала. 4. Мугалим,
түшүндүрүү – студенттер, окуучулар, кесиптештер. 5. Мен,
жөнүндө, жаңы фильм, айтып берүү – коңшу, окутуучу,
профессор, жазуучу, агам, эжем.

1. Мен – мага 1. Биз - бизге


2. Сен – сага 2. Силер - силерге
2. Сиз- сизге 2. Сиздер – сиздерге
3. Ал – ага 3. Алар - аларга
2-көнүгүү. Сүйлөмдөрдү толуктаңыз. Дополните
предложения.
Үлгү: Мугалим ... жаңы теманы айтып берди (студент).
Мугалим студентке жаңы теманы айтып берди.
1. Мен бүгүн ... белек алдым. (апам). 2. Эжем бул китепти ...
белекке берди. (Айман). 3. Ата-энеси ... фотоаппарат сатып
беришти. (Эрмек). 4. Агам ... математикадан жардам берет.
(мен). 5. Апасы ... көйнөк сатып алды. (кичинекей кызы). 6.
Агам ... кооз сумка белекке берди. (улуу эжем). 7. Доктур ...
дары жазып берди. (оорулуу студент). 8. Чоң апа ... кызык
жомок айтып берет. (неберелери). 9. Досум ... телефон чалды.
(жаңы студент).

3-көнүгүү. Сүйлөмдөрдү толуктаңыз. Дополните


предложения.

156
1. Мугалим ... байыркы Кыргыздар жөнүндө айтып берди.
(биз). 2. Атам ... кооз китеп белекке берди. (мен). 3. Мен ...
жаңы тема жөнүндө айтып бердим. (ал). 4. Мугалим ...
сынактын суроолорун бердиби? (силер). 5. Мен ... жаңы
адресимди жазып жибердим. (сиз). 6. ... жаңы мугалим
келдиби? (силер). 7. Бул эже ... жолугам деп келиптир.
(сиздер). 8. Асейин ... сынактын суроолорун берген экен го.
(сен).

4-көнүгүү. Суроолорго жооп бериңиз. Ответьте на вопросы.


Үлгү: - Сизге биздин жаңы сабак жактыбы? - Ооба, абдан
жакты. (Жок, мага жаккан жок. Көңүлсүз болду.).
1. Силерге бул Америка фильми жактыбы? 2. Сага бул китеп
жаккан жокпу? 3. Сизге биздин улуттук тамак-аш жактыбы? 4.
Ага бул сүрөттөр жагыптырбы? 5. Жейнге биздин достор
жагыптырбы? 6. Аларга жаңы жатакана жагабы? 7. Сиздерге
Бишкек жактыбы? 8. Сага менин жаңы көйнөгүм жакпадыбы?
9. Мугалимге менин достук жөнүндө эссем жактыбы,
билбейсиңби? 10. Конокко кыргыздын эски күүлөрү
жактыбы? 11. Салияга кандай музыка жагат? 12. Апалга
табият жөнүндө фильм жагат го?

Асан мага караганда узун (узунураак).


Бүгүн биздин сабактар саат бешке чейин (дейре)болот.
Саат кечки алтыга жакын апам жумуштан келди.

5-көнүгүү. Сүйлөмдөрдү жогорудагы алкактагы сөздөрдү


колдонуп, улантыңыз. Дополните предложения, используйте
слова из приведенной выше таблицы.

157
Үлгү: Эжем мага ... жакшы...(оку).
Эжем мага караганда жакшыраак окуйт.
1. Атам апам... (улуу...). 2. Менин ишим саат сегиз... (соз). 3.
Сени саат эки... (күт). 4. Концерт кечке ... (бүт). 5. Сиз кечки
жетиге... (кел). 6. Бишкекке келгенге ... ал кыргызча (бил). 7.
Коноктор саат он бирге ... (кет). 8. Апсамат бүгүн саат бешке
... университетте (бол). 9. Азыр мага бул жерде окуу өткөн
айдагыга ... жеңилирээк болуп (кал). 10.

6-көнүгүү. Суроолорго жооп бериңиз. Ответьте на вопросы.


1. Сиз кимге телефон чалдыңыз? 2. Студенттер сынакта кимге
жооп беришет? 3. Сиз ооруңуз жөнүндө кимге айтып
бердиңиз? 4. Атам саатын кимге белекке берди? 5. Мугалим
жаңы теманы кимге түшүндүрдү? 6. Сиз бул белекти кимге
алдыңыз? 7. Сиз кимге кат жазам деп убада бердиңиз? 8. Сиз
кимге жардам берип жатасыз? 9. Доктур кимге тамеки
тартууга тыюу салды? 10. Мугалим кимге бөлмөдөн чыгууга
уруксат берди? 11. Апам кимге тамак жасоону үйрөтүп жатат?
12. Сиз кимге мугалим болууга кеңеш бересиз? 13. Сен кимге
үйдү жыйноого жардам бердиң? 14. Сен кимге жаңылыктарды
айтып бердиң? 15. Сиз кимге чакыруу жибердиңиз?

7-көнүгүү. Текстти окуп, барыш жөндөмөсүндөгү сөздөрдү


табыңыз. Кайра айтып бериңиз. Прочитайте текст, найдите
слова в дательном падеже. Перескажите текст.

Бүгүн 31- декабрь, Жаңы Жыл. Иштен Жаңы Жылга эртерээк


айлык маяна беришкен. Кечээ кечке чейин дүкөндөрдү
кыдырып, жакындарыма белек издедим. Атама эмне
аларымды билбей, бир жакшы шахмат белекке алдым. Апама

158
болсо, жакшы жоолук алайын деп чечтим. Менин
карындашым жана кичинекей иним бар. Карындашым
классикалык музыканы жакшы көрөт. Мен ага Вивальдинин
музыкасы жазылган диск сатып алдым. Иниме болсо,
“Оюнчуктар” дүкөнүнө барып, “Конструктор” деген чоң куту
сатып алып койдум. Ал үй курганды жакшы көрөт. Жаңы
Жылдан кийин үй-бүлөбүз менен тоого баралы деп ойлоп
жатабыз.

ЧЫГЫШ ЖӨНДӨМӨ (Исходный падеж)


-ДАН(-ден, -дон, -дөн,-тан,
-тен, -тон,-төн; -нан,
-нен, -нөн)
Кимден? Эмнеден? Кимдерден? Эмнелерден? Кайдан?

- Сен кимден кат алдың?


- Апам-дан, досумдун эжеси-нен.
- Силер кайдан келе жатасыңар?
- Университет-тен, жыйналыш-тан.
- Лекцияга канча киши катышты?
- Жүз-дөн ашуун.
- Иним мен-ден узун(ураак).

Бери, баштап, (тартып), ашык (ашуун)

1-көнүгүү. Берилген сөздөргө чыгыш жөндөмөсүнүн мүчөсүн


улаңыз. Присоедините к данным словам аффикс исходного
падежа.
Үлгү: Эжем - эжемден,

159
Үйлөрү, апам, жерлер, саат, стенд, имарат, агамдын сүрөтү,
Бишкек, коңшу бак, Англия, Жон, Жейн, Гарри, көл, биз, кат,
үйдөгү, уктаган бала, кабар.

2-көнүгүү. Берилген сүйлөмдөргө суроо бериңиз. Задайте


вопросы к данным предложениям.

1. - ...?
- Мугалимдин өзүнөн алдым.
2. - …?
- Жатаканадан чыгып келе жатам.
3. - …?
- Мен аны беш жылдан бери тааныйм.
4. - …?
- Жыйырмадан ашуун киши тосту го.
5. - …?
- Күздөн баштап окуй баштайбыз.
6. - …?
- Ага китепти менден берип жиберди.
7. - …?
- Жок. Ал менден улуураак.

3-көнүгүү. Кашаадагы сөздөрдү колдонуп, суроолорго жооп


бериңиз. *Ответьте на вопросы, используйте слова в скобках.
1. Сиз кайдан келе жатасыз? (эски үй) 2. Бул китепти кайдан
сатып алдың? (аянттагы китеп дүкөнү) 3. Сынактын
суроолорун кимден алдыңар? (жаш мугалим) 4. Сиздерге
кайсы жерден бөлмө беришиптир? (жаңы жатакана) 5.
Азыркы учак кайдан келип конуптур? (Германия, Бонн) 6. Бул
гүлдү кайдан таптың? (шаардык ботаника багы) 7. Сен

160
мүдүрдү саат канчадан бери күтүп жатасың? (түшкү эки) 8.
Сиз кайсы күндөн баштап иштедиңиз? (өткөн жума,
шаршемби) 9. Кечеге канча киши келиптир? (30...) 10. Эмгек
өргүүсү качан башталат? (дүйшөмбү...)

- дан мурун (мурда) / - дан кийин


айтуудан мурун (мурда) – айткандан кийин, бир
саат мурда, бир сааттан кийин

4-көнүгүү. Көп чекиттердин ордуна чыгыш жөндөмөсүнүн


мүчөсүн улап, сүйлөм түзүңүз. Вместо точек вставьте аффикс
исходного падежа и составьте предложения.
Үлгү: Эжеме айткан... Бул иш жөнүндө эжеме айткандан
кийин өзүмө келе түштүм.
1. Сынакты берүү... . 2. Университетке келген... 3. Ойноор...
4. Телефонумду жоготкон... 5. Акчаны алган... 6. Уруксат
берүү... 7. Кечирим сураар.... 8. Үйдөн чыккан... 9. Мага
келген... 10. Киного кирген... 11. Сөз берген... . 12. Бир саат...

5-көнүгүү. Берилген сүйлөмдөрдү бери, баштап, (тартып),


ашык(ашуун), кийин, мурун (мурда) сөздөрүн колдонуп,
толуктаңыз. Дополните предложения, используйте слова:
бери, баштап, (тартып), ашык(ашуун), кийин, мурун (мурда).
Үлгү: Окууга өткөн... такыр бош убактым жок. Окууга
өткөндөн бери такыр бош убактым жок.
1. Жыйналышка ... киши келди. 2. Жаз келген... футбол
секциясына бара баштайм. 3. Ошол кыз менен таанышкан...
Адыл таптакыр өзгөрдү. 4. Керим жаңы окуу жылы... жакшы
окууга апасына сөз берди. 5. Улуу Ата Мекендик согушта 50
миллион... киши курман болгон. 6. Дем алыш... мен Атай

161
менен сабак окуп жатам. 7. Шаар... чыккан... атам мага бир сөз
айткан жок. 8. Компьютер бузулган... менин мектептеги
бааларым жакшы. 9. Эжем жумуш... келген... тамак жасап
жатат. 10. Апам бүгүн телефон... эки саат... сүйлөштү. 11.
Алишер жумуш... машыгууга барат. 12. Бул ишти баштаар...
сүйлөшүп алалы.

6-көнүгүү. Берилген сүйлөмдөрдү чыгыш жөндөмөсүнүн


мүчөсүн колдонуп, толуктаңыз. Дополните предложения,
используйте аффиксы исходного падежа.
Үлгү: Анардын китеби меники... жаңыраак.
Анардын китеби меникинен жаңыраак.

1. Русландын бою атасыныкы... бийигирээк. 2. Америкадагы


Титикака көлү Байкал көлү... тереңирээк. 3. Кышында
Кыргызстандын түндүгү түштүгү... суугураак. 4. Сиздин
дилбаяныңыз меники... кызыгыраак экен. 5. Мэри кыргыз
тилин Антуан... жакшыраак билет. 6. Болот бардык
студенттер... ылдамыраак чуркайт. 7. Менимче, биздин
долбоор баарыныкы... татаалыраак. 8. Алардын үйү
университетке биздики... дагы жакыныраак. 9. Эжем мен...
беш жашка улуураак. 10. Чүй проспекти башка көчөлөр...
узунураак. 11. Бүгүн кечээки... жылуураак го. 12. Орус
тилинин грамматикасы кыргыз тилинин грамматикасы...
татаалыраак. 13. Бул көнүгүү жыйырманчы көнүгүү...
жеңилирээк экен. 14. Апам Калия эже... кичүүрөөк. 15.
Биздин үй жаңы үй... жапызыраак экен.

7-көнүгүү. “Чачылган” сөздөрдөн сүйлөм түзүңүз. Составьте


предложения из “рассыпанных” слов.

162
Үлгү: бул, Асия, жума, китеп, бир, алдым. Бул китепти
Асиядан бир жумага алдым.
1. машыгуу, спортчулар, кел, жат.
2. белгилүү, Илияс, чет элдик, жооп ал, компания.
3. алып кел, базар, жашылча-жемиш, көп, атам.
4. сүрөтү, досум, тааныбай кал.
5. эжем, биз, Англия, бүгүн, окуган, кат ал.

ТАБЫШ ЖӨНДӨМӨ
-НЫ (-ни, -ну,-нү; -ды, -ди, -ду, -дү; -ты, -ти, -ту, -тү); -н;
Кимди? Эмнени?

- Сен бүгүн кимди көрдүң?


- Биздин жаңы мугалимди көрдүм.
- Апа сиз эмне (-ни) издеп жатасыз?
- Көз айнегимди таппай жатам, балам.
- Баяман эмне кылып жатат?
- Агасына кат(-) жазып жатат.
- Асан сени менен кимди тааныштырды?
- Эжесин.

Көздөй, карай

- Бизди көздөй (карай) келе жаткан ким?


- Сары көйнөкчөн кызды айтасызбы?
- Ооба.
- Аа, ал Алия го.

163
1-көнүгүү. Сөздөргө табыш жөндөмөсүнүн мүчөлөрүн улап
жазыңыз. Присоедините к словам аффиксы табыш жѳндѳмѳ.
Үлгү: Китеп... ордуна кой. – Китепти ордуна кой.
1. Мен гүлдөр... сугарып келдим. 2. Айша Индия фильмдер...
жакшы көрөт. 3. Байыш инисинин мугалим... узатып келди. 4.
Эже, жарык... өчүрүп койчу, жолтоо болуп жатат. 5.
Мукай, тамак... куюп койдум, тез кел! 6. Орундуктар... орду-
ордуна коюп койчу! 7. Рефераттын тема... жакшылап ойлонуп
тандагыла. 8. Атасы кыз... көптөн бери көрө элек. 9. Үйдүн
ачкыч... унутпай ала кет! – деди апам. 10. Бул сөздүн мүчө...
таба албай жатам. 11. Ушул мугалимдин сабак... жакшы билип
алыш керек, болбосо сынакта аябай кыйнайт. 12. Агамдын
жооп... эч ким жактырган жок.

2-көнүгүү. Сүйлөмдөгү белгиленген сөздөргө суроо бериңиз.


Задайте вопросы к отмеченным словам.
Үлгү: Мен атамды, апамды, анан конфетти жакшы көрөм.
- Сен кимди (эмнени) жакшы көрөсүң?
1. Мен ал китепти көргөн жокмун. 2. Эжемдин дептерин
текчеге койдум. 3. Бул сүрөттү белгилүү сүрөтчү тарткан. 4.
Бектур чөнтөк телефонун издеп жатат. 5. Апам азыр баланы
уктатып жатат. 6. Айна тамак жасап жатат. 7. Байкем терезени
жууп жатат. 8. Сүттү муздаткычка салып койдум. 9. Марат
кышты жакшы көрбөйт, анткени көп ооруйт. 10. Жумуштан
апамды тосуп алдым. 11. Кечээ Анварды Берлинге узаттык.
12. Ачкычты Керимге берип койсоң, макулбу? 13. Казандын
капкагын ачып койчу!

3-көнүгүү. Суроолорго жооп бериңиз. Ответьте на вопросы.


Үлгү: - Сиз бул макаланы окудуңуз беле?

164
- Ооба, аны (бул макаланы) кечээ эле окугам.
1. Сиз бул фильмди көрдүңүзбү? 2. Ал бул катты окуптурбу?
3. Сен бул сөздүн маанисин билесиңби? 4. Ал бул китепти
окуду беле? 5. Сиздер жаңылыкты уктуңуздарбы? 6. Биз
сенин адресиңди билебизби? 7. Сиз менин арызымды
окудуңузбу? 8. Силер биздин жатаканабызды көрдүңөрбү? 9.
Сен Аселдин эжесин билесиңби? 10. Сиз мугалимди
көрдүңүзбү? 11. Ал катты берип жибердиби? 12. Бул сүрөттү
сиз тарттыңызбы?

4-көнүгүү. Кашаадагы сөздөрдү мааниси боюнча өзгөртүп,


илик жана табыш жөндөмөсүндө колдонуңуз. Измените
данные в скобках слова по значению и употребите их в
падежах илик и табыш.
Үлгү: Сен кимди күтүп жатасың? (өзүм, дос)
Сен кимди күтүп жатасың? Өзүмдүн досумду күтүп жатам.
1. Силер кандай музыка угуп жатасыңар? (комузчулар,
күүлөр) 2. Эмне издеп жатасыңар? (көз айнек, куту) 3.
Ресторандан кандай тамак тапшырык кылдыңар? (кыргыз эли,
тамак) 4. Жарышмада кимди сыйлашыптыр? (биз,
университет, студент) 5. Сиз кандай китеп окудуңуз? (Нобель
сыйлык, лауреат, китеп) 6. Мугалим кимдин ишин
текшериптир? (жаңы студент, иш) 7. Байкем телефон таап
алыптырбы? (Ооба, кошуна, кыз, чөнтөк телефон) 8. Башчы
эмнени сурап жатыптыр? (кечээги, жыйналыш, жыйынтыктар)
9. Болоттон эмнени сурадың? (жаңы, китеп, дүкөнү, дарек) 10.
Учактан кимди көрдүм дедиң? (Карачач, атасы) 11. Апа, укпай
калдым, эмнени таап келейин? (иниң, көйнөк, топчусу)

165
5-көнүгүү. Берилген сөздөрдү табыш жөндөмөсүндө
колдонуп, сүйлөмдөрдү толуктаңыз. Дополните предложения
словами из скобок.
1. Мен ... (туулган шаарым, атам, апам, эжелерим, достор,
мектебим) аябай сагындым. 2. Биздин университет ...
(инженерлер, геологдор, филологдор, экономисттер,
юристтер, лингвисттер, тарыхчылар) даярдайт. 3. Жаңы
фирмага ... (айдоочулар, котормочулар, жарнамачылар)
чакырышыптыр.

- Сен дүкөндөн эмне сатып алдың? (Эмне? Эмнени?)


- Алма (-), кант (-), нан (-), анан оюнчук (-) сатып алдым,
(ушул оюнчукту) сатып алдым.

6-көнүгүү. Суроолорго табыш жөндөмөсүн колдонуп жооп


бериңиз. Ответьте на вопросы, используя слова в табыш
жѳндѳмѳ.
Үлгү: -Сен анын киного кимди чакырганын билбейсиң!
- Жок, билем, ал киного тааныш кызын чакырды.
1. Алар базардан эмне алышыптыр, билбейсизби? 2. Айдай
бүгүн үйүнө кимдерди чакырыптыр, билесиңби? 3. Мен
кандай китептерди аларымды билбейсиз! 4. Алар базардан
эмне издеп жүргөнүн билесиңби? 5. Ал ашканадан кимди
көрүптүр? 6. Сиз кимди эстеп жатасыз? 6. Кечиресиз, сиз
кимди издеп жүрөсүз? 7. Сабактан мугалим эмнени сурады? 8.
Касымга эмне белек кылабыз? 9. Декан сага эмне жаз деди?
10. Ашканадан Бермет эмнени сындырыптыр?

166
7-көнүгүү. Берилген сөздөрдөн сүйлөм түзүңүз. Составьте
предложения из данных слов.
Үлгү: жөнөт, дос, кат, эже, почта
Досумдун эжеси почтадан кат (-) жөнөттү.
1. дүкөн, сатып ал, көйнөк, кооз, Салия
2. көр, театр, спектакль, студенттер, бүгүн
3. университет, Гүлай, менен, дос, жолугуш
4. аудитория, лекция, ук, студенттер
5. китепкана, жаңы, ал, китеп, биз

- Сен эмне кылган-ды билесиң?


- Мен бийлеген-ди, ырдаган-ды билем.

• Сен эмне кылганды жакшы кѳрѳсүң?


• Мен ырдаганды жакшы көрөм.
• Мен болсом, китеп окуганды, музыка укканды,
сүрѳт тартканды жакшы кѳрѳм.

8-көнүгүү. Берилген суроолорго жооп бериңиз. Ответьте на


данные вопросы.
Үлгү: Сиз эмне кылганды жакшы көрөсүз?
Мен китеп окуганды жакшы көрөм.
1. Сиз бош убактыңызда эмне кылганды жакшы көрөсүз? 2.
Алар машина айдаганды билишеби? 3. Сиз тамак жасаганды
билесизби? 4. Көп адамдар Интернетте отурганды жакшы
көрүшөбү?

9-көнүгүү. Кашаада берилген сөздөрдү колдонуп, суроолорго


жооп бериңиз. Ответьте на вопросы, используя слова из
скобок.

167
1. Сиз бул мектептен кимди тааныйсыз? (тарых мугалими) 2.
Кинодон алар кимди көрүшүптүр? (эски достор) 3. Сиз кимди
күтүп жатасыз? (уулумдун окутуучусу) 4. Алымбек кимдерди
көптөн бери көрө элек? (карыган ата-эне) 5. Анар кимди
сагындым дейт? (атасы, апасы, эжеси, байкеси, достору,
классташтары) 6. Сен эмнени эстеп жатасың? (эски үйүм,
жашыл көчөм, окуган мектебим)

Табыш жѳндѳмѳсү менен каалоо, тилекти билдирүү


Выражение пожелания при помощи Табыш жѳндѳмѳ

- ны каалайм
Кыймыл-аракетти аткарууга болгон каалоо, тилекти билдирет.
Мүчѳ негизги сѳз түркүмдѳрүнүн бардыгы менен колдонулат.
Выражает значение желания выполнить какое-либо действие.
Аффикс употребляется со всеми словами знаменательных
частей речи.

Мен сага ийгиликтер-ди каалайм. Мен мектепте жакшы


окуган-ды каалайм.(Бардык чактарда оң жана терс
маанисинде колдонулат:каалап жатам, каалагам, каалачу
эмесмин, каалаптырмын, ж.б. Употребляется во всех
временных формах в положительном и отрицательном
значениях).
10 - көнүгүү. Сүйлөмдөрдү -ны мүчөсүн колдонуп, толуктап
жазыңыз. Дополните предложения, используя аффикс –ны.
Үлгү: Айдар (атактуу бол)... . Айдар атактуу болууну
каалачу.
1. Аня (саякатка чык) ... . 2. Кээ бир адамдар (жардам бер)...
3. Биз (тоого чык) ... 4. Бардык адамдар (бактылуу бол) ... 5.

168
Жаштар (билим алуу) ... . 6. Биз ишембиде (тоого барып эс
алуу) ... . 7. Кийин чоңойсом, атам менен апама (жаңы үй
сатып берүү) ... . 8. Биз досум экѳѳбүз (чет ѳлкѳдѳн билим
алуу) ... .

ЖАТЫШ ЖӨНДӨМӨ
-ДА (-де, -до, -дө; -та, -те, -то, -тө); (-нда, -нде, -ндө;)
Кимде? Эмнеде? Кимдикинде? Эмненикинде? Кайда?
Качан? Канчада?

Мен саат тогуз-да университет-те болом. Көк-тө күн


жаркырап тийип турат. Менин уулум жети-де. Бүгүн
Бермет эжесиники-нде болот. Оң-до – биздин үй.

1-көнүгүү. Берилген сөздөргө жатыш жөндөмөсүнүн мүчөсүн


улаңыз, суроо бериңиз. Присоедините к данным словам
аффиксы местного падежа, задайте вопросы.
Үлгү: жатакана – жатаканада. (кайда?)
Агасыныкы, университет, батыш, чек ара, шаар, китеп,
эжемдики, алыс, чет-жакасы, жаш кези, сүйлөгөндөр, саат беш
жарым, окуу жайы, айдын жетиси, мүдүрдүкү, китепкана,
эртең мененки алты, бала кези, жаш чагы, биздики, көчөлөр,
текшерүү иш, жооптор, оң жагы, сол жагы.

2-көнүгүү. Жатыш жөндөмөсүнүн мүчөсүн колдонуп, жооп


бериңиз. Ответьте на вопросы, используя в ответах слова в
местном падеже.
Үлгү: Сиз кайда окуйсуз? Мен мектепте (университетте)
окуйм.

169
1. Сенин каттарың кайда? 2. Тарых музейи кайсы жерде
жайгашкан? 3. Ачкычыңды кайда койдуң? 4. Биздин
жолугушуу саат канчада башталат? 5. Сиз канча жашыңызда
турмушка чыккансыз? 6. Сиз жайында кайсы жерде эс
алдыңыз? 7. Ишемби күнү саат канчада үйгө келдиң? 8. Мен
алып келген китептер кайда? 9. Сиз кайсы факультетте
окуйсуз? 10. Балдар кайда ойноп жатышат? 11. Сиздин
досуңуз кайда жашайт? 12. Сиз кайсы жерде отурасыз?

3-көнүгүү. Жатыш, илик жөндөмөлөрүнүн мүчөлөрүн


колдонуп, отурган же жашаган бөлмөңүздөгү буюмдар
жөнүндө айтып бериңиз. Расскажите о вещах в комнате, где
вы сидите или живете. Используйте аффиксы местного и илик
падежей.
Үлгү: Мен аудиторияда отурам. Дубалда Кыргыз
Республикасынын желеги илинип турат...

4-көнүгүү. Сүйлөмдөргө суроо бериңиз. Жатыш


жөндөмөсүнүн мүчөсүнө көңүл буруңуз. Задайте вопросы к
предложениям. Обратите внимание на аффикс местного
падежа.
Үлгү: - …?
- Жаңылдыкында болдум.
- Сен кечээ кайда болдуң?
- Жаңылдыкында болдум.
1. - …?
- Ал бизди саат экиде күтөт.
2. - ...?
- Мен жатаканада жашайм.
3. - ...?

170
- Эдилдин учагы саат түнкү экиде келип конот.
4. - ...?
- Экинчи кабаттагы бөлмөдө.
5. -...?
- Айнанын эжеси мектепте иштейт.
6. -...?
- Сөздүктө бар экен.
7. - ...?
- Билбейм, музайдыңда, же бассейнде го.
8. - ...?
- Жыйналышта болот го дейм.

5-көнүгүү. Берилген сѳздѳрдѳн сѳз айкаштарын жана сүйлөм


түзүңүз. Составьте из данных слов словосочетания и
предложения.
Үлгү: музей, экскурсия.
Музейдеги экскурсияда. Музейдеги экскурсияда жаңы
экспонат көрдүк.
Театр, балет; университет, кече; зал, лекция; класс, сабак;
сейилбак, жолугушуу; шаар, жарышма; Токио, турнир;
Түркия, конгресс; Канн, кинофестиваль; Сингапур,
чемпионат; китепкана, дебаттык турнир; үйлөнүү үлпөт,
коноктор; ачылыш аземи, сүйлөгөндөр; бакча, эски отургуч.

6-көнүгүү. Керектүү мүчөлөрдү колдонуп, берилген


сөздөрдөн сүйлөм түзүңүз. Составьте предложения из данных
слов, используйте нужные аффиксы.
Үлгү: эжем, текче, жат, буюм
Эжемдин буюмдары текчеде жатат.
1. көпүрө, эски, токто, машина, тур.

171
2. студенттер, стадион, көр, саат алты, футбол.
3. класс, кичине, отур, окуучу, солдо.
4. ишемби, тоо, менен, бол, биз, дос.
5. көңүл бур, чыгыш бийлери, сезим.

7-көнүгүү. Текстти окуп, жөндөмөлөрдү аныктаңыз.


Прочитайте текст, определите падежи.

- Эжеке, атам кайсы жерде туулган?


- Өзгөн шаарында, Азизтай.
- Ал шаар кайсы жерде?
- Атамдын төрөлгөн шаары Кыргызстандын түштүгүндө
жайгашкан.
- Апамчы?
- Апам Токмок шаарында туулган.
- Ал кайсы жерде?
- Бишкектин батыш жагында.
- Сенчи? Сен кайсы жерде туулгансың?
- Мен атам менен апам Германияда окуп жүрүшкөндө, Бонн
шаарында туулгам.
- Менчи, мен кайсы жерде туулгам, эжеке?
- Сен Кыргызстанда, Бишкекте туулгансың.
- Ой-иий, анан баарыбыз бири-бирибизди кантип таптык?

8-көнүгүү. Суроолорго кашаадагы сѳздѳрдү колдонуп жооп


бериңиз. Используя слова из скобок, ответьте на вопросы,.
Үлгү: Кечээ кайда болдуңуз? (тиш доктур)
Кечээ мен тиш доктурда болдум.
1. Ишемби күнү кимдикинде болдуңуз? (Классташым) 2.
Сиздин досуңуз бүгүн түштөн кийин кайда болуптур?

172
(университет, биздин профессор) 3. Жумушуңуз кайсы убакта
башталат? (эртең мененки 9) 4. Студенттер өткөн жумада
кайда болушуптур? (Ала-Арча, саякат) 5. Саат канчада фильм
башталат экен? (кечки саат 8) 6. Сиздин эжеңиз мурдагы күнү
кимдикинде болуптур? (өзүнүн жолдош кызы) 7. Карта кайсы
жерде илинип турат? (сол жак, дубал) 8. Концерт кайсы
убакта, кайсы жерде болот экен, билесизби? (опера жана балет
театры, саат 17.00)

БАГЫНЫҢКЫ ТАТААЛ СҮЙЛӨМ


Сложноподчиненное предложение

Багыныңкы сүйлөм Баш (негизги) сүйлөм


Жамгыр жаабаса, биз тоого барабыз.

Багыныңк Мүчөлөрү, Мисалдар


ы сүйлөм жандоочтор,
колдонулуучу
сөздөр
1. Мезгил -ганда, -дан Окуумду бүткөндө (бүткөндөн
(Качан? соң, соң, кийин)
Качантан -дан кийин жакшы иш табам деп ойлойм.
бери? -са, -ганга Анар апасы келгенге чейин
Качанга чейин,-ганча, (келгиче, келгенче) тамак
чейин? -гыча,-дан жасап койду. Ушул ишке
Кайсы бери, -ганы, - киргени (киргенден бери)
убакта?) (а)р… менен сиздин таптакыр бош
убактыңыз жок. Кечинде
Алдар Көсөө келип караса,
бай кой союп жаткан экен.

173
2. Себеп -дыктан, - Аба ырайы жакшы
(Эмне дыгы үчүн, - болгондуктан, жаш-кары
үчүн? ып, -(а)й, дебей баары талаада иштеп
Эмнеликт жатышат. Асан бүгүн
ен? Эмне терезенин айнегин сындырып
себептен?) койгондугу үчүн, атасынан
тил укту. Келгендер улам
көбөйүп, бөлмөгө батпай
кетишти. Кол чатыр албай,
жамгырга калып, суу болдум.
3. Максат -сын деп, -уу Айдар сабагынан кечикпесин
(Эмнеге? үчүн, деп, апасы эрте туруп чай
Эмне -ыш үчүн, - койду. Жакшы билим алуу
максат макчы, - (алыш) үчүн, көп эмгектениш
менен? макчы болуп, керек. Ажар эртең шаарга
Эмне -айын (-а(- кетмекчи болуп,
үчүн?) й)лы) деп, - жумуштарын шашып жасай
ганы баштады. Апам эшиктин
алдына отурайын деп барса,
кошуна кемпирлер бирөөнү
ушактап жатышыптыр.
Ойногону келдим.
4. -майынча, Сен жалкоолукту
Шарттуу -са (-ба-са), таштамайынча (таштабасаң),
-ганда (- ийгиликтерге жетише
баганда), албайсың. Атам кечикпей
-(а)й, (-ба-й) келгенде, мен кечки учак
менен кетет элем. (Эгер(-де))
Сапар жардам бербегенде, ал
сынактан жаман баа алмак.

174
Ынтымак болбой, иш
болбойт.
5. Сыпат - ып, Мен шашпай олтуруп,
(Кандай? ... дегенсип сабакка даярдана баштадым.
Кандайча? Анын кара-тору бети
Кантип?) жылмайып, көңүлдүү карады.
Мен баарын билип алдым
дегенсип, Асыл сырдуу
жылмайды.
6. Өлчөм -са, канчалык, Бир ишти канчалык берилип
(Канча? ошончолук, иштесек, ошончолук
Канчалык? кандай, натыйжага ээ болосуң. Адам
) ошондой,кайда илгери умтулган сайын, анын
, ошоякта, тоскоолдугу ошончолук
сайын көбөйөт. Апам мени кайда
жумшаса, мен ошол жерде
боломун.
7. Салыш -дай, Ачылбаган сыры калгандай,
тырма ... сыяктуу, ал өтө ойлуу.
Жазында ачылган гүл
сыяктуу, Седеп бойго жетип,
үйдүн көркү.
8. Каршы -са, -са да, Иним өзү кичине болсо да,
карабастан, чон кишидей сүйлөйт. Өзү
... ошондой эле жалаң орус тилинде окуп,
иштесе да, ошондой эле
кыргыз тилинде да түш
жоруйт.

МЕЗГИЛ БАГЫНЫҢКЫ ТАТААЛ СҮЙЛӨМДӨР


175
(Качан? Качантан бери? Качанга чейин? Кайсы убакта?)
-ганда (-гондо; -генде; -гөндө; -канда; -кондо; -кенде; -
көндө) Мисалы: Жаз келгенде, күн жылыйт. Мектепти
бүткөндө, университетке өттүм.

- баганда (-богондо; -бегенде; -бөгөндө; -паганда; -погондо; -


пегенде; -пөгөндө. Мисалы: Ал кечикпегенде, биз менен
сейилге кетмек.

-ганга чейин (-гонго; -генге; -гөнгө; -канга; -конго; -кенге; -


көнгө чейин) Мисалы: Мектепти бүткөнгө чейин айылда
жашагам. Сени менен таанышканга чейин ал музыкага
кызыкчу эмес.
-ганча = ганга чейин(-гончо; -генче; -гөнчө; -канча; -кончо; -
кенче; -көнчө) - выражает значение пока, до тех пор пока,
до того … Мисалы: Кезегиң жеткенче отура тур. Сабак
башталганча китепканага барып келе коёюн.

-гандан кийин (-гондон…-генден; - гөндөн кийин; -кандан; -


кондон; -кенден; -көндөн кийин) Мисалы: Сабак бүткөндөн
кийин, машыгууга барамын.

- (а)р… менен (а)р… (о)р… (е)р… (өр) менен Мисалы: Мен


үйдөн чыгарым менен жамгыр башталды. Каникул башталары
менен ал көлгө кетти.

-ар замат (а)р… (о)р… (е)р… (ө)р… замат = ар менен

176
- синонимична с –ар… менен , только не имеет значения
лица. Мисалы: Мен үйдѳн чыгар замат…- сен үйдѳн чыгар
замат…

-арда=арга жакын (-ордо; -ерде; -өрдө; =-орго…-ерге ; -өргө


жакын) Мисалы: Апам кетерде тамак-ашка акча таштап
кетти. Мен колум бошобой, концерт бүтөрдө келдим.

1-көнүгүү. Сүйлѳмдѳрдү толуктаңыз. Дополните


предложения.
1. (Кайсы убакта?) ... байкем шаардан келип калды. 2. (Кайсы
убакка чейин?) ... үйдү жыйнап бүтпѳй калдык. 3. (Качан?) ...
досум шашпай жатып алыптыр. 4. (Кайсы мезгилде?) ...
акындын үнү чыгып, эл тынчтана түштү. 5. (Эмне максат
менен?) ... апам эрте туруп отуруптур. 6. (Кайсы маалда?) ...
асманда жылдыз суюлуп, тоодон желаргы сокту. 6.
(Канчалык?) эмгек кылсаң, максатыңа жетесиң. 7. (Кайсы
күнү?) жыйналыш болуп, олуттуу маселелер каралды. 8.
(Качанга чейин?) ... картаң чал-кемпирлер, жаш балдар тылда
тынбай эмгек кылышты. 9. Максат (Эмне кылбаса?) эч ким
аны сыйлабайт. 10. (Кайсы убактан бери?) ... Акылдын
достору кѳбѳйүп, сабак менен иши болбой калыптыр. 11.
(Эмне себептүү?) ... бүгүн сабактар болбой калыптыр. 12.
(Кандай максат менен?) ... атасы Керимге акча салып
жиберди. 13. (Кандай себеп болсо да?) Малик окууга
тапшырам деп чечти. 14. (Кандайча?) текстти шашпай окуп
чыктык. 15. (Эмнеге байланыштуу?) кѳргѳзмѳгѳ барбай
калдык.

177
2- кѳнүгүү. Сүйлѳмдѳрдү толуктаңыз. Дополните
предложения.
1. Жаз келээр маалда... . 2. Сынак башталарда эле ... . 3. Бир
саамга тынчтык ѳкүм сүрдү эле, ... . 4. Дем алыш бүткѳндѳн
кийин ... 5. Менин атымды айтар менен ... . 6. Ал жазуу ишин
кечиктирбегенде, ... . 7. Агай пенсияга кеткенден бери, ... . 8.
Сабактар кѳбѳйгѳндѳн баштап, ... . 9. Кар эрип баштаганда, ...
. 10. Жаңы жылга аз убакыт калганда ... . 11. Орой мүнѳзү
үчүн ... . 12. Ишти батыраак бүтүрмѳкчү болуп, ... 13. Ишим
илгери жылган сайын, ... . 14. Жетекчинин бат ѳзгѳргѳн
мүнѳзүнѳн, ... . 15. Канчалык байыган сайын, ... .
3-кѳнүгүү. Сүйлөмдөрдү бириктирип жазыңыз. Суроолорун
тактаңыз. Соедините предложения. Уточните вопросы.

1. Чүй суусунан өттүк. Жайлоону көздөй жол кѳрүндү.


2. Мен Москвада окуйм. Бул жерден бир да таанышымды көрө
элекмин.
3. Мен сабак даярдашым керек. Китепканага барам.
4. Апам тамак жасайт. Мен үй жыйнайм.
5. Агам Айжан менен таанышты. Бул убакка чейин ал балетти
жаман көрүүчү.
6. Сен англис тилин билишиң керек. Англияга окууга кете
албайсың.
7. Түштөнүү маалы болду. Капар экөөбүз ашканага кеттик.
8. Аба-ырайы жакшы болуп турат. Элдер эс алып жүрүшѳт.
9. Айжан окууга кетет. Азыр даярданып жатат.
10. Үйүнүн кейпи жаман. Үй ээсинин пейили жакшы.
11. Асан жаңы ишке кирди. Бир да дос күткѳн жок.
12. Асман карайып келди. Чѳптү жыйнап бүтүрдүк.
13. Сынак жакында башталат. Саадат мени менен жакын боло
баштады.
178
14. Абам баласын сагынды. Акча жыйнай баштады.
15. Алмаздын тарбиясы жок. Ѳзүн алып жүрүштү билбейт.

Сѳздүк

Ким? Эмне? Кто? Что?

Көгүчкөн – голубь
Мугалим – учитель
Окуучу – ученик
Ат – лошадь
Сатуучу – продавец
Окутуучу – преподаватель
Бала – мальчик
Бийчи –танцор
Китеп – книга
Киши – человек
179
Чымчык-птица
Гүл - –веток
Короз – петух
Тигүүчү - швея
Кийим – одежда
Тоту куш – попугай
Ашпоз – повар
Ырчы – певец
Жазуучу – писатель
Козу – ягнёнок
Калемсап – ручка
Калем - карандаш
Ит – собака
Отургуч – сиденье, стул
Кыз – девочка, девушка
Уй – корова
Үй – дом
Апа – мама, обращение к пожилой женщине.
Мектеп – школа
Дептер – тетрадь
Эже – сестра, тетя, обращение к старшей по возрасту
женщине.
Көнүгүү – упражнение
Мышык – кошка
Байке (аба, аке) – брат, обращение к старшему по возрасту
мужчине.
Сөз – слово
Доктур – доктор
Тоок – курица
Каз – гусь
Ата – отец, папа, обращение к пожилому мужчине.
Бак – сад
Имарат – здание
Дүкөн – магазин, ларёк
Дүкөнчү – владелец или продавец магазина, ларька
180
Китепкана – библиотека
Китепканачы - библиотекарь
Сүрөтчү – художник, фотограф
Тоо – гора
Дарыгер – доктор, лекарь
Сүрөт – картина, фотография
Чычкан – мышь
Аюу – медведь
Шаар – город
Мал – скот
Жылкы – конь
Ыр - песня, стих
Бий – танец
Котормо – перевод
Балык рыба
Сүт – молоко
Кароол – сторож
Оюн – игра
Ушак - сплетни
Жазуу – писать
Жеңүү - победить, одержать победу
Алып баруу - отнести, вести
Аткаруу – выполнить
Коштоо – сопровождать
Башкаруу – управлять
Катышуу - участвовать
Сатуу – продавать
Тигүү – шить
Чуркоо - бегать

Үндүүлѳрдүн үндѳшүүсү деген эмне?


Что такое гармония гласных?

Алмалар – яблоки

181
Алма – яблоко
Кылым - век
Көл - озеро
Үмүт - надежда
Эл (калк) - народ
Колдор -руки
Туздар – соли
Куруучулар – строители
Көлдөр – озёра
Балдар – дети
Күндөр – дни
Таштар – камни
Такта – доска
Кагаз - бумага
Эшик – дверь; двор (эшикте ойнойм – буду играть во дворе)
Бөлмө – комната
Терезе – окно
Айнек стекло
Саат – часы

Суроолуу мүчѳ –БЫ?


Вопросительный аффикс –БЫ?
Аязбы? – мороз?
Жазбы? – весна?
Барасыңбы – пойдёшь?
Токойбу – лес?
Оорбу – тяжелый?
Тообу – гора?
Окудуңбу – (ты) читал (а)?
Жылуубу – тепло?
Көлбү? – озеро?
Күндүзбү – днём?
Экөөбү ?– двое (вдвоём)?
Өлкөбү? – государство?

182
Көрдүбү – видел(а)?
Алыспы? – далеко?
Катпы? – письмо?
Сынакпы? – экзамен?
Белекпи? – подарок?
Бийикпи? – высоко?
Итпи? – собака?
Кечпи? – поздно?
Мектеппи? – школа?
Топпу? – мяч?
Жумушпу? – работа?
Тоголокпу? – круглый?
Суукпу? – холодно?
Отпу? – огонь?
Сүрөтпү? – картина (фотография)?
Көппү? – много?
Өрүкпү? – урюк?
Көйнөкпү? – платье?
Сүтпү? – молоко?

Кѳптүк мүчѳ –ЛАР


Аффикс множественного числа - ЛАР

Айлар – месяцы
Тоолор – горы
Торлор – сетки
Ойлор – мысли
Кишилер – люди
Эрлер – герои
Бийлер – танцы
Көчөлѳр – улицы
Үлгүлѳр – образцы
Үйлѳр – дома
Коёндор – зайцы
183
Жолдор – дороги
Килемдер – ковры
Элдер – народы
Кен – полезное ископаемое
Көндүмдѳр – навыки
Кеме – корабль (пароход)
Короо – двор
Аары – пчела
Белги – знак
Бөлмө – комната
Күзгү – зеркало
Чийме – чертёж
Кайчы – ножницы
Тал – дерево
Нан – хлеб
Кур – ремень, пояс
Тегирмен – мельница
Майрам – праздник
Тарак – расческа
Жалбырак – лист (дерева)
Жээк – берег
Баркыт – бархат
Жыгач – дерево
Туу – знамя

Таандык категориясы
Категория принадлежности
Кол чатыр – зонт
Дарскана – аудитория
Китеп текче – книжная полка
Коңшу (кошуна) – сосед
Сөздүк – словарь
Жатакана – общежитие
184
Буюмдар – вещи
Сейилбак – сквер
Көз айнек – очки
Окуу китеп – учебник
Убакыт – время
Акча – деньги
Кол кап – варежки
Мээлей – перчатки
Кат – письмо
Каалоо – желание
Уктоо – спать
Дѳңгѳлѳк – колесо
Оюнчук – игрушка
Куту – коробка
Муздаткыч – холодильник
Тамак – еда
Классташ – одноклассник
Жетекчи – руководитель
Башчы – управляющий (глава)
Иш бѳлмѳ – рабочая комната (кабинет)
Кыл калем – кисть
Боёкторум кайда? – Где мои краски?
Сураган – спрашивающий
Сураганда – когда спрашиваю(т)
Дайым(а) – всегда
Билсең – если будешь знать
Картаясың – состаришься
Болгум келбейт – не хочу стать
Дептир - сказал
чын эле – вправду
Бош убактысы - свободное время
Чогуу(бирге) - вместе
Эс алышат – отдыхают
Сабактар – уроки
Аябай (абдан) – очень
185
Оор – тяжелый
Тил үйрѳнүү – изучать язык
Жакшы кѳрүү – любить
Кызыгуу – интересоваться
Жардамы менен – с помощью

Буйрук ыңгай
Повелительное наклонение
Жаз (жазуу) – пиши (писать)
Жаса (жасоо) –делай (делать)
Котор (которуу) – переводи (переводить)
Бышыр (бышыруу) – готовь (готовить (еду)
Карма(кармоо) – держи (держать)
Ук (угуу) - слушай (слушать)
Көчүр (кѳчүрүү) – переписывай (переписывать)
Кес (кесүү) – режь (резать)
Сүйлөшүү – разговаривай (разговаривать)
Кара (кароо) – смотри (смотреть)
Тазала (тазалоо) – чисть (чистить, убирать)
Жолук (жолугуу)– встретиться
Жыйна (жыйноо) – убирай (убирать)
Жарыкты өчүр (ѳчүрүү) – выключи (выключить) свет
Көздү уялтып жатат – ослепляет
Кетип калды – ушел (ушла)
Кел (келүү) – приходи (прийти/приходить)
Жумуш – работа
Тамак жасап кой – приготовь еду!
Бер (берүү) – дай (дать/давать)
Ката кетирип алдым–допустил(а) ошибку
Тактадагыларды өчүр! – сотри с доски!
Четкерээк тур - становись подальше
Булганып алба – не испачкайся
Айтып бер (айтып берүү) – расскажи (рассказать)
Бар (баруу) – иди (идти)
186
Ала кел (ала келүү) – захвати (захватить)
Чогул (чогулуу) – собирайся (собираться)
Ал (алуу) – бери/возьми (брать/взять)
Барып кел (барып келүү) – сходи (сходить)
Сана (саноо) – считай (считать)
Татып көр (татып кѳрүү)– попробуй/отведай
(попробовать/отведать)
Оку (окуу) – читай (читать)
Жөнө (жѳнѳѳ) – отправляйся (отправляться)

Баяндоочтук категория
Категория сказуемости

Чач тарач – парикмахер


Азамат – молодец (а также мужское имя)
Кичинекей - –аленький
Чоң – большой
Жоокер – солдат
Баатыр – герой
Эр жүрѳк – храбрый, смелый
Коркок – трус
Жакшы – хороший
Жаман – плохой
Сулуу – красивый
Жалкоо – ленивый
Ынтымактуу – дружный
Мээнеткеч (эмгекчил) – трудолюбивый
Тааныш – знаком(ый)
Мен өзүм элемин – я только сам один (сама одна)
Башка эч ким жок – больше никого нет.
Анда кечирээк чалайын – тогда позвоню позже.
Салам айтып кой – передай привет.
Макул - ладно.
Улут - –ациональность

187
Кесип – профессия
Жѳн эле - просто
Ээси – хозяин, владелец
Алып баруучу (алпаруучу) – ведущий
Жүк ташуучу – грузчик
Котормочу-переводчик
Мээрман – медсестра (медбрат)

Учур чак
Настоящее время

Азыр – сейчас
Бүгүн – сегодня
Ушул жумада – на этой неделе
Бул(ушул) айда – в этом месяце
Бул(ушул) жылы= (быйыл) – в этом году
Күндө (ар бир күнү, күнүгө) – каждый день
Ар жумада – каждую неделю
Ар бир айда – каждый месяц,
Ар жылы – каждый год
Эртең менен – утром
Түштө – в обед
Кечинде – вечером
Күндүз – днем
Түнүчүндө (түндѳ) – ночью
Дайыма (ар дайым) – всегда
Кээде – иногда,
Адатта – обычно
Оку (окуу) – учись (учиться)
Жаша (жашоо) – живи (жить)
Иште (иштѳѳ) – работай (работать)
Эс ал (эс алуу)– отдохни (отдыхать)
Бийле (бийлѳѳ)– танцуй (танцевать)
Бил (билүү)– знай (знать)

188
Түшүн (түшүнүү) – понимай (понимать)
Ич (ичүү) – пей (пить)
Сүйлө (сүйлѳѳ)– говори (говорить)
Ыр ырда (ырдоо)– пой песню (петь)
Ойно (ойноо) – играй (играть)
Макала – статья
Оку (окуу) – читай (читать)
Тамак жаса (жасоо)– готовь еду (готовить)
Үй жыйна (жыйноо) – сделай уборку дома (убирать)
Идиш жуу – мой (мыть) посуду
Кат жаз (жазуу) – пиши письмо (писать)
Жардам бер (берүү) – помогать (давать)
Текст котор (которуу) – переводи текст (переводить)
Сынак тапшыр (тапшыруу) – сдай экзамен (сдавать)
Жатта (жаттоо) – учи наизусть (учить наизусть)
Жооп бер (жооп берүү) – отвечай (отвечать)
Кайтала (кайталоо) – повторяй (повторять)
Түшүндүр (түшүндүрүү) – объясняй (объяснять)
Кыялдан (кыялдануу) – мечтай (мечтать)
Оору (ооруу) – болей (болеть)
Башым айланып жатат – голова кружится
Кетип бара жатышат - уходят
Эшикти карап отурам – смотрю на улицу
Нары-бери – туда-сюда
Кызык – интересно
Алып бара жатат – ведет/везет
Кежирленип баспай жатат – не хочет идти, капризничая.
От алдырып жатат – заводит (машину)
Күн суук – холодно
Анткени – потому что
Бак-дарактар – деревья
Сары жалбырактар – желтые листья

Кандай? Кайсы?
189
Ак – белый
Кара – черный
Кызыл – красный
Жашыл – зеленый
Сары – желтый
Көк – синий
Күрөң – коричневый
Боз – серый
Агыш – беловатый
Каралжын – черноватый
Кызгылтым – оранжевый
Көгүш – голубой
Саргыч – желтоватый
Бозомук – сероватый
Мала кызыл– розовый
Мала – бледно -
Ачык (кызыл) – ярко-(красный)
Күңүрт – темный
Коюу/кочкул (кызыл)– густо-(красный)
Жакшы-жаман – хороший – плохой
Чоң-кичине – большой – маленький
Таттуу-ачуу – сладкий – горький
Таза-кир – чистый – грязный
Бийик-жапыз – высокий – низкий
Катуу-жумшак – твердый-мягкий
Катуу-акырын – громко – тихо
Даамдуу-даамсыз, супсак – вкусный – невкусный, пресный
Кызык-кызыксыз – интерсный-неинтересный,
Тартиптүү-тартипсиз – воспитанный –невоспитанный
Туура-жаңылыш (туура эмес) – правильный – ошибочный
(неправильный)
Көңүлдүү-көңүлсүз – веселый – невеселый
Кооз-кооз эмес (өңсүз) – красивый – некрасивый (неяркий)
Түстүү-түссүз - цветной – бесцветный
190
Калың-жука – толстый – тонкий
Терең-тайыз – глубокий – мелкий
Коюу-суюк – густой – жидкий
Абдан, эң, аябай – очень
Укмуш, сонун – прелестный, отличный (по контексту)
Узун-кыска – длинный-короткий
Жаш-картаң – молодой-старый
Жаңы – эски – новый-старый
Толук-арык – полный-худой
Күчтүү-алсыз – сильный-слабый
Жыпар жыттуу-жытсыз - ароматный-без запаха
Назик-орой – нежный-грубый

Учур чак
Настоящее время

Ооз тий (ооз тийүү) – попробуй, отведай (попробовать,


отведать)
Сейилде (сейилдѳѳ) – гуляй (гулять)
Тап (табуу) – найди (находить)
Каз (казуу) – копай (копать)
Кечик (кечигүү) – опаздывай (опаздывать)
Жуу – мыть (стирать)
Шыпыр (шыпыруу) – подметай (подмести)
Ук (угуу) – слушай (слушать)
Кара (кароо) – смотри (смотреть)
Көр (кѳрүү) – увидеть, смотреть
Тыңша (тыңшоо) – прислушивайся (слушать)
Көчүр (кѳчүрүү) – перепиши (переписывать)
Айт (айтуу) – скажи (сказать, говорить)
Тарт (тартуу) – тяни (тянуть)
Чурка (чуркоо) – беги (бегать)
Сын (сынуу) – сломаться, разбиться
191
Ѳткѳн чак
Прошедшее время

Суук бол – холодать


Жооп бер (жооп берүү) – отвечай (отвечать)
Учуп кет (учуп кетүү) – улетай (улететь)
Алып бер (алып берүү) – достань (достать)
Үйрөт (үйрѳтүү) – научи (научить)
Тазала (тазалоо) – чисть (чистить)
Отур (отуруу) – садись (садиться)
Тур (туруу) – встать (вставать)
Сүйлө (сүйлѳѳ) – говори (говорить)
Кир (кирүү) – заходи (заходить)
Укта (уктоо) – спи (спать)
Жуун (жуунуу) – умойся (умыться)
Сура (суроо) – спроси (спрашивать)
Чакыр (чакыруу) – зови (звать)
Сатып ал (сатып алуу) – покупай (купить)
Тааныш (таанышуу) – знакомься (познакомиться)
Уруш (урушуу) – ругай (поругаться, поссориться)
Саламдаш (саламдашуу) – здоровайся (здороваться)
Байкабай кал (байкабай калуу) – не замечай (не заметить)
Кечигип кал (кечигип калуу) – опоздай (опаздывать)
Жогот (жоготуу) – потеряй (потерять)
Буз (бузуу) – порть (испортить)
Катыш (катышуу) – участвуй (участвовать)
Билбе (билбѳѳ) – не знай (не знать)
Чыга калат - внезапно вышел
Качып жөнөдү – бросился бежать
Жашынды – спрятался
Өлүк – мертвец, труп
Өлүмүш болуп калыптыр – притворился мёртвым
Жыттагылады – обнюхал
192
Шыбырады – шептал
Таштады – бросил
Жүк – груз
Көтөрүп келе жатты – нёс
Кейиптир – печалился, расстроился
Көтөрүшүп койчу – помоги поднять
Жолугуш (жолугушуу) – встреться (встретиться)
Үйлөн (үйлѳнүү) – женись (жениться)
Турмушка чык (турмушка чыгуу) – выходи замуж (выходить
замуж)
Ач (ачуу) – открой (открыть)
Бүтүр (бүтүрүү) – закончи/заверши (закончить/завершить)
Куттукта (куттуктоо) – поздравь (поздравить)
Кечирим сура (кечирим суроо) – проси прощения (просить
прощения)
Багбан – садовник
Көңүл коюп - внимательно
Көчөт - саженец
Ыраазы болуу - быть признательным
Сайроо – петь (о птицах)
Пайда - польза
Эскер (эскерүү) – вспоминай/вспомни
(вспоминать/вспомнить)
Эсте (эстѳѳ) – вспоминай/вспомни (вспоминать/вспомнить)
Спорт менен машык (спорт менен машыгуу) – занимайся
(заниматься) спортом
Иште (иштѳѳ) – работай (работать)
Тентектик кылба (кылбоо) – не хулигань, не шали (не
хулиганить)
Аракет кыл (кылуу) – старайся (стараться)
Эмнени эксең (эгүү)-ошону оросуң – что посеешь-то и
пожнешь
Элге жакшылык кыл – твори людям добро

Этиштин ыңгайлары
193
Келтир – заставь прийти (приехать)
Ырдат – заставь петь
Жаздыр – заставь писать
Ойнот – сделай так, чтобы играл
Куткар – спасай
Качыр – сделай так, чтобы убежал(а)
Угуз – дай (ему, ей) послушать
Бошот – освободи (опустоши)
Санат – заставь считать
Жаткыз/жаткыр – уложи, укладывай
Байыт – сделай так, чтобы стал богатым/ой
Чуркат – заставь бегать

Модалдык маанилер
Модальные значения

Айтып түшүндүрүүгѳ туура келиптир – пришлось объяснять


Жооп жазышка туура келди – пришлось написать ответ
Кайрадан жазууга туура келди – пришлось переписывать
Жылуу кийиндирүүгѳ туура келди – пришлось одевать тепло
Токтотушка туура келген – приходилось остановить
Мамилени үзүүгѳ туура келчү – приходилось порвать
отношения
Дары ичүүгѳ туура келди – пришлось пить лекарство
Айла жок, таанышууга туура келди – не было выхода,
пришлось знакомиться

194
Айылга кѳчүп кетүүгѳ туура келиптир – пришлось переехать в
село
Эптеп тамак бышырууга туура келди – пришлось кое-как
приготовить еду
Барышка туура келип жатат – приходится идти (ехать)
Ѳзүбүзгѳ которушка туура келет го – придется, наверное,
переводить на себя
Калп айтууга туура келчү – приходилось врать
Айрып салууга туура келиптир – пришлось порвать
(н.:бумагу)
Жомок айтып берүүгѳ туура келчү – приходилось
рассказывать сказку

195

Вам также может понравиться